БАКТЫЛУУ ДИРЕКТОР

Бишкек шаарындагы Калыс-Ордо жаӊы конушунда жайгашкан орто мектептин ачылышына быйыл он жылдын жүзү болду. Ушул жылдар ичинде мектеп директору Саламат Көлбаева башталгыч класс мектебинен толук орто мектепке айландырганга жетишти. 2009-жылы шаардык конкурска катышып «Социалдык өнөктөш мектеби» наамына ээ болгон, райондук, шаардык деӊгээлде акчалай сыйлыктарга татып келе жатат. Жаӊы конуштун аз камсыз болгон балдары үчүн Бүткүл дүйнөлүк FHI фонду аркылуу Балдарды өнүктүрүү борборун (Корея мамлекетинен келген демөөрчүнүн жардамы менен) ачып, учурда 500 окуучуга бекер англис, корей тилдери, компьютер, таэквондо ж.б.у.с. үйрөтүлүп, ошондой эле аларга бекер тамак-аш, бир жылда бир жолу башынан аягына чейин кийим менен камсыздалып келет. Мектеп жетекчиси имараты стандартка жооп бербеген мектепти экологиялык багыттагы лицей кылууга, балдардын кол өнөрчүлүгү аркылуу өзүн-өзү каржылоого өткөрүү далаалатын көрүп жаткан чагы. Анда эмесе сөз башынан болсун.

Комсомолдук иштен мектепке

 Советтик мезгилдеги райком комсомолдун секретарлык жумушу Саламат                  Арзыгуловнаны кандай гана иш болбосун туура багытта алып кетүүгө бышырып, тартипти катуу кармаганга, чөйрө менен тыкыр иштөөгө таптаган. Советтик система ойрон болгондон кийин Саламат Көлбаева  өз кесиби боюнча кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп мектепке кирет. Комсомолдук, партиялык тажрыйба аны бат эле мектеп администрациясынын жетекчилигине чейин өстүрөт. Калыс-Ордо мектебинин директорлук кызматына ал  2006-жылдын 12-июлунда шаардык билим берүү башкармалыгынын чечими менен бекитилет.

– Мектеп 2006-жылы 17-январда уюштурулган. Бул жер мурдагы Фрунзе шаарынын окуучулары үчүн салынган эмгек лагери экен. Кийин ал чочко, уй кармаган сарайга айланат. Имарат Коргоо министрлигинин карамагында. Жаӊы конуштун балдары окубай калгандыгына байланыштуу конуштун активисттери акимчиликке кирип, мектеп кылууга бөлдүрүп алып, кийин аны ремонттон өткөрүп, башталгыч класс мектеби кылып ачышат. Мен бул мектепке жарым жыл ичинде эле үчүнчү директор болуп келгем. Ал кезде болгону төрт гана башталгыч класс бар болчу. 2006-07-окуу жылына карата, т.а. бир айдын аралыгында үймөүй кыдырып, балдарды мектепке тартып келдим, ошентип, толук эмес орто мектеп кылганга жетиштим. Бийликтегилерге кат жазуу аркылуу мектептин материалдык-техникалык базасын чыӊдап, техникалар менен камсыздадым, – дейт С.Көлбаева.

Мектептин ичинде он бир жерде видеокөзөмөл коюлган, кире бериште турникет (4500 долларга коюлду) орнотулуп, окуучулар чип аркылуу киришет. Бул балдардын мектепке келген, келбегенин аныктап турат. 480 сааттык программанын негизинде башталгыч класстар жаӊы эмеректер менен камсыз болгон. Учурда жаӊы конушта 560 орундук жаӊы мектеп курулуп, анын 75% бүтүп калды. Буюрса, жаӊы окуу жылында эшигин ачып калат деген үмүт бар экенин мугалимдер, ата-энелер айтышууда.

Директор мугалимдерге көз каранды болуп турса дагы, аларды жумушка алаардан мурда топтогон тажрыйбасына, портфолиосуна, балдар менен иштөө формасына, сабак берүү ыкмасына гана карабастан, иш кагаздарын толтуруудагы сабаттуулугун  да тыкыр текшерет. Ошондуктан бүгүнкү күндө Калыс-Ордо орто мектебинде кызыл дипломго аяктаган жана ЖОЖду жакшы бүткөн жаш адистер, тажрыйбалуу мугалимдер эмгектенишет. Жаш адистери ар кандай сынакка катышып, алдыӊкы орундарды жеӊип келе жатканын жетекчи жашырган жок.

Мектеп директорунун дагы бир өзгөчөлүгү – балдардын ден соолугун чыӊдаган, көркөм табитин өркүндөткөн, дүйнө таанымын кеӊейткен дене тарбия, сүрөт, кол эмгек, музыка, адеп сабактарын  негизги предметтерден биринчи орунга коюп, бул сабактарды  окуткан мугалимдерден өзгөчө талап кылат.

– Сабак сапаттуу болушу үчүн маданий-спорт сабактары өтө мыкты болуш керек. Ал үчүн мугалимдер дагы мыкты болушу зарыл. Мисалы, музыка сабагынан эки мугалим бар, бирөө мыкты музыкант, бирөө анын шакирти, шаар ичинде оригами ийримин алып барган мыкты кол эмгек мугалими сабак берет, адеп сабагын окуу китептин автору, балдар жазуучусу А.Карымшаков окутат, үч дене тарбия мугалимим бар. Негизги предметтерден бул предметтерди биринчи орунга коюу зарыл, анткени балдарды мектепке жүгүртүүчү, кызыктыруучу, көз карашын кеӊейтүүчү, ден соолугун чыӊдоочу предметтер так ушулар, – дейт директор.

Ар тараптуу жетекчи

 Жетекчинин  айтымында, мектеп директору бардык предметтерди жакшы билиши абзел. Ошондуктан ал ар бир сабакка киргенде мугалим менен баарлашып, кайсы жерде ага кандай жардам керек экенин айтып, белгилеп, талкуулап турат.

– Бүгүнкү күндүн талабына ылайык, тил  үйрөнүү –  мектептин приоритети. Андыктан чет тилдерди үйрөтүүгө басым жасайм. Маселен, корей, англис тилдери ийрим  катары окутулуп жатат. Мындан ары түрк, кытай тилдерин киргизүү аракетин көрүүдөмүн. Кандай гана багыттагы мектеп болбосун маалыматтуулук кенен болуу үчүн чет тилдерге басым жасоо керек, – дейт С.Көлбаева.

Билим берүү бекер

 – Мектеп кичинекей болгондуктан каражат аз талап кылынат, аны кармап турууга болот. Ал эми чоӊ мектептерди мектеп директорлору ата-энелер фондусу жок кармай албайт. Албетте, чоӊ мектепке барганда мүмкүн биз дагы ата-энелерге көз каранды болуп калабыз. Келечекте мектептерде акча чогултпаган мүмкүнчүлүккө жетишүү керек деп ойлойм, анткени мыйзамда бекер билим берүү деп жазылып турат. Демек, аны биз аткарышыбыз зарыл. Бара-бара биздин мамлекет байып, бюджетке берилген каражат көбөйүп мурдагыдай финансылык каржылоо болот деп ойлойм, – дейт директор.

Мектепти өзүн-өзү каржылоого өткөрүү да директордун максаттарынын бири. Анын айтымында, таланттуу окуучуларды кол өнөрчүлүккө тартып, т.а. кийизден ар кандай сувенирлерди жасатып, аны сатып, түшкөн каражаттын 30% окуучуга төлөнүп берилсе, 30% мектептин өнүгүшүнө салынат, калган каражат сувенирге керектүү товарларды сатып алууга жумшалат. Учурда «Кыял» ишканасы менен иштешкенге аракеттер болуп жатыптыр. Бул ишке 7-класстан баштап жогорку класстын таланттуу балдары тартылат. Алардын  окуусуна, жаш өзгөчөлүгүнө терс таасирин тийгизбеген шарттарды түзүүгө аракеттенерин баса белгиледи.

Табият менен таттуу жашоо

 – Элдин жашоо шарты балдардын ден соолугуна кам көрүүнү талап кылат. Ошондуктан экологиялык багыттагы лицейге айлантуу үчүн аракеттерди жасап жатабыз. «Р.Отунбаеванын демилгеси» коомдук фонду менен тыгыз иштейбиз. Алар жашылдандыруу үчүн бактар менен камсыз кылат. Окуучуларыбыз «Устат-шакирт» программасына катышып, фонд аркылуу быйыл үч окуучунун бирөөсү Новосибирск шаарындагы технологиялык институтуна бюджетке өттү. Биология сабагы боюнча мугалим эксперименталдык аянтча ачканга мүмкүнчүлүк алды. Бир мектепте бир эле биолог болот, биздин мектепте үч биолог мугалим эмгектенет. Анткени башталгыч класста Мекен таануу сабагын башталгыч класстын мугалими берсе окуучунун чөйрө таануусу чектелип калат. Ал эми биолог, химик сабак берсе балдардын түшүнүгү кенен болот. Ушундай даярдоо иштери үч жылдан бери жүрүп келатат, – дейт Саламат айым.

Билим сапаты мыкты бүтүрүүчүлөр менен аныкталат

 Мектептин имараты стандартка жооп бербегендигине байланыштуу окуучулар үч сменде окушат. Окуучулардын көпчүлүгүн башталгыч класстын окуучулары түзөт. Ошондуктан бир корпуста жалаӊ башталгыч класс окуйт, ар бир сабак 45 минутадан берилет. Быйыл экинчи жолу 11-класс бүтүп жатат.

– 2013-жылы он бир жылдыкка кадам шилтеп, бир 10-классты отургузуп, аны 15 окуучу аяктады. Он беши теӊ жогорку окуу жайларга бюджеттик орундарга өтүштү. Эӊ начар дегени ЖРТдан 100 балл алды, алдыӊкысы 178 балл алганга жетишти. Чындыгында өткөн жылы биздин окуучуларды ЖРТга бекер даярдап берген уюмдар болду. Быйылкы бүтүрүүчүлөрдүн деӊгээли өткөн жылкыдан төмөнүрөөк, бирок аракеттенебиз,  – дейт           С.Көлбаева.

Жакыр үй-бүлөгө жакындан жардам

 2007-жылдан бери Бүткүл дүйнөлүк FHI жардам берүү фонду менен тыгыз иштейбиз. Ал фонд өтө начар жашаган балдарды камтыйт. 1-декабрдан баштап балдардын саны 500 жетти, ага чейин 280 бала тарбия алып келген. Мурда ижарага үй алып, иштеп келишсе, быйыл атайын жер алып үй салынды. Ал жерде 11 ийрим иштейт. Бул фондду иштетип жатышкан Сеулдан келген корей улутундагылар. Окуу жылы башталаар менен бул фонд ийримде катышкан балдарды башынан бутуна чейин бекер кийинтет, быйыл бирдиктүү формага өткөнгө байланыштуу ар бир окуучуга 280 долларлык кышкы куртка сатып беришкен. Жумасына эки жолу тамактандырышат. Кышкы каникулга чыкканда 280 баланын ар бирине 10 кг. ун, 3 кг. кумшекер, 3 литр май беришти. Ал эми майрамдарда ар кандай конкурстарды өткөрүп, белектерди беришет.

Фонддун максаты — балдардын лидерлик сапатын өнүктүрүү. Мектептеги 1240 окуучунун 500 ушул борбордо окушат, ийримдерге катышат. Компьютерге үйрөтүү, англис, корей тилдери, куурчак, таэквандо, бий, күрөш, сүрөт тартуу (оригами) ж.б. Фонддун башында турган жетекчиси гана Корея мамлекетинен келген, ал эми сабактарды кыргыз жаштары берет.

– 22 окуучуга корей тилин үйрөтүп жатам. Биринчи деӊгээлде тамгаларды үйрөнүшөт, экинчи деӊгээлде балдар сүйлөй да, түшүндүрө да алышат, – дейт корей тилинен берген волонтер Султанмурат кызы Мээримай.

Ал эми координатор Бактыгүлдүн айтымында, фонд менен иштегенине тогуз  жылдын жүзү болду.

– Балдарды өнүктүрүү программасы боюнча төрт сферада иш алып барабыз. Мисалы, балдардын көйгөйлөрүн түп-тамырынан чече албайбыз, бирок үстүртөн болсо дагы жардам бергенге аракет кылабыз. Балдардын курагына, аӊ-сезимине, классына, социалдык абалына жараша сабактар өтүлөт. Ар бир сабак 30 минутага чектелген. Ортосунда чай берилет. Эртеӊ менен Кыргызстандын Гимнин ырдашат, ар бир бала лидер сыяктуу даярданып келип сүйлөйт. Коркпой, эркин өз ойлорун айтканга үйрөтөбүз. Балага жөн эле нан бербестен, нан таап жей тургандай кылып тарбиялап жатабыз, – дейт Бактыгүл Сартовна.

Гүлнара Алыбаева,

«Кутбилим»

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*