АБИТУРИЕНТ, СҮЙҮКТҮҮ КЕСИБИӉДИ ТАНДАП, КЕЛЕЧЕГИӉЕ ЖОЛ АЧ!

Республикада жогорку окуу жайларга кабыл алуу өнөктүгү 11-июлда башталып, эки тур менен өтөт. Орундар толбой калган адистиктерге гана Билим берүү жана илим министрлигинин уруксаты менен 3-тур жарыяланат. Бул жылы дагы Жалпы республикалык тесттен 110 баллдан жогору алган абитуриенттер гана кабыл алынат.

Окуу жайга кабыл алуу конкурсу бардык окуу жайларда бирдей болот. 11-июлда саат 9.00до ар бир окуу жайда кабыл алуу өнөктүгү официалдуу ачылып, талондор салынуучу кутучалар абитуриенттердин, ата-энелердин жана көз карандысыз эксперттердин катышуусунда бекитилип, абитуриенттер тандап алган адистиктери боюнча талондорун сала башташат. Талон кыркуу 13-июлда саат 14.00до токтотулуп, окууга өткөн абитуриенттердин тизмеси 14-июлда саат 10.00до илинет. Талапка ылайык, талапкерлер эки күндүн ичинде, тактап айтканда, 16-июлга чейин окуу жайга келип, окуй тургандыгын тастыктап, документтерин тапшырып кетүүсү зарыл.

Кабыл алууну ачык-айкын өткөрүүүчүн ар бир окуу жайда бир эле учурда ЖРТнын талондорунун штрих-коддорун окуй турган электрондук жабдуулар иштеп, ар бир адистик боюнча маалыматтар экрандан чыгарылып турат. Андан абитуриент өзүнүн канчанчы орунда экендигин жана окууга өтүүүчүн канчалык мүмкүнчүлүгү бар экендигин көрүп, анализдей алат.

Эгерде окуу жайда биринчи турдан кийин орундар калып калса 18-июлдан 23-июлга чейин экинчи тур өткөрүлөт. Бул тур дагы биринчи турдагыдай эле тартипте өтөт. Үчүнчү тур болсо Билим берүү жана илим министрлигинин уруксаты менен гранттык орундар калып калган окуу жайларда гана 25-июлдан 30-июлга чейин өткөрүлөт. Бул турда абитуриент сертификаттын түп нускасын алып келиши керек.

 110 баллдан жогору топтогондор кабыл алынат

 Быйыл дагы жогорку окуу жайлардын бардыгында окутуунун бардык түрүнө кабыл алуу жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен жүргүзүлөт. Негизги тесттен 110 балл, предметтик тесттен 60 балл алган абитуриенттер гана конкурска катыша алышат. Бюджеттик орундарга кабыл алууда негизги тесттен сырткары тандаган адистигине жараша предметтик тесттердин жыйынтыгы милдеттүү түрдө каралат. Медициналык адистиктер үчүн – химия, биология, гуманитардык адистиктер үчүн – тарых же англис тили, техникалык адистиктерге – математика же физика предметтеринин жыйынтыктары каралат.

Быйыл мамлекет тарабынан жождорго жалпы 5705 гранттык орун каралган. Бул жылы гранттык орундарды бөлүштүрүүдөөзгөртүүлөр киргизилди.  Негизги көӊүл компьютердик технологиялар, өнөр жай жана тоо-кендерин казып чыгуучу өнөр жайы, айыл чарба, энергетика адистиктерине бурулуп, бул адистиктердин ичинен эӊ көп орун, тактап айтканда, алты жүздөн ашуун орун өнөр жай жана тоо-кендерин казып чыгуучу өнөр жайы багытына бөлүндү. Компьютердик технологиялар багытына – 420 орун, энергетика багытына – 200 орун, айыл чарба багытына – 420 орун каралса, бюджеттик орундардын эӊ көбү жылдагыдай эле педагогикалык багытка бөлүндү. Бул багытка быйыл 2095 абитуриент кабыл алынат. Саламаттыкты сактоо багытына болсо 400 абитуриентти кабыл алуу күтүлүүдө.

Гранттык орундарга конкурстан сырткары кимдер тапшыра алышат?

 Гранттык орундарга конкурстан сырткары кабыл алына турган абитуриенттер:

– ЖРТдан эӊ жогорку балл топтоп алтын сертификатка ээ болгон 50 абитуриент;

– ушул жылы республикалык олимпиададан 1-2-орунду алган, же эл аралык олимпиадалардын жеӊүүчүлөрү олимпиаданын предмети төп келген адистиктерге жана багыттарга жалпы республикалык тестирлөөгө катышкан болсо;

– ушул жылы олимпиададан 3-орунду алган, олимпиаданын предмети төп келген педагогикалык адистиктерге жалпы республикалык тестирлөөгө катышкан болсо.

Гранттык орундарга кабыл алууда абитуриенттердин социалдык категориясы эске алынат:

– Бишкек шаарынын мектептеринин бүтүрүүчүлөрү;

– облус борборлорунун жана кичи шаарлардын мектептеринин бүтүрүүчүлөрү;

– айылдык мектептердин бүтүрүүчүлөрү;

– тоолуу аймакта жайгашкан мектептердин бүтүрүүчүлөрү;

– жеӊилдиги бар абитуриенттер (1-2–топтогу майыптар, согуштун катышуучусу жана согуштун майыбы жеӊилдигине жана кепилдигине теӊештирилгендер, бала кезинен майыптар, майып балдар, жетим балдар жана ата-энесинен кароосуз калган балдар, запаска кеткен аскер кызматкерлери, 2010-жылдагы окуяларда каза болгондордун балдары, кайрылман статусу барлар).

Конкурс ар бир категория боюнча ар башка жүргүзүлөт. Жеӊилдиги бар абитуриенттер гранттык орундарга өзүнчө квота менен кабыл алынат.  Контракттык бөлүмгө болсо конкурс абитуриенттердин категориясына карабай жүргүзүлөт. Гранттык орундарга кабыл алынган студенттер менен окууну бүткөндөн кийин бөлүштүрүү боюнча сөзсүз иштеп берүү тууралуу үч тараптуу келишим түзүлөт.

Контракттык форма   

 Окутуунун бардык формасы боюнча (күндүзгү, сырттан, кечки) контракттык бөлүмгө тапшырууну каалаган абитуриенттерден негизги тест талап кылынат. Предметтик тесттер тийиштүү багыт боюнча тапшырууда абитуриентке кошумча укук берет. Контракттык бөлүмгө кошумча предметтик тесттерди талап кылган адистиктер жана багыттар (медициналык адистиктерден сырткары) боюнча предметтик тесттерди тапшырбай калган, бирок негизги тесттен босого баллдан жогору топтогон абитуриенттер кабыл алынышы мүмкүн. Бул адистиктерге тапшырууда предметтик тести бар абитуриенттер кошумча укукту пайдалана алышат. Кызыл аттестатка ээ болгон, негизги жана предметтик тесттен босого баллдан жогору топтогон абитуриенттердин ар бир предметтик тестине жыйырма баллдан кошулат.

ЖРТнын жыйынтыгы кандай?

 Быйыл жалпы республикалык тестке жалпы 52039 бүтүрүүчү катышкан. Анын 986сы 23-24-июнда өткөрүлгөн кечиктирилген тестирлөөдөн өтүшкөн. Кечиктирилген тесттен өткөн бүтүрүүчүлөрдү кошпогондо 1-2-этапта тесттен өткөндөрдүн 25351 босого баллдан жогору балл алган. Эӊ жогорку балл топтогон 52 абитуриентке алтын сертификаттар берилди. Быйылкы тестирлөөдөн эӊ жогорку баллды (237 балл) №61 мектептин бүтүрүүчүсү Ибраимов Данияр алды. Бул алтын сертификатка ээ болгон абитуриенттер өздөрү каалаган окуу жайдын каалаган адистигине сынаксыз өтө алышат.

 Чолпон Кийизбаева, “Кутбилим”

1 Kомментарий

Добавить комментарий для Нураалы Отменить ответ

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*