БАРПЫ ТЕАТРЫНЫН ЖАМААТЫНА ЖАШТАР КОШУЛДУ

Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин театр жана кино факультетинин он бүтүрүүчүсү келишим боюнча Жалал-Абад облусунун  Барпы атындагы драма театрына ишке орношушту. Бул бүтүрүүчүлөр театрга өздөрү гана барбастан төрт спектакль даярдап барып, өнөрлөрүн шаар тургундарына тартуулашууда.

Окуу жай жетекчилиги Жалал-Абад облусунун жергиликтүү бийлиги менен облустук театрга он актерду даярдап берүү боюнча  бир жыл мурун келишим түзүшкөн. Келишим боюнча окуу жай жетекчилиги быйыл жаӊы бүтүп жаткан бүтүрүүчүлөрдү алып барып ишке орноштуруп келишти.

– Биз бүтүрүүчүлөрдүн өздөрүн гана алып барбастан, төрт спектакль даярдай бардык. Ошол жактан спектаклдын баарын көрүүчүлөргө тартуулап, театрдын көркөм кеӊеши жактырып, жакшы кабыл алышты. Жергиликтүү бийлик менен сүйлөшүп, балдардын жатакана маселесин дагы жеринде чечип, жайгаштырып коюп анан келдик, – дейт окуу жайдын ректору Мамашарип Чотонов.

Окуу жай мындай саамалыкты бир жыл мурун баштаган. Былтыр мыкты бүтүрүүчүлөрүнүн төрт дипломдук спектаклин жаӊылык катары Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрында чоӊ сахнада коюшкан. Бүтүрүүчүлөрдүн өнөрүн көргөн театр жетекчилиги эӊ мыкты ойногон 10 баланы жактырып, жумушка алып калган.

– ТЮЗ театры биздин бүтүрүүчүлөрдү алып калгандан кийин бизге, театрларга бүтүрүүчүлөрүбүздү өзүбүз сунушташыбыз керек экен деген ой келди. Анан күзүндө окуу жылы башталганда Жалал-Абад облусунун  Барпы атындагы драма театры менен сүйлөшүп, театрдын жетекчилигин чакырып, сунушубузду айтсак алар макул болуп, келишим түзгөнбүз. Келишимдин негизинде балдар мамлекеттик экзаменди тапшыргандан кийин дипломдук ишине даярдаган спектаклдерин Жалал-Абадга барып коюшту. Ал жактан жаш актерлордун эмгегин көргөн Ош облустук жана Баткен облустук театрларынын жетекчилери дагы келишимдик негизде адистерди даярдап берүүгө келишим түзүштү. Биз ушул ишти баштагандан кийин Ч.Айтматов атындагы орус драма театры дагы максаттуу даярдоо боюнча келишим түзгөн. Биз мындай кадам менен эки маселени бирдей чечип жатабыз. Биринчиден, биз өзүбүздүн бүтүрүүчүлөрүбүздү иш менен камсыз кылсак, экинчиден, аймактагы театрларды жаш адистер менен толуктап жатабыз. Азыр баарыбызга белгилүү болгондой, жаштардын көбү айылдан качат, биз болсо айылдан кеткен жаштарды кайрадан айылга алып барып жатабыз, – дейт окуу жай жетекчиси.

Чолпон Кийизбаева, “Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*