2013-жылы «Манас. Семетей. Сейтек» үчилтиги ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине Кыргыз Республикасынын атынан киргизилип жаткандыктан, бул жыл – биздин өлкөнүн эл аралык маданий турмушунда маанилүү жыл болуп эсептелет. Ошого байланыштуу “Айгине” маданий- изилдөө борборунун демилгеси менен КРнын Маданият жана туризм министрлиги, ЮНЕСКОнун Улуттук комиссиясы менен бирдикте Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда “Манас” жана “Семетей” видеоверсияларынын бет ачаар аземи болуп өттү. Бул иш-чарага Бишкек шаарынын мектеп окуучулары менен жождордун студенттери активдүү катышып, 13 манасчынын айтуусунда тартылган 51 сааттык видеоверсиялардын слайд-шоусун көрүп, ошондой эле алардын аткаруусундагы “Семетей баатырдын баянын” угушту. Мындан сырткары, бул иш-чаранын көркүн Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борборунун үлгүлүү “Шаттык” бий ансамбли, патриоттук жаӊы ыры менен белгилүү ырчы Үмүт Тилегеновалар келгендердин купулуна толушту. Ошондой эле жаш манасчылар жана Нурак Абдрахмановдун мектебинин окуучулары дагы кыргыздын күүлөрүн ойноп, манастан үзүндү айтышты.
Гүлнара АЙТПАЕВА,
“Айгине” маданий-изилдөө борборунун директору:
– Салттуу маданиятыбыздын туу чокусу, кылымдарды карыткан ”Манас”, “Семетей”, “Сейтек“ үчилтиги бүгүн дагы кыргыз элинин жан-дүйнөсүндө жашап келет. Улуу баянды муундан-муунга сактап келе жаткан – манасчылар. Азыркы илим-билим өнүккөн мезгилде байыркы баян жаӊырып, оозеки таризин жоготпой келе жатат. Ошону менен бирге мезгил агып, улуу дастаныбызды манасчылардын жаӊы муундары аркалап келе жатышат. Заманбап манасчылардын көкүрөгүндө жашаган, кайыптар дүйнөсүнөн келип, эл ичине тараган улуу баян угармандардын купулуна толуп, кыргыз элинин руханий дүйнөсүн байытууга жана өркүндөтүүгө өз салымын кошот деп ишенебиз. Бул иш-чара – азыркы күндө айтылып жаткан дастанды элдерге кенен таанытуу, улуу баянды сактоо жана өнүктүрүүгө багытталган аракет.
Самат КӨЧӨРБАЕВ,
манасчы:
– «Манас», «Семетей», «Сейтек» дастанынын айтуучуларын жалпысынан манасчы деп атайбыз. Анткени «Манас» туу башында турат эмеспи. Мурдагы өткөн залкар манасчылардын арасынан үчилтиктин «Семетей» бөлүмүнөн көбүрөөк жана мыкты айткан айтуучуларды эл семетейчи деп аташкан. Буга семетейчи Акмат Рысмендиев менен Сейдене Молдоке кызы кирет. Ал тургай Сагынбай Орозбаков «Семетей» бөлүмүн «Манастан» да ашыра жогорку көркөмдүктө жана мыкты чеберчиликте айтканы замандаштарынын эскерүүлөрүндө айтылат. Анын айткан «Семетейи», тилекке каршы, бизге мураска калган эмес. Бирок Саякбай атабыздын бизге калтырган жалпы мурасынын үчтөн экисин «Семетей» бөлүмүндөгү окуялар түзөт. Кичинемден мен «Манас» бөлүмү менен кошо «Семетейден» айтканыма так ушу Саякбай атабыздын радиодон айткан «Семетейи» таасир берди деп ойлойм. Өзгөчө, радиодон «Каныкейдин Тайторуну чапканы», «Каныкейдин Таластан Букарга качканы», «Каныкейдин жомогу» өӊдүү окуяларды көп уктум. Саякбай атабыз кандай айтса сөзмө- сөз, ал тургай, обондорун да так өзүндөй кылып туурап айтууга далалат кылаар элем. Улуу манасчыбыз «Каныкейдин Тайторуну чапканы» деген окуяны элдин жүрөгүнө жеткире, жогорку чеберчиликте айткандан, ал көптөгөн «Манас» айтуучулардын эӊ алгачкы тушоосун кескен окуялардын бири.
Назаркул СЕЙДРАХМАНОВ,
манасчы:
– Азыр ойлоп көрсөм, кичине кезимден эле мага аян берилген учурлар болуптур. Мага эле эмес, чоӊ атамдын дагы түшүндө аян берилген экен. Ошондуктан ал киши улуу дастандын көп окуяларын айтып берип, ал тургай китептерди өзүмө көп окутчу эле. Көп учурда ээлигип, жан дүйнөмдү кандайдыр бир күч алып-учуп, көкөлөп өйдө учкумду келтиргенде, «Манастан» үзүндү айтып, же болбосо чоӊ атам окуткан китептерден окусам жеӊилденгенсип калчу элем.
Мектепте ортончу класстарда окуп жүргөндө, «Манасты» көбүрөөк айтып, сынактарга катышып, жеӊишке жетише баштадым. Ошол кезден азыркы убакытка чейин «Манас», «Семетей», «Сейтек» үчилтигинин бардык окуяларын айтып жүрөм. Улуу баяндын кайсы гана окуясы болбосун, бардыгы жан дүйнөмө жакындай сезилет.
Дөөлөтбек СЫДЫКОВ,
манасчы:
– «Манас» дүйнөсү океандай тереӊ, ааламдай кенен дүйнө. Муну эч ким айтып бүтө алган эмес, айтып бүтө да албайт, айтып бүтүү да мүмкүн эмес. «Манасты» айтып бүтүрөм дегендин өзү жанагы океандын жээгине келип, кумурсканын «сууну түгөтө ичем» дегениндей эле кеп. Мен өзүм дастанды аягына чейин айтып көргөн эмесмин. Бирок «Манас», «Семетей», «Сейтек» үчөөнү теӊ эле айтып жүрөм. «Семетейге» келсек, өзүмдүн көӊүлүмө көп жактырып айткан окуяларым бул: «Каныкей эненин жомогун» жана «Семетейдин Үргөнүчтү кечкен» жери.
Бир жолу түшүмдө Семетей баатыр, Күлчоро, Канчоро үчөө барып, Үргөнүчтү кечкен аткан жери экен. Баарыбыз Үргөнүчтүн жээгинде турабыз. Ал ушундай сүрдүү, чап-жаак келген киши экен. Күлчоро акжуумалынан келген, ушунчалык сулуу киши экен. Дүйнөдө көп эле кишини көрдүм, мейли кызын, мейли эркегин, бирок Күлчородой сулуу кишини көргөн жокмун. Сүйлөгөндө ыр менен куюлуштуруп сүйлөгөн киши экен. Анан Семетейге кайрылып айтып аткан экен:
«Эки бала ээрчиттиӊ,
Бири дөӊ да, бири бел.
Бири суу да, бири сел,
Бири токой, бири чер.
Экөөбүздү эрешен тартып эр кылдыӊ,
Эр уулу менен теӊ кылдыӊ.
Кимибизди бар десеӊиз, баралы» деп, ыр менен төгүлтүп айтып берип аткан экен.
Ошонун таасиринен уламбы, айтор, мен ошол жерин көп айтам.
Тилек АСАНОВ,
манасчы:
– Бир күнү түшүмдө Семетей, Күлчоро, Канчоролор кирип, алар менен ээн талаадан жолуктум. Анан аркаман үн угулуп, көрүнбөгөн бир кишинин мындай деген үнү чыкты: «Ой, буларды жакшылап көрүп, таанып ал, бул Семетей болот» деп, Семетейди көрсөттү. Ал кызыл жүздүү, мурутчан, кызыл буурул ат минген зор киши экен. Андан кийин Күлчорону көрсөттү. Ал оттой жанган жигит экен. Алдында минген сур атын ары-бери ойнотуп турду. Андан кийин Канчорону көрсөтүп, мындай деди: «Буларды жакшылап көрүп, таанып ал. Эгер көрүп тааныбасаӊ, анан кайдан айтасыӊ», – деди.
«Семетей» дастанын баштан аяк толугу менен айта алам. А бирок ошонун ичинен көбүрөөк айта турган жыйырмадай окуя бар. Мен баатырды жаӊы айта баштаган учурда, «Манаска» караганда «Семетейден» көбүрөөк айтчумун. Себеби мага «Семетейдин» жүгү жеӊилирээктей сезилчү. Ал эми азыркы учурда кайра «Манаска» ооп, көбүрөөк «Манастан» айтып калдым.
Кубанычбек АЛМАБЕКОВ,
манасчы:
– Чоӊ атам Алмабеков Тойчубектин жана өз атам Алмабеков Касмаалынын «Семетей» айтканын угуп калдым. Алар «Семетейди» көп айтышчу.
Менин бабам Дыйканбай – элге белгилүү манасчы, жамакчы жана жарчы киши болгон. Тыныбек манасчы Дыйканбайдын «Семетейди» айтканын угуп, баа берип, «сендей семетейчи кыргызда кылымда бир эле чыгат. «Семетейди» көп айт» деген экен. Ошондон тартып, «Семетейди» Дыйканбай, Алмабек, Касым, Касмаалы деген менин аталарым аябай көп айткан. Дыйканбай атабыз Үркүндө Текесте жүрүп да «Семетейди» «Манастан» ашып айтып, элдин батасын көп алган. Менин түшүмө Семетей баатыр көп жолу кирди. Биринчи жолу аны 9-10 жашымда кара-кер атчан, колуна Акшумкарды кондуруп алып, Чоӊ-Ак-Суунун капчыгайына кирип баратканын түшүмдө алыстан көрдүм. Айчүрөктүн ак куу болуп учуп баратканын кийинки жылдары көрдүм.
1995-жылы “Манас” эпосунун 1000 жылдыгында «Манас» айтып, боз үй тигип конуп калдым. Түшүмө Семетей, Айчүрөк, Каныкей менен Күлчоро кирип: «Биз эми кайып болуп кетебиз, сен биз жөнүндө айтып жүр», – дешти. Эртеси эртеӊ менен түшкө чейин «Семетей» айтыптырмын, ошондо уккан эл: «Айчүрөктүн 12 канды сынаганын», – айттыӊ дешти. Жашоомдо мага байланыштуу бир жакшылык болоордо Семетей, Күлчоро, Канчоро баатырлар, Тайбурул менен Суркоён кирип турат.
Анарбек ЖУМАЛИЕВ,
манасчы:
– Атам Жумаалы уулу Ашыраалы уламыш, санжыра айткан адам эле. Чоӊ атам Жумаалы уулу Жанаалы «Семетей» айтчу экен, бирок өзүм уккан жокмун. Таякем Имбеттин уулу Омуркан Улуу Ата мекендик согуштан кайтпай калган. Ал өз учурунда «Манас» эпосун шерине жородо төгүп айткан экен, ошондой эле «Манас» эпосунун арабча жазылган китептерин шар окуган.
Өзүм болсо бала күндөн тартып эле жомок, уламыш, тарыхый окуяларга кызыкчумун. Ошол учурда Айкөл атанын баянын окуп билип, тааныштым эле. 30 жашымда аян болуп, Айкөл Манас атаны айтууга туура келди. Азыр көкүрөктө жат болуп, кайсы гана тема болбосун өз сөзүм менен айта берем. Айкөлдүн жети атасын китеп кылып чыгарсам деп жүрөм.
«Манасты» ар ким ар кандай түшүнөөр. Менин жеке оюм, ыйык нерсени ыйыктап аталар сактагандай, кылымдан кылымга карытып кыргыз эли көкүрөккө сактап, муундан муунга мурас кылып өткөрүп келген улуу мурасты аздектеп, өстүрүп кетсем деген гана ниетим бар. Кудайдан кийин эле кыргыз эли Манастын арбагын айтып, аны ыйык тутуп келген. Ар заманда Айкөлдүн арбагы эли- жерин сактап келгени кашкайган чындык. Ушул чындык ар бир кыргыздын жүрөгүндө болсо деп тилейм.
Замирбек БАЯЛИЕВ,
манасчы:
– Баатырлардан аян алган соӊ, өзүмөн өзүм бук болуп, талаага чыгып «Манас» айтып жүрдүм. Анда бук чыгарыш үчүнбү же өмүр бою айтамбы деп аӊдай алган жокмун. Бир күнү Суусамыр жайлоосунда жүрүп, тоого чыгып алып, бугум чыкканча «Манас» айттым. Бир убакта буркурап ыйлап кирдим, ошол учурда баатырлар аттарын чаап өткөндөй элес болуп, артыман муздак шамал селт эттирип, эсиме келтирди.
Ары карай элүү кадам ат бастырып барсам кемегедей, чарадай болгон аттардын туягынын изи түшүп калыптыр. «Манас», «Семетей», «Сейтек» бөлүмүнүн кайсынысынан болбосун айтып баштаганда, көп учурда салкын жел келип жүзүмө урунганын, аны менен кошо бир касиет келгенин дароо сеземин.
«Семетей» бөлүмүнөн көбүнчө «Абыке, Көбөш Каныкейди чапканын», «Каныкейдин Букарга качканын», «Каныкейдин Тайторуну төлгө кылып чапканын», «Каныкейдин жомогун» жана башка окуяларын айтып жүрөм.
Бир жолу «Каныкейдин Букарга качышын» айтып жатып, буркурап ыйлаганым эсимден кетпейт. Кытай Республикасына барган сапарымда, кечки тамактанууда Отунбаева Роза баш болгон топко «Абыке, Көбөш Каныкейди чапканын» айтып жатып, жашып кеткем. Чет элде, чет жерде «Манас» айтуунун өзүнчө таасири болот экен.
Талантаалы БАКЧИЕВ,
манасчы:
– Устатым, манасчы Шаабай Азиз уулу айтаар эле: ««Манас» – бул жалпы адамзатка багышталган Ыйык СӨЗ!» деп. Ооба, бул дүйнөдө ДОБУШ жана ДОБУШТАН турган СӨЗ гана түбөлүктүү. Баары өтөт, кетет, бир гана СӨЗ калат окшобойбу.
Менин баатыр-олуялардын баянын айтып келгениме жыйырма алтынчы жылдын жүзү болду. «Манас» айтып калышыма: Манас, Алмамбет, Чубак, Сыргак, Чыйырды, Каныкей, Семетей, Ырамандын Ырчы уулу аттуу олуялар эбеп болсо, Арстанбек, Саякбай, Шаабай, Кааба, Уркаш, Кубанычбек аттуу манасчылар себеп болду.
«Бардын баркын жок билет» тура. Учурунда кыргыздар Манас баатырдын баркын билип-билбей калган. Анысыӊары, кезегинде Сагымбай, Саякбай, Шаабай, Кааба, Уркаш аксакалдардын да баркын билбедик: улутчул дедик, феодалчыл дедик, эскичил дедик… Эми оозубуздан түшүрбөй, алардын баянын, кылык-жоруктарын айтып, сыймыктанып келебиз.
Оболу менин «Семетейди» айтып калганыма жогоруда белгилеп кеткен улуу адамдар эбеп-себеп болду. Көпчүлүк учурда мен «Семетейден» айтам. Устатым Шаабай: «Манас олуямдын урпактарын канчалык көп айтсаӊ, ошончолук сооп табасыӊ» деп айтаар эле.
Азыркылар көп биле бербесе керек, бирок «Манастагы» ар бир окуянын, ар бир каармандын өзүнчө алып жүргөн жүгү, алып жүргөн касиети да, таасири да болот.
Рысбай ИСАКОВ,
манасчы:
– Тээ илгери манасчыларды «ырчы» деп атап келишкени маалым. Кийинчерээк «жомокчу» деп аталып, анан «манасчы» деп так атала баштады. Андан соӊ, манасчылык өзүнчө, семетейчилик өзүнчө бөлүнүп карала баштады. Мен бул улуу өнөрдү жик- жикке бөлүп карабас элем. Анткени баары эле «Манастын» койнунда жаткандай элес калтырат. Мисалы, бирөө «Манас» айтып бер деп суранып калды дейли. Мен «Каныкейдин Тайторуну чапкан» бөлүгүн айтып берсем, айтып аткан мен деле, угуп аткан эл деле бул бөлүм үчилтиктин «Семетей» бөлүмүндө экендигине басым койбойбуз. Анан дагы эл арасында «бул «Манастан» айтпай, «Семетейден» айтып атат» деген нааразылык жаралбайт. Демек, бул үчилтик өзүнчө чулу бир бүтүндүк.
Тайтору демекчи… Ушул бөлүмдү эл арасында өзгөчө көп суранышат. Айтор, бул Сакемдин (Саякбай Каралаевдин) таасиринен уламдыр. Алгач талпынып, жаӊыдан элирип жүргөн учурда ушуну сурангандарга такыр айтчу эмесмин. «Семетей» бөлүмүнөн дегеле айтып көрө элек болчумун. Анан 2006-жылы «Манас-Мурас» коомдук фонду тарабынан, «Башканы коюп, Манасты айт» деген аталыштагы республикалык манасчылардын таймашы болуп калды. «Болдудан болот – болоту кызык» дегендей, сынак башталат дегенден тартып эле, ушул сынакка Каныкей төлгө кылгандай Тайторуну төлгө кылып «чаап» көрсөм деген ой бийлеп алды. Ошентип, алгачкы ирет чоӊ сынакта «Семетей» бөлүмүнөн ушул окуяны айтып чыктым. Төлгөм төп келип, таймаштын баш байгесин жеӊип алгамын. Ошондо «Семетей» дүйнөсүнө болгон жол ачылды деп ойлойм.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кутбилим”
Оставить комментарий