КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ (Окутуу орус, өзбек, тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептер үчүн)

Жалпы маселелер

Кыргызстан эгемендүү мамлекет катары таанылгандан кийин бул мамлекеттин түпкү элинин адабиятын окуу – өлкөдө жашаган, иштеген ар бир жарандын милдети.

Окутуу орус, өзбек, тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептер үчүн кыргыз адабияты предметинин чоӊ проблемалары бар: алар окуу китептеринин ойдогудай эместиги, методикалык колдонмолордун жоктугу, адистердин жетишсиздиги ж.б., демек,  бул багытта мугалимдердин Август кеӊешмесинде пикирлешүүлөрү да жандуу жана пайдалуу болот деп эсептейбиз.

Соӊку жылдардагы Кыргызстандагы улуттар аралык жаӊжалдар, мамлекеттик       жана жеке менчик жайларды басып алуулар, эл ичинде чагымчылардын көбөйүшү жана жаштардын аларды ээрчип кетиши, диний-радикалдык агымдарга балдарыбыздын улам арбыныраак берилип жаткандыгы ыйман-адеп сабагы катары кыргыз адабияты предметинин ролун жана маанисин жогорулатып жатат.

Адабиятты окутууда мугалимдер көркөм тексттин ички маӊызын ачып, ошол чыгармадагы сүрөттөлгөн эл башынан өткөн турмушту, кыйынчылык күндөрдү, ошол кездеги улуттардын бири-бирине жардамдашкан учурларын, алардын руханий баатырдыгын көрсөтүп бериши керек. Быйылкы салтка айланган Август кеӊешмелеринде мугалимдер адабият сабагы аркылуу балдарды улуттар ынтымагына тарбиялоонун маселелерин көтөрүп чыгышып, канткенде интернационалисттерди көбөйтөбүз деген проблема боюнча ой жүгүртүшсө жакшы болор эле. Ошол эле кезде жеке менчикке катылбоо, бирөөнүн мүлкүнө кол салбоо, жол тоспоо, мамлекеттик жайлар кол тийбес ыйык жерлер экендигин адабий чыгармалардын мисалында кандайча түшүндүрүлүшү керектиги мугалимдердин методикалык секцияларында талкууланууга тийиш.

Кыргыз адабияты окутуу мамлекеттик эмес тилде жүргүзүлгөн мектептерде негизинен жергиликтүү элдин салтын, маданиятын, тарыхый басып өткөн жолун, элдик ишенимдерин үйрөтүү менен эӊ башкысы мамлекеттик тилди практика жүзүндө колдонууга түрткү берет. Кыргыз адабияты предмети – кыргыз тилин колдонууга, жазуу жана оозеки кеп маданиятын өстүрүүгө жардам берүүнүн башкы сыноо аянтчасы, көнүшүү тилкеси, тилдик билимин турмушта көрсөтүүнүн жакшы мүмкүнчүлүгү.

Окуу планындагы өзгөрүүлөр тууралуу

Быйылкы окуу жылында окуу  өзбек жана тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептерде кыргыз адабияты өткөн жылга сунуш кылынган окуу планына жараша жүргүзүлөт, тактап айтканда, аталган окуу предмети 5-класстан 11-класска чейин ар бир класста жумасына  1 сааттан окутулат. Кыргыз адабияты сабагын талаптагыдай жүргүзүү максатында өткөн окуу жылындагы бөлүнгөн окуу сааттарында өзгөрүү болгон жок. Демек, кыргыз адабияты сабагын  окуп-үйрөнүүнү колдоо, Мамлекеттик тил мыйзамын турмушка ашыруу боюнча иш-чараларды аткарууга көмөктөшүү, анын кадыр-баркын көтөрүү экендиги талашсыз. Кыргыз адабияты сабагын натыйжалуу окутуу, элдин салт-санаасын, маданиятын ж.б. турмушунда таанып-билүү тажрыйбасын (компетенттүүлүгүн) өстүрүү – айрыкча маанилүү.

Пайдаланылуучу окуу программалары

Окутуу өзбек, тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептер үчүн программа (түзүүчүлөр А.Муратов, К.Акматов) басылып, практикага сунуш кылынган. Ал нормативдик документ бүгүнкү күндө бардык мектептерге жетти. Оштогу өзбек мектептерин окуу китептери менен камсыз кылуу боюнча борбор бир катар окуулуктарды чыгаруунун камында турат.

Өзбек, тажик мектептериндеги кыргыз адабияты предметинин мазмуну, программа, окуу китептери боюнча ойлор-сунуштар мугалимдердин кеӊешмесинде кеӊири талкуудан өтсө дейбиз. Ошондой эле мындай пикирлешүү окутуу технологиялары боюнча да жүргүзүлүүгө тийиш.

Айта кете турган жагдай – өзбек, тажик, орус тилинде окутулуучу мектептердин кыргыз адабияты мугалимдери үчүн окуу китептери чыгып жатат, бул багытта мугалимдердин аракеттери да колдоого татыктуу. Айрым мектептер «Себат» кыргыз-түрк лицейлеринин окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн класстары үчүн 7,8,9,10,11-класстарынын 2006 – 2011-жылдарда чыккан окуу китептерин, видеофильмдерин, компакт-дисктерин пайдаланып келет, алар да чынында сабагыӊыздарды үзүрлүү кылууга жардам берер эле деп ойлойбуз.

Ал эми окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн жаӊы чыккан программа (түзүүчү топтун жетекчиси А.Муратов) колдонулат, ал программа “Айат” басмасынан 2009-жылы, Кыргыз билим берүү академиясынан 2011-жылы басылып чыгып, мектептерге жиберилген.

Окуу китеби катары А.Мусаев, Т.Үсөналиев автор болушкан 5,6-класстардын окуу китептери менен бирге эле жаӊы окуу жылына карата дээрлик башка бардык класстардын окуу китептери биринчи жолу чыгарылып, практикага сунушталмакчы. Бирок бир гана окуу китебин колдонуу жетишсиз, ар кандай башка кошумча китептерди да, тексттер жыйнактарын да колдонууну сунуш этебиз.

Окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептерде төмөндөгү окуу китептер колдонулат:

1. «Кыргыз адабияты», окутуу орус  тилинде жүргүзүлгөн мектептердин 5-класстары үчүн (авторлору: Мусаев А.,       Үсөналиев Т.), Бишкек, 2012-ж.

2. «Кыргыз адабияты», окутуу орус  тилинде жүргүзүлгөн мектептердин 6-класстары үчүн (автору:  Үсөналиев Т.), Бишкек, 2003-2006-жж.

3. «Кыргыз адабияты», окутуу орус  тилинде жүргүзүлгөн мектептердин 7-класстары үчүн (авторлору: Оморова А., Султанбекова Б.), Бишкек, 2012-ж.

4. «Кыргыз адабияты», окутуу орус  тилинде жүргүзүлгөн мектептердин 8-класстары үчүн (авторлору: Исакова Д., Жаркымбаева М.), Бишкек, 2012-ж.

5.  «Кыргыз адабияты», окутуу орус  тилинде жүргүзүлгөн мектептердин

9-класстары үчүн (авторлору: Оморова А., Досматова Д.), Бишкек, 2012-ж.

6.  «Кыргыз адабияты», окутуу орус  тилинде жүргүзүлгөн мектептердин 10-класстары үчүн (авторлору: Исаева В., Жээнтаева К.), Бишкек, 2012-ж.

7. «Кыргыз адабияты», окутуу орус  тилинде жүргүзүлгөн мектептердин 11-класстары үчүн (авторлору: Исакова Д., Ботбаева Т.), Бишкек, 2012-ж.

Окутуу өзбек тилинде жүргүзүлгөн мектептерде төмөндөгү окуу китептер колдонулат:

1. «Кыргыз адабияты», окутуу өзбек тилинде жүргүзүлгөн мектептердин 5-класстары үчүн (автору: Момуналиева С.), Бишкек, 2004-ж.

2. «Кыргыз адабияты», окутуу өзбек тилинде жүргүзүлгөн мектептердин 6-класстары үчүн (автору: Момуналиева С.), Бишкек, 2008-ж.

3. «Кыргыз адабияты», окутуу өзбек тилинде жүргүзүлгөн мектептердин 7-класстары үчүн (автору: Момуналиева С.), Бишкек, «Учкун», 2012-ж.

Секциялык иштерде талкуулануучу маселелер:

Август кеӊешмелеринде окутуу мамлекеттик тилде жүргүзүлбөгөн мектептердин кыргыз адабияты мугалимдеринин секциялары төмөнкүдөй маселелерди талкуулашкандыгы туура деп эсептейбиз:

• окутуу орус, өзбек, тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептер үчүн түзүлгөн билим берүүнүн мамлекеттик стандарты, ошол стандартка негизделген окуу программасы, алардын жетишкендиктери, кемчилдиктери, өркүндөтүүнүн жолдору;

• орус жана өзбек мектептери үчүн түзүлгөн окуу китептери боюнча пикирлер;

• мамлекеттик тилде окутуу жүргүзүлбөгөн мектептерде кыргыз адабиятын окутуунун жалпы өзгөчөлүктөрү;

• кыргыз адабиятын орус (өзбек, тажик) адабияты менен интеграциялап окутуунун ыкмалары;

• кыргыз адабиятын окутуу аркылуу этнолингвистикалык, этномаданий билим берүүнүн жолдору;

• тил аркылуу дил таанытуу;

• кыргыз адабияты сабагындагы сөздүк жумуштары;

• окутуу кыргыз эмес тилдерде жүргүзүлгөн мектептердин кыргыз адабияты мугалимдеринин иш тажрыйбалары;

• кыргыз адабиятынын материалдары аркылуу достукка, ынтымакка, улуттук биримдикке, Ата журтту сүйүүгө тарбиялоонун, «Кыргызстан – менин мекеним» деген идеяны сиӊдирүүнүн жолдорун биргелешип издөө;

• кыргыз адабияты сабагында техникалык каражаттарды, көргөзмөлүүлүктү пайдалануунун усулдары;

• кыргыз тилиндеги адабияттар менен камсыздоо боюнча мектеп китепканаларынын абалы ж.б.

А.Муратов, Т.Асанакунов

1 Kомментарий

  1. Кыргыз адабияты. Орус мектептер үчүн стандартка тактоо киргизүү зарыл. Анткени кайсы класста кандай чыгармалар окула турганы жазылган эмес. Сөзсүз, темалар сунушталшы керек.

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*