Ж.БАЛАСАГЫН АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ УЛУТТУК УНИВЕРСИТЕТИ

Кыргыз  Республикасында  жогорку  билим  берүүнүн  көч  башы  болгон  окуу  жайлардын  бири – Ж.  Баласагын  атындагы  Кыргыз  улуттук  университети.  Бүгүнкү  күндө  Улуттук  университет мамлекеттик үлгүдөгү дипломду бериш үчүн заманбап билим берүү, актуалдуу илимий – изилдөө  жана  маданий-массалык  баалуулуктардын  ордосу  болуу  лидерлигин  жигердүү  улантууда.

Кыргыз улуттук университети заманбап көп профилдүү илимий-билим берүүчү жана маданий-агартуучу, эл аралык кызматташтыкты ишке ашыруу боюнча кыйла тажрыйбасы бар  уюм. Мында эркин рыноктун, акыйкат атаандаштыктын шарттарына ылайык ийкемдүү, үзүрлүү ишмердик кылуунун экономикалык модели иштелип чыккан жана ийгиликтүү ишке ашырылууда.

Университет лицензияга ылайык төмөнкү окуу программаларын ишке ашырат:

  • Жалпы орто билим берүү (лицей);
  • орто кесиптик билим берүү (колледж);
  • жогорку кесиптик билим берүү;
  • багыттар боюнча бакалавр, магистрлерди даярдоо;
  • даярдоо жүргүзүлгөн адистиктер жана багыттар боюнча кошумча жогорку кесиптик билим берүү;
  • илимдин кандидаттарын жана докторлорун даярдоо.

Бүгүнкү күндө университеттке абитуриенттерди кабыл алуу 14 факультетте, 6 институтта, 1 борбордо жана колледждерде жүргүзүлѳт.

                                                        Факультеттер:

  •  Кыргыз филологиясы
  • Орус жана славян филологиясы
  • Тарых жана чөлкөм таануу
  • География, экология жана туризм
  • Биология
  • Физика жана электроника
  • Математика, информатика жана кибернетика
  • Химия жана химиялык технология
  • Чет тилдер
  • Журналистика
  • Маалымат жана коммуникациялык технологиялар
  • Евразия инновациялык технологиялар
  • Социалдык-гуманитардык илимдер
  • Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу

                                              Институттар:    

  • Эл аралык билим берүү программаларын интеграциялоо   институту
  • Юридикалык  институт
  • Экономика жана финансы институту
  • Башкаруу жана бизнес институту
  • Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институту
  • Кыргыз-кытай  институту
  • Үзгүлтүксүз билим берүү жана квалификацияны  жогорулатуу борбору                       

                                                Колледждер: 

  • Кесиптик колледждин экономикалык бөлүмү
  • Кесиптик колледждин юридикалык бөлүмү

Университет  өлкөнүн  интелектуалдык  жана  илимий  өнүгүшүнө  жогорку  квалификациялуу  адистерди жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоого,  мамлекеттин руханий, тарыхый жана  маданий мурастарын изилдөөгө олуттуу салымын кошуп келе жатат.

Акыйкатта,  Улуттук  университеттин  базасында  замандын  талаптарына  туура  келген  жогорку  билим  берүүнүн  бирдиктүү  системасы  түзүлгөн.  Анда  мамлекеттеги  жогорку  мектептин  мыкты  салттары   менен   дүйнөлүк  жогорку билим берүүнүн жаңы тажрыйбалары эриш-аркак  пайдаланылууда.

Университет  билим  берүү  түзүмдөрүн  өркүндөтүү  максатында  интеграция  жолу  менен  эл  аралык билим берүү программаларына ыкчам аралашуу аркылуу мамлекеттерди жана материктерди  бириктирген көпүрө болуп турат.

 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*