Даанышман бабабыз Жусуп Баласагындын атындагы куттуу университетте ойчулдун “Куттуу билим” китебине уйкаш ысым алып жүргөн мугалимдердин көзгө басаар, жалгыз республикалык “Кутбилим” газетасынын 60 жылдык майрамы өткөнү символикалуу болду десек жаңылышпайбыз. Куттуу майрамга келген Өкмөт жетекчилери, Жогорку Кеңештин депутаттары, академиктер, окумуштуулар, жождун, кесиптик окуу жайлардын жана Бишкек шаардык мектептеринин жетекчилери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү бир ооздон “Кутбилим” газетасынын өзүнүн опол-тоодой орду жана маанилүү жүзү бар экенин, агартуучулардын акыл-билимин байыткан нарк-дөөлөттүү булак болуп келатканын, билим берүүдө, тарбиялоодо салттуулук менен инновациялык технологиялардын акыл ордосу экенин, Билим берүү жана илим министрлигинин алдында гезиттин ресурсун чоңойтуу боюнча чоң маселе турганын, керек болсо газетага улуттук статус берүү керек деген улуу сөздөр, бийик ойлор, ыйык кептер айтылды. Андан соң, юбилейге арналган “Мугалимдер газетасы” – “Кутбилим: 60 жыл агартуу кызматында” аттуу илимий-практикалык конференцияда КБАнын вице-президенти, филология илимдеринин доктору, профессор Советбек Байгазиевдин “Кутбилим” – жаңы доордун жарчысы”, УИАнын мүчө-корреспонденти, профессор Эсенбек Мамбетакуновдун “Педагогикалык басма сөздүн учурдагы милдеттери”, белгилүү тарыхчы, профессор, Кыргыз тарых коомунун президенти Тынчтыкбек Чороевдин “Кыргыз медиа жана Интернет маселелери”, “Манас” кыргыз-түрк университетинин окутуучусу, саясий илимдеринин кандидаты Бакыт Орунбековдун “ЖМКлардын кесиптик-этикалык маселелери”, УИАнын илимий кызматкери Уран Ботобековдун “ЖМКнын өткөөл мезгилдеги агартуучулук ролу” жана коомдук ишмер Алмаз Кулматовдун “ЖМК жана сөз жоопкерчилиги” аттуу докладдары катышуучулардын купулуна толду. Аталган окумуштуулардын докладдары газетабыздын келээрки санында жарыяланат. Бул жолу иш-чарада айтылган куттуктоолорго орун берели деп чечтик.
Калыс Шадыханов, КР Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы:
– «Кутбилим» гезитинин 60 жылдык мааракеси менен анын эмгек жамаатын жана жалпы эле агартуу журтун зор кубаныч менен куттуктайбыз. «Кутбилим» көп жылдар бою өлкөбүздөгү интеллектуалдык коомдун ажырагыс бир бөлүгү болуп, агартуу журтунун акыл-билимин байыткан нарк-дөөлөттүү булак болуп, кызмат кылып келатат. Маалымат таратуудагы тактык, чындык, объективдүүлүк жана жогорку деңгээлдеги кесиптик этикалык позиция «Кутбилимдин» журналисттерин айырмалап турган өзгөчөлүк болуп саналат. «Кутбилимдин» журналисттеринин макалалары маселе коюунун таамайлыгы, талдоонун тереңдиги жана компетенттүүлүгү менен элге алымдуу болууда.
«Кутбилимдин» жамаатына чыгармачыл ийгиликтерди каалайм.
Назаркул Ишекеев, Билим берүү жана илим министринин орун басары:
– “Кутбилим” – өлкөнүн билим берүү системасынын өткөнүнүн, бүгүнкүсүн жана келечегин таржымалдаган тарых намызгысы. Ал өлкөдөгү агартуу иш залкарлардын педагогдук жана инсандык тагдырдын энциклопедиясы. “Кутбилим” жалпы педагогикалык, дидактикалык, атайын педагогикалык, ошондой эле окутуу жана тарбиялоонун теориясы менен методикасынын антологиясы десек болот. “Кутбилим” билим берүүдөгү тарбиялоодо салттуулук менен инновациялык технологиялардын акыл ордосу. Ошондой эле ал билим берүүдөгү, тарбиялоодогу көз караштардын көп түрдүүлүгүн, эркиндигинин, айкындуулугунун жана актуалдуулугунун маяны. Урматтуу, газетанын эмгек жамааты, мааракеңиздер кут болсун!
Каныбек Осмоналиев, ЖКнын Билим, илим, маданият жана спорт комитетинин башчысы:
– “Кутбилим” газетасынын 60 жылдыгына арнап Жогорку Кеңештин атынан, жалпы депутаттардын атынан улуу сөз сүйлөгөнгө мен үчүн чоң сыймык. Биз жакшы билебиз, айрыкча, билим берүү системасында бул массалык маалымат каражаты абдан маанилүү экендигин. Мугалимдер газетасы кийин “Кутбилим” болуп аталып калышы, менимче, жалпы эле билим берүү системасындагы, массалык маалымат каражаттарындагы абдан чоң окуя болду деп эсептейбиз. Биз бала кезден баштап, андан кийин студент, анана мугалим болгондо “Мугалимдер газетасынын” бир да санын калтырбай алып, окуп, аны жакшынакай кылып, бапестеп ирээти менен тигип койчубуз. Ал кезде массалык маалымат каражаттары азыркы убакытка караганда аз болчу, бирок саз болчу. Мен өзүмдү бактылуу сезем ошол “Мугалимдер газетасы” кийин “Кутбилимге” айланганын. Бүгүнкү күнү “Кутбилим” газетасы өз ордун тапты. Билим берүү жана илим министрлигинин алдында гезиттин ресурсун чоңойтуу боюнча чоң маселе турат. ЖКнын билим берүү профилдик комитетинин башчысы катары жардам бергенге мен даярмын. Жамаатты мааракеңер менен куттуктаймын! Калемиңер курчуй берсин!
Чыныбай Турсунбеков, КСДП депутаттык фракциясынын лидери:
– «Кутбилим» гезитинин 60 жылдык маараке-салтанаты менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин КСДП депутаттык фракциясынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм.
Алгач «Мугалимдер газетасы» деген ат менен жарыкка чыгып, эгемендикти алгандан кийин «Кутбилим» аталган гезит өлкөбүздүн билим берүү тутумун өнүктүрүү багытында ат көтөргүс, баа жеткис эмгек кылып келе жатканыңыздар менен сыймыктанабыз.
Мындан ары да «Кутбилим» гезити жана анын жамааты илим-билим үчүн жол көрсөткүч болуп, гезит беттеринде биздин ардактуу мугалимдерибиздин талыкпас эмгеги, алдыңкы тажрыйбалары чагылдырылып, ушундай татаал мезгилге карабай баардык күчүн билим берүүгө, жаш муундарды тарбиялоого, жаш кадрларды даярдоого жумшап, мугалим, окутуучу деген ыйык наамды бийик көтөрүп келе жаткан билим берүү каармандарын даңазалай берет деп ишенебиз.
Учурдан пайдаланып, дагы бир ирет «Кутбилим» гезитинин жамаатын майрамыңыздар менен куттуктайбыз жана сиздерге узун өмүр, чың ден соолук, чыгармачыл ишиңиздерге албан-албан ийгилик, жашоодо бакыт-таалай каалап кетмекчибиз!
Абдрахман Мавлянов, КР ЖАКтын төрагасы:
– Сиздерди газетаңыздардын түптөлүшүнүн 60 жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз. Алгач «Мугалимдер газетасы», кийин «Кутбилим» аталышы менен чыккан, өзүңүздөр белгилегендей, «педагогикалык акыл ой жарчысына айланган» даанышман гезитиңиздер – эл сүйүп, күтүп окуган, тарбия-таалим берген нукура элдик гезит. «Билим алуу – ийне менен кудук казгандай», «Мугалим – мөмөлүү дарак» деген элибиздин асыл макалдары кыргыз баласына кичинесинен эле айтылып келген накыл сөздөрүнөн эмеспи. Бул макалдарда айтылгандай билим алуу, илимге киришүү, илимди өркүндөтүү, тарбия-таалим берүү менен кесиптенген биздин ардактуу мугалимдерибизге, окутуучуларыбызга, ошондой эле республикабыздагы илимий-педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу иштерине да айтса сөз жетпеген кызмат, талыкпас эмгек кылып келесиздер. Бүгүнкү күндө мекенибизде канча адам жашаса – алардын бардыгы сиздердин окурмандарыңыздар деп билүүгө болот. Ылайым калемиңер курчуй берсин! Сиздерге мындан ары да ийгиликтерди, гүлдөп өеүгүшүңөрдү кажыбас кайрат жана окурмандарыңыздардын саны күн санап көбөйө беришин чын ыкластан каалайбыз.
Абдыганы Эркебаев, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти, академик:
– Доорубуздун күзгүсү – «Кутбилим» газетасынын алтымыш жылдык юбилейи менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм.
Улуттук билим менен илимдин шам чырагы саналган «Кутбилим» газетасынын басып өткөн байманалуу жолу Кыргыз мамлекетинин агартуучулук тармагы жана улуттук интеллигенциянын торолушу менен эриш-аркак байланышкан. Алтымыш жылдык мезгил мерчеминде мурдагы «Мугалимдер газетасы», бүгүнкү «Кутбилим» басылмасы мугалимдер менен окумуштуулардын кызыкчылыгын коргоп, педагогикалык илим менен практиканын алдыңкы сабында агартуучулук ак кызмат өтөп келди. Басылма мугалимдер менен окумуштуулардын кубанычы менен кайгысына, улуттук билим берүүнүн өтмүшү менен келечегине ар дайым ортоктош болуп келгени кашкайган чындык.
Газета калкыбыздын билим жана илим казынасын байытууга, өлкөбүздүн интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө орчундуу салым кошту. Кыргызстандын илимий жана чыгармачыл коомчулугунун өкүлдөрү «Кутбилимди» кастарлап окуп, анын акылын угуп, бир жагынан өзүнүн кесиптик деңгээлин көтөрүп, экинчи жагынан элге-журтка кеңири таанылып жатат. Биз, Улуттук илимер академиясынын окумуштуулары, «Кутбилим» менен болгон кызматташтыгыбызды кымбат баалайбыз жана аны жемиштүү улантабыз деп ишенебиз.
Урматтуу Кубат Асангазиевич! Учурда газетанын окумдуулугу артып, калк арасында аброю көтөрүлгөнү Сиздин иш билги жетекчи, чыгармачыл жамааттын башын кошкон жетик уюштургуч жана таланттуу калемгер экениңизди айгинелеп турат.
Урматтуу «Кутбилимдин» калемгерлери! Мындан ары дагы кесиптик чабытыңар кеңейип, ишиңерди чыгармачылык менен изденүүчүлүктүн ийгилиги коштой берсин! Ылайым басылманын ар бир санынан калктын агартмандык деми сезилип, улуттук илим менен билимдин келечек тагдыры терең талданып турушуна тилектешмин!
Алтай Бөрүбаев, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, академик:
– 60 жылдык маараке – чоң маараке. “Кутбилим” газетасы – даңктуу, даңазалуу, мазмундуу. Ал билим берүү, илим тармагында өзүнө татыктуу болуп турат. Бул басылмада көптөгөн таржымакалдар жарык көргөн. Жаңы-жаңы идеялар, ойлор айтылган гезит болуп келатат. Өзүмдүн атыман жамаатты куттуктагым келет.
Ар бир гезитттин өзүнүн жүзү болот. “Кутбилимдин” дагы жүзү бар. Азыркы мезгилде гезиттер аябай көбөйүп кетти. Алардын арасында “Кутбилим” өзүнүн жүзүн жоготпой, татыктуулук менен келаткан гезит. Айтайын дегеним, бул гезиттин жогорку деңгээлде, өзүнүн позициясын алып келаткандыгына, албетте, башкы редактордун бекемдиги, эмгеги, даремети, граждандык позициясын кармап келаткандыгында деп ойлойм. Кубатбек Асангазиевичти Москва университетинде 3-курста окуп жүргөнүнөн тарта жакшы билемин. Мен анда Москвада докторантурада окучум. Ошондон билем. Башкы редактордун билими бийик, ички дүйнөсү кең, журналисттик маданияты менен коомго таанымал.
Абдылда Мусаев, БГУнун ректору:
– Чыныгы чыгармачылыкты, тынымсыз талыкпай изденүүлөрдү талап кылган сиздердин иш-аракетиңиздерде мынчалык мезгилдик аралыкты аз деп айтууга эч кимдин дити даабас деп ойлоймун. Анткени «Кутбилим» газетасынын ар бир кызматкери заманыбыздын татаал жана тарыхый маанилүү залкар милдеттерине шайкеш эмгектенүү үчүн шык-жөндөмдөрүн, күч-аракеттерин жумшап жатышат. Азыркы күндө педагогикалык, илимий акыл-ой жарчысына айланган бул гезит Кыргызстандын агай-эжейлерине тармактагы эң маанилүү жаңылыктарды өз убагында жеткирип, алдыңкы тажрыйбаны жайылтуу милдетин татыктуу деңгээлде аткарып келет. Газетанын беттеринде илим-билим чөйрөсүндөгү эң орчундуу окуялар, окутуу, таалим-тарбиянын баалуулуктары, анын ичинде Бишкек гуманитардык университетинин иш-чаралары да кенен чагылдырылууда. Биз «Кутбилим» газетасынын ар бир санынан түрдүү мазмундуу жана кызыктуу макалаларды окуу менен жаңылыктарга байып турабыз. Газетанын макалаларынан биздин университеттин окутуучулары жана студенттери өздөрүнө керектүү жана пайдалуу маалыматтарды ала алышат.
Мындан ары да биздин мындай чыгармачылык жана изденүүлүк иш-аракетибиз биргелешип, улам жаңы ийгиликтерге умтула берүүсүнө тилектешпиз.
Сиздерге бекем ден соолукту, чыгармачылык олуттуу табылгаларды жана адамдык татыктуу, бактылуу өмүрдү каалайбыз!
Даярдагандар: Гүлнара Алыбаева “Кутбилим”, Нурия Кудайбергенова
Оставить комментарий