ЖОЖдорго кабыл алуу: саны эмес, сапаты маанилүү

 

Билим берүү жана илим министрлиги жайкы кабыл алуунун жыйынтыгын чыгарды. Быйыл мамлекеттик гранттык орундарга кабыл алуу 95% аткарылса, контракттык кабыл алуу 59%  гана түздү.

Гранттык орундар толгон жок 

2013-2014-окуу жылына 5705 мамлекеттик гранттык орун каралган. Анын 185 оруну – эл аралык келишимдерге, 50сү эӊ жогорку балл топтоп алтын сертификатка ээ болгондор үчүн, 75си  этникалык кыргыздар үчүн, 40 орун 2010-жылдагы апрель, май жана июнь окуяларында курман болгондордун балдары үчүн, 100 орун жеӊилдиги бар абитуриенттер үчүн бөлүнгөн. Бул орундар 23 мамлекеттик жогорку окуу жайлар арасында бөлүштүрүлгөн. Гранттык орундарды бөлүштүрүү эмгек рыногунун талабына ылайык жүргүзүлүп, жумуш берүүчүлөр менен окуу жайлар ортосунда түзүлгөн келишимге ылайыкташтырылган. Негизинен бул орундар саламаттык сактоо, маданият жана искусство, курулуш, өнөр жай, энергетика, айыл чарба, транспорт, педагогика адистерин даярдоо үчүн бөлүнгөн. Мындан тышкары, гранттык орундар ИИМ жана Коргоо министрликтерине адистерди даярдоо үчүн каралган.

Гранттык орундарга кабыл алуу бекитилген график менен каралган категориялардын негизинде жүргүзүлдү. Жыйынтыгында республика боюнча жалпы 284 гранттык орун толбой калган. Анын  76сы эл аралык келишимдер үчүн бөлүнгөн орундан калса, 16сы этникалык кыргыздар үчүн каралган  орундан калган. Жергиликтүү башкаруу уюмдарынын жолдомосу аркылуу максаттуу кабыл алуу үчүн бөлүнгөн 330 орунга болгону 286 студент кабыл алынган. Талас жана Нарын мамлекеттик университеттеринде максаттуу кабыл алууга бөлүнгөн орундар толбой калган.

Гранттык орундар үчүн сынакка катышууга негизги тесттен 110, предметтик тесттерден 60 баллдан жогору топтогон 21419 абитуриентке мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Контракттык кабыл алуу

Контракттык окууга 105 баллдан жогорку балл топтогон 24592 абитуриентке, дистанттык бөлүмгө 95 баллдан жогору топтогон 31795 абитуриентке тапшыруу укугу берилген. Мамлекеттик жождордогу контракттык бөлүмдөргө 19378 студент кабыл алынган. Анын 14452си күндүзгү бөлүмгө, 4761 дистанттык бөлүмгө тапшырган. Натыйжада мамлекеттик жогорку окуу жайлардын күндүзгү бөлүмүнө кабыл алуу планы 59% гана аткарылды.

Аймактык жогорку окуу жайлардын күндүзгү бөлүмүнө кабыл алуу болгону 29% түздү. Ал эми дистанттык бөлүмдүн планы 44% гана аткарылды. Мамлекеттик эмес окуу жайларга жалпы 2382 студент кабыл алынса, анын 550 дистанттыкка, 1832 күндүзгү бөлүмгө алынган.

Жогорку окуу жайларга кабыл алуу жылдагыдай эле жалпы республикалык тестирлөөнүн негизинде жүргүзүлдү. Республикадагы айрым жогорку окуу жайларда 4-турда дагы бош орундар калып калгандыгына байланыштуу Билим берүү жана илим министри Канат Садыковдун буйругу менен гранттык орундарга кабыл алуу 23-августка чейин, келишимдик негизде кабыл алуу 25-августка чейин узартылган. Анда багыты жана адистиктери боюнча физика менен математикадан предметтик тестти талап кылган гранттык орундарга, негизги тест боюнча босого баллдан өтүп, физика менен математикадан предметтик тестти тапшырбай калган абитуриенттерге катышууга уруксат берилген.

Төртүнчү турда КР Президентине караштуу башкаруу академиясында, БатМУ, ЫМУ жана ТалМУда кабыл алуу планы толугу менен аткарылып, бош орундар калган эмес.

 

Былтыр дагы гранттык орундар толбой калган

 

2012-2013-окуу жылындагы кабыл алууда 200-300 гранттык орун толбой калган. Биринчи турда 2652 орун калса, экинчи турда 1339, үчүнчү турдан соӊ 751 орун калып калган.

Кайсы окуу жай алдыда

Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору жалпы республикалык тестирлөөнүн негизинде кабыл алуунун жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайлардын рейтингин чыгарды. Рейтингде көрсөтүлгөндөй, эӊ алдыга Кыргыз-Орус Славян университети чыкса, андан кийин Кыргыз мамлекеттик университети, Кыргыз мамлекеттик техникалык университети турат. Ал эми контракттык кабыл алуу боюнча алдыӊкы орунда Борбордук Азиядагы Америка университети турат.

 

Окутуунун формасы боюнча ЖОЖго кабыл алуу
жылы 2008 2009 2010 2011 2012 2013
күндүзгү 23256 22481 18386 16614 11362 16834
сырттан,  дистанттык 10932 11455 12216 18243 4395 5311

Мамлекеттик гранттык орундар боюнча ЖОЖдордун рейтинги

Кабыл алынган абитуриенттердин орточо баллы боюнча рейтинги
ЖОЖдун аты Кабыл алынгандардын саны  Тесттин орточо баллы
 КРСУ 122 189.7
КММА 289 187.6
КМТУ 688 159.0
КР Президентине караштуу башкаруу академиясы 27 192.6
КУУ 483 147.7
КТУ “Манас” 100 177.9
БГУ 222 144.3
Курулуш, транспорт жана архитектура университети 274 141.2
ОшМУ 434 145.3
Кыргыз улуттук агрардык университети 261 119.0
КМУ 275 132.9
ИИМ Академиясы 122 122.9
ЫМУ 152 134.4
ТалМУ 59 128.2
ОшТУ 250 128.1
ЖАМУ 275 126.4
НМУ 117 128.0
Аскер институту 95 110.8
Курулуш, транспорт жана архитектура университети 15 130.1
БатМУ 101 126.2
Баардыгы 4361 143.6

 

Жогорку балл топтогон абитуриенттерди кабыл алуу боюнча
ЖОЖдордун аты Тесттин жогорку баллы
 КРСУ 236
КММА 230
КМТУ 226
КР Президентине караштуу башкаруу академиясы 225
КУУ 222
КТУ “Манас” 221
БГУ 215
Курулуш, транспорт жана архитектура университети 214
ОшМУ 212
Кыргыз улуттук агрардык университети 209
КМУ 202
ИИМ академиясы 198
ЫМУ 193
ТалМУ 190
ОшТУ 190
ЖАМУ 188
НарМУ 181
Аскер интситуту 178
Курулуш, транспорт жана архитектура университети 173
БатМУ 159

Контракттык орундарга кабыл алуу боюнча жогорку окуу жайлардын рейтинги

Кабыл алынган абитуриенттердин орточо баллы боюнча эсептеген рейтинг
ЖОЖдун аты Контракттык орундарга кабыл алынгандардын саны Тесттик баллдардын орточо көрсөткүчү
Борбордук Азиядагы Америка университети 249 183.1
КММА 624 168.3
КРСУ 285 167.6
МПУ 12 157.0
Ата-Түрк Ала-Тоо эл аралык университети 384 153.4
Дипакадемия 58 146.4
АГУПКР 461 146.0
ИИМОП (КУУ) 433 142.4
КМЮА 682 133.0
КЭУ 201 132.1
ЮИ (КУУ) 282 130.6
КТИ (КГТУ) 20 130.0
БГУ 831 129.7
Чыгыш университети 71 128.7
КМТУ 816 127.3
БФЭА 126 126.8
К-КИ (КУУ) 188 126.4
ЭФИ (КУУ) 324 125.3
ББИ (КУУ) 158 124.0
Кыргызстан эл аралык университети 466 123.7
Үзгүлтүксүз ачык билим берүү институту (КЭУ) 158 123.4
ОшМУ 1987 122.2
ТТИ (КМТУ) 23 121.1
КУУ 766 121.0
ТИПИ (ЖАМУ) 26 119.3
ККТИ (КМТУ) 23 119.3
Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети 890 118.2
ЫМУ 139 118.0
ОшМЮИ 138 117.4
ЖАМУ 559 116.4
МУИТ 59 114.5
КМУ 425 113.8
ИИМ Академиясы 7 112.4
ИНДО (БГУ) 173 112.2
ТалМУ 104 109.6
НМУ 69 108.9
ОшТУ 187 108.8
Социалдык өнүгүү жана ишкердик институту 43 108.6
БатМУ 199 108.6
Кыргыз агрардык университети 232 106.4
ОшМУнун Конфуций институту 64 94.1
Жалпы 12942 126.7

Мамлекеттик гранттык орундар боюнча эӊ көп абитуриент тапшырган алдыӊкы адистиктердин көрсөткүчү (алдыӊкы он адистик)

Кабыл алынган абитуриенттердин саны Тапшырган абитуриенттердин орточо баллы Адистиктер

 

252 185.2 Дарылоо иши
124 163.9 Электрэнергетика жана электр техника
107 144.6 Математика
95 110.8 Мотострелковая
89 159.1 Прикладдык математика жана информатика
83 184.5 Педиатрия
78 145.0 Тарых
73 121.3 Укук коргоо ишмердиги
72 127.2 Физика
66 119.7 Ветеринария

Контракттык бөлүмдөгү эӊ көп абитуриент тапшырган беделдүү он адистик

Кабыл алынган абитуриенттердин саны Тапшырган абитуриенттердин орточо баллы Адистиктер

 

1536 127.5 Экономика
986 129.0 Юриспруденция
587 155.0 Дарылоо иши
359 128.6 Менеджмент
308 122.8 Лингвистика
299 140.2 Эл аралык мамилелер
292 159.6 Тиш догдуру
264 121.2 Электроэнергетика жана электротехника
189 125.2 Журналистика
181 134.7 Юриспруденция (бакалавр)

«Акырындап окуу жайлар өзүнөн-өзү жабылат»

 

Билим берүү жана илим министрлигинин Кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Абдуманап Жолдошевдин айтымында, быйылкы кабыл алуу былтыркыдай эле өз деӊгээлинде.  Анткени Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен гана кабыл алына баштагандан бери планды толтуруу  60%дан ашпай келет.

– Кабыл алуу планынын 100 пайызга аткарылбай жаткандыгынын жүйөлүү себеби бар. Анткени  бардык окуу жайлар көп студент алгысы келип, лицензия алганда жогорку сандарды көрсөтүп алышкан. Бирок ошол эле учурда анчалык сандагы бала окууга тапшырбайт. Мисалы,  2008-жылы 23.5 миӊ бала тапшырса, былтыр 12 миӊ болгон, быйыл 16,5 миӊ болду. 2011-жылы 16 миӊ 600 болчу. Дистанттык окууга 2011-жылы 18 миӊ бала кабыл алынса, быйыл беш миӊден ашуун гана алынды. Албетте, биздин максат планды 100 пайызга аткаруу эмес. Биз сапатка карашыбыз керек. Мамлекеттик гранттык орундардын гана планын толтурушубуз зарыл.  Ошондо дагы быйыл 284 орун толбой калды. Мисалы, агрардык, педагогикалык адистиктердин айрымдарына көп барышпайт. Андан сырткары быйыл автотранспортун башкаруу жана технологиясы деген адистикке тапшырууну каалагандар жок болду. Былтыр болсо бул адистикке тапшыргандар абдан көп болгон, – дейт Абдуманап Жолдошевич. –   Акыркы үч жылдан бери 60% тегерегинде гана кабыл алынып келе жатат. Ошондуктан Мамлекеттик инспекция кайрадан карап чыгышы керек. Азыр күндүзгү бөлүмдө 70 миӊ,  мамлекеттик гранттык орундар менен 20 миӊ студент болсо, орточо эсеп менен 4-5 жылдын ичинде болгону 100 миӊдин тегерегиндеги студент бүтөт. Жогоруда айтылгандай, Жалпы республикалык тестирлөөнүн кириши менен адистиктердин жана студенттердин саны азаюуда.

Жетекчинин айтымында, эки жылдан бери биринчи белгиленген босого баллынын түшүрлбөй жаткандыгы дагы туура. Эгерде ушундай багыт менен кете берсе акырындык менен өзүн-өзү актай албаган окуу жайлар өзүнөн-өзү жабылат. Себеби жогорку балл топтогон абитуриенттердин көбү шаардагы беделдүү, күчтүү окуу жайлардан билим алгысы келет.

– Республиканын региондорундагы тогуз окуу жайында болгону төрт миӊ студент кабыл алынды. Мисалы, Талас мамлекеттик университетине болгону жалпы 150 студент, Нарын университетине 130 студент кабыл алынды. Мына ушинтип эле элдин тандоосу менен өзүн-өзү актай албаган окуу жайлар акырындык менен жабылат. Эми дагы эки жылда ушул жолубуздан тайбасак жакшы жыйынтыктарды берет, – дейт Абдуманап Жолдошевич.

Окуу жайлар Жалпы республикалык тестти колдошот

 

БГУнун кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Козуев Дурустун айтымында, окуу жайдагы мамлекеттик гранттык орундарга кабыл алуу болжолу менен 98%, контракттык кабыл алуу 80% аткарылды. Айрым беделдүү деп эсептелген адистиктерге бир орунга 15-16 абитуриент ат салышкан. Мисалы, котормо жана котормо таануу жана филологиялык билим берүү адистиктери (англис тили) үчүн каралган 155 орунга 744  абитуриент талон таштаган.

– Биздин окуу жайдагы жайкы кабыл алуу жылдагыга караганда жакшы. Өзгөчө  филологиялык билим берүү, анын ичинде англис тили жана чыгыш тилдерине, социалдык кызмат, психология жана экономикалык багыттарга тапшырууну каалаган абитуриенттер абдан көп болду, – дейт Дурус Козуев.

Ошол эле учурда план толбой калган адистиктер дагы бар. Мисалы, китепкана ишин жүргүзүү, кыргыз филологиясы, политология, архив кызматкери сыяктуу адистиктерге абитуриенттер аз тапшырган. Бул адистиктерге абитуриенттердин аз келип жаткандыгын окуу жай жетекчилиги дагы деле азыркы балдардын көбүнчөсү экономист, юрист болгусу келип жаткандыгы же чет тилдерин, анын ичинде англис, чыгыш тилдерин үйрөнгүсү келип жаткандыгы менен түшүндүрөт.

– Анын үстүнө планы толбой калып жаткан адистиктердин айлык маяналары аз. Жаштар кайсы кесиптин ээси болсо акча көп табаарын билишет жана дароо эле чоӊ акча тапкысы келет. Бирок биз баары бир бул кесиптин ээлерин даярдай беришибиз керек. Себеби алар мамлекетке керектүү адистиктер, – дейт Дурус Козуев.

Быйылкы кабыл алуу Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде дагы жогорку деӊгээлде болгон. Былтыркыга салыштырмалуу курулуш, архитектура, транспорт, дизайн сыяктуу беделдүү адистиктерге 500 абитуриент көп алынган.

– Быйыл музей таануу деген адистикти жаӊы ачканбыз. Коомчулукка бул адистик тууралуу маалымат жакшы жетпей калгандыктан тапшырууну каалаган абитуриент болгон жок. Музейде иштей турган  адистерди даярдай турган окуу жай Кыргызстанда жок. Ленинграддан, Ташкенттен даярдалып келчи. Азыр тилекке каршы, биздин музейлерде атайын билими жок адистер иштеп жатат. Ошондуктан биз ушул адистикти ачтык. Бирок ага бир дагы абитуриент келген жок. Жалпысынан алганда контракттык окууга 2714 кабыл алынса, 450 мамлекеттик гранттык орундардын 13 гана толбой калды. Натыйжада кабыл алуу планы 90% аткарылды десек болот, – дейт окуу жайдын ректору Акынбек Абдыкалыков.

Дене тарбия жана спорт академиясында болсо мамлекеттик гранттык орундарга кабыл алуу планы биринчи тур менен эле аткарылган. 2-3-турда контракттык  жана дистанттык кабыл алуу жүргүзүлүп, план 100% аткарылган.

Айрым кабыл алуу планы толбой калган окуу жайлар босого баллын төмөндөтүп берүү өтүнүчтөрү менен министрликке кайрылышкан. Бирок министрлик окуу жайлардын бул кайрылуусун канааттандырган эмес. Себеби жогорку окуу жайына жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку балл топтогон бүтүрүүчүлөрдү кабыл алганда гана жогорку билимдин сапаты жакшырат жана паракорчулуктун жолу буулат. Билим берүү жана илим министри Канат Садыков  дагы министрликтин  мындай жолдон артка кайтпарын Өкмөттө өткөн райондук жана шаардык билим берүү бакармалыктарынын жетекчилери менен болгон жыйында баса белгилеген.

Министрликтин мындай чечимин окуу жай жетекчилери дагы колдойт. Себеби тесттин жыйынтыгы менен кабыл алуу сапатка карай  жол ачат.

– ЖОЖго жалпы республикалык тестирлөө менен гана кабыл алынып жатканы абдан жакшы болууда. Себеби окуу жайга жакшы окуган, фундаменти бар балдар келип жатат. Кадимкидей айырмасы билинип калды, – дейт БГУнун кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Козуев Дурус.

Бирок ошол эле учурда бүтүрүүчүнүн он жыл бою окуган билим деӊгээлин тастыктаган аттестаттын жыйынтыгы эске алынбай жатканы өкүнүчтүү болуп жаткандыгын Дурус Козиев айтат. Себеби мектептен жакшы окуган же гуманитардык багытка жөндөмдүү бала тесттен начар балл алып калган учурлар болот. Анткени негизги тестте математикага көбүрөөк көӊүл бурулуп жаткандыктан, ага шыгы жок балдардын жолу буулуп калууда. Айрым айыл мектептеринде болсо математика мугалими жетишпегендиктен сабак өз деӊгээлинде өткөрүлбөй, балдар тесттен начар балл алып, окууга өтө албай калышууда. Ошондуктан  аттестаттагы баалар менен тесттин жалпы суммасын чыгарып, орток балл менен кабыл алуу жагын дагы киргизсек деген сунушун айтат.

 

Даярдаган Чолпон Кийизбаева, “Кутбилим”

 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*