КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ (Кыргыз тилинде окуган мектептер үчүн)

“Кыргыз адабияты”  предмети жаш муундун руханий жан дүйнөсүн, эстетикалык аӊ сезимин, көркөм табитин, адептик-ыймандык жүрүм –турумун  калыптандыруучу предмет катары өзгөчө мааниге ээ. Ушундан улам  кыргыз  адабиятын  окутуунун  сапатын  көтөрүү  алдыда  турган  өтө актуалдуу  маселе .

2013-2014- окуу жылында орто мектептерде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги  тарабынан  мурда  бекитилген,    айрым өзгөртүүлөр менен  2011-2012- жылдарда жарык көргөн “Кыргыз адабияты” окуу  программасы  колдонулат.

Программада  адабиятты   үйрөнүү  үч  этапка бөлүнөрүн мугалимдердин эсине салабыз.

I этап. V- VII класс.   Адабияттык окуу курсу (литературное чтение).

II этап. VIII – IX класс.  Тарыхый-адабий курстун элементтерин ичине  алган,  системалык курска жакындатылган адабияттык окуу.

III этап. X–XI класс.  Кыргыз адабиятынын системалуу курсу.

I этап – бул адабияттык окуу. Мында окуучулар айрым-айрым чыгармалар, алардын үзүндүлөрү, жомок, макал-ылакап жана башка жеке-жеке жанрлар, ал жанрлардын эреже-жолуна ылайык жазылган, түзүлгөн кээ бир көркөм дөөлөттөр менен таанышат. Адабият теориясынан элементардык маалымат алышат. Бул класстарда жазуучунун жандуу сөзүн добушун чыгарып окуу, үн кубултуп көркөм окуу чоӊ орунду ээлейт. Текстти көркөм окуу жагынан мугалим  окуучуларга үлгү бериши  керек. Адабий текстти үйрөнүү, көркөм  окуу, тилдик талдоо чыгарманы аналитикалык талдоолор менен  айкалыштырылышы максатка ылайыктуу. Адабий каарман, көркөм чыгарманын жанрлары, тектери, түрлөрү, алардын айрымасы, сюжет, троп жана анын түрлөрү жөнүндө биле баштайт.

II этап – бул адабияттын спецификасына, образдар системасына, чыгармалардын мазмунуна тереӊдеп кире турган мезгил. Үн кубултуп көркөм окуу бул этапта да маанисин жоготпойт. Жазуучунун чыгармасын, адабиятты, адабий процессти доор, коомдук-тарыхый мезгил менен байланышта үйрөнүүгө алгачкы чалгын чалынат. Автордун биографиясынан окулуучу чыгармага байланыштуу кыска маалыматтар берилет.

III этапта  көркөм  чыгармаларды тарыхый-адабий негизде үйрөнүү системалык мүнөзгө өтөт. Искусствонун турмуш менен байланыштуулук принциби жетекчиликке алынат. Класста чыгарманын эстетикалык жана адеп-ахлак проблемаларына көӊүл буруу өзгөчө актуалдашат. Жазуучунун өмүр-баяны доор жана окулуучу чыгармалары менен байланышта каралат. X–XI класстардын адабият курсу обзордук жана монографиялык темаларды ичине алат. Адабий обзорлордо ошол мезгилдик тилкенин социалдык тарыхый өзгөчөлүгүн, учурдун коомдук-саясий, рухий эстетикалык таламдарынын адабияттын тематикасына жана проблемасына тийгизген таасири, чыгармалардын, адабий-көркөм процесстин мүнөздүү касиеттери кыска, так сыпатталат. Айрым этаптык мүнөздөгү урунттуу чыгармаларга кыскача токтолуп, алардын жалпы адабий өнүгүштөгү ордун белгилеп көрсөтүү максатка ылайык.

Адабиятты окутуунун кайсы гана этабында болбосун, чыгарманын көркөм образын, эстетикалык сулуулугун  анын идеялык адеп-ахлактык мазмуну менен бирдикте окутуп үйрөтүүгө көӊүл буруу зарыл. Көркөм чыгарманы идеялык-тематикалык планда гана талдап, көркөм формасын унутта калтыруу – адабияттын образдык спецификасын унутуу деген сөз. Адабиятты окуп жатып, окуучу сөз даамын татсын, көркөм образдан рахат алсын, жазуучунун тилине тамшансын, сөз байлыгы өссүн, каармандар менен кошо толгонсун, күлсүн, ыйласын жана алар менен бирге азапка кабылсын, турмуштук татаал  суроолорго жооп издесин, адабий табити тарбиялансын, эӊ негизгиси, руху арууланып, инсан катары өссүн, ошол өсүүдө окуган адабий чыгармасы көмөк көрсөтсүн. Бул үчүн окутуунун ийкемдүү формаларын, методдорун, каражаттарын, жаӊы ыкмаларын колдонуу талап кылынат. Лекция, диспут, семинар, сабак-сахна, сабак-конференция, адабий викторина, сабак-тегерек үстөл сыяктуу жана башка салттык жана интерактивдүү формаларды, ыкма-жолдорду активдүү пайдалануу, окуучулардын өз алдынча иштешине, доклад, реферат, билдирүү, рецензия, аннотация, изложение жазышына көбүрөөк көӊүл буруу жакшы натыйжаларды берет.

Окуучунун мамлекеттик тилде бай лексика менен сабаттуу сүйлөй жана жаза билиши адабиятты мектепте сабаттуу окутууга байланыштуу экенин эстен чыгарбоо керек.

Адабият боюнча окуучулардын билиминин тереӊдешине жана кеӊейишине техникалык жана көрсөтмө каражаттар, кино, радио жана телеберүүлөр, компьютер, Интернет, видеотасмалар менен иш жүргүзүү чоӊ мааниге ээ болот. Адабият сабагын класстан тышкаркы ийрим иштери, адабий кечелер, диспут, КВН, музейлерге, концерт, кинотеатрларга, адабияттык жайларга экскурсияга баруу, эл арасында китепти пропагандалоо жана кошумча, тандоо сабактарын өткөрүү менен тереӊ айкалыштыруу зарыл.

Окуу планындагы кыргыз адабияты боюнча сааттардын  бөлүштүрүлүшү:

5 – класста – 68 саат,  6 – класста – 68 саат,  7– класста –102 саат, 8 – класста – 68 саат,  9 – класста – 102 саат ,  10– класста – 102 саат ,  11– класста – 102 саат,

Адабият  мугалимдеринин  эсине сала турган  нерсе 2012-2013-окуу жылында     Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги  бекиткен окуу планы боюнча 8-класста адабият предметине бөлүнгөн мурдагы 102 саат кыскарып, 68 саат болгон. Ушуга байланыштуу 8-класска бөлүнгөн 68 саат  адабият программасында  төмөнкүчө бөлүштүрүлгөндүгүн мугалимдердин эсине салабыз.

8-КЛАСС (68 саат)

Байыркы Орхон-Эне-Сай жазма эстеликтери жөнүндө жалпы маалымат (1 саат).

Күл Тегиндин эстелигиндеги ташка чегилген жазуулар (Кичине жазуу, чоӊ жазуу) (1 саат).

Кыргыз элинин оозеки көркөм казынасы, Жалпы обзор (1 саат), «Манас» (12 саат), «Семетей» (10 саат), «Сейтек» (8 саат),  түрк элдеринин орток мурастарынан.

Жусуп Баласагын «Кут алчу билим» (3 саат), Махмуд Кашкари. «Түрк сөздөрүнүн жыйнагы» (2 саат).

Уламышка айланган акылман инсандардын мурастарынан

Асан Кайгы, Токтогул, Кетбука. (1 саат), XIX – XX кылымдагы эл, ырчыларынын чыгармачылыгы, Жалпы обзор (1 саат).

Калыгул Бай уулу. «Калыгулдун сөзү», «Санат, насыят, терме ырлары», «Акыр заман» (2 саат), Арстанбек Буйлаш уулу. «Тар заман» (2 саат).

Токтогул Сатылгановдун ырлары: «Кош, апаке», «Айланган тоонун бүркүтү», «Эӊсеген элим, аманбы», «Жаштарга», «Эшмамбет менен учурашуу», «Гүлдөп ал», «Дүнүйө»,  «Алымкан»,  «өмүр», «Карылык», «өлүм алдында ырдаганы». Поэмасы:  «Кедейкан» (4 саат).

Жеӊижок (Өтө Көкө уулу). «Балалык», «Жалгыз тал менен сүйлөшүү», «Аккан суу», «Үй-бүлө», «Ак куржун толо ыр калды» (2 саат).

Барпы Алыкулов. Ырлары: «Ынтымак», «Айт, айт десе», «Күн», «Шамал», «Дүнүйө», «Көз», «Кулмырза менен Аксаткын». Сүйүү лирикалары: «Мөлмөлүм», «Мырзайым», «Буракжан», «Гөзал кыз» (3 саат).

Чыгыш классикасынан;  Ш.Руставели. «Жолборс терисин жамынган баатыр» (4 саат), Сөз өстүрүү, жазуу жумуштары үчүн – 8 саат,Кайталоо үчүн – 2 саат.

8-класс үчүн ушул бөлүштүрүү 2013-2014-жылында да жетекчиликке алынат.

Эскертүү: Сейит Жетимишевдин 9- класстагы “Эл арасында” романы класстан тышкаркы окууга которулду. Аталган романга бөлүнгөн сааттарды эмнеге пайдалануу керектиги  мугалимдин  эркине калтырылат.

Адабият мугалимдери август кеӊешмесинде талкуулай турган маселелердин болжолдуу тематикалары:

1. Бүгүнкү күндүн  шарттарында  кыргыз адабиятын  мектептерде  окутуу:  көйгөйлөрү,  милдеттери,  келечеги.

2. Адабиятты окутууда окурмандык  ишмердүүлүктү   өркүндөтүү                     аркылуу      окуучулардын     адабий  жана адептик – маданий  компетенттүүлүктөрүн   калыптандыруу.

3. Адабият  сабагында  окуучуга  билим берүү менен тарбиялоонун  биримдүүлүгүн  камсыз кылуунун актуалдуу милдеттери.

4. Адабият сабагында окуучунун окуу ишмердүүлүгүн  уюштуруу,   сынчыл ойломун өстүрүү   аркылуу  алардын  компетенттүүлүгүн  калыптандыруу.

5. Кыргыз  адабиятын окутуунун материалдык,  окуу  –  педагогикалык  базасын  чыӊдоо менен  адабий  билимдин сапатына камсыз кылуунун маселелери .

6. Бүгүнкү мектеп окуучуларынын көркөм чыгармаларды   окуусунун абалы жана балдардын  окурмандык  активдүүлүгүн  көтөрүүнүн жолдору.

7. Адабиятты окутуунун  технологиясын жаӊылоо жана  модернизациялоо – адабий билим берүүнүн сапатын жогорулатуунун булагы.

8. Адабиятты окутуунун процессинде окуучулардын адептик–ыймандык жана көркөмдүк-эстетикалык компетенттүүлүктөрүн калыптандыруу жолдору.

9. Чыгарманы идеялык-тематикалык талдоону көркөмдүк-эстетикалык талдоо менен айкалыштыруу – адабият сабагынын натыйжалуулугун арттыруунун фактору.

10. Көркөм чыгарманы окутуу процессинде окуучунун оозеки жана жазуу кебин өстүрүүнүн жолдору;

11. Көркөм чыгарманы үйрөнүү процессинде окуучуларды патриоттуулукка, мекенчилдикке, достукка тарбиялоо жолдору;

2013-2014-окуу жылында 5-11-класстарда «Кыргыз адабияты» предмети боюнча колдонула турган окуу китептери төмөндөгүлөр:

«Биздин адабият», 5-класстар үчүн, авторлору: Артыкбаев К., Исаков Б.;

«Биздин адабият», 6-класстар үчүн, авторлору: Сманбаев А., Ишекеев Н.;

«Кыргыз адабияты», 7-класстар үчүн, авторлору: Алымов Б., Муратов А.;

«Көркөм сөз өнөрү», 8-класстар үчүн, авторлору: Мусаев С., Исакова Ч.;

«Кыргыз адабияты», 9-класстар үчүн, автору: Алымов Б.;

«Кыргыз адабияты», 10-класстар үчүн, авторлору: Асаналиев К., Байгазиев С., Жигитов С., Иманалиев К.;

«Кыргыз адабияты», 11-класстар үчүн, авторлору: Артыкбаев К., Асаналиев К., Байгазиев С., Иманалиев К., Ишекеев Н., Муратов А.

Булардын ичинен 8-класстар үчүн эки окуу китебин теӊ колдоно берүүгө болот.

Кошумча колдонулуучу адабиятар:

1.         “Кыргыз адабиятынын тарыхы”, – (7 томдук ) Бишкек, 2004

2. Кыргыз адабияты ( Анталогия  -10 томдук ). – Бишкек, 2012

3. К.Артыкбаев.  20 кылымдагы кыргыз адабиятынын тарыхы.-  Бишкек, 2007

4. “Манас” энциклопедиясы  (2 томдук). –  Бишкек, 1995.

5. Р.З.Кыдырбаева. К.Асаналиев.  Кыргыз адабий илиминин терминдер сөздүгү. – Бишкек, 2004.

С.Байгазиев

1 Trackback / Pingback

  1. AЕџkД± n KitabД AltyazД± lД Izle - Morgana freeman — host morgan freeman …

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*