ЭЛЕКТРОНДУК ОЛИМПИАДА ИШЕНИМ АРТТЫРАТ

 

Ош шаардык билим берүү  башкармалыгы окуучулардын шаардык олимпиадасын электрондук форматта өткөрдү. Баса, бул аймакта быйыл предметтик олимпиаданын биринчи баскычы да айрым мектептерде электрондук түрдөөттү. Алсак, Ош шаарындагы №52 «Кыргыз-түрк достугу» атындагы таланттуу балдардын мектебинин окуучулары электрондук түрдө сынак тапшырып жатканына Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы К.Кимсанов өзү күбө болду.

Зээндүү окуучулардын жөндөмдөрүн жана көнүгүүлөрүн ачуу жана колдоо, жалпы орто билим берүү системасында билим алган окуучулардын, мугалимдер жана педагогикалык-илимий кызматкерлер арасындагы атаандаштыкка жараша шыктуулардын чыгармачылык өз ара мамилелерин өнүктүрүү максатында аймактык жана республикалык олимпиаданы өткөрүү мөөнөттөрү аныкталып, быйылкы сынактын өзгөчөлүктөрү белгиленүүдө. Маселен, адистердин акыркы берген маалыматтарына таянсак, предметтик олимпиаданын Жобосу жаӊыланып, быйыл республикалык баскычты жылдагыдай министрлик эмес атайын түзүлгөн уюштуруу тобу өткөрмөк болду. Бул тууралуу дагы жазабыз. Ал эми Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын демилгеси менен өткөн жылдан бери олимпиаданын шаардык баскычы электрондук форматта өткөрүлүп келатат. Быйыл дагы булар ошол ыкмадан четтешкен жок.

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Куштарбек Кимсановдун айтымында,  сынак  артында нааразычылыктар болбой койбойт. Бирок электрондук олимпиадада окуучулар нааразы болмок турсун, өздөрүнүн берген жоопторунан уялып, апелляцияга да киришпейт экен.

– Олимпиада аркылуу окуучулардын жалпы билим деӊгээлин баалоо мүмкүн эмес экендигин эске алуу керек дагы, билим сапаты жөнүндө күрөшүүдө аны өзүнчө карабаш керек дейм. Экинчиси, олимпиаданын өзүнүн өткөрүлүшү жыл сайын жаӊыланып, жакшырып туруу аркылуу  ата-энелердин жана окуучулардын, ал тургай мугалимдердин  олимпиаданын адилеттүүлүгүнө жана акыйкаттуулугуна ишеним арттырат. Ал ишенимди арттыруу үчүн эски колдонулуп келген иш-аракеттерди кайталоо бүгүн натыйжа бербейт. Анткени азыр жаӊы технологиянын кылымы. Ал тургай онлайн түрүндө олимпиаданы алууга боло тургандыгына деле биз ынанышыбыз керек.  Бирок ага өтүүүчүн техникалык мүмкүнчүлүктөрүбүз, балким азырынча жалпы республикалык деӊгээлде жете элек. Шаарларда айыл жерлерине  караганда мүмкүнчүлүктөрү жакшы болгону менен, айрыкча, четте жайгашкан айылдарда техникалык билим берүү мүмкүнчүлүк алдыга өзгөчө секирик жасаганга түрткү боло албайт.  Ошону эске алып туруп, биз, Ош шаары, былтыркы окуу жылынан бери  олимпиаданы электрондоштуруп өткөрүп келатабыз. Мурда “жыгылган күрөшкө тойбойт” дегендей, ким жеӊилип калса эле туура эмес болду деп сөз чыгарып  жана көбү апелляцияга жазышчу. Ал эми  электрондук олимпиадада апелляцияга жазылган бир дагы арыз болгон жок. Бизде эӊ мыкты окуйт деген балдар кирип, бирок бешке окубаган балдардан жеӊилип калганда  апелляцияга жазгыла десек да болушкан жок. Жооптору дагы монитор аркылуу көрүнүп турду.  “Эч ким мени алдаган жок, эч ким мага жардам да бере алган жок. Менин чыныгы билимим, даярдыгым ушул экен” деп окуучулар апелляцияга барышкан жок.  Бала мойнуна ала билди.  Андан сырткары,  бала олимпиадага компьютердин алдына келип отурганда аны сырттагы биринчи жана экинчи кабаттагы мониторлордо мугалимдер, ата-энелер көзөмөл жүргүзүп турушту, – дейт      Куштарбек Кимсанов.

Электрондоштурууга киргизүү абдан татаал болуптур. Ошого карабастан, Ош шаардык билим берүү башкармалыгы жаӊыча олимпиада өткөргөнгө жетишти. Ириде олимпиаданы өткөрүү боюнча программа ылайыкталып түзүлгөн экен. Тесттин базасына 1000 ашык суроо киргизилген.

– Олимпиаданы  бир гана программист  өткөрөт. Ал жерге ашыкча адамдын кереги жок. Калыстар тобуна да көз каранды болбойт. Жыйынтыгы да ыкчам чыгарылат.  Биз бул ыкманы Билим берүү жана илим министрлигине сунуштадык.  Эгер министрлик чечим кабыл алса, биз келип программаны презентациялап бергенге даярбыз. Анын артыкчылыктары көп. Ириде  ата-энелердин ишенимин арттырат, – дейт башчы.

Гүлнара Алыбаева,

“Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*