ОКУУ КИТЕПТЕРИ ИЖАРАГА БЕРИЛЕТ

Мектеп окуучуларын окуу китептери менен толук жана сапаттуу камсыз кылуу максатында Билим берүү жана илим министрлиги 2018-2019-окуу жылынан баштап китептерди ижарага берип баштайт.

Окуу китептерин ижарага берүү боюнча 16-октябрда Өкмөттүн атайын токтому чыкты. Ага ылайык, Билим берүү жана илим министрлиги этап менен окуу китептерин ижарага берүүнүн графигин түзүп, ижара акысын эсептөө ыкмасын бекитти. Ижара акысы бир китепке 25 сомду түзөт. Министрликтин графиги боюнча ноябрь айынан баштап бардык мектептерде маалыматтык тааныштыруу, түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлөт. Окуу китептерин ижарага берүү келерки окуу жылынан баштап башталгыч класстарында гана башталат. Алгач үч шаар жана 14 район, тактап айтканда, Талас, Нарын, Ош шаарлары жана Жайыл, Манас, Талас, Бакай-Ата, Кара-Буура, Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал, Нарын, Кочкор, Кадамжай, Ноокат, Ноокен жана Ысык-Көл райондору киргизилет.

– Билим берүү жана илим министрлиги окуу китептеринин тартыштыгын чечүүдө үч багытта иш алып барууда. Биринчиси, эл аралык өнөктөштөрдү тартуу, экинчиси, окуу китептерин электрондоштуруу, үчүнчүсү, окуу китептерин ижарага берүү. Ижарага берүү акырындап кир- гизилет. Эмдиги жылдан баштап 1-4-класстар киргизилсе, бир жылдан кийин 5-6-класстар кошулат. Азыр 5-6-класстардын жаңы стандарт боюнча жазылган окуу китептери Дүйнөлүк банктын жардамы менен апробациядан өтүп жатат. Буюрса, жаңы окуу жылынан баштап бардык предметтер боюнча үч тилде окуу китеп- тери басылып чыгарылат. Учурда 5-класстын англис тили басмадан чыгарылып, мектептерге таркатыла баштады. Бул китеп эмдиги жыл- дан баштап ижарага берилет, – дейт АБРдин окуу китептери боюнча координатору Уланбек Мамбетакунов.

2019-2020-окуу жылынан баштап ижарага берүүнүн алкагы кеңейтилип, алты шаарда жана 21 райондо 1-6-класстарга киргизилсе, 1-9-класстарга 2020/2021-окуу жылында киргизилет. 10-11-класстар толугу менен 2023-жылга чейин кошулат.

– 2011-жылы чыккан китептер жумшак мукаба менен басылгандыктан, 2015-16-жылдан баштап ал китептерди кайрадан басып жатабыз. Ижарага ушул китептер гана берилет. Быйыл мектептердин китепкана фондун жаңыртуу үчүн башталгыч класстар үчүн кыргыз тилинде – алты, орус тилинде – алты, тажик тилинде – үч китеп басылды. Эмдиги жылы массалык түрдө басылат. Бул китептер Дүйнөлүк банктын эсебинен каржыланды. Азия өнүктүрүү банкынын долбоорунун алкагында 7-9-класстар үчүн табигый илимдер жана математика предметтери боюнча окуу китептери жазылып, Кыргыз билим берүү академиясынан экспертизадан өтүп, апро- бацияга даярдалууда. Бул китептер 2020-жылы республика боюнча ижарага берилет. Ушул жылдын аягына чейин министрлик 7-9-клас- стардын калган предметте- ри боюнча окуу китептерин жазууга сынак жарыялайт. Бул иш 2020-жылга чейин бүткөрүлүп, басууга берилет, – дейт дейт Билим берүү жана илим министрлигинин окуу китептери боюнча сек- тор башчысы Чинара Курбанова.

 

Ижарага берүү эксперименти өзүн актады

Окуу китептерин ижарага берүүнү апробациядан өткөрүү 2017-жылдын март айында өкмөттүн буйругунун негизинде башталган. Буйрукка ылайык Чүй облусунун Жайыл районунун 39 мектебинде башталгыч класстарга жаңы стандартка ылайыкташтырылып жазылган жаңы окуу китептери ижарага берилген. Ата-энелер өкмөттүн бул кадамын жактырышып, окуу китептерин ижарага берүүнү колдой тургандарын билдиришкен. Анткени буга чейин окуучулар жетпей калган китептеринин ар бирин базардан 200 сомдон кем эмес акчага сатып алышчу. Азыр болсо бир жылга жүз сом төлөп эле, бардык китептерди алып жатышат. Окуу китептерин ижарага берүү боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин практикасы жетиштүү. Анткени 1996-жылдан 2006-жылга чейин окуу китептери ижарага берилип келген. 2006-жылы китептерди чыгарууга мамлекеттен бөлүнүп жаткан каражат жетиштүү деген көз караш менен бул тажрыйба токтотулган. Бирок окуу китептерин басып чыгарууга бир жылга 120 миллион сом эмес болжолу менен 600 миллион сом талап кылынгандыктан, натыйжада окуучулар китепсиз калып, кырдаалдан ата-энелер өз алдынча чыгып калышкан.

 

Ата-энелер колдошот

Бишкек шаарынын тургуну, үч баланын апасы Айпери Бейшеева Өкмөттүн бул демилгесин колдойт. Анткени ал быйыл эле балдарына жетпей калган китептерди үч жүз сомдон базардан сатып алган.

– Мектепте эки кызым окуйт. Жылда эле эки же үч китеп сатып алабыз. Бирин тапсаң бирин таппайсың. Сентябрдан бери бир кызымдын математика китебин таппай жүрөбүз. Ар кимден сураштырып дагы көрдүк. Ушинтип убара болуп, бир китепти үч жүз сомдон сатып алгандан көрө бир жылга үч жүз сом төлөп койгон жеңил болгону жатпайбы. Анын үстүнө жаңы китептер берилет деп жатышат. Китеп канчалык жаңы болсо бала ошончолук кызыгып окуйт экен, – дейт А.Бейшеева.

Учурда Айпериге окшоп бул демилгени колдоп жаткан ата-энелер арбын.

Китептер кандай тартипте берилет?

Ижарага бериле турган окуу китептери жыл сайын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилет. Мектептин китепкана башчысы берилген тапшырык боюнча окуу китептерин класс жетекчиге тапшырат. Класс жетекчи китептерди класстагы окуучулардын бардык контингентине жараша алат жана ведомостун толтурат. Мектеп тарабынан бюджеттен сырткары каражаттардын эсебинен алынган окуу китептери өзүнчө графа менен эсепке алынат. Бул окуу китептеринин ижара акысы ушул Тартипке ылайык алынат. Эгерде окуучу китепти жоготуп же тытып алса ата-энеси райондук же шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн депозиттик эсебине окуу китептин наркына ылайык акча каражатын которуу же жоголгон, же тытылган окуу китебин жаңысына алмаштыруу аркылуу калыбына келтирүүгө милдеттүү. Эгер окуучу бир эле райондун чегиндеги башка мектепке которулса, ага убактылуу пайдаланууга берилген окуу китептери китепкана фондусуна толугу менен кайтарылып берилүүгө тийиш. Мектеп жетекчилиги болсо ошол жылга окуу китептеринин ижара акысы төлөнгөндүгү тууралуу маалымкат берет. Берилген маалымкаттын негизинде окуучу тиешелүү окуу китептерин которулуп барган мектептен акы төлөбөстөн ала алат. Окуу китептерин колдонгондугу үчүн ижара акысын ата-энелер же демөөрчүлөр класс жетекчиге 30-сентябрга чейин төлөйт. Мектеп жетекчиси 10-октябрдан кечиктирбестен чогултулган каражаттарды райондук (шаардык) билим берүү бөлүмүнүн (башкармалыгынын) депозиттик эсебине которот. Райондук (шаардык) билим берүү бөлүмүнүн (башкармалыгынын) жетекчилиги ал каражатты кайрадан Билим берүү жана илим министрлигинин атайын эсебине өткөрөт. Окуу ки- тептерин ижарага берүүдөн түшкөн каражаттар райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн депозиттик эсептерине беш жылдан ашык эмес мөөнөткө которулуп, китепкана фон- дунун окуу китептерин жаңыртууга гана пайдаланылат.

– Азыр министрликте АБР долбоорунун алкагында атайын маалыматтык система Д10 статистикалык отчеттун негизинде түзүлүп жатат. Ал системага ар бир мектептен, ар бир класстан, ар бир окуучудан канча акча чогултулгандыгы, ал мектепте канча китеп бар, анын канчасы жаңы, канчасы эски экендиги ачык көрүнүп турат. Мектептерден келген билдирүүлөрдүн баардыгы ошол жакка түшүп, кайсы мектепке канча китеп керектиги дагы ачык көрсөтүлөт. Кайсы мектеп канча акча чогултса, ошого жараша китеп алат. Бир мектеп чогулткан каражат башка мектептин эсебине өтүп кетпейт, – дейт Чинара Осмоновна.

 

Каралган жеңилдиктер

Окуу китептерин ижарага берүүдө окуучулардын социалдык абалы эске алынат. Колдоого муктаж үй-бүлөлөрдүн тизмеси жыл сайын педагогикалык кеңештин чечими менен түзүлүп, мектеп директорунун буйругу менен акысыз же жеңилдетилген шартта окуу китептерин алууга укуктуулугу тастыкталат.

Акысыз китеп менен төмөндөгү категориядагы окуучулар камсыз болушат:

– көп балалуу үй-бүлөлөрдүн (беш жана андан көп бала);

– социалдык жөлөк пул алган аз камсыз болгон үй- бүлөлөрдүн;

– ата-энесинин бири же экөө тең I же II, III топтогу майып болгон үй-бүлөлөрдүн;

– ата-энесинин бири гана болгон үй-бүлөлөрдүн;

– аскердик же кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон же майып болгон аскерге милдеттүүлөрдүн, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнүн;

– жетим-балдар, ата-энесинен кароосуз калган балдар;

– ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулар.

Үч же төрт баласы окуган үй-бүлөлөрдүн балдары ижара акысынан 50% бошотулат.

Чолпон Кийизбаева, “Кутбилим”

1 Kомментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*