ӨРНӨКТҮҮ ЖАНА ТАТЫКТУУ ӨМҮР СҮРГӨН ЭЖЕМДИН БЕЙИТИНЕ ГҮЛДЕСТЕМ

 Быйыл кыш жылуу болуп, жергебизге жаз эрте келди. эмнегедир март айы башталганда эле былтыр күтүлбөгөн жерден каза болуп, өзү тилегендей, басып жүрүп мүдүрүлүп кеткен, тагыраак айтканда, эртеӊ менен кызматка кеткен бойдон келбес дүйнөгө кетип, 7-мартта жерге берилген Рахат Ачылова эсиме түштү. Эженин ичи да, сырты да сулуу адам эле. Өзгөчө  көздөрү сулуу, мээримдүү жана акылдуу болчу.

Алгач эле эже менен качан, кайдан таанышкандыгымды эстедим. Тээ илгери университетте окуп жүргөндө Рахат эжени сыртынан көрүп, суктанып калчумун. 80-жылдардын аягында Кыргызстан Компартиясынын Фрунзе шаардык Комитетинин идеологиялык бөлүмүндө иштеп жүргөндө тааныштым. Анда ал окуу жайда ректор эле… Эже менен (чай ичишкен) абдан жакындыгым деле жок болчу, бирок көрүшүп калганда жакшы учурашчубуз. Ал бетимден өөп, сөзсүз кызымды сурачу. Эже өзгөчө мээримдүү эле…

Эже мен үчүн бүт кыз-келиндерге өрнөк болчу адам эле. Себеби аял катары илимдин туу чокусуна жетип (1988-жылы философия илимдеринин доктору, профессор), коомдук ишмер (1987-1992-жылдары В.Маяковский атындагы Кыз-келиндер институтунун ректору, 1995-2000-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Мыйзам чыгаруу палатасынын депутаты) да болуп, жакшы жубай (эженин жолдошу Кыргыз Республикасынын Искусствосуна эмгек сиӊирген ишмер, жазуучу, кинодраматург жана сценарист Эркин Борбиев экенин комсомолдо иштеп жүргөндө билдим) жана да мыкты эне болуш бардык эле аялзатынын колунан келе берчү иш эмес. Эже турмушта  көп нерсеге жеткенине карабай, көпчүлүк чоӊ кызматтарда иштегендерге салыштырмалуу абдан жөнөкөй эле. Рахат Ачылованы  эстеп, интернеттен  эже менен болгон бир маекке көз чаптырдым. 2014-жылы «Асаба» гезитине чыккан «Бийликтин бардык бутактарындагы жетекчилердин колун Куранга койдуруп, антын алыш керек, болбосо Конституцияга берген антын унутуп калып жатышат» дегенин окуп, эженин  бул пикири азыр мамлекетибизде коррупция менен күрөшүү курчуп турган кезде абдан актуалдуу экендигин жана башкаларды айтпаганда да, акыркы кезде эле өлкөбүздүн Коргоо министрлигинин  бир эмес эки жетекчисине козголгон кылмыш иштерди эстедим.

Бир жолку жолугушуубузда эже өлкөбүздүн абалына күйүп-бышып: «Окумуштуулардын саны боюнча биз гүлдөгөн мамлекет болушубуз керек эле, бирок бизге ушул учурда элге адал кызмат кылуу дефицит болуп турат», – деген эле. Анын айтканы күнү бүгүн да актуалдуу экендигинде калет жок.

Эженин дагы бир  маегинде: «Балдарды эне адам кылат, биздин чет элге чыккан кыздарыбыз балдарын кыргыз кылып тарбиялап, жакшы билим берип, кийин ошол жээндер  Кыргызстанга келип, кыргыз элине кызмат кылып, Кыргызстандын өсүп-өнүгүшүнө салымдарын кошсо», – деп кыялданып, өлкөнүн келечегине кам көргөнүөзгөчө бир сөзгө татыйт. Ушуга байланыштуу акыркы кезде өлкөбүздө болуп жаткан жаш энелерибиздин үрөй учурган жоруктарына кой дээр бир да эне жоктугуна, өз баласын сатып, өз баласын өлтүрүп, таштап кетип жаткан «эне сөрөйлөргө» коомчулук тарабынан баа берилбегенине (өлкөдө Аялдар комитети, Аялдар Конгресси ж.б.у.с көптөгөн уюмдар бар) кейүү менен, аттиӊ,   Рахат эже тирүү болсо сөзсүз өз оюн айтмак эле дейм. Себеби үй-бүлө маселелери эжени тээ жаш кезинен эле ойлондурчу экен. Ошондуктан анын илимий эмгектери да үй-бүлө маселелерине арналган деп ойлойм.

Эже жөнүндөгү бул кыска эскерүүмдү жазып жатып, менде бир пикир пайда болду, статистика чогулткандан башка мамлекетке пайдасы жок кээ бир  министрликтердин ордуна (дүйнөнүн көп өлкөлөрүнүн тажрыйбасы боюнча) үй-бүлө жана аялдар маселеси боюнча бир мамлекеттик мекеме түзүлүшү керек. Себеби үй-бүлө – бул кичинекей мамлекет, ошол кичинекей мамлекеттин мүчөлөрү болгон балдар бул улуттун, мамлекеттин    келечеги, адамдагы көп жакшы нерселер эне сүтү менен берилет жана үй-бүлөдө калыптанат, балдарга тарбияны көбүнчө энелер берет, элибиз бекеринен баланы жашынан, көргөн-өскөнү жаман ж.б. деп айтпаса керек.

Рахат  эже бир келген өмүрдө  окумуштуу жана коомдук ишмер катары да, эне катары да өз милдетин жакшы өтөп кетти. «Бала – элге калтырган белек» демекчи, өздөрү менен тааныш болбосом да эженин улуу кызы Самаргүл Борбиева-Адамкулова Кыргызстандын Индиядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси, экинчи кызы Назик Бейшеналы энесинин жолун жолдоп окумуштуу, Франциядан илимдин доктору (PHD) болуп келип, Бишкекте эл аралык уюмдардын биринде эмгектенет. Уулу Адам да бизнестин тилин таап жүргөн кыргыздын мыкты жигиттеринен экенинен кабарым бар. Демек, эже кыргыз элине татыктуу уул-кыздарды тарбиялап берген бактылуу эне болчу. Уул-кыздары менен сыймыктанып, алардын чайын ичип, неберелерин эркелетип, жаш чагындагы мээнеттин үзүрүн көрөр убакта өмүрлүк жолдошу Эркин агайдан үч айдан кийин эле жарык дүйнө менен коштошуп кете берди. Менин кичинекей эскерүүм элине опол тоодой эмгек кылып, өрнөктүү жана татыктуу жашап өткөн, ар дайым  жакшы сөзүн аябаган, мен урматтаган  эжемдин бейитине койгон гүлдестем болсун! Жаркын элесиӊиз ар дайым эсибизде, тынч уктаӊыз, эже!

 

Бермет Бусурманова 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*