М. РЫСКУЛБЕКОВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ ЭКОНОМИКАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ

Т.К.Камчыбеков,  М.Рыскулбеков атындагы КЭУнун ректору, э.и.д., профессор
Т.К.Камчыбеков, М.Рыскулбеков атындагы КЭУнун ректору, э.и.д., профессор

М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети адистештирилген экономика тармагындагы азыркы күндө зарыл болгон кадрларды даярдоодогу мамлекеттик жогорку окуу жайы болуп эсептелет.  Республикадагы алдыӊкы ЖОЖдордун билим берүү тармагында заманбап жаратмандык ишмердигин жигердүү жүргүзгөн окуу жайлардын катарына кирген окуу жай. 

Бүгүнкү күндө экономикалык кадрлардын квалификациясын ар тараптуу жогорулатуу жана дүйнөлүк билим берүү мейкиндигин интеграциялоодо заманбап билим берүү саясатына шайкеш келе турган жогорку жана орто кесиптик билим берүү программасы боюнча адистерди даярдоонун көп тепкичтүү системасы өкүм сүргөн университет.

КЭУ Кыргызстандагы экономика жана менеджмент билим берүү программасы боюнча Эл аралык аккредитациядан биринчилерден болуп өткөн.

КЭУнун профессордук-окутуучулук курамы 200дөн ашуун жогорку квалификациялуу окутуучулардан турат, анын ичинде 18 илимдин  доктору, профессорлор. КРнын УИАнын эл аралык академиясынын мүчө-корреспонденти, 50дөн ашык илимдин кандидаты жана билим берүүнүн, экономика илиминин эмгек сиӊирген ишмерлери эмгектенишет.

Европа университеттеринин билим берүү системасын өз ара түшүнүү жана кызматташуунун зарыл инструменти болгон. Болон процессинин принциптери университетке киргизилген.

Университеттин алдында экономика багыты боюнча докторлук жана кандидаттык диссертацияны коргоо боюнча Диссертациялык Кеӊеш бар.

Кыргыз экономикалык университети төмөнкү багыттар боюнча даярдоону ишке ашырат:

 

Экономика багыты

Профилдер:

• Каржы жана насыя;

• Экономикадагы математикалык ыкмалар;

• Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит;

• Каржы жана насыя;

• Дүйнөлүк экономика.

Менеджмент багыты

Профилдер:

• Чакан жана орто бизнести башкаруу;

• Меймандосчулук индустриясындагы менеджмент;

• Менеджмент маркетинг.

Коммерция багыты

Профилдер:

• Ресторандык иш жана сервис;

• Бажы экспертизасы, эл аралык соода;

• Товартаануу жана товарларды эксперттөө;

Туризм багыты

Профилдер:

• Эл аралык туризм;

• Меймандостук менеджменти.

Информатика бизнеси багыты

Профилдер:

• Бажы кызматындагы информатика бизнеси;

• Салык салуудагы информатика бизнеси.

Магистратура жогорку мектеби жана илимий программалар:

Багыттар: экономика, менеджмент, коммерция.

Үзгүлтүксүз ачык билим берүү институту

Билим берүү концепциясынын чегинде билим берүү системасынын алдындагы теӊ укуктук окутуунун кыскартылган программасы боюнча кайра даярдоо жана дасыгын жогорулатуу сунушталат.

 Экономика бардык адистиктер боюнча:

– жогорку билим берүү (орто атайын билим берүү базасында – 3,5 жыл);

– кошумча экинчи (жогорку билим берүү базасында – 2,5 жыл);

Экономика, менеджмент багыттары боюнча магистратура

Экономика жана сервис колледжи

9-класстын базасында орто кесиптик билим берүү жогоруда айтылган бардык багыттар боюнча жалпы орто билим берүү жана укук таануу адистиги боюнча программаларды ишке ашырат.

Лицей:

Көп тепкичтүү система боюнча 9-класстын базасында окутуу. Лицейди бүткөн студенттер Экономика жана сервис колледжинде тандаган адистиги боюнча I-II курста окуусун, андан ары жогорку профессионалдык билим берүү программасы боюнча КЭУдан уланта алышат.

Чет өлкөлүк ЖОЖдор менен кызматташтык

– Г.В.Плеханов атындагы Россия экономикалык университети  (Россия)

– Коорпорациялык Россия университети (Россия)

– Королева шаарындагы Каржы-технологиялык академиясы (Россия)

– Киев улуттук соода-экономикалык университети (Украина)

– Азербайжан мамлекеттик экономикалык университети (Азербайжан)

– Т.Рыскулов атындагы Казак экономикалык университети (Казакстан)

– Алма-Ата технологиялык университети (Казакстан)

– Алма-Ата гуманитардык-техникалык университети (Казакстан)

– Ташкент мамлекеттик экономикалык университети (Өзбекстан)

–  Тажик технологиялык университети

– Анадолу университети (Түркия)

– Монголия каржы-экономикалык институту

– Эрасмус жогорку мектеби (Бельгия)

– Телемарк университети (Норвегия)

– Дальян  университети (Кытай)

– Хандонг Глобал университети (Түштүк Корея)

– Падова университети (Италия)

– Кантабрия университети (Италия)

– Кремск шаарындагы прикладдык илимдер университети (Австрия)

– Карл жана франц атындагы Гранц университети (Австрия)

– Кодалоний Жанос прикладдык илимдер университети (Венгрия)

– Загреб университети (Хорватия)

– Каунас технологиялык университети

Университет ЖОЖдордун EURODIP, ERASMUS MUNDUS, TEMPUS, МАТЭО, PERSEUS, USAID, CANQA, DAAD,  ACCELS, EIAE, IREX Helvetas, EdNet сыяктуу көп эл аралык ассоциацияларынын мүчөсү. Ушундай билим берүү уюмдарына катышуунун аркасында, ЖОЖ студенттерди жана окутуучуларды өз ара алмашып турууну жүргүзө алышып, илимий стажировкаларды, биргелешкен изилдөөлөрдү уюштуруп турат. Ал эми студенттер ар кандай программалар менен Түркия, Европа, Германия, Чехия, Франция, Корея жана башка  чет өлкөлөрдөн  практика, стажировкадан өтүп келишет.

Университеттин жетишкендиктери: Университеттин студенттери бир нече «Студенттик Ала-Тоо жазы», «Бишкек жазы» фестивалдарынын  жеӊүүчүсү, КВН жана ЖОЖдор арасында уюштурулган «Дебат турнири», «Акыл таймаш – 2013» интеллектуалдык оюнунун башкы байгелерин жеӊип алышкан. Биздин спортсмендерибиз республиканын жана КМШ өлкөлөрүнүн спартакиадаларынын байге ээлери.

Биздин бүтүрүүчүлөр иштеген компаниялар.

партнеры

Студенттер үчүн стипендиялар:

– К.А.Байдөөлөтова атындагы стипендия;

– А.М.Молдокулов атындагы стипендия;

– Г.А.Бакиева атындагы стипендия;

– Президенттик  стипендия;

– Ректорлук стипендия ж.б.

Материалдык-техникалык база:

– Окуу корпустары;

–  Аскердик даярдык;

– Заманбап лаборатория;

– Лингафондук кабинеттер;

– Ашкана;

– Бекер Wi-Fi, интернет;

– Заманбап жатакана;

– Электрондук китепкана;

– Илимий китепкана;

– Мультимедиялык класстар;

– Окуу залы;

– Илимий-усулдук ресурс;

– Денсоолукту чыӊдоочу Ысык-Көлдөгү борбор.

Тапшыруу үчүн документтер:

– ЖРТ сертификаты;

– билими тууралуу документ;

– Жогорку билими тууралуу диплом/экинчи жогорку билим;

– фото 3х4, алты даана.

КЭУ – Ийгиликке жол ачат!!!

    Дареги:

Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 58, Фрунзе көчөсү менен кесилишет.

Тел: 0312 32-52-58,  32-53-89, 0772412741, 0550 137279.

3 Комментарии

Добавить комментарий для Жоди Отменить ответ

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*