САТЫБАЛДЫ НААМАТОВ АТЫНДАГЫ НАРЫН МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ 2015-2016-ОКУУ ЖЫЛЫНА АБИТУРИЕНТТЕРДИ КАБЫЛ АЛУУ ЖАРЫЯЛАЙТ

Д.К. ӨМҮРАЛИЕВА,  С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор
Д.К. ӨМҮРАЛИЕВА,
С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор

Урматтуу абитуриент!

С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети – тездик менен өнүгүп келе жаткан жаш окуу жайлардын бири. Университет түзүлгөндөн бери жыйырма жылга жетпеген убакыт өтсө да, ушул кыска убакыттын ичинде Нарын университети өлкөбүздөгү жогорку окуу жайлардын ичинде өзүнүн татыктуу ордун элей алды. Университеттин бардык ишмердиги жаш улан-кыздарга татыктуу билим берүү, аларды азыркы замандын талаптарына толук ылайык келген кесипкөй адис кылып даярдоого багытталган. Биздин бүтүрүүчүлөрүбүз Кыргызстандын бардык булуӊ-бурчтарында гана эмес, Россияда, Казакстанда, Европа өлкөлөрүндө жана Америкада өз кесиби боюнча ийгиликтүү иштеп жатышат. Нарын университетинде окутуунун жаӊы, натыйжалуу технологияларын, жаӊы маалыматтык технологияларды колдонууга чоӊ басым жасалат. Студенттердин билим алуусуна, жашоосуна, активдүү эс алуусуна бардык ыӊгайлуу шарттар түзүлгөн. Биздин максатыбыз – Сиздин ишенимдүү келечегиӊизди, Сиздин ийгиликтүү жашооӊузду камсыз кылуу.

Д.К. ӨМҮРАЛИЕВА,

С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор

Университеттин коомдук турмушу

Университетте окуу процесси окутуунун кредиттик технологиясы боюнча модулдук-рейтингдик система менен жүргүзүлөт. Интернетке туташылган 11 компьютердик класс, лингафондук кабинет, “Сорос-Кыргызстан” фондунун алкагындагы “Кадам артынан кадам” программасынын аудио-видео борбору студенттерге кызмат көрсөтөт.

Окуу жайда жогорку квалификациялуу окутуучулар эмгектенишет, илимдин беш доктору жана 46 кандидаты студенттерге өз билимдерин беришет. Окутуучулардын 37%ы окумуштуулук даражага ээ. Университетте илимий изилдөөлөр жакшы жолго коюлган, жыл сайын бир нече республикалык жана эл аралык илимий конференциялар өткөрүлүп турат.

Нарын университетинде эл аралык байланыштар мыкты өнүккөн. Азыркы учурда Нарын мамлекеттик университети тогуз эл аралык долбоорго катышып, студенттерди алмашуу жана кызматташтык программалары боюнча иш жүргүзүүдө. Биздин көптөгөн студенттерибиз эл аралык программалар боюнча Европа, Америка, Кытай, Корея сыяктуу өлкөлөргө жарым жылдык жана бир жылдык окууга барып келип жатышат. Студенттерибиздин эл аралык программаларга катышуу мүмкүндүгүн жогорулатуу үчүн алты эл аралык борбор (Америка таануу борбору, Кытай тили борбору, Түрк тили жана маданияты борбору, Араб тили жана маданияты борбору, Корей борбору, Немец тили борбору) чет тилдерди акысыз окутушат. Бүгүнкү күндө Америкадан, Германиядан, Кытайдан, Кореядан келген волонтерлор тилди алып жүрүүчү катары өз тилдерин студенттерибизге үйрөтүүдө.

Окуу жайдын алдында материалдык-техникалык базасы талапка жооп берген ири Илимий китепкана бар. Китепкананын фонду 100 миӊден ашык нускадагы китеп, окуу китептери, 65 аталыштагы илимий журналдар менен камсыз болгон. Электрондук китепканадан окуу китептеринин электрондук версияларын, аудио-видео материал-дарды табууга болот. Окуу корпустарында студенттер үчүн талапка ылайык лабораториялар, кабинеттер иштейт. Студенттердин өзүн-өзү башкаруусун уюштуруу жана чыгармачылыгын өнүктүрүү максатында 2000-жылы «НМУнун жаштар жана студенттер союзу» түзүлгөн. Маданий-массалык иштерди уюштурууда демилгелүүлүгүн жана активдүүлүгүн көрсөткөн жаштар уюму алгылыктуу иштери үчүн эки жолу Нарын облусунун эӊ мыкты жаштар уюму деп табылган.

Нарын университетинин спортчулары да бир кыйла ийгиликтерди жаратып келишет. Мисалы, НМУнун баскетбол командасы 2015-жылдын апрель айында өткөн универсиадада 1-орунга татыктуу болсо, НМУнун алдындагы педагогикалык колледждин окутуучусу Толгонай Шааева Ысык-Көлдө өткөн эл аралык марафондо 1-орунду жеӊип алган.

НМУнун “Физика-математикалык билим берүү” кафедрасы Россиянын табияттаануу академиясынын 2015-жылдын февраль айындагы чечими менен “Россиянын алтын кафедрасы” наамына татыктуу болгон.

“Алмаз-Нарын” радиосу 2013-жылдын жыйынтыгы менен НМУга “Жылдын эӊ мыкты окуу жайы” наамын ыйгарган. Ал эми 2014-жылы “Эркин Тоо” гезитинде өткөрүлгөн ачык сынактын жыйынтыгы менен Нарын мамлекеттик университетинин ректору Өмүралиева Д.К. “Жылдын эӊ мыкты ректор” номинациясын жеӊип алган.

Университеттин курамы

С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин курамында бирдиктүү бир бүтүн окуу-өндүрүштүк комплекс катары иш жүргүзгөн төмөнкү түзүмдүк бөлүктөр бар:

• Агрардык-техникалык факультет;

• Педагогикалык факультет;

• Экономика, бизнес жана башкаруу факультети;

• Филология факультети;

• Дистанттык окутуу борбору;

• К.Мамбетакунов атындагы Нарын педагогикалык колледжи;

• Нарын агрардык техника-экономикалык колледжи;

• Эл аралык магистрдик борбор;

• Аспирантура бөлүмү;

• Автомектеп;

• Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу борбору.

БАКАЛАВРИАТ

Агрардык-техникалык факультет

Электр энергетикасы жана электр техникасы (негизги тест жана физика же математика). Даярдоо профилдери: «Электр механикасы», “Гидроэлектр энергетикасы».

Информатика жана эсептөөчү техника (негизги тест жана физика же математика). Даярдоо профилдери: “Маалыматты иштетүүнүн жана башкаруунун автоматташтырылган системалары», “Эсептөөчү машиналар, комплекстер, системалар жана тармактар», “Эсептөөчү техниканын жана автоматташтырылган системалардын программалык камсыздалышы», “Экономикадагы маалыматтык системалар жана технологиялар».

Жерге жайгаштыруу жана кадастр (негизги тест жана математика же физика). Даярдоо профили: “Жайыттарды жайгаштыруу”.

Колдонмо информатика (негизги тест жана физика же математика). Даярдоо профили: “Экономикадагы колдонмо информатика”.

Транспорттук процесстердин технологиясы* (негизги тест жана физика же математика). Даярдоо профилдери: «Жол кыймылын уюштуруу жана коопсуздук», “Жүк ташууну уюштуруу жана транспортто башкаруу».

Экология жана жаратылышты пайдалануу* (негизги тест жана биология же химия). Даярдоо профилдери: “Жер жана суу ресурстарын экологиялык пайдалануу», «Экология», “Геоэкология», “Экология жана жаратылышты пайдалануу»

Бизнес-информатика* (негизги тест жана математика) Даярдоо профили: «Электрондук бизнес».

 

ЭКОНОМИКА, БИЗНЕС ЖАНА БАШКАРУУ ФАКУЛЬТЕТИ

Экономика (негизги тест жана математика). Даярдоо профилдери: “Финансы жана кредит”, “Салык жана салык салуу”, “Экономика жана ишканадагы башкаруу”, “Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит” ж.б.

Менеджмент (негизги тест жана математика же физика) Даярдоо профили: “Энергетикадагы менеджмент”.

Социалдык иш (негизги тест жана математика). Даярдоо профили: “Мамлекеттик социалдык кызмат”.

ПЕДАГОГИКАЛЫК ФАКУЛЬТЕТ

Физика-математикалык билим берүү (негизги тест жана физика же математика). Даярдоо профилдери: «Информатика», “Математика» жана “Физика».

Социалдык-экономикалык билим берүү (негизги тест жана тарых). Даярдоо профилдери: “Тарых», «Коом таануу», «Экономикалык билим берүү».

Табигый илимдик билим берүү (негизги тест жана химия же биология). Даярдоо профилдери: «Химия», “Биология» жана “География».

Педагогика (негизги тест жана тарых же биология). Даярдоо профилдери: “Педагогика жана башталгыч билим берүүнүн методикасы”, “Педагогика жана мектепке чейинки билим берүүнүн методикасы”, “Социалдык педагогика” ж.б.

Көркөм билим берүү (ЖРТ сертификаты талап кылынбайт). Даярдоо профили: “Сүрөт искусствосу”.

ФИЛОЛОГИЯ ФАКУЛЬТЕТИ

Филологиялык билим берүү (кыргыз жана орус тилдери үчүн – негизги тест жана тарых, англис тили үчүн – негизги тест жана англис тили, башка чет тилдери үчүн – негизги тест). Даярдоо профилдери: “Кыргыз тили жана адабияты”, “Орус тили жана адабияты”, “Англис тили”, “Кытай тили”, “Корей тили”, “Араб тили”, “Немец тили”, “Түрк тили”.

МАГИСТРАТУРА

НМУнун Эл аралык магистрдик борбору

Окутуу мөөнөтү – 2 жыл.

Педагогика. Даярдоо профилдери: “Мектепке чейинки билим берүү”, “Баштапкы билим берүү”, “Жогорку билим”, “Информатиканы окутуунун теориясы жана технологиясы”, “Математиканы окутуунун теориясы жана технологиясы”.

Менеджмент. Даярдоо профилдери: “Агрардык менеджмент”, “Ишканадагы менеджмент” ж.б.

Экономика*. Даярдоо профилдери: “Финансы жана кредит”, “Салык жана салык салуу”, “Экономика жана ишканадагы башкаруу”, “Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит” ж.б.

Калыбына келүүчү энергия булактары жана курулуштун энергетикалык натыйжалуулугу*.

Магистратуранын “Агрардык менеджмент” жана “Калыбына келүүчү энергия булактары жана курулуштун энергетикалык натыйжалуулугу” адистиктери эл аралык долбоорлордун негизинде ачылып, азыркы учурда эл аралык аккредитацияга даярдалууда, бул багыттар боюнча эки өлкөнүн (Германиянын жана Кыргызстандын) кош дипломдору берилүү мүмкүндүгү учурда каралууда.

* – аталган адистиктерге учурда лицензия алынып жатат.

К.МАМБЕТАКУНОВ АТЫНДАГЫ НАРЫН ПЕДАГОГИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИ

Адистиктер:

Башталгыч класстын мугалими;

Информатика мугалими;

Дене тарбия мугалими;

Социалдык педагогика;

Тарбиялык ишмердүүлүктү уюштуруу;

Мектепке чейинки билим берүү;

Социалдык-маданий ишмердүүлүк жана элдик көркөм чыгармачылык;

Эмгек технологиясы.

НАРЫН АГРАРДЫК ТЕХНИКА-ЭКОНОМИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИ

Адистиктер:

• Экономика жана бухгалтердик эсеп;

• Финансы;

• Банк иши;

• Салык жана салык салуу;

• Экология;

• Токой жана сейил бак чарбасы;

• Ветеринария;

• Фермердик чарбаны уюштуруу;

• Эсептөө техникасын жана компьютердик тармактарды техникалык тейлөө;

• Электр станциялары, тармактары жана системалары;

• Автомобилдерди тейлөө жана оӊдоо;

• Унаада жүк ташууну уюштуруу жана башкаруу;

• Тигүү буюмдарын моделдештирүү жана конструкциялоо.

АВТОМЕКТЕП

НМУнун алдындагы автомектеп 1999-жылдан бери иштеп келе жатат. Мында НМУнун студенттери кошумча кесип катары «В» жана «ВС» категориясы боюнча айдоочулук кесипти үйрөнө алышат. Студенттердин кызматында айдоочулук тренажер жана окуу автомашинасы бар. Анда «Жол кыймылын уюштуруу» кафедрасынын тажрыйбалуу окутуучулары сабак берет. Айдоочулук курсту аяктаган студенттер мамлекеттик үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк алышат.

ОКУУГА ТАПШЫРУУ YЧYН ЗАРЫЛ ДОКУМЕНТТЕР:

Арыз (документтерди тапшырган учурда жазылат);

Билими тууралуу документ (аттестат, күбөлүк же диплом) (түп нускасы);

№086-У форма сындагы медициналык маалымкат;

Паспорт же өздүгүн тастыктоочу документ;

3х4 өлчөмүндөгү 6 (алты) фотосүрөт

Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТнын) сертификаты (түп нускасы) (колледжге жана магистратурага талап кылынбайт).

Кошумча маалымат алуу үчүн кайрылыӊыздар:

Нарын ш., С.Орозбак көчөсү, 25. С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Башкы окуу корпусу

Тел.: (03522) 50814, 0773954058.  Факс: (03522) 50814. E-mail: nsu@ktnet.kg

Веб-сайт: www.nsu.ktnet.kg

2 Комментарии

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*