ДҮЙНӨЛҮК ПЕДАГОГИКАНЫН АТАСЫ

Дүйнөлүк педагогикадагы жылдызы жарык жанган улуу инсандардын бири чех элинин кулуну, педагог-гуманист Ян Амос Коменский болуп эсептелет. Бул акылман адам азыркы билим берүү системасынын өзөгүн түзүп кеткендердин көч башында турат десем аша чапкандык болбос. Педагог катары өзүнүн ак эмгеги менен дүйнөнүн тарых китебинде, анын ичинен элге билим берүү беттеринде алтын тамгалар менен жазылып калды. Менин оюмча, ар бир педагог, ар бир мугалим бул инсан туурасында азыноолак болсо дагы маалыматтарга ээ болууга тийиш. Ошондуктан мугалимдер күнүн утурлай, Я. А. Коменскийдин өмүр жолу, жасаган эмгектери туурасында жазып кетүүнү туура көрдүм.

Ян Амос Коменский 1592-жылы 28-мартта Чехия мамлекетинин Нивница шаарчасында жарык дүйнөгө келген. Ата-энеси жогорку билимдүү эмес, жөнөкөй адамдардын катарын толукташкан. Болочок педагог 12 жашка чыкканда, башына адам көтөрө алгыс кайгы түшүп, чума оорусунан атасы, апасы жана эки бир тууганы каза болуп калышат. Ал эми өзү алысыраак эжесинин колунда тарбияланган.

Мектеп босогосун аттап, аны ийгиликтүү аяктаган соң, 1611-жылы Герборн университетине тапшырат. Ушул эле жылы диний көз караштарга ылайык чокунтуу жөрөлгөсү (крещение) болуп, жаңы ысым – Амос экинчи атына ээ болот. Окуусун андан ары улантып, ошол мезгилдин абройлуу Гедельберг университетине тапшырат. Мына ушул окуу жайда окуп жүргөн мезгилинде чыгармачылыгынын алгачкы кадамдарын баштап, «Бардык нерселердин театры» («Театр всех вещей») деген оригиналдуу энциклопедиясын жазып чыгат.

1627-жылы көптөгөн тажрыйбаларды топтоп алуу менен жалпы билим берүүнүн теориясы туурасындагы эмгегин жаратууга киришет. Туура беш жылдан кийин, ал эмгегин «Дидактика» деген аталышта чех тилинде басып чыгарып, ал эми 1638-жылы жазган китебин кайрадан иштеп чыгып, көптөгөн толуктоолорду киргизип, латын тилине которуп «Улуу дидактика» деген ат менен окурмандарына сунуштаган. Бул эмгек Я. А. Коменскийдин эмгек жолундагы эң чоң жетишкендиги болуп саналат. Себеби, мына ушул эмгеги окумуштууга улуулукту, абройлуулукту алып келген. Бүгүнкү күндө дагы «Улуу дидактика» өз сынынан кетпей, дүйнөнүөзгөртүп, аны башка нукка бурган китептердин катарынан орун алып, арадан канча жылдар өтсө дагы, маани-маңызын жоготпой келе жатат. Бул өз учурунда улуу ойчулдун тапкычтыгы, келечекти көрө билгендигинен кабар берет.

Я. А. Коменский «Улуу дидактика» эмгегинде окутуунун жалпы теориясындагы көптөгөн суроолордун тегерегинде ой жүгүртүп, аларга теориялык жана практикалык негизде, терең талкуулоо менен жооп бергенге аракет кылган. Китеп, башка эмгектерден айырмаланып, бир нече бөлүктөрдөн турган киришүү менен башталат. Биринчи бөлүгү дидактиканын коомго тийгизген жакшы жактарына, экинчи бөлүгү жалпы окурмандарга, ал эми үчүнчү бөлүгү жогорку постто турган (өкмөт башчылары, чиркөө башчылары, ректорлор ж. б.) адамдарга кайрылууга арналган. Кийинки бөлүмдөрүндө окутуунун жалпы принциптери кенен берилген. Андан ары барактаган болсок, автор кийинки сөзүн мектеп дисциплиналары, мектептин түзүлүшү, мектепке чейинки тарбия, тилдик билим берүүлөр (эне тили жана башка тилдер) туурасында улаган. Ал эми китептин акыркы бөлүмүн Я. А. Коменский өздүк идеяларды, ойлорду жашоодо ишке ашыруунун шарттарын, жолдорун теориялык жана практикалык жактан көрсөтүп берүүгө арнаган. Ошондой эле автор китебин аяктап жатып, педагогика жалпы илим, аны тек гана окутуучулар, мугалимдер гана билбестен, ата-энелер дагы билүүгө тийиш, ошондо гана натыйжалуу тарбия жана билим берүү процесси жемишин бере тургандыгын баса белгилеп кеткен. «Ар бир бала туура тарбия жана билим алгандан кийин гана бакубат жана өнүккөн өлкөнү түзө алабыз, ал эми бул үчүн, албетте, баарыбызга ийкемдүү, түшүнүктүү болгон педагогика керек…» дейт автор.

«Педагогиканын атасынын» өмүрүнүн ар бир жылында удаасы менен баа жеткис эмгектери жарык көрүп турган. Алсак, «Тилдерге ачык эшик», «Астрономия», «Физика» жана дүйнөдө биринчи жолу үй-бүлөлүк тарбиялоого арналган  «Эне мектеби» («Материнская школа») китептери. Я. А. Коменский «пансофия» деген аталыштагы философиясын иштеп чыгуунун жана жайылтуунун үстүндө көп аракеттерди жасаган. Пансофия – баарына бардыгын окуп-үйрөтүү деген багыттагы агым болуп, инсанды өнүктүрүүнүн комплекстүү ыкмаларын камтыган. Бул идея европа окумуштууларынын дагы кызыгууларын арттырып, айрым сынчылардын талаш-тартыштарын жараткан.

Я. А. Коменский коомчулукка педагог, калктын мугалими гана эмес, саясий чөйрөгө аралашкан инсан катары да маалым. Дегеним, Англия менен Нидерландия аянычтуу согуш башташканда, улуу ойчулдун даанышмандыгы жана дүйнөлүк аброю чоң таасир этип, Я. А. Коменскийдин катышуусунда чоң жыйын болуп, окумуштуунун маңыздуу, адилеттүү сөздөрүнөн кийин, каршылашып жатышкан эки тарап тынчтык келишимине кол коюшкан.

Улуу педагог түзгөн мектептердин башка мектептерден болгон өзгөчөлүгү окутуунун системалуулугунда эле. “Окутуу процессинде дайыма системалуулук орун алышы керек, болбосо окуучунун алган билимдери эч натыйжа бербейт” деп санаган Я. А. Коменский. Ал көрсөткөн ыкма боюнча мугалим окуучуга билим берүү учурунда фактыдан жыйынтыкка, мисалдардан эрежелерге, конкреттүүлүктөн абстрактуулукка, жеңилден татаалга, жалпыдан жеке түргөөтүшү керек. Мына ушундай өңүттөгү системалуулук орун алганда ар бир окуучунун аң сезиминде түшүнүктөр туура калыптанып, мугалимдин берген билими эффективдүү болот.

Я. А. Коменскийдин эмгектеринин көпчүлүгүндө мугалим жөнүндө түрдүү, маңыздуу ой толгоолор берилген. Жада калса анын «Пампедия» деген эмгегинин бир бөлүмү толук мугалимдерге арналган.        Я. А. Коменский: «Мугалим деген педагогикалык чеберчиликке ээ болгон, өз ишин чексиз сүйгөн, чыгармачыл, окуучулардын өз алдынча ой жүгүртүүсүн, билимге болгон кызыгуусун өстүргөн, окуучулардан коомго пайдалуу адамдарды тарбиялап чыгарган инсан, эмгекчил жана билимдүү адамдын үлгүсү болууга тийиш» деп жазып кеткен.

  Улуу ойчул өмүрүнүн акырына чейин өзүнүн илимий чыгармачылыгын токтоткон эмес. Анын акыркы эмгектерин атайын жардамчылары жазып берген. Я. А. Коменскийдин доорунан бери төрт кылымга жакын убакыт өтсө дагы, дүйнө эли   Я. А. Коменскийди педагогика илиминин негиздөөчүсү, атасы катары таанып, сыйлап келишет. Анын теориялык жана практикалык табылгалары өз баркын, наркын жоготпой, дүйнөлүк заманбап окутуунун теорияларынын өзөгүн түзүп келе жатат. Жогорудагы кыскача анализдеп өткөн эмгектерин билбеген күндө дагы, унутуп калган күндө дагы                             Я. А. Коменскийдин билим берүү системасына киргизип кеткен класстык сабак, көрсөтмөлүү окутуу ыкмасы, эне тилде окутуунун артыкчылыгы, танапис, каникул, чейректерге бөлүп окутуу, мектеп сабактарынын жүгүртмөсү (расписание) ж. б. өңдүү табылгалары коомдун, анын ичинен мугалимдердин эсинен кетпейт болуш керек.

Айбек  ЭМИЛБЕК уулу,

УКГнын ИИ боюнча директорунун орун басары

2 Комментарии

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*