ОКУУЧУНУН КЕЛЕЧЕГИ МУГАЛИМДИН КОЛУНДА

Устатымды уктум

 2016-жылы менин Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин эшигин аттаганыма 60 жыл толот. Бул жылдардын ичинде КУУда нечендеген бийик даражалуу адамдардын сөздөрүн уктум, өздөрүн көрдүм, баарлаштым. Мен алардын ичинен Леонид  Евгеньевич Кривошеинди бөлүп айтмакмын. А.П.Чехов айткандай, ички дүйнөсү жагынан да, сырткы көрүнүшү жагынан да келишкен адам эле. Өзү математика илиминин кандидаты болуп туруп, кыргыз жаштарынан  илимдин 12 кандидатын тарбиялап чыгарды. Алардын бири  мен элем. Төртөө илим жана техника жаатында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаттары, ал эми үчөө математика илиминде өздөрүнүн докторлук диссертацияларын коргошуп, устаттын жолун андан ары улантуучулардан боло алышты. “Мугалим – мөмөлүү дарак” деген ушунун өзү эмеспи.

1965-жыл эсептөө математикасы тармагы боюнча кандидаттык диссертациямды жактаган мезгилде Кыргызстанда эле эмес, союздук масштабда да программалоо кесиби боюнча маселеси курч турган кези экен. Ошол жылдын сентябрь айында мени Москвадагы Башкы штабдын алдындагы борборго чакыртышты. Мен ал жерде бир жылга жакын программист болуп кызмат өтөдүм. Ал кезде бойдок эмес элем, үй-бүлөм, эки балам да бар болчу. Андайларды адистер корпусуна алуу ыӊгайсыз иш экен. Ошондуктан мен кайра Бишкекке келдим. Келсем мурда  иштеген КМУда орун жок. Министрликте Ош педагогикалык институтуна кызматка сунуш бар экенин айтышты. Мен жетекчим Л.Кривошеинге келип  айттым. Агайым: “Шашылбай кое тур, бул жактан орун болуп калышы мүмкүн. Аякка баруу оӊой, бирок ал жактан бул жакка каалаган убактыӊда келе албайсыӊ. Бул эки жол  бирдей эмес, ойлонуп көр, макул көрсөӊ чыда, күт. ”Дарак бир жерден көгөрөт“ деген сөз бар”, – деди. Ошентип, мен күттүм. Көп убакыт өтпөй, Леонид Евгеньевичтин жардамы менен мурдагы жумушума орноштум. Ошондон бери бир жерде – КУУда, математикалык анализ кафедрасында иштеп келе жатам. Бул да болсо тажрыйбалуу педагогдун берген бир кеӊешинин жыйынтыгы деп билем.

Айтылып тургандай, устатыӊдын бүтпөй калган жумушу, жашабай калган өмүрү, турмуштагы кетирген мүчүлүштөрү анын шакиртинин жасаган жумушунан, жашаган өмүрүнөн улантылат тура. Мындай адам менен ата-баладай мамиледе боло алганым үчүн бактылуу экенимди жүрөгүмдүн тереӊинен сезем.

Ошентип, тагдыр мага мугалимдик кесипти буйруптур. Бул кесипти жарым кылымдан ашык убакыттан бери Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук  университетинде өтөп келем.

Менин адистигим – математик. Кантип бул адистикке байланып калдым, ал үчүн кандай күчтөр түрткү боло алды деген суроого жооп издейм да, күнүмдүк турмушта айтыла калчу «математикага болгон тубаса жөнөмдүүлүктүн натыйжасы» деген жөнү жок шылтоо сөздү келтирүүгө болбостугун айткым келет. Андай дебегенде, бул кокусунан болгон ишпи? Сөз ошол жөнүндө болмок.

Илимде даӊгыраган кенен жол жок. Ал жолдун ачкычын ийне менен кудук казгандай, эмгек кылгандын ээси гана таба алышы мүмкүн.

Мугалимдерим келечегимди аныкташты

 Өткөндү эстесем, 10-классты (1955-ж.)  Сузак районундагы “Көк-Арт” орто мектебинен уланттым. Математика сабагынан Маматов Жоро деген агай берер эле. Теоремалардын далилдөөлөрүнө көп деле токтолбой мисал–маселелерди чыгарта берчү. Мен кайсы жерде окусам да алдыӊкы окуучулардын катарында болчу элем. Бул жерде  алдыӊкылардан болбой, «орто-зар» окуучулардан болуп калдым. Окуткан мугалимимдин көӊүлүн толтура албайм же  өзүмө-өзүм канааттанбайм. Математикадан кыйын билген балдар бар экен. Айтылган мисал-маселелерди тез эле чыгарып коюшат, керектүү формулалардын дээрлик бардыгын жатка билишет. Менде бул жагынан  жетишпегендиктер бар болгону менен мага андагы жагымдуу абал ыраазы кылып турар эле.

Күндөрдүн биринде “Көк-Арт” орто мектебине кыргыздын белгилүү акын-жазуучусу Кубанычбек Маликов келип калды. 10-класстын бүтүрүүчүлөрү менен болгон жолугушуу кызыктуу өттү. Акын акыркы ырларынан да окуп берди. Аягында ал быйыл кыргыз филология факультетинин  базасында журналистика адистиги ачыларын айтып, быйылкы бүтүрүүчүлөрдү ошол адистик боюнча окууга баруусун үгүттөп өттү. Мен жандана түштүм. Келечегим эми ачык көрүнгөнүн сезгендей болдум. «Өсүмдүк» толук эмес орто мектебинин 9-классында окуп жүргөнүмдө  адабият сабагынан белгилүү жазуучу Шабданбай Абдыраманов берчү. Агай сабак убагында кээ бир авторлордун чыгармасын талдап жатып аны өзү жараткандай чабыттап кетчү. Ар бир адамга ушунчалык эле өнөр берилсе жетиштүү болчудай сезилет мага. Ушу агайдай боло аламбы деп түйшөлүп жүрдүм. Ошентип күнү-түнү дебей адабияттан, тилден жана тарыхтан даярданып жаттым. Ошол жылы “Көк-Арт” орто мектебинен журналистикага үчөөбүз документтерибизди  тапшырдык (Борбугулов Кочкор, Жолдошев Кадыржан жана мен).

Күткөн август айы да кирип келди. Бүгүн 31-июль. Эртеӊ экзамендер башталат. Айтууга караганда журналистика бөлүмүнө конкурс өтө чоӊ. Колдоосу күчтүүлөр гана өтүшү мүмкүн дешти. Менин эч колдоом жок. Чоӊ ойго баттым. Өтпөй калсам айылга кетем. Эмдиги жылы деле ушундай болот дешти. Ошол эле учурда айрым факультеттерге абитуриенттер жетпей жатканы белгилүү болду. Мисалы, чет тили факультетине физика, математика бөлүмдөрүнө конкурс төмөн экен.

Эми документимди математикага тапшыруу жөнүндө ойлонуунун зарылчылыгы  пайда болду. Ошентип, 31-июль күнү документтеримди журналистикадан алып математикага 10-классты бирге бүткөн классташым, математика боюнча класстын алдыӊкы окуучуларынын бири Азимбаев Тайтокур менен бирге тапшырдым.

  Көрсө ”Көк-Арт” орто мектеби ошол кездеги республикабыздын алдыӊкы мектептеринин катарында экен. Мектептин категориясы андагы иштеген кадрлар корпусунан көз каранды экени талашсыз. Бул жерде Какен Садабаева, Жоро Маматов сыяктуу райондогу белгилүү мугалимдери, күчтүү физиктери, химиктери иштечү. Азыр мен “Көк-Арт” орто мектебин бүткөнүмдү (ага быйыл 60 жыл толот) сыймыктануу менен айтып жүрөм.

 Сузактагы “Өсүмдүк“ толук эмес орто мектебинин ошол жылдардагы  кадрлар курамы да мыкты болчу. Ал мектеп  1956-жылдан баштап жаӊы имаратка көчүп “Кыз-Көл“ орто мектебине айланды. Кийинчерээк ага анын негиздөөчүсү- Шабданбай Абдырамановдун   ысмы коюлган. Бирок азыркы кезде републиканын көпчүлүк мектептериндей эле, мында да педагогикалык кадрлар курамын түзүү жана анын сапатын көтөрүү проблемалары курч бойдон калгандай.

  Мектептеги сүйүктүү мугалимдерим Нышан Абдрахманов, Беки Аманкулов, Макамбай Омуралиев, Токтобү Мокушева, Жоро Маматов өӊдү агайларымды дайыма сыймыктануу менен айткым келет.

Негизи, журналист, жазуучу болом деп сапарга чыгып, математик болуп кеткениме ушул мыкты агай-эжейлердин салымы зор. Алар жакшы окутпаса кантип абитуриент кезде кесиптен кесипти тандап олтурат элем. Ошондон улам математикага шык, талаптан мурда окутуу, кызыктыруу биринчи орунда турабы деп калдым.  Муну мугалимдер да өз ишинде эске алышса деген ойдо ушуларды жаздым…

 

Керим Бараталиев,

Жусуп Баласагын атындагы КУУнун математикалык анализ кафедрасынын башчысы, илим жана техника жаатындагы

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик  сыйлыгынын лауреаты, физика-математика илимдеринин  доктору, профессор

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*