КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК ДЕНЕ ТАРБИЯ ЖАНА СПОРТ АКАДЕМИЯСЫ

«УЛУТТУН ДЕН СООЛУГУ – БИЗДИН КОЛДО!!!»

Лицензия ЖБ № 21 КР  Билим берүү жана илим министрлиги 2012-жыл.

КАБЫЛ АЛУУДА  ЖАЛПЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК ТЕСТТИН (ЖРТ) ЖЫЙЫНТЫГЫ ЭСКЕ АЛЫНБАЙТ!!!

КМДТжСАсы – азыркы кездеги окуу-илимий жана спорттук базасы бар, спорт жана дене тарбия жаатындагы бирден-бир адистештирилген жогорку окуу жайы. Академиянын карамагында: футболдук-жеӊил атлетика манежи, гимнастика жана спорттук оюндар залдары, оор атлетика, күрөш, бокс, дзюдо, стадион, сууга сүзүү бассейни жана ачык спорт аянтчасы, лыжа  спорттук жана туризм боюнча машыгууларды өткөзө турган Бишкек шаарынан 30 км. аралыкта жайгашкан «Спорт» базасы бар. КМДТжСА дене тарбия багытында  дене тарбиянын бакалавры академиялык даражасын ыйгаруу менен үч профиль боюнча даярдоону иш жүзүнө ашырат:

ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРОФИЛЬ

Педагогикалык жана улуттук спорттун түрлөрү факультети. Окуунун формасы: күндүзгү – 4 жыл, сырттан окуу -5 жыл.

Бул факультетте баскетбол, волейбол, гимнастика, жеӊил атлетика, туризм, сууда сүзүү, тоо-лыжа спорту, гребля,  үстөл үстүндөгү теннис, регби, футбол, күрөш, кулатуу, шахмат, тогуз коргоол жана ордо  спортунун түрлөрү бар. Окууга тандап алган спорттун түрү боюнча жүргүзүлгөн кирүү сынагынын жыйынтыгынын негизинде  кабыл алынат.

СПОРТТУК ДАЯРДОО ПРОФИЛИ

Машыктыруу факультети. Окуунун формасы: күндүзгү – 4 жыл, сырттан окуу – 5 жыл.

Бул факультетте эркин күрөш, грек-рим күрөшү, бокс, самбо, дзюдо, оор атлетика жана контракт негизинде бильярд спорту, ММА жана панкратион, каратэ, таэквандо спортунун түлөрү бар (абитуриенттердин даярдыгы II спорттук разряддан кем эмес болушу зарыл). Окууга, тандап алган спорттун түрү боюнча жүргүзүлгөн кирүү сынагынын жыйынтыгынын негизинде  кабыл алынат.

Ушул профилдин чегинде  коопсуздук кызматы (контракттык негизде) адистигин адистештирүүнү жүргүзөт.

АСКЕРГЕ ЧЕЙИНКИ ДАЯРДОО   ЖАНА ДЕНЕ ТАРБИЯ  ПРОФИЛИ

Аскерге чейинки даярдоо жана дене тарбия факультети. Окуунун формасы: күндүзгү – 4 жыл.

Кирүү сынагынын негизинде жалпы дене тарбия даярдыгы боюнча кабыл алуу жүргүзүлөт. Бул кесиптин бүтүрүүчүсүнө жогорку окуу жайлар аралык аскер  кафедрасынан кошумча даярдыктан өткөндөн кийин, «Запастагы кичи лейтанат» аскер чини ыйгарылат.

СЫРТТАН ОКУУ ФАКУЛЬТЕТИ

Дене тарбиянын бакалавры академиялык даражасы ыйгарылат. Окуу мөөнөтү – 5 жыл. Окууга, тандап алган спорттун түрү боюнча жүргүзүлгөн кирүү сынагынын жыйынтыгынын негизинде  кабыл алынат.

 КВАЛИФИКАЦИЯСЫН ЖОГОРУЛАТУУ ЖАНА АДИСТИККЕ  КАЙРА ДАЯРДОО ФАКУЛЬТЕТИ

Жогорку билимдин  базасында төмөнкү адистиктер боюнча даярдоо жүргүзүлөт:

– дене тарбия жана спорт багыты боюнча дене тарбия боюнча адис квалификациясы ыйгарылат.  Окуу мөөнөтү, аттестациялык комиссиянын чечими менен – 2,5 же 3 жыл.

МАГИСТРАТУРА

Дене тарбия 521000 багыты боюнча дене тарбиянын магистри академиялык даражасы ыйгарылат.  Дене тарбиянын бакалавры академиялык даражасы барлар үчүн  бюджеттик жана контракттык негизде кабыл алынат, окуу мөөнөтү – 2 жыл (күндүзгү). Дене тарбия адиси диплому барлар үчүн  контракттык негизде кабыл алынат, окуу мөөнөтү – 1 жыл (күндүзгү).

КАБЫЛ АЛУУНУН ШАРТТАРЫ

Кабыл алуу тандап алган спорттун түрү боюнча жүргүзүлгөн кирүү сынагынын жыйынтыгынын негизинде  жүргүзүлөт. Күндүзгү жана сырттан окуу формасындагы, адистиктин бардык түрү  боюнча, сынактын жыйынтыгын чыгарууда аттестаттын орточо баллы эске алынат.Сынактан  сырткары бюджеттик (гранттык) орундарга: – эл аралык мелдештердин жеӊүүчүлөрү; үстүбүздөгү жылдын окуучулар арасындагы республикалык спартакиадасынын жеӊүүчүлөрү (тастыктоо документтери менен); тандап алган спорттун түрлөрү боюнча жогорку даражасы бар абитуриенттер; КР эл аралык класстагы спорт чебери;  – КР спорт чебери; КР курама командасынын мүчөлөрү болгон төмөнкү спорттун түрлөрү боюнча спорт чеберине талапкерлер: спорт оюн түрлөрү, сууда сүзүү, заманбап спорттун беш түрү жана жеӊил атлетика менен машыккандар кабыл алынат.

ОКУУГА ТАПШЫРУУДАГЫ КЕРЕКТүү ДОКУМЕНТТЕР:

1. Абитуриенттин арызы (КМДТжСАнын кабыл алуу комиссиясында толтурулат);

2. Мамлекеттик үлгүдөгү билими жөнүндөгү документ (аттестат же ЖКБ);

3. Паспорт (көчүрмө);

4. Аскерге жарактуулугу жөнүндө күбөлүк (эркек балдар үчүн);

5. Спортчунун классификациялык китепчеси (машыктыруу факультети үчүн);

6. Сүрөт 3х4 12 даана;

7. Медициналык комиссиянын жыйынтыгы (КМДТжСАда өтөт);

8. Почта конверти – беш даана;

9. Окууга тапшыруудагы документтерди толтурууда керектөө үчүн – 360 сом.

Документтерди кабыл алуу: 1-агым, 25-июндан 6-июлга чейин, экзамен 8-июль (бюджет, контракт);

2-агым, 9-22-июль, экзамен 23-июль (контракт);

3-агым, 24-июндан 15-августка чейин, экзамен 17-август (контракт);

4-агым, 18-22-август, экзамен 24-август (сырттан окуу факультетине гана).

Биздин дарек: Бишкек ш., Ахунбаев к., 97.

Тел:  0312 57-04-89, 0312 57-82-10: Факс 996 0312 570489 Моб. 0702-25-06-08

Web-caйm: www.ksapcs.kq; E-mail: sport_akadem@mail.ru

1 Kомментарий

Добавить комментарий для Искен Ибраимов Отменить ответ

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*