ЫНТЫМАКТУУ ҮЙ-БҮЛӨНҮ ЫРЫС УЯЛАЙТ

 «Ааламда өзгөрбөй турган үч гана зат бар: эненин ак сүтү, күндүн нуру жана баланын күлкүсү» деп бекер жеринен айтылбаган чыгар. Анткени, эӊ оболу педагог-мугалимдер ата-энеден кем эмес түмөн-түйшүктү тартышып, баасы эч нерсе менен ченелгис татыктуу эмгеги мактоого гана арзыйт. Алар балдар кубанса кошо кубанышып, кайгырса кошо кайгырышып, билимдерин, акыл насааттарын арнашып, балдарга мээримин төгүшүп, ыйык сезимдерин бөлүшүп, жоктон бар кыла эмгектенишип келишет.

Айтылуу акын, манасчы, кара сөздүн чебери чечен Актан Тыныбек уулунун ысмын алып жүргөн Нарын районуна караштуу Миӊ-Булак айылындагы орто мектепте, карапайым элет жеринде жашаган элдин балдарына, ыйык эне тилибиз болгон кыргыз тили жана адабият сабагын окутуп, көркөм дүйнөсүн өстүрүп, 28 жылдан бери карай талыкпастан эмгектенип келатышкан кош жылдыздай болгон өмүрлүк жубайлар Буудайчиев Асанкул менен Осумбекова Орозгүл турмуш дайрасын кол кармашып чогуу кечишип, бирге иштешип келе жатышат. «Мугалим – мөмөлүү дарак» дегендей, аталган мектепте башынан, илгертен бери карай чыныгы профессионал, билимдүү педагог мугалимдер эмгектенип келишет. «Ааламга кеткен жол айылдан башталат» деп айтылгандай, Асанкул менен Орозгүлгө жолугуп баарлашканымда, тээ-э алыста жылдыздай чачырап, закымдап кеткен жалындуу жаштык кездерине, өмүр белестерине бир кылчайышып эстеп, ойго чөмүлүп кетишти…

А.Буудайчиев 1960-жылы жайдын чилдеси толуп турган июль айында Чуӊкур-Суу жайлоосунда жарык дүйнөгө келген. Анын бала чагы ата-энесинин кучагында, жаратылыштын эӊ бир кооз ажайып жайлоолорунда өттү. Боз үйдүн коломтосуна дуулдата жагылган арчанын жытын искеп, жалынына жылынып, азоо тай-кунандарды үйрөтүп минип, шуулдаган балалыктын таза асманында торолуп өсүп жетилди. Анын акын болуп калыптанышына сулуу жаратылыш, суйкайган айдай болгон мээримдүү адамдар себепкер болуп, ыр булагы атылып чыкса керек… Асанкул ал кездеги Куйбышев атындагы орто мектепти эӊ жакшы окуп бүтүргөн соӊ, советтик армиянын катарына барып кызмат өтөп келет. Армиядан келери менен Куйбышев колхозунда өндүрүштө колхозчу болуп иштеп, өз салымын да кошот. Андан кийин борбор калаадагы Фрунзе атындагы заводго ишке орношуп, мында үч жыл жумушчу болуп иштеп такшалат. 1983-жылы КМУнун кыргыз филологиясы факультетине окууга өтүп, алдыӊкы идиректүү, аракетчил, коомдук иштердин активдүү катышуучусу болуп студенттердин алдыӊкы сабында жүрөт. Орозгүл Зияидиновна экөө бирге окушуп, студенттик кайрылып келбес жаштыктын, сүйүүнүн балын татышып, кийин баш кошушат. 1988-жылы университетти ийгиликтүү аяктап бүтүшөрү менен Тажикстандын тоолуу Бадахшан облусунун Мургаб районуна колуктусу Орозгүл экөө кол кармашып, эмгек жолун баштаганы жөнөп кетишет. Мургабдагы боордош элибиздин балдарына эне тили жана адабияты боюнча сабак беришип, жаштык жигерлери менен эки жыл эмгектенишет. Жакшы адам кайда жүрбөсүн, каякта иштебесин кадыр-баркка, сыйга эгедер болушат эмеспи. Мургаб эли да экөөнүөз бооруна тартып, мөөнөтү аяктаган эки адисти кыялбай араӊ зорго узатышат. Ошентип, Бишкекке келишип, Асанкул Исмаилович Кыргыз илимдер академиясына илимий кызматкер, ал эми Орозгүл Зияидиновна Илим изилдөө институтуна орношуп, иштеп такшалышат.

«Жакшы адамдын жарыгы элге тиет» дегендей, Асанкул менен Орозгүл жаӊыдан Бишкекке көчүп келишкенде, баардыгы сыдыргыга салгандай шыр  кеткен жок. Жаш үй-бүлө ижарадан ижара которушуп, же туруктуу иштегенге иш табылбай алгач кыйналып-чайналышат. Ошондо университетте сабак берип окуткан агайлары: факультеттин деканы Сансызбай Иманалиев, окумуштуулар Токтосун Акматов, Жээнбай Мукамбаев ж.б. колдоо көргөзүшүп, иш караштырышып, жумушка орноштурушат. Жаӊыдан такшалышып, илимдин улуу жолуна аттанышып, шымалана иштеп жатышканда, айылдагы тамда апасын жалгыз таштап, ээнсиретпеш үчүн 1991-жылы туулуп өскөн Миӊ-Булак айылына көчүп келишет. Себеби Асанкул үйдүн кичүүсү, балдардын кенжеси болгондуктан, үй-жайга баш көз болуу милдети ага жүктөлгөн. Ошентип айылдын тузу, касиети тартып, элеттик балдарга мыкты билим, таасирдүү таалим-тарбия беришип, азыркы күнгө чейин мугалимдердин алдыӊкы сабында эмгектенип келатышат. Айтмакчы, О.Осумбекова 1965-жылы Ош областына караштуу Кара-Суу районунун Жаӊы-Арык айылында төрөлгөн. Атасы өмүр бою айылда веттехник болуп эмгектенсе, апасы болсо бала-бакчада наристе бөбөктөргө тарбия берген. Орозгүл ошол жаш чагында эле билимге, окууга жан дили менен дилгир, максаттуу жаштардын алдыӊкы катарында эле. Студент кезинде да китепканадан чыкпай, сабактарын эч калтырбай окуп, эӊ зээндүү, мыкты окуган студенттердин алдыӊкысы болуп жүрдү. Кийин 3-4-курстарда, мамлекеттик практикаларда такшалган мугалимдердей сабак өткөнгө жетишип, эл оозуна алынды. Кийин экөө айылга көчүп келишкенде, өзү түштүктүн илбериӊки, назик, сылык  кызы болгондуктан, анын жумшак мамилеси, коӊгуроодой мукам үнү окуучуларды арбап, сабакка куштар кылып салар эле. Азыр деле ошондогу калыбынан эч жаза элек. Асанкул менен Орозгүлдүн айылга көчүп келип, эл агартуу тармагында бел чечпей эмгектенип келатышканына эле чейрек кылым 25 жыл толуп олтурат.

Асанкул Исмаилович мектепте директордун орун басарлык кызматын да аркалап, уюштуруучулук жөндөмү менен көпчүлүккө таанылган. Ошону менен эле катар чыгармачылык ыр дүйнөсүн да таштабай, алпурушуп, талантын кайрап, канаттуу ырларды жазып, поэзиянын тунук кереметине чулганып, көӊүл эргитип олтуруп жазган ырлары, поэмалары оголе арбын. Анын жазган ырларын үзбөй окуган окурмандары, ыр күйөрмандары көп экендиги талашсыз. А.Буудайчиевдин 2012-жылы жарыкка чыккан «Жан дүйнө» аттуу ыр жыйнагына, Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин өзү баш сөзүн жазып, ак батасын бериши эле көп нерседен үмүт шооласын жандырып турат. Азыркы тапта да экинчи ыр китеп жыйнагын басмага даярдап жатканын сөз ортосунда кыстара кетти.

Асанкул акын «Ыр кайыптан жаралат» деген бабалар сөзүн көӊүлүнөн чыгарбай, таӊдайында мөөрү, тилинде сөөлү бар, Теӊир ыроологон талант ээси катары ыр сүйүүчүлөрдүн жүрөгүнөн түнөк таап, канаттуу ыр саптарын жазып, элге арнап, алардын сынынан өтүп келет. Асанкул менен Орозгүл кайсы жерде иштеп жашабасын «Жакшы, мыкты» деген гана сөзгө арзышып, сыйдын төрүндө жүрүшөт. Айрыкча экөөнүн бийик адамгерчиликтерине, алпейим боорукер айкөлдүктөрүнө, жайыл дасторкон марттыктарына, кара кылды как жарган калыстыктарына баасын беришип, баштарын ийип турушат. Ал эми Орозгүл турмуштун туткасы, үй-бүлөнүн кутман энеси катары, жашоонун түрлүү кыйынчылыктарын экөөлөп жеӊип, бекем сабырдуулугу, энелик мээримдүүлүгү, жашоо отун тутандырган жаратмандыгы менен эриш-аркак мыкты оокат кылышып, эл катары жакшы жашап жатышат.

Асанкул менен Орозгүл 28 жылдан бери карай түтүн булатышып, бакыт өргөөсүн курушуп, үч баланы татыктуу тарбия берип, элдин балдарынан кем кылбай өстүрүшүп, үйлөрү күлкүгө толуп, бакыт кушу көкөлөп учуп турган чагы. Кудайым ушундай жакшылыктарын өздөрүнө кут кылсын! Орозгүл жеке эле үй-бүлөсүнүн сүйүктүү энеси болбостон, жалпы ага-туугандарынын, кайын журтунун да сүйүктүү жакын адамына айланган, аларга өйдөдөөбөк, ылдыйда жөлөк болуп келе жатат. Бактылуу жубайлар учурунда жасаган татыктуу эмгектери үчүн бир катар баалуу сыйлыктарга, ардак грамоталарга да ээ болушкан жана «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси менен да сыйланышкан. «Жакшы адамдын өзүн көр да, сөзүн ук» дегендей, жараткан пешенелерине буюрган жаркын өмүрдүн, жайдары таттуу күндөрүн бирге өткөрүшүп, бакубат өмүр сүрүшүүдө. Тагдыр ыроологон бир өмүрдүн кайрылып келбес кадырын көтөрө билген, парасат дараметтерин бийик тутушуп, аруу ойдун асыл кеменгери болушкан жубайлар күндү күлүп тозушуп, айды аздектеп узатышып, жылды жылоолоп күтүп алышып өмүр сүрүшүүдө.

Кадыркул Бугубаев, журналист

Биздин кыздар

 Оо ал мезгил бак-дарактар бубактуу,

Миӊ-Булакта мөлтүр кашка суу акчу.

Карды малтап биз барчубуз мектепке,

Башка кийип кара жаман тумакты.

Ызгаар аяз беттен чымчып жатчу эле,

Биздин кыздар ыйманы ысык наздуу эле.

Үшүбөсүн биздин балдар кокуй- деп,

Кол эмгектен кол кап тигип бакчу эле.

Анан келип көктөм айы жаз айы,

Ай ааламга жанданууда тазаруу.

Көкүрөгү көктөм баскан дөбөдөй,

Биздин кыздар бой жетишип атайы.

Кызгалдактуу көктөм эле, жаз эле,

Биздин кыздар тал чыбыктай жаш эле.

Анан эле бүчүр байлап суйкайып,

Ак кайыӊдай бой тирешти бат эле.

Армиядан келген балдар кыз жандуу,

Ар бир бала классташын кызганчу.

Онду бүткөн ошол жайды эстесем,

Ошол кыш да эске түшөт ызгаардуу.

Биздин кыздар ар нерсеге шыктуу эле,

Олтурушту ошолор ойлоп тапчу эле.

Армиядан келген балдар таанышса,

Алар менен вальска түшүп жатчу эле.

Армиядан келген балдар жандашып,

Аруу, таза сүйүүлөрүн арнашып.

Кээ бир кыздар түгөйлүү да болушкан,

Түбөлүккө колун бекем кармашып.

Биздин кыздар азыр бүгүн чоӊ эне,

Оомат келип, көп балалуу оголе.

Классташтар биздин кыздар бар болсун,

Биздин кыздар жашай берсин чогуу эле.

Асанкул Буудайчиев

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*