ИШ БАР ЖЕРДЕ ИЙГИЛИК ЖАРАЛАТ

Бишкек шаарындагы А.Сыдыков атындагы №72 мектеп-гимназия быйыл  капиталдык ремонттон өткөрүлүүдө, ага республикалык бюджеттен 15 миллион сом бөлүнүп, учурда ремонт иштери кызуу жүрүп жатат. Бул окуу жайды быйыл 106 бүтүрүүчү аяктады. Гимназиянын быйылкы бүтүрүүчүлөрүнүн ичинен алтоо Жалпы республикалык тестирлөөдөн 200дөн ашык балл алды.  Ошондой эле бул мектептин бүтүрүүчүсү Мамакеева Айгерим кызыл аттестатка ээ болду.

 Кыш камылгасын жайында көр

 №72 гимназиянын директору Дамира Назаркулованын берген маалыматына таянсак, быйылкы жаӊы окуу жылына 100 мектепти капиталдык ремонттон өткөрүү долбооруна киришкен.

– Өлкө башчыбыз быйыл жаӊы окуу жылына карата 100 мектеп курулуп, 100 мектеп капиталдык ремонттон өткөрүлсүн деген долбоорго биз дагы кирип калдык. Мектепке 15 миллион сом каражат бөлүндү. Мектептин чатыры, сырткы фасады жана фундаменттерди бекемдөөгө каражат каралды. Андан сырткары ата-энелердин, өзүбүздүн күчүбүз менен да кышка даярдык көрүп жатабыз.  Буюрса, айтылган жумуштардын баары бүтүп, жаӊы окуу жылына капиталдык ремонттон өткөн мектеп окуучуларга эшигин ачат. Ата-энелер жылына эле бизге кам көрүп, окуу кабинеттерин ремонттон өткөрүп беришет. Быйыл 11-класстан беш класс бүттү. Анын үчөө кыргыз тилиндеги, экөө орус тилдүү класстар. 106 бүтүрүүчү мектепти ийгиликтүү аяктады. Маселен, Мамакеева Айгерим кызыл аттестат менен аяктаса, алты окуучубуз ЖРТдан 200дөн ашык балл топтой алышты. көбүнчө окуучуларыбыз 150дөн жогору балл алганын белгилеп кетким келет, – дейт Д.Назаркулова.

Заманбап мектеп

 – Мугалимдерди куугунтуктагандан алыспыз. Тескерисинче, мугалимдердин сапаттуу иштешине бардык мүмкүнчүлүктү түзүп жатабыз. Мектеп жаӊы технологиялар менен жабдылды. Башталгыч класстын мугалимдерине, жогорку класстардын тарых, география сабактарына  цензордук такта (доска) сатып бердик. Мектеп эки тилдүү болгондуктан, бирин кем, бирин жакын карабай, бирдей мамиле кылабыз. Быйыл «Жүрөгүм балдарда»  шаардык сынакта биздин эки мугалимибиз 1-орунга татышты. Мамлекеттик тил мугалими Аида Баялиева «Жылдын мыкты жаш адиси» номинациясын жеӊип алса, Оболова «Эӊ жакшы кабинеттин ээси» деген номинацияга татыды. Алар министр Э.Сариеванын колунан сертификат алышты, – дейт Д.Назаркулова.

Гимназияда 12 жаш мугалим эмгектенет. Ар бири тажрыйбалуу устатка бекитилип берилген. Устаттар оозеки консультация бергенден сырткары сабактарына катышып, кеӊештерин берип турушат.

Көп профилдүү гимназия

 №72 мектеп гимназия статусун 2014-жылы алган. Былтыр апробациядан өтүп, быйылтан баштап көп багыттуу (профилдүү) гимназия болууну чечишкен.

– 5-класстан баштап үч багыт боюнча балдарды бөлөбүз. Биринчиси, гуманитардык класс. Бул класстарда англис жана немец тилдери окутулат, былтыр жарым жылдан баштап кытай тилин окушту. Ошондой эле орус тили сабагы орус класстарында, кыргыз класстарда кыргыз тили тереӊдетилип окутулат. Ал эми социалдык – экономикалык класста табигый-математикага басым жасалат, б.а. математикадан тереӊдетилип окутулат, мындан тышкары экономика сабагы да кирет. Үчүнчү багыт — коргонуу-спорт (оборонно-спортивный) деп аталат. Бул класстарда көбүнчө химия, биология, дене тарбия, аскерге чейинки башталгыч даярдык (НВП) сабактары кирет. Анткени келечекте биздин окуучулар Караганда жогорку аскер училищасына тапшырышат, ошондой эле  ФСБда окушат. Мындан сырткары дарыгер болобуз дегендер, т.а. медучилищага, медколледжге, медакадемияга тапшыра турган балдар да ушул класста окушат, – дейт мектеп жетекчиси.

Биринчи жолу 1-класска

  1-класска кирүү маселеси курч турат. Анткени Жал районунда болгону эки эле мектеп бар. Жыл сайын бул райондо жаӊы тамдар көп салынууда. Мына жакында эле 12 жаӊы үй берилген.  Ал микроучастокко кирбейт.

–  Мектеп 1200 окуу орунуна эсептелген. Азыр бизде  2342 окуучу окуйт. Башталгыч класстар былтыртан баштап үч мөөнөттө (сменде) окуп жатат. Окуучулардын саны жыл сайын өсүп, биздин мектепте окуйм деген каалоочулардын саны да көбөйдү. Жал кичи районунун окуучуларын  биринчи кезекте алабыз, андан соӊ гана башка участоктон келген ата-энелердин балдары алынат. Ар бир класста 30-35 окуучу отурат. Ашып баратса мугалим таап бир класс ачканга туура келет. Быйыл 1-класстан алты класс ачылат. 3-4 класс — бул кыргыз классы болот.  Баланы алгандан кийин анын сапаттуу билим алышына бардык шарт түзүп берилиши керек. Жөнөкөй сөз менен айтканда, баланын отура турган партасы болуш керек, китеп менен камсыз болуусу зарыл.

Негизинен материалдык-техникалык базага өзгөчө көӊүл бурулат. Балдарды сабакка кызыктыруу үчүн заманбап технологиялар менен жабдуу керек. Бул жагын дагы чечтик жана чечип жатабыз. Келечекте электрондук китепкана ачсак деген оюбуз бар.  Заманбап техникалар менен жабдысак окуучулардын сабакка кызыгуусу күчөйт, мугалимдер дагы жаӊыча көз караш менен билим бере баштайт, сабак берүү жеӊил болот, билим берүү сапаты жогорулайт деп ойлойм.     Быйыл колледждер менен тыгыз байланышып, атайын класстарды ачып, колледждин  мугалимдерин ийримдин эсебинен чакырып, бүтүрүүчү окуучуларга визажист, чачтарач кесиптерин берсек деген тилек бар. Буюрса, бул ишти сентябрдан баштайбыз, – дейт директор.

Чыгармачыл жамаат

 Гимназияда 109 мугалим иштейт, анын ичинен жыйырма жетиси эл агартуунун мыктылары.  Бир топ мугалимдер шаардык кеӊештин, Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасынын ээлери.

– Жыргал Ысманова эжейибиз менен сыймыктанабыз. Анын бир нече усулдук китептери бар. Адабий китептердин да автору, кичинекей бөбөктөргө жомок жазып жүрөт. В.И.Козырева деген мугалимибиз математикадан берет. Ал «Математика в таблицах» деген иштелменин автору. А.Бейшекеева болсо кыргыз класстарына «Математика жадыбалда» деген методиканы иштеп чыккан.

Мен 2007-жылы шаардык билим берүү башкармалыгынын буйругу менен директор болуп дайындалгам. Ириде мен материалдык-техникалык базаны чыӊдоого өзгөчө көӊүл бөлдүм. Келген жылдары ата-энелер менен чогуу башталгыч жана жогорку класстын  кыздарына өзүнчө, балдарына өзүнчө ажатканаларды салдырдык. Мындан бир-эки жыл мурун балдардын коопсуздугун ойлоп, бир миллиондон ашык каражатка  мектептин тегерегин  тосуп алдык. Мектепке 38 видеокамераны ата-энелер орнотуп беришти. Үч цензордук такта  (доска) менен дагы камсыз кылышты. Мугалимдер, окуучулар үчүн керектүү эмеректерди да ата-энелер алып беришти. Ай сайын бир окуучудан 300 сомдон ата-энелер фонду чогултушат, ал каражат мектептин өнүгүшүнө, мектептин коопсуздук кызматына, техникалык кызматкерлерди да кармап калууга жумшалат. Коопсуздук кызматына ар бир окуучудан 30 сомдон берилет. Ай сайын ал кызматка 42 миӊ сом которулуп турат. Ата-энелер акыны ыктыярдуу төлөшөт, – дейт Дамира Назаркулова.

 Гүлнара Алыбаева, «Кутбилим»

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*