«ОКУУЧУНУН ДЕНЕ ТАРБИЯСЫ ЖАНА СЕРГЕК ЖАШООНУН НЕГИЗДЕРИ МЕКТЕПТЕ КАЛЫПТАНАТ»

Токтобек Иманалиев, Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору

Республикада дене тарбия мугалимдеринин жетишсиздиги көйгөйлүү маселе бойдон калууда. Белгилүү болгондой, бул багыттагы адистер жалгыз Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында даярдалат. Окуу жайда дене тарбия мугалимдерин даярдоодо түзүлгөн шарттар, быйылкы кабыл алуу өнөктүгүндө киргизилип жаткан өзгөрүүлөр тууралуу окуу жайдын ректору Токтобек Иманалиев газетага берген маегинде айтып берди.

— Токтобек Тыбынович, республикада дене тарбия мугалимдери жетишсиз. Бирок ошол эле учурда жыл сайын Сиз жетектеген окуу жай жүздөгөн адистерди даярдап чыгууда. Тилекке каршы, алардын баардыгы мектепке кайрылып барбайт. Сиздин оюӊузча, ортодогу өксүк эмнеден улам келип чыгууда?

— Совет доорунда бардык мектептер дене тарбия мугалимдери менен 100% камсыз болуп келген. Бирок көз карандысыздыкты алгандан кийин бул көрсөткүч түп тамырынан өзгөрдү. Мугалимдик кесиптин баркы абдан төмөн түшүп, социалдык камсыздоолор иштебей, көптөгөн тажрыйбалуу мугалимдер системадан кетишти. Баалуулуктар өзгөрдү, эми юристтер, экономисттер, бажы кызматкерлери жана башка ушул сыяктуу адистиктер барктуу болуп, мугалимдик кесипти тандагандар бир топ азайды. Ошолордун ичинен да эмгек маянанын жетишсиздигинен, социалдык жардамдын жоктугунан, бир аз иштегенден кийин мектептен кетүүгө аргасыз болушту. Жыйынтыгында ушундай абалга дуушар болдук.

Окуу жай орто эсеп менен жылына 200-220 бүтүрүүчүнү чыгарат. Бирок, тилекке каршы, адистер жетишсиздиги дагы эле чечилбей келет. Азыркы учурда көпчүлүк аймактык мектептерде дене тарбия сабагын атайын дене тарбия билими жок адистер (мисалы, тарыхчы, информатик, географ ж.б. мугалимдер) өтүшөт. Ал эми кээ бир мектептерде орто билими гана бар адамдар сабак беришет. Мындай шартта толук кандуу мектептин дене тарбия боюнча программасын аткаруу жөнүндө сөз болушу да мүмкүн эмес. Экинчи жагынан, дене тарбия сабагы ар кандай күчтөгү жумуш (жүктөм) менен коштолот. Бул болсо окуучулардын ден соолугуна таасирин тийгизбей койбойт. Бул абдан чоӊ жоопкерчилик. Ошондуктан бул маселени баса белгилеп кетет элем.

— Сиз жогоруда айткандай, дене тарбия сабагын башка багыттагы мугалимдер берип жатса, ал окуучунун ден соолугуна таасирин тийгизбей койбосо керек?

— Албетте, ал окуучунун ден соолугуна эӊ чоӊ таасирин тийгизет. Акыркы статистикалык маалыматтарга таянсак, 2000-жылга салыштырганда ар кандай оорулуу окуучулардын саны 30% өскөн, иш жүзүндө окуучулардын 30-35% гана ден соолугу чыӊ, 16% окуучулар адатка айланган оорулар менен ооруп, 92% окуучулардын дене боюнун өсүшү начар, алардын 57% сколиоз менен ооруйт. Негизи дене тарбия мугалими гана өлкөнүн ар бир жаранынын ден соолугунун негизин камсыз кылат жана сергек жашоону калыптандырат. Азыркы шартта мектептин материалдык, техникалык базасынын жетишсиздигинен да дене тарбия боюнча программа толук кандуу аткарылбай келет. Негизинен программанын жеӊил атлетика жана спорттук оюндар бөлүктөрүнө гана көӊүл бурулууда (базистик бөлүгүнөн), калгандары көмүскөдө калат.

Азыркы учурда жер-жерлерде мектептер канчалык деӊгээлде дене тарбия адистери менен камсыз болгонун билүү максатында академия тарабынан мониторинг жүргүзүлүп жатат. Кудай буюрса, жыйынтыгы ушул окуу жылдын аягында чыгып калат. Ошол жыйынтыкка жараша кандайдыр бир чечимдерди кабыл алабыз деп пландаштырып жатабыз.

— Бул кемтикти толтуруу үчүн мүмкүн кабыл алуу өнөктүгүнө өзгөртүү киргизүү зарылдыр. Себеби бул адистерди дагы максаттуу даярдоо керектир?

— Билим берүү жана илим министрлигинин быйылкы талабына ылайык, биздин окуу жайда окууну каалаган талапкерлерди академияга жиберүү жөнүндө көптөгөн аймактык билим берүү мекемелери менен эки тараптуу келишимге кол коюлду. Буюрса, быйылкы кабыл алууну максаттуу түрдө жүргүзүүгө шарт түзүлөт деген ишеним бар. Анын үстүнө, биздин академияда окууну каалаган талапкерлерди жалпы республикалык тестирлөөнүн (ОРТ) жыйынтыгы жок эле өзүбүздүн ички кабыл алуу сынагы аркылуу кабыл алабыз. Ошондуктан абитуриенттерге дагы жакшы шарттар түзүлөт.

Учурдан пайдаланып, келечекте өзүнүн тагдырын дене тарбия жана спорт адистиги менен байланыштырууну каалаган талапкерлерди биздин академияга келип окуп, адис болууга чакырат элем.

— Окуу жайда дене тарбия адистерин даярдоо, сабак өтүү үчүн кандай шарттар түзүлгөн жана ал бүгүнкү замандын талабына жооп береби?

— Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы 1955-жылдан бери өлкөбүз үчүн дене тарбия жана спорт жаатында адистерди даярдап келе жатат. Академия бул кыска тарыхый убакта 12 миӊден ашык мыкты спортчуларды жана жогорку квалификациялуу адистерди даярдады. Алардын ичинде дүйнөлүк спорттун летописинде өзүлөрүнүн аттарын алтын тамга менен калтырган Азиянын, Европанын, дүйнөнүн жана Олимпиадалык оюндардын жеӊүүчүлөрү: Александр Мелентьев, Татьяна Колпакова, Мария Кулчунова, Сатымкул Жуманазаров, Орзубек Назаров, Алиса Антипина, Александр Абушахмедов, Леонид Дунаев, Александр Водоватов, Сергей Фокин, Андрей Курнявка, Вера Корсакова, Раатбек Санатбаев  жана башкалар. Көптөгөн бүтүрүүчүлөр Кыргыз Республикасында эле эмес, дүйнөнүн бардык булуӊ бурчунда ийгиликтүү эмгектенип жатышат.  

Академиянын тарбиялануучулары азыр да ар кандай эл аралык мелдештерге татыктуу катышып, өлкөнүн намысын коргоп, атын алыска угузуп жатышат. Алардын катарында: А. Эралиев, Д. Александров, М. Мурзаев, Т. Куралов, Э. Аскаров, Ю. Ходыкина, Р. Юнусов, Р. Новиков, Г. Мальцев, А. Аюкасов, Т. Жунусалиев, А. Мамадраимов, А. Кубакаев, И. Баялинов ж. б. бар.

Азыркы учурда академиянын курамында педагогикалык, улуттук оюндар, тренердик, ошондой эле аскерге чейинки даярдоо жана дене тарбия факультеттери, сырттан окуу бөлүмү, кайра даярдоо, квалификацияны жогорулатуу факультети, аспирантура жана магистратура, илимий лаборатория, китепкана жана Жалал-Абад шаарында филиалы бар.

Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын студенттеринин окуусу жана машыгуусу үчүн футболдук-жеӊил атлетикалык манеж, атайын гимнастика, спорттук оюндар, күрөштүн түрлөрү боюнча (5 түрү), бокс жана оор атлетика үчүн заманбап залдары, жаратылыш чөбү менен стадион, жасалма чөбү менен үч мини-футбол аянттары, сууда сүзүүчү бассейн, «Спорт» лыжа тебүүчү жана туристтик базасы бар. Академиянын студенттик жатаканалары (640 орун) бардык студенттерди жана окутуучуларды жатакана менен камсыз кылып турат. Белгилеп кетчү нерсе, учурда академиянын окутуучулар жамааты жогорку дене тарбия жана спорт билим берүүсүнүн мазмунун кайра өзгөртүү шартында өзүнүн алдына койгон бардык милдеттерин толук кандуу аткарууга саны жагынан да, сапаты жагынан да даяр. Башка жогорку окуу жайлары сыяктуу эле биздин окуу жай көп баскычтуу жогорку билим берүүнүн мазмунун реформалоонун жана жаӊы билим стандарттарын ишке ашыруунун үстүндө иштеп жатат.

 Маектешкен Чолпон Кийизбаева, «Кутбилим»

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*