ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА – ЖАҢЫ МЕКТЕП

Билим берүү объектилеринин курулушу 2010-жылдан 2016-жылга чейинки убакыт ичинде 2005-2009-жылдарга салыштырмалуу 2,4 эсеге өскөн. Эгерде ал жылдар аралыгында 127 билим берүү мекемесинин курулушу аяктаса, 2010-жылдан 2016-жылдар аралыгында 309 болгон. Бул албетте, КР Өкмөтүнүн мектептерди куруу маселесине олуттуу мамиле жасап жаткандыгынын айкын далили.

2017-2018-окуу жылын жаркыраган жаңы мектепте баштоо кубанычы Аламүдүн районунун Чоң-Таш айылындагы С.Чокморов атындагы мектептин окуучуларына туш келди. Жаңы имаратынын ачылыш аземине өлкө башчыбыз Алмазбек Атамбаев катышып, билим берүү тармагындагы жүргүзүлүп жаткан реформаларга, мектептердин курулуштарына токтолду. “Биз билимди баарынан жогору коюшубуз керек.  Бизде нефти жана газ жок, биздин келечегибиз – элибиз, биздин балдарыбыз.  Биз бюджеттин 24% билим берүүгө жумшап жатабыз, анткени бул мезгил талабы.  Азыркы тилде айтканда  Кыргызстандын фишкасы –  билимдүү креативдүү адамдар, жаңы муун” – деп белгиледи Алмазбек Атамбаев.

1993-жылдан бери кыргыздын белгилүү кино жылдызы, Кыргыз Эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун ысмын алып жүргөн Чоң-Таш айылындагы мектеп 1929-жылы курулган. Мектептин жаңы имаратында китепкана, лабораториялар, чайканмасы менен спорт залы жана спорт аянтчалары бар.

Ушундай эле заманбап жасалгаланган эки мектеп Бишкек шаарында Кытай республикасынын жардамы менен курулду. Алардын бири – Жал кичи районундагы №95 окуу-тарбия комплекс гимназиясы, экинчиси Калыс-Ордо жаңы конушундагы №86 орто мектеп. 660 орундуу №95 ОТКда учурда эки нөөмөттө 1310 окуучу билим алууда. Мектептеги англис жана кытай тилдерин тереңдетип үйрөтүүгө толук ыңгайлуу шарты бар эки аудиокабинетте Кытайдан келген ыктыярчылар окуучуларга кытай тилин үйрөтүшмөкчү.  “Биз бул мектепти Кытайдагы мектептердин бири менен тыгыз алака түзүү ниетибиз бар. Кыргызстандык балдарды кытай тилине үйрөтүү үчүн Кытайдан мугалимдер келишет. Кыргызстанда заманбап мектептердин көбүрөөк болушуна биз да өз салымыбызды кошобуз”-деп белгиледи Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Сяо Цинхуа.

Мындан тышкары, Талас районунун Козучак айылынын жаш жеткинчектери да жаңы имаратта окуп жатышат. Айылдагы Н.Мамбетов атындагы орто мектептин директору Тариел Иманалиевдин айтымында, быйыл биринчи жолу жаңы мектепте жаңырган коңгуроонун коштоосунда 1-класстын партасына 34 окуучу отурду.

  • Быйылкы жаңы окуу жылы биз үчүн өзгөчө салтанаттуу болду. Биринчиден, көптөн күткөн тилегибиз орундалып, жаңы имараттуу болдук. Анын ачылыш салтанатына Маданият жана маалымат министри Түгөлбай Казаков келип катышты. Жалпысынан алганда, бул мектептин имараты долбоор аркылуу курулуп, жалпы 66 млн сом каражат сарпталды. Жаңы имараттын сыйымдуулугу 225 орундуу, ал эми бизде 350 окуучу бар. Андыктан мектептин эски имаратында да окутуу улана берет,-деп ой бөлүштү мектептин директору Т.Иманалиев.

Жаңы окуу жылынын башталышынын урматына жаңырган коңгуроо үнүнө ошондой эле Кочкор районундагы Семиз-Бел айылынын, Түп районундагы Арал айылынын тургундары күбө болушту.

Түп районунун Арал айыл аймагынын 2 айылында жаңы окуу жылына карата эки жаңы мектеп пайдаланууга берилген. Айыл аймак башчысы Бакыт Мамытовдун айтымында, мектептердин бирине 47 млн сом, экинчисине 44 млн сом жумшалган.

  • Жаңы окуу жылында К.Үмөталиев атындагы Долон орто мектебинин 150 орундуу имараты 47 млн сомго, К.Карачев атындагы Сары-Дөбө орто мектебинин 225 орундуу имараты 44 млн сомго курулуп, аяктады. Бул эки мектептин курулушу Жерүй алтын кенинин долбоорунун негизинде республикалык бюджеттин эсебинен курулду», – дейт Б.Мамытов.

Окуу процессин үзгүлтүккө учуратпоо үчүн колдо болгон бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, жаңы окуу жылын баштагандар да жок эмес. Алсак, Кара-Суу районундагы Миялы айылынын 28 окуучусу жаңы окуу жылында заманбап жасалгаланып, ыңгайлаштырылган контейнерде окуп башташты.

Сарай айыл аймак башчысы Замир Тургунбаевдин айтымында, класстык бөлмөлөрү орнотулган ал контейнерде талаптагыдай жасалгаланган төрт класстык бөлмө, китепкана жана мугалимдер бөлмөсү бар.

  • Ыңгайлаштырылган алты бөлмөдө баардыгы бар. Кыш мезгилинде жылытуу жагын да караштырып жатабыз. Шартка байланыштуу анда 1-класстан 4-класска чейинки башталгыч класстын окуучулары гана окушат, ал эми жогорку класстын окуучулары коңшу айылдагы мектепке каттап окуп турушат. Окуучулардын жол каттамына тиешелүү маселени да чечтик. Ата-энелер менен болгон чогулушта жол киресинин жарымын алар, жарымын биз, айыл аймагы төлөп бермей болуп чечиштик. Балдарды окуудан үзгүлтүккө учуратпоо үчүн аларды мектеп-интернатка жайгаштыруу сыяктуу башка жолдорун караштырып жатабыз,-дейт З.Тургунбаев.

Кыргызстандын Туруктуу өнүгүүсүнүн улуттук стратегиясында мектеп жашындагы балдарды билим берүүгө текши тартуу маселесине өзгөчө басым жасалган. Расмий маалыматтар боюнча 1-класстан 11-класска чейин билим берүү 88,1 пайыздан 98,4 пайызга чейин жогорулаган. Тагыраак айтканда, балдарды мектепте билим берүүгө камтуу деңгээли 1 млн. 15 миңден 1 млн 175 миң окуучуга жеткен.

2017-2018-жылы республикалык бюджеттин эсебинен 122 жаңы мектептин курулушу каралган.

Жаңы мектептин курулушу биринчи кезекте табигый жана башка кырсыктардын кесепетинен жабыр тарткан аймактарда олуттуу маселе бойдон калууда. Алсак, Өзгөн жана Чоң-Алай райондорундагы табигый кырсыктан кыйраган беш мектептин курулушу, кооптуу кырдаалда турган 12 мектептин объектиси боюнча курулуштар учурда кызуу жүрүп жатат. Мектеп имараттарын курууда ал мектептердин тутумунда спорт залынын, жыйындар залынын, ашканалардын жана башка заман талабына шайкеш, жаңыртылып жабдылган кошумча курулуштары болушуна өзгөчө басым жасалып жаткандыгы кубанычтуу.

Билим берүү мекемелерин 2017-2018-жаңы окуу жылына даярдоого республикалык бюджеттен 100 млн сом бөлүнгөн. Арийне, оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө жумшалуучу курулуш материалдарынын улам кымбаттап жаткандыгына байланыштуу, муктаждыктар өскөндүктөн, келерки окуу жылына эки эсе көбүрөөк, тактап айтканда, 200 млн сом керектелиши күтүлүүдө.

Айнагүл Кашыбаева,

“Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*