И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин көркөм маданият жана билим берүү факультети Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт сарайында түзүлгөнүнө 55 жылдык мааракесин өткөрдү. Салтанатка ЖКнын айрым депутаттары, маданият ишмерлери, окутуучулар, окуу жайдын мурдагы бүтүрүүчүлөрү, коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана студенттер катышты.
И. Арабаев атындагы КМУнун көркөм маданият жана билим берүү факультетинин тарыхына кылчайсак, 1958-жылы ал кездеги В.Маяковский атындагы Кыргыз кыз келиндер институтунун курамында музыкалык-педагогикалык факультети болуп уюштурулуп, 1986-1987-окуу жылында факультеттин курамында сүрөт, чийүү жана костюмду моделдөө кафедрасынын ачылышы менен кайра түзүлгөн. Ал эми 1999-жылы маданият факультетинин базасында маданият билим берүү борбору уюштурулуп, 2000-жылдан баштап Көркөм маданият жана билим берүү факультети болуп аталган.
Учурда факультетте жогорку квалификациядагы адистер, ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү, магистранттары, КРнын маданиятына жана билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмерлер, композиторлор, сүрөтчүлөр союзунун мүчөлөрү, республикабызга кеңири белгилүү талант ээлери, профессорлор эмгектенишип, жаш муундарды өнөр дүйнөсүнө тарбиялоого өз салымдарын кошуп келишет.
Салтанатта КМУнун ректору Т. Абдырахманов, ЖК депутаты Б.Төрөбаев, коомдук ишмерлер Н.Алымбеков, А. Майлиев ж.б. чыгып сүйлөшүп, факультеттин аткарып келе жаткан ишине бийик баа беришти. Факультеттин деканы Э.Токсобаева өз сөзүндө кечеде окуу жайда заманбап мезгилден артта калбай бардык болгон аракеттер көрүлүп келе жатканын, натыйжада аталган факультет республикабызда маданияттын жана искусствонун татыктуу очогуна айланганын сыймык менен айта аларына токтолду.
Мааракеге арналган чоң программадагы концертке факультеттин бүтүрүүчүлөрү КР Эл артисти Г. Садыбакасова “Кыз бурак” тобу менен, КРнын Эл артисти Э. Нурманбетова, КРнын эмгек сиңирген артисттери – А. Карымов, С. Каримов, Д. Райымбекова өңдүү белгилүү ырчылар катышты. Мындан тышкары, костюмду көркөм долбоорлоо кафедрасы тарабынан даярдалган модалык кийимдердин коллекциясы көрсөтүлдү. Юбилейлик салтанат музыка кафедрасынын башчысы Кубат Жакыповдун сценарийинин негизинде коюлуп, көрүүчүлөрдүн купулуна толду.
М.КАЙЫПОВ
Оставить комментарий