КӨКТӨМДӨГҮ КӨЧӨТТӨР ЖАНА ҮМҮТ-ТИЛЕКТЕР

0N5A1395«Роза Отунбаеванын демилгеси» коомдук фондунун сунушу менен  Москва районундагы Сретенка орто мектебинде 250 түп жемиш бактары отургузулду. Акциянын максаты  мектеп алдындагы жемиш бакчаларын өнүктүрүү жана Чүй облусундагы  мектептерди колдоп, акырындык менен башталгыч класстын балдарына ысык тамак берүүнү көздөйт. Бул жакшы жөрөлгөнү Бириккен бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) жана KISB банкы да колдоду.

Экс-президент Роза Отунбаеваны Москва районундагы 50 жылдык тарыхы бар Сретенка орто мектебинин педагогикалык жамааты, окуучулар жана ата-энелер тосуп алышты. Өз сөзүндө Роза Исаковна мектептин айлана-чөйрөсү абдан таза жана ирээттүү экенин белгиледи.

– Биздин келген максатыбыз — мектептин алдында жемиш бакчасын уюштуруу. Аны силер окуучулар багып, өстүрөсүӊөр. Карагылачы, мектептин айланасындагы теректерге бир топ жыл болгону байкалып турат. Келгиле, балдар, мектепке, табиятка мамиле кылганды үйрөнөлү. Жер шарында 7 млрд. адам жашайт, 2030-жылы ал 9 млрд. чыгат деген маалымат бар. Мына ошол  7 млрд. ичинен 6 млн. калкы бар 200 миӊ кв.км жайгашкан Кыргызстан мамлекетинде биз жашайбыз. Жер шарынын теӊдештигин биз бузбашыбыз керек. Табияттын мыйзамын дайыма бузган үчүн таза суубуз, табигый ресурстарыбыз, таза азык-түлүктөрүбүз азайып баратат.  6 млн. калкыбыздын ден соолугу чыӊ болуу үчүн бардык аракеттерди көрүп жатабыз. Өзгөчө балдарыбыздын дени сак болсо, алардын окуусу да жакшы болуп, көӊүлдөрү да жайдары болот. Балдар мектепте жок дегенде бир жолу тамактануусу керек. Биз республикадагы бардык мектептерди ысык тамак менен камсыз кылуу аракетин көрүп жатабыз. БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы буга чейин 261 мектепте башталгыч класстын окуучуларын тамактандырып келишсе, азыр биздин аракетибиз менен анын саны 800 жетти.

Мен Ош шаарындагы Киров мектебинде окугам. Мектепке эки жагы жалаӊ бак-даракка жыш толгон аллея аркылуу кирчү элек. Кийин ошол бак-дарактардын эскилиги жетип, соолуганы соолуп, өспөгөнү куурап калган эле. Кийин ошол билим алган уямдын аллеясына бүт жаӊы көчөттөрдү отургуздум. Силердин бүтүрүүчүлөрүӊөр дагы артында жакшынакай из калтырат деп ойлойм.

Мектептин 1,5 гектар жери бар экен. Эски, чирип калган бактар кыйылыптыр, мына ошолордун ордуна жаӊы көчөттөрдү отургузалы дедик. Мен жетектеген фонд болгону демилге көтөрүп, ишти аткарууга дем берип турат. Мына ушул биз көтөргөн демилгени БУУнун Бириккен улуттар уюмунун азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) колдоду.  Бүгүн биз баштап берсек, эмдиги жылы 50 түп алма же алмуруттун көчөтү кантип табылбасын? Табылат. Мына силердин эски бакчаӊарды калыбына келтирип берсек, буюрса, келечекте мөмөлөрүн аласыӊар, ал мектепке кошумча каражат алып келет. Дегеле  келечекте жакшы жашоону кааласак айыл чарбасын өнүктүрүшүбүз зарыл.

 Мындан сырткары, балдар, силер жаӊы доордо жашап жатасыӊар. Биздин кошунабыз Кытай мамлекетин карагылачы, кандай ылдамдык менен өнүгүп жатат. Алар таза азык-түлүк менен тамактанууну каалашат. Кытай эӊ ири сатып алуучулардын бири. Ошондуктан биз таза азык-түлүктөрдүөндүрүшүбүз керек. Биз жер-жемиштерди кантип себебиз, кантип сугарабыз, канткенде мол түшүм алынат ж.б.у.с. нерселерди окуп билүүбүз зарыл. Айыл чарбасына окуйм дегендерге ак жол, ал эми инженер болом дегендерди кош колдоп колдойм. Ошол эле кезде англис, кытай тилдерин окуганга чакырып кетем, – деди экс-президент.

Андан кийин сөз алган БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун Кыргызстандагы өкүлүнүн орун басары Зарина Абдышева, БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы директору Рам Сараванамутту окуучулардын тамактануусуна кошумча каражат алууда жемиш бакчасы чоӊ ролду ойноорун белгилешти.

– Жемиш бакчасы кошумча каражат алып келет. Ошондуктан сапаттуу азык-түлүктөрдү алып, тамактанууну жакшыртса болот. Роза Исаковнанын сунушун биз кубануу менен кабыл алдык, анткени өнөктөштөр менен бирге жасап жаткан ишибизди кеӊейте алабыз. Баарыбыз чогуу окуучулардын сапаттуу тамактануусун камсыз кылабыз. Эӊ башкысы окуучулар жемиш бакчасын багуу менен бирге экология жана айлана-чөйрө тууралуу билимдерин өркүндөтүшөт. Мектеп алдындагы чарба – балдарды стабилдүү, сапаттуу, толук кандуу тамак менен камсыз кылууда  жана мектепти каржылоодо  башкы ролду ойнойт. Окуучулардын тамактануусун өнүктүрүү аракетибизде – мектеп алдындагы чарба маанилүү  компоненттердин бири.  Так ушул нерсени өнөктөштөр колдоп кетти, – деди  Рам Сараванамутту.

Ал эми Чүй облусу боюнча Өкмөттүн атайын ыйгарым өкүлүнүн орун басары Жаӊыл Айдакеева, мамлекет тарабынан 298 мектеп колдоого алынып, тамактануусу каржыланып жатканын айтты. Ошондой эле ал Кемин, Жайыл, Москва райондорундагы айрым мектептерге «Роза Отунбаеванын демилгеси» коомдук фонду, Бириккен бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО), KISB,   «КРнын мектептеги тамактанууну жакшыртуу» боюнча БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосу аркылуу ысык тамак берилип жатканына ыраазычылыгын билдирди. Ал эми ата-энелердин жана жергиликтүү бийликтин жардамы менен дагы 90 мектеп ысык тамакка өткөнүн баса белгиледи.

 Сретенка орто мектебинин директору Изат Маметовдун айтуусунда, 700 окуучусунун 400 башталгыч класстын балдары. Мындан сырткары мектептин алдында бала бакча да иштейт.

– Бүгүнкү отургузулган жемиш бактар ар бир класска бөлүнүп берилет. Алар жыл бою аны карап, багып, өстүрүшөт, – дейт мектеп жетекчиси.

Ошентип, айылдык мектепке келген коноктор, мугалимдер, окуучулар жана ата-энелер бир саатка жетпеген убакытта 250 түп ар кандай сорттогу жемиш бактарын отургузушту. Алар бактарды жөн эле тигип койбостон, туура отургузууну да үйрөнүштү.

– Карагылачы, балдар, он чакты бакты кайра отургузууга  туура келди. Бүгүнкү иш-чарадан ар бириӊер сабак алдыӊар деп ойлойм. Көрсө, ар бир көчөттүн киндигин күн чыгыш жакка каратып, аны көмбөш керек экенин билдик. Бүгүн баарыбыз чогуу алма жана алмурут бактарын тигүү боюнча билимибизди өркүндөтүп, билбегендер үйрөнүп алышты. Менимче, бүгүнкү күн текке кеткен жок, – деди Роза Отунбаева.

Айтмакчы, март айынын ичинде Чүй облусунун 11  мектебинде  200 түп алма жана алмурут бактары отургузулат. Келечекте бул жемиш бактарынан алынган мөмөлөр окуучулардын тамактануусунун сапатын жогорулатат жана түшкү тамактын ассортиментин көбөйтөт. «Роза Отунбаеванын демилгеси» коомдук фонду жана ФАО учурда сегиз мектепке жемиш бактарын отургузушса, KISB  эки мектепке кошумча каржылык колдоо көрсөттү, ал эми «Глобалдуу ой жүгүрт — чөлкөмдө аракеттен» аттуу фонддун эко-долбоору бир мектепти колдоп, ал жерде дагы ар кандай сорттогу жемиш бактары отургузулду.

Экс-президенттин пикиринде, мектеп алдында уюштурулган бакчалар таза жана рационалдуу тамактанууга үйрөтөт, ошондой эле окуучулардын табият менен таттуу жашоосуна түрткү берет. Мындан сырткары бакчалар айыл чарба, экономика жана тамактануу тууралуу сабак өтүүдө  лабораторияга айланат.

Бул демилге мектеп алдындагы бакчаларды өнүктүрүүнү, ошондой эле  БУУнун БДАТП модели боюнча акырындык менен ысык тамакка өтүүнү көздөйт. Бүгүнкү учурда 261 мектепте тамактануунун жаӊы модели ишке ашырылган. Муну менен бирге пилоттук программага кирбеген мектептерди БДАТП керектүү эмеректер менен камсыздап, тиешелүү консультацияларды да берет. Ал эми өнөктөштөрдүн бирдиктүү иштеринин натыйжасында 3000 ашык окуучулар сапаттуу тамактанууга мүмкүнчүлүк алышат.

Гүлнара Алыбаева,

«Кутбилим»

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*