БАЛАНЫ БЕШИККЕ САЛУУ ЫРЫМЫ

Сабактын билим берүүчүлүк максаты: Элдик оозеки чыгармачылыкка таандык болгон макал-лакаптарды, жаӊылмачтарды, табышмактарды, элдик ырларды жатка, обонго салып ырдап беришет.

Сабактын өнүктүрүүчүлүк максаты: Ырларды жатка айтуу менен бирге окуучулар эске тутуу жөндөмүн өнүктүрүшөт.

Сабактын тарбиялык максаты: Ырларды аткаруу менен окуучулар эмгекти сүйүүгө, улууну урматтоого, элин-жерин сүйүүгө, туулган жерин көздүн карегиндей сактоого, үрп-адат, каада-салттарды жүрөккө бек тутуп, аларды унуткарбоого  тарбияланышат.

Сабактын тиби: Бышыктоо

Сабактын методу: Чыгармачыл

Окутуунун формасы: Жуп менен иштөө.

Сабактын жабдылышы: Буклет, брошюра, түстүү сүрөттөр, ватманга чапталган түстүү сүрөттөр.

Предмет аралык байланыш: Адеп, кыргыз тарыхы.

Негизги базалык түшүнүк: кыргыз элинин каада-салты, үрп-адаты.

Сабактын жүрүшү:  1. Уюштуруу

2. Жаӊы тема:

Кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгы ооздон-оозго, муундан-муунга, укумдан-тукумга түбөлүктүү келе жаткан сыймыктуу мурас. Ал чыгармалар кыргыз элинин нечен кылымдан берки күрөшүн, үмүтүн, санаасын билдирип, көбүнчө эмгекчилердин мүдөөсүн туйдуруп келгендиктен, эл чыгармасы болуп эсептелинет. Кыргыздын оозеки чыгармачылыгында элибиздин өткөндөгү турмуш-тиричилигин, үрп-адатын, каада-салтын көрсөткөн чыгармалар өтө көп. Аларга: айтыш, керээз, кошок, арман, бешик ырлары, эмгек ырлары, санат жана насыят үлгүдөгү ырлар, ырым-жырым ырлары ж.б. кирет. Бүгүнкү сабакта кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгын сиздерге ачып бериш үчүн окуучулар менен бирдикте «Бешик тоюн» тандап алдык. «Бешик тоюнда» бешик ыры,  элдик ырлар, макал-лакаптар, күлкүлүү окуялар, кыргыз элинин бийи, табышмак, куйкум сөздөр, акыйнек айтышы, жаӊылмачтар, лакаптар, башкача айтканда, элдик оозеки чыгармачылыгынын көп түрдүүлүгү байкалат. Эмесе, тоюбузду баштайлы!

 

«Бешик ырымы»

Баланы бешикке салуу ырымы кыргыздарда кадимки чоӊ той менен коштолот.Ымыркай киндиги түшүп, төрөлгөнүнө жети күн болгондон баштап бешикке салынат. Бешик наристени бакканга, таза кармаганга, уктатканга бир топ ыӊгайлуу. Салт боюнча бешикти наристенин таенеси алып келет.

Ал эми наристенин бешикке салынган күнүн бешик тою дешет. Илгертеден эле бешик тою берилүүчү күнү нан бышырылып, мал союлуп, айыл-апа, куда-сөөк, тууган уруктар, тааныштар чакырылган.  Жентек делип сары май томурулуп, дасторконго жер-жемиштер, боорсоктор, таттуулар төгүлгөн. Кур кол келбей белек-бечкектерин ала келген коноктор наристени алкашып, бешигине боорсок, таттуу, мөмө-чөмөлөрдү чачышкан. Баланы бешикке көптү көргөн, көп жашаган, көп төрөгөн дөөлөттүү байбичеге салдырышат. Эгер ымыркай кыз болсо, бешикке кайчы, сөйкө, шуру, эркек болсо чүкө, камчы салынат. Оӊ-сол чүкөлөрдү бешикке салып, аны баш жагынан которуп «бар бол», «оӊ бол» деп эӊкейткенде чүкөлөр күлтүккө түшүп кетет. Баланы бөлөөнүн алдында алгач бешикке ар кандай оорулар, жин-шайтандар жашынып калбасын деп арча менен бешиктин ичи-сыртын аластайт. Анан: «Шайтандар кач, кач, кач, ээси келди!»,- деп алып барып баланы жаткырышат. «Бешик апа, бек карма!  Умай эне, уйку бер!» – деп таӊат. Бөлөп жаткан учурда ыйлаак болбосун деп, дөөлөттүү апа оозуна боорсок тиштеп алып, жуурканы, куржуну, кабы, баштыгы болуп жети нерсени бешикке жаап, төрөгөн энесине карматат. Энеси көтөрүп алып төрдөн эшикке, эшиктен төрдү көздөй жүгүнөт.  Байбичелер алкап батасын беришет. Энеси баласын терметип бешик ырын ырдайт.

 

   «Бешик ыры»:

Алдей, алдей бөбөгүм,

Алдей, алдей бөбөгүм!

Элин багып, сыйлаган

Эл менен бирге жыргаган,

Эмгекчил болгун бөбөгүм!

Алдей, алдей бөбөгүм,

Алдей, алдей бөбөгүм!

Калкын багып сыйлаган,

Калк менен бирге жыргаган,

Камкор болгун, бөбөгүм!

 

Алдей, алдей бөбөгүм,

Алдей, алдей бөбөгүм!

Өнөрүӊ менен өргө чап,

Эмгегиӊ менен элге жак.

Алдей, алдей бөбөгүм,

Алдей, алдей бөбөгүм!

Курулушту куп билген,

Куруу ишин төп билген,

Уста болгун бөбөгүм!

Бешик ыры кыргыздарда байыркы учурларда эле пайда болгон. Эненин чүрпөсүнө болгон мээрими бешик ырынан, назиктигинен, эркелеткен мүнөзүнөн байкалып турат.

Бешик ыры ар дайым эле бала сооротууда гана эмес, ал жакшы тилек билдирүү, эненин кубанычын, жакшы оюн айтуу менен баланы жаш кезден жакшы жүрүм-турумдарга тарбиялоо үчүн ырдалган.

Бүгүн бешик тойго келген балдар табышмак айтса, эжейлер жандырып берсеӊиздер.

1. Жарган жыгач

Жаткан коен

Эки көөкөр азыгы

  Астындагы азыгы.

(бешиктеги бала)

2. Сөөгү жок, эти бар

Сүйлөгөн сөзү бар.

                                                      (тил)

3. Конок келди алсыз

Ат байладым жалсыз

Кой союп бердим кансыз.

(бала, бешик, эмчек)

4. Кош кайкыда турагы бар

Кош каухардан чырагы бар

Керемети ааламга тиет

Аалам ага баш ийет.

     (баш)

5. Кыпын түшсө ооруган

Эки нерсе кичине

Бирок тоо, көл, токойлор

Батып кетет ичине

Бул эмне билип ал

Пайдасы зор кишиге.

өз)

Табышмактар – адамдын ой-чабытын, кыялын, акылын жогорулатып, сезимталдык жана тапкычтык сапаттарын өнүктүрөт.

Тереӊ ой, нускалуу сөз, өлбөс дастан

Мыскылдап кылым санап чыгат баштан.

Ошонун берметтерин териш үчүн,

Далайлар ийне менен кудук казган.

 

Азыркы кезек макал-лакаптарда:

Бала:

Баатыр болмок маӊдайдан

Чечен болмок таӊдайдан.

Кыз:

Айдаганы беш эчки

Ышкырыгы таш жарат.

Бала:

Ажалдуу карга бүркүт менен ойнойт.

Кыз:

Азаматтын жакшысы азыраак сүйлөп, көп тыӊшайт.

Бала:

Бала болсоӊ шок бол,

Шок болбосоӊ жок бол.

Кыз:

Баштуу тойдун ыры көп,

Башсыз тойдун чыры көп.

Бала:

Абийирдүү жигитке

Ажалдуу кийик жолугат.

Кыз:

Айтсам сенден өлөрмүн

Айтпасам сындан өлөрмүн.

Бала:

Айдай чырайыӊды,

Иттей узун тилиӊ бузат.

Кыз:

Баш кесмек бар,

Тил кесмек жок.

Бала:

Эшектин кулагы узун,

Ушакчынын тили узун.

Кыз:

Айыпсыз аякка тикенек кирбейт.

Бала:

Акылдуулар сөз алышат,

Акылсыздар өч алышат.

Баары чогуу айтышат:

Билимдүүнүн белгиси, билгенин берет келгиси,

Акылдуунун белгиси, акылын келет бергиси.

Ар бир макал-лакаптын өз алдынча тереӊ мааниси бар. Убактысында пайдаланып айтылса, сөздүн көркү чыгат.

Байыртадан ата-бабабыз бул учкул сөздөрдү бекеринен айтышпаса керек. Ар бири акылман адамдардын оозунан чыкканы сезилип турат. Кийинки муундарды тарбиялоодо мааниси өтө зор.

Акыйнек – элдик оозеки чыгармачылыктагы кордоп айтышуунун бир түрү. Мында негизинен кыздар, жаш келиндер бири-бирине же тууган-уругуна, жашаган айыл конушуна карата эки жаат болуп бөлүнүп алып, маӊдай-тескей туруп алып ырдашкан. Акыйнек айтышууда бири экинчисинин жүрүш-турушун, турпат-сымбатын, кебете-кешпирин жана кулк мүнөзүн, ой-санаасын мазакташкан. Ошондой эле мактап да ырдашкан.

Кызыл гүлдөй буралып, кыздар бийлейт суӊалып.

Кезекте кыргыз эл бийи

(Кыздар элдик бий аткарат)

 

Ташка тамга баскандай жаӊылмачтар:

Ак чайнекке көк капкак,

Көк чайнекке ак капкак.

Маш буурчак таптаттуу

Таш буурчак капкатуу

Айтмак белем мен калпты

Анда оозун байкаштыр

Үзүлүп кетип үзөнгү

Үсөн ооп түзөлдү

Үсөн күчтүү болбосо

Үзүлмөкпүүзөнгү.

Токол музоо сүзөнөөк

Моюнчасын үзөнөөк

Сүзөнөөк, үзөнөөк

Байлап салдык  үчөөлөп.

Көзү бүтүк, үч күчүк ушуп

Үч күчүк үшүп, үнү бүтүп.

Аттокурга ат бактырышты,

Атка бат аткастырышты

Бастырмага атты

Бат башбактырышты

Бастырманы бат,

Бат баткак кылышты.

Жаӊылмачтар – бул кыргыздардын оозеки байлыгы.

Башкы максаты – жаӊылбай гана абдан тез окуу, тез айтуу.

 

Ооздон чыгып учуп жүрөт

Коноор жерин өзү гана билет.

 

Лакап

Узун сакалчан Маанаке деген адам болуптур. Анын жүрүш-турушу апенди чалыш, ак ниеттүү, тамашакөй, айрыкча жаш балдар менен теӊтушундай ойногон бала кыял киши экен.

Балдар Маанакенин бирде тонун ала качып, бирде кызыл өгүзүн мине качып бушайманга салышчу экен. Маанаке кызыл өгүзүн минип отунга жөнөйт. Балдар Маанакени шылдыӊдаш үчүн артынан барышат. Маанаке отун алып, өгүзүн узун кармап, уктап калат. Аӊдып жүргөн балдар Маанакенин сакалын кырып кетишет. Бир кезде Маанаке ойгонуп, сакалын сыласа колуна урунбайт. Ал өзүнчө таӊ калып: «Мен го Маанаке, Маанаке болсом, сакалым канаке?

Маанаке эмесмин дейин десем, кызыл өгүзүм мынаке», – деген экен.

 

«Оп майда» элдик ыры:

Орой-орой оп майда,

Ороо толсун оп майда.

Кырча-кырча басканын,

Кырман толсун оп майда.

Майда-майда мапмайда,

Майдалансын  атты айда.

Талкандары бизге пайда,

Топондору сизге пайда.

Кызыл толгон кырманда,

Сузалы биз кап кайда.

Бекер жүрсөӊ жан багып,

Табалбайсыӊ эч пайда.

“Эмгек менен эл көгөрөт, жамгыр менен жер көгөрөт” эмеспи. Андыктан биз силерге кааларыбыз күжүрмөндүк менен эмгектенип, «Эл эмгегин жер жебейт» дегендей, эмгегиӊердин үзүрүнө күбө болуп, ылайым эле дасторконуӊардан нан үзүлбөсүн. Нан болсо ыр да болот, көӊүлүӊөр да ток болот. Ушуну менен адабий кече соӊуна чыкты.

 

Мыскал Асымбекова,

Ысык-Көл областы, Ысык-Көл району, Чырпыкты айылы, Касым Тыныстанов атындагы Чырпыкты жалпы орто билим

берүү мектеби, кыргыз тили жана адабияты мугалими

 

8 Комментарии

Добавить комментарий для Charlesgep Отменить ответ

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*