ОШ МАМЛЕКЕТТИК ЮРИДИКАЛЫК ИНСТИТУТУ

Юристтерди атайын адистештирип даярдоочу жалгыз жогорку окуу жай

ОшМЮИ жөнүндө маалымат

ОшМЮИ Кыргыз Республикасынын түштүгүндөгү жалгыз   адистешкен юридикалык жогорку окуу жайы. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан берилген АЛ № 58, 557, ЖБ №57 лицензияларынын негизинде өз ишмердүүлүгүн жүргүзүү менен  Юриспруденция  (530500), Соттук экспертиза (530002) жана Укук таануу (030505) адистиктери боюнча күндүзгү, сырттан жана дистанттык технологияларды колдонуу менен сырттан окуу формаларынын негизинде адистерди даярдайт.

Бүтүрүүчүлөргө юриспруденция багыты боюнча мамлекеттик үлгүдөгү бакалавр  даражасындагы диплом   берилет. Бул диплом   менен бүтүрүүчүлөр сот, укук коргоо органдарында (ички иштер министрлигинде, мамлекеттик улуттук  коопсуздук комитетинде, прокуратура, финансылык полиция кызматында, нотариат, адвокатура) ж.б. мамлекеттик органдарда жана мамлекеттик эмес уюмдарда иштей алышат. Юридикалык колледждин бүтүрүүчүлөрүнө  укук таануу адистиги боюнча диплом берилет. Алар андан ары адистештирилген факультеттердин биринде окууну 2-курстан улантууга же юридикалык мекемелерде иштөөгө мүмкүнчүлүк алышат.

Абитуриенттер ОшМЮИге жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен конкурстук негизде 1-курска кабыл алынат. Юридикалык колледжге институтта уюштурулган  экзамендердин жыйынтыгы менен кабыл алынат.

ОшМЮИнин факультеттери

• Сот-прокуратура;

• Адвокатура жана юстиция;

• Тергөө-криминалистика;

• Башкаруу жана укук;

• Укук жана ишкердүүлүк;

• Сырттан юридикалык окуу;

• Юридикалык колледж;

• Дистанттык технологияларды колдонуу менен сырттан окуу.

Профессордук-окутуучулук жамааты

Окуу жайда илимдин докторлору, кандидаттары, эл агартуунун мыктылары, сот жана укук коргоо органдарында иштеген бай тажрыйбага ээ болгон адистер билим берүүдө.

Материалдык-техникалык  базасы

ОшМЮИнин мезгил талабына жооп берген үч окуу имараты бар. Заманбап техникалык каражаттар менен жабдылган окуу аудиториялары, лабораториялары, компьютердик класстар, криминалистика полигону жана спорттук залы институттун өзгөчөлүгүнө дал келет.

ОшМЮИде жети компьютердик класс-лабораторияда студенттер Токтом маалымат-укуктук системасы менен Интернет жана Wi-Fi байланышын акысыз колдонушат.

ОшМЮИ алыскы райондордон келген  студенттерди бардык  шарттарга жооп берген  жатакана менен камсыз кылат.    Заманбап үлгүдөгү Сот отурумдар залында сот процесстери өткөрүлүп  турат. ОшМЮИнин жетиштүү китеп фондусу түзүлүп, үч китепкана окуу залдары менен о.э. электрондук китепкана өз ишин жүргүзүүдө.

ОшМЮИнин алдында түзүлгөн:

• «Кут ордо» мамлекеттик тил борбору;

• Юридикалык клиника калкка акысыз укуктук жардам берүү  борбору;

• Англис тили борбору;

 • Орус тили борбору;

• Дебат борбору;

• Маданий-эстетикалык борбору;

• Медиа борбору;

• Дистанттык окуу борбору;

• Бирдей укук, бирдей мүмкүнчүлүк борбору үзүрлүү эмгектенүүдө.

Студенттик жашоо

ОшМЮИде ар түрдүү маданий коомдук жана тарбиялык иш-чаралар тынымсыз өткөрүлөт  жана ден соолукту чыӊдоо максатында спорттун түрлөрү боюнча машыгуу  залдары,  студенттердин ар  тараптуу калыптануусу үчүн атайын түзүлгөн борборлор, дискуссиялык клубдар иш алып барат. Азыркы учурда институтта дүйнөнүн чемпиондору, спорттун  түрлөрү боюнча спорт чеберлери, шаардык, облустук жана  республикалык деӊгээлде өткөрүлгөн конкурстардын жеӊүүчүлөрү жана  таланттуу улан-кыздар билим алышууда.

ОшМЮИнун студенттери Жогорку Кеӊеште

 Ош мамлекеттик юридикалык институтунда жаштарга мыйзамдуулук боюнча ар тараптан тереӊ  билим берилип келаткандыгы студенттердин окууда жана коомдук иштерде жетишип жаткан ийгиликтеринен көрүнүп турат. Өлкөбүз парламенттик башкарууга өткөндөн бери биздин жогорку окуу жайыбыздын окумуштуу-окутуучулары, айрыкча студенттери түрдүү мыйзамдарды чыгарууда активдүү катышып, өздөрүнүн  илимий негизделген  ой-пикирлерин сунуштагандыктары сыймыктанарлык. Тынымсыз изденген студент жаштарыбыз республикалык жана эл аралык илимий практикалык конференцияларда түрдүү темалардагы илимий докладдарын окуп, актуалдуу маселелерди  көтөрүп чыккандыктары коомчулукта юридикалык институттун кадыр-баркын көтөрүүдө.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинде  өткөрүлгөн ар кандай иш-чараларда да Ош мамлекеттик юридикалык институтунун студент жаштары  уюшкандыкта катышып, мыйзамдуулук боюнча  жогорку билим алгандыктарын далилдөөдө.

Бексултан Калыбеков, Калдарбек Бактыбеков сыяктуу  мыкты окуган студенттер  жакында Жогорку Кеӊеште  «Мыйзам чыгаруудагы мамлекеттик тилдин маселелери» деген теманын астында уюштурулган  республикалык илимий–практикалык конференцияда илимий докладдары жана сунуштары менен чыгышты. Мамлекеттик деӊгээлдеги  мындай иш-чарада республикабыздын Түштүк чөлкөмүнөн жалгыз биздин окуу жайдын студенттери катышкандыгы юридикалык институттун  ээлеген орду өзгөчөлүгүн даӊазалап турат.  Алардын мамлекеттик тилди өнүктүрүү  багытында мыйзамдуулукту бекемдөө боюнча даярдаган докладдары  жогору бааланып, Жогорку Кеӊеш тарабынан татыктуу сыйлыктар тапшырылды.

Биздин жогорку окуу жайда студент жаштар окумуштуу-окутуучулардын жетекчилигинде илимий изилдөө иштерин да  жүргүзүүдө. Жөндөмдүү жаштардын илимий макалалары азыртан эле атайын илимий журналдарында жарык көрүүдө.

Окуу мөөнөтү: 

 КҮНДҮЗГҮ окуу формасы боюнча:

– жогорку бакалавр (Юриспруденция) –  4 жыл;

– соттук экспертиза – 5 жыл;

– 9-класстын билими менен (юр. колледж) – 2 жыл 10 ай;

– 11-класстын билими менен (юр. колледж) – 1 жыл 10 ай.

СЫРТТАН окуу формасы боюнча:

– жогорку билим базасында – 2,5 жыл;

– Дистанттык окуу –  орто билими менен – 5 жыл;

– 11-класстын билими менен (юр. колледж) – 2 жыл 4 ай.

– Магистратура – 2,5 жыл.

Талап кылынуучу документтер:

1) орто билим жөнүндө аттестат;

2) юридикалык колледж үчүн толук эмес орто билим  жөнүндөгү күбөлүк (9-кл.);

3) жогорку билим базасында – жогорку билими тууралуу диплом (түп нускасы) тиркемеси менен нотариус тарабынан    тастыкталган көчүрмөсү;

4) №063 үлгүсүндөгү тактама (9-класстар үчүн);

5) 3×4 өлчөмүндөгү алты даана сүрөт;

6)  паспорт жана аскердик билет (көчүрмөсү).

БИЗДИН ДАРЕК:

Ош ш., Раззаков көчөсү, 19.(болжол Гүлкайыр эмерек дүкөнү).

СУРАП БИЛҮҮ ТЕЛЕФОНДОРУ:

0(3222) 84024,  0(3222) 84432, 0(773) 606421.

Заманбап юридикалык билим берүү –  БИЗДИН НЕГИЗГИ МАКСАТЫБЫЗ!

3 Комментарии

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*