ЭЛ АРАЛЫК ЭРИШ-АРКАК ӨНҮГҮҮГӨ УМТУЛАЛЫ

12-14-июнда Ысык-Көлдө “Кыргыз билим берүүсүнүн эл аралык интеграциясы. Өнүгүү жолдору” аттуу эл аралык билим берүү форуму болуп өттү. Форумдун катышуучуларына Президент А.Атамбаев куттуктоо сөзүн жолдоду.  

Жыйынды ЖОЖдор Ассоциациясынын төрагасы, БГУнун ректору Абдылда Мусаев ачып, өлкө башчысы А.Атамбаевдин аракети менен жаңы эл аралык мейкиндиктер, кызматташууга, тажрыйба алмашууга жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылып жаткандыгын, Шанхай Кызматташтык уюмунун, Евразиялык экономикалык кеңештин алкактарында, Европа өлкөлөрү менен мамилелердин бир топ жакшырышынын шартында улуттук билим берүү тармагы үчүн кыйла жагымдуу жагдайлар түзүлгөндүгүн, бул кырдаал жалпы эле билим берүүнүн сапатын көтөрүү, эл аралык стандарттарга өтүү ж.б. маселелерди ыкчам чечүүгө ЖОЖдорду милдеттендирерин белгиледи.

Президенттик аппараттын социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы Гульмира Кудайбердиева өлкөбүздүн Президентинин форумдун катышуучуларына жолдогон каты менен тааныштырды. Анда жогорку билим берүү чөйрөсүндөгү маселелер , өнүгүү багыттары, негизги милдеттер белгиленип, форумдун ишинин ийгиликтүү өтүүсүнө каалоолор айтылган.

Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим жана маданият комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиев жалпы эле билим берүү системасындагы көйгөйлөргө токтолуп, анын мыйзамдык базасын чыңдоо багытында жасалып жаткан иштерди белгилеп, ЖОЖдордун ректорлору атайын кесиптик бирикме уюуштуруп, алгылыктуу аракеттерди жасап жатканын кубаттады.

Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева билим берүү жаатындагы жакынкы жана алыскы мөөнөттө аткаруу зарылдыгы бар иш- чараларга токтолуп, аларды ишке ашыруу үчүн кесипкөй, жаратман күчтөрдүн биригүүсүнүн зарылдыгын белгилеп, ЖОЖдор ассоциациясы менен министрлик жемиштүү кызматташып жаткандыгын тастыктады.

IMG_2730Россия Федерациясынан келген абройлуу делегациянын жетекчиси, юридикалык ЖОЖдордун ассоциациясынын президенти, белгилүү коомдук жана саясий ишмер Сергей Бабурин, Кытайдан келген делегациянын жетекчиси, Синьцзян университетинин ректору Ташбулат Тайып, Казахстан делегациясынын жетекчиси, Евразиялык технологиялык университеттин ректору Асан Оспанов, Түркиядан келген делегациянын башчысы, улуттук жогорку билим берүү кеңешинин мүчөсү, профессор Ильяс Доган эл аралык мейкиндиктеги кызматташууну чыңдоо, тажрыйба алмашуу, студенттердин, мугалимдердин академиялык мобилдүүлүгүн күчөтүү, мыкты адистерди даярдоодогу окуу программаларын, окутуу технологияларын жакындатуу, гармониялаштыруу, билим берүү документтерин, дипломдорун өз ара таануу ж.б. ишке ашыруу үчүн зарыл болгон чаралар тууралуу сөз кылышты.

IMG_2700Форумда Президенттин алдындагы коомдук эксперттик кеңештин мүчөлөрү Замира Дербишева, Светлана Сирмбард, КТУнун ректору Туратбек Дуйшеналиев, Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору Рысбек Нургазиев, Медакадемиянын ректору Ашыралы Зурдинов, ОшГУнун ректору Каныбек Исаков, И.Арабаев атындагы мамлекеттик университеттин ректору Төлөбек Абдырахмановдор илимий баяндамаларды жасашты.

Бир топ кызуу талкуулардан кийин эл аралык билим берүү форумунун резолюциясы кабыл алынды. Кыргызстандык жана чет өлкөлүк белгилүү адистердин, эксперттердин билим берүүнү жакшыртуу максатындагы сунуштары улуттук жана эл аралык жетекчи уюмдарга жолдонду.

Форумду Кыргызстандагы жогорку окуу жайлар ассоциациясы жана КР Президентинин алдындагы билим берүү маселелери боюнча коомдук эксперттик кеңеш уюштурду. Аны өткөрүүгө Президент аппаратынын, Жогорку Кеңештин билим берүү, илим жана маданият комитетинин , билим берүү жана илим министрлиги колдоо көрсөттү.

 

P.S. Форум кабыл алган резолюцияда негизинен Кыргызстандагы билим берүүнү глобалдык жана интеграциялык процесстердин контекстинде мамлекет менен коомдун кадрдык керектөөсүн эске алуу  менен өнүктүрүү, жогорку кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруунун тармактык формаларын колдонуу, КМШнын тармактык университетинин, ШКУнун университетинин, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин университеттер союзунун алдыңкы иш тажрыйбаларын пайдалануу, жаңы муундагы билим берүү стандарттарын ишке ашыруу, жаңы билим берүү технологияларын өздөштүрүү боюнча мастер-класстар менен тренингдерди өткөрүү, кесиптик билим берүүнү модернизациялоо программасын иштеп чыгып ишке ашыруу, дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине эриш-аркак аралашуу боюнча ЖОЖдордун ишмердигин активдештирүү  жана башка керектүү чаралар жана милдеттер белгиленди.

 

“Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*