ЖУРНАЛИСТТЕН ЖУУРУЛГАН ЮРИСТ

Сот бийлигиндеги ачык-айкындык жана маалымат саясатын жогорку деңгээлге көтөргөн Жогорку Соттун басма сөз катчысы Айнура Токтошеванын бейнесине штрихтер.

Дээринде бар

 Айнуранын окуучу кезинде эле зээндүү болуп алдыга суурулуп чыгып,  эмгек жолу башталгандан бери өӊчөй ийгиликтер менен коштолуп келатканын көрүп, кыргыздын ушундай чыгаан кызына көз тийбесин деген тилек сөздү ыроологуӊ келет. Балыкчы шаарындагы Ленин атындагы орто мектепте окуп жүргөндө эле шаардык, областтык, республикалык олимпиаданын жеӊүүчүсү болуп,  мектепти артыкчылык аттестаты, күмүш медаль менен аяктаганы анын окуучу курагында эле интеллектуалдык-нарктык фундаменти жакшы түптөлгөнүн көрсөтөт. Улуттук университеттин журналистика факультетин алдыӊкылардан болуп аяктап, андан кийин “Европа плюс”, “Кыргызстан обондору”, “Миӊ-Кыял” радио компанияларында реклама иштери боюнча менеджер болуп жемиштүү эмгектенди. Башкасын айтпайлы, өзү газетага берген маегинде белгилегендей, радионун реклама мүнөтүн телеканалдын мүнөтүнөн да кымбат сатууга жетишкени мыкты медиа-менеджерликтин эӊ сонун мисалы эмеспи. Анын тынбай жүгүрүп, майын чыгара иштеген мээнети натыйжада “Миӊ-Кыял” радиосуна жыл аягында миллиондук киреше алып келгенин ал жердеги кесиптештери али унута элек чыгар.

Жапайы рыноктон чыга албай жаткан Кыргызстанда реклама бизнесинин сырын тартканга  ал кезде ким үйрөтө коймок эле, Айнуранын өзүнүн жүрөгүндө чыгармачылык оту күйүп, дээринде кыраакылыктын каны ойноп турган үчүн бул ишти жөндөп кетти деп ойлойм.

Айнуранын өзү газетага берген бир маегинде айткандай, “жүрөгүндө чыгармачыл адам бизнес, каржы маселесине келгенде деле чыгармачылык менен мамиле кылат экен да”.

Кризистик менеджер

 
жогорку сот

Айнураны кесиптик жагынан такшалып калган учурдагы  эмгек жолу Жогорку Сотко алып келди. Болгондо да сот тармагын оор кризис басып турган учурда келди. Бир эмес эки революцияны баштан өткөргөн шору көп кыргыз элинин эки сөзүнүн бири эле соттордун күӊкарамалыгы жана коррупцияга батканы жөнүндө болуп, жалпыга маалымдоо каражаттары жабыла сотторду сындап, тилдеп жаткан моралдык-психологиялык оор учурга туш болду. Жогорку Соттун басма сөз кызматын жетектеп,  сотторду жаманаттыдан арылтып, аларга болгон ишенимди кайтарып келүүүчүн сот жетекчилери менен бир команда болуп, реформалык иштерди активдүү жүргүзүү милдети турду.

Айнуранын интеллектуалдык көрөӊгөсүнөн, жогорку кесиптик даярдыгынан от алган активдүү ишмердиги соттордун чөлдөй какшыган маалымат талаасында жер астынан мөлтүр булак оргуп чыккандай эле эффект берди. Мурда-кийин сот жыйындарына барып, так маалыматка жете албай, иренжип бүткөн журналисттерге жаӊы келген басма сөз катчы, маалыматты тактап, жалганды чындыктан ажыратып, канын жерге тамызпай берүүнү бат эле системалуу жолго коюп койду. Соттордун дарегине айтылган ар кандай сын-дооматтарга, каралаган, жамандаган ээн ооз пикирлерге илгиртпей жооп кайтарып, болгондо да укуктук жагынан сабаттуу  тил жана жогорку кесиптик маданият менен иштегени соттордун да, журналисттердин да тилегине төп келди.

“Менин ишимде соттун өкүмүн угузганда өтө кылдаттык менен, бир дагы ашыкча сөз айтпастан, ошол соттолгон адамдын дагы укугу бузулуп калбагыдай, анын жакындарына оор тийбегендей кылып, өтө дипломатиялык, юридикалык, анан негизгиси – жеткиликтүү тил менен айтып берүү абдан маанилүү”,-деген эле Айнура жолугушуулардын биринде.

Соттордун ишиндеги ачык-айкындыкты камсыз кылуу сот жыйындарына эркин катышуу же сот чечимдеринин элге жеткиликтүү болушу менен бүтүп калбайт. Мыйзамдын тил сындырган татаал терминдерине шыкалган сот чечимдерин түшүнүү катардагы адам үчүн оӊой болбойт, аны элге жеткиликтүү элпек тилге салып, так жана туура түшүндүрүп берүү керек. Кыргыздын сотторунда мурда-кийин бул ишти аткарганга эч кимдин чолоосу тийген эмес, тийсе дагы тиши өткөн эмес. Соӊку убакта Жогорку Соттун басма сөз кызматы жүргүзүп жаткан жигерлүү иштердин натыйжасында бул жагындагы өксүктөр жоюла баштады. Азыр жаӊылыктар менен иштеген журналисттер да, аналитика жазган эксперттер да сот иштери боюнча көпкө маалымат издеп убара болушпайт. Кандай маанилүү сот иши болбосун, тийиштүү маалымат Жогорку Соттун сайтында даяр, электрондук даректерге тегиз тарайт. Сот чечимдеринин түшүнбөгөн жерин тактап айтып бергенге телефон кашында Айнуранын өзү да дайым даяр.

Соттор чыгарган актылардын бирдиктүү базасы болгон sot.kg сайты күнүгө жаӊыланып иштеп жатат. Ал эми Жогорку  Соттун өзүнүн порталында эӊ бийик инстанциядан тартып жергиликтүү сотторго чейин судьялардын баарынын сүрөтү, өмүр баянына чейин жазылып, эгемен Кыргызстандын тарыхында эл биринчи жолу судьялардын ким экенин өзү окуп, сүрүштүрүп билип таанып калды.

Соттордун ишиндеги ачык-айкындык деӊгээлин жогорулатуу иши бара-бара соттордун областтык жана тармактык структураларына да жайыла баштады. Жети дубандагы облустук соттордо, шаардык сотто биринчи жолу штат ачылып, басма сөз катчылары дайындалды. Бирок аларды дайындап коюу иштин бир гана чекеси. Эми аларды ЖМКлар менен иштөөгөүйрөтүү, кесиптик даярдыгын тийиштүү деӊгээлге жеткирүүдө арабаны сүйрөгөн баягы эле Айнура. Кудай жалгап, бул иштерди аткарууга Германиянын GIZ уюму жардамга келди. Анын колдоосу менен соӊку жылда эле облустук соттордун басма сөз катчылары менен ЖМКнын өкүлдөрүнө пайдалуу кесиптик семинарлар өткөрүлдү.

Бирок басма сөз катчылары менен журналисттердин даярдыгы бүтүндөй сот тармагын кайдыгерликтин сазынан сууруп чыкканга жетиштүү чара эмес. Эми жабышкаак журналисттерден үрккөн фемида өкүлдөрүнүн өзүн ЖМК менен сүйлөшкөнгө көндүрүү, машыктыруу боюнча орчундуу иштер алдыда турат. Бул жагынан май айында Ысык-Көлдө облустук жана шаардык сот жетекчилери менен өткөн биринчи семинар келечектүү ишти туура жолго баштап койду. Семинарга катышкан сот жетекчилери камера менен микрофондон сүрдөбөй сүйлөгөндүн, ЖМК өкүлдөрү менен тил таап иштешүүнүн таалимин алып кайтышты. Европанын эӊөнүккөн өлкөсү Германиянын өзүнөн келген судья жана эксперттерден эл аралык алдыӊкы тажрыйбаны үйрөнүштү. Эми Айнуранын планында мындай керектүү семинарларды ар бир областта өткөрүп, бардык райондордун судьяларынын кесиптик даярдыгын жакшыртуу маселеси турат.

“Беш жылдан бери бул жерде сот дагы, юрист да болуп кетмей болдум”, – дейт Айнура аткарган иштерин электен өткөрүп. Бирок баары бир теориялык билимдин зарылдыгын туура түшүнүп, азыркы учурда юристтик адистик боюнча экинчи жогорку билим алып жаткан чагы.

“Идеалдуу бүтүрүүчү”

 АйнураКаарманыбыз жалаӊ эле соттордун түйшүгү түмөн иштеринен баш көтөрбөй калбай, башка коомдук иштерге да үлгүрүп жатканы кубандырат. Өзүн алпештеп окутуп-тарбиялаган мектебин унутпай, андагы ак пейил мугалимдерге, ак жагоочон окуучуларга ак тилеги менен барып жардам берип жатканына өзүбүз күбөбүз.

Өткөн жылдагы жаӊы жылдын алдында Балыкчы шаарындагы №4 гимназия мектебинде Айнура менен болгон майрамдык иш-чараны “Кутбилимде” кенен жазган элек.  Ушул мектептен окуп жетилип, журналист, менеджер, пиар-технолог, маркетолог кесиптерин жеткилеӊөздөштүрүп, андан кийин бүтүндөй сот тармагын караган басма сөз катчы катары кыргыз журтуна таанымал болуп калган эжекеси менен баарлашуу тогузунчу класстын окуучуларына абдан кызыктуу болуп, жакшы таасирлерди калтырды.

“Азыркы  учурда өлкөбүздө сот тармагында чоӊ реформа жүрүп жатат. Ошол реформанын негизги максаты – элдин ишенимин актоо. Бул жерде бир үй-бүлөнүн же президенттин, же болбосо өкмөттүн мүчөлөрүнүн балдарыбы, башкаларбы, ким болбосун мыйзам баардыгына бирдей болуш керек”,-деген анда Айнура жаш муундарга өзүнүн түйшүктүү кесиби жөнүндө кеп салып берип.

Айнура өзү окуган мектептеги үч томолой  жетим балага акыркы үлгүдөгү “Самсунг  Галакси 4” үлгүсүндөгү уюк телефонду  тартуулап, башка окуучуларга ар кандай  китептерди белек кылган эле. Анын  арасында биринчи класстын алиппесинен тартып, кыргыз тили, география окуу китептери, манасчы Саякбай Каралаевдин жыйнагы, футбол ойноонун сырлары жөнүндө жана Садыр аке тууралуу жаӊы жарык көргөн китептер бар. Ал эми география мугалими Алиева Нүргүлгө 6-класстын география китептерин, глобус жана дүйнөлүк картаны белек кылган.

Мектеп администрациясы да өз кезегинде ыраазылык билдирип, Айнурага “Идеалдуу бүтүрүүчү” ардактуу наамын ыйгарган эле.

Айнура Токтошеванын ийгиликтүү иштери, өрнөк болгон сапат-касиеттери, жашоо-турмушунун ар кыл кырлары жөнүндө сөз көп, аны бул чакан макалага батыруу кыйын. Эӊ негизгиси, чыгаан кесиптешибиздин түйшүктүү иштеринин түшүмү, демилгелүү ишмердиги жөнүндө жалпы журтка азын-оолак айтып коюу кесиптеш катары парзыбыз. Мамлекет да, коомчулук да Айнуранын ак эмгегине жараша татыктуу сый-урмат көргөзүп, анын иштиктүү аракеттерин колдоп берет деген илгери үмүттөбүз.

Кубатбек Чекиров

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*