ГЕОГРАФИЯ

Мектепте география предмети жаӊы 2013-2014-окуу жылында өткөн окуу жылында өзгөртүлүп, толукталып чыккан окуу программасынын  негизинде окутулат. Бирок, окуу процессин учурдун талабына, окуучунун муктаждыгына, кызыгуусуна, жөндөмүнө карата уюштуруу талапка ылайык. Анткени, азыркы учурда мектеп практикасында дагы деле болсо окуу процесси натыйжасыз болуп, окуучулардын билимдери, билгичтиктери, көндүмдөрү жакшы көрсөткүчтөрдү бербей келүүдө. Мындай жагдай өзгөчө окуу процессине байкоо жүргүзүүлөрүбүздө, окуучулардын олимпиадаларынын көрсөткүчтөрүнөн байкаса болот. Көпчүлүк учурларда окуучулар географиялык түшүнүктөрдү оозеки кебинде пайдаланып сүйлөй албастыгы, картографиялык маалыматтар менен иштей албагандыгы, географиялык объектилерди салыштыруу көндүмдөрүнүн, окуу китебиндеги тексттер менен иштөө билгичтиктеринин жоктугу ж.б.менен мүнөздөлөт. Бул жогорудагы жетишпегендиктердин негизги себеби болуп, мугалимдердин адисттик квалификациясынын төмөндүгү болуп эсептелүүдө. Ошондуктан мектептеги география предметинин ар бир курсун окутууда программада көрсөтүлгөн окуучулардын географиялык билгичтиктерине жана көндүмдөрүнө коюлган талаптарга өзгөчө көӊүл буруп, окуу жетишкендиктердин критерийлери такталышы керек. Окуучулардын билгичтиктеринин, көндүмдөрүн өздөштүрүү деӊгээлин аныктоодо төмөндөгү критерийлерди (белгилерди) эске алуу окуу процессинин сапатын жакшыртууга мүмкүнчүлүктөрдү түзөт:

А) билгичтиктердин жана көндүмдөрдүн колдонуу аймагын билет, географиялык билимдердин булактарынын (карта, атлас, окуу китебинин тексти ж.б.) өзгөчөлүктөрүн түшүнөт;

Б) аткарылуучу иш аракеттин мазмунун жана ырааттуулугунун планын билет;

В)  иш аракеттерди практика жүзүндө тааныш жана тааныш эмес  окуу кырдаалда колдоно алат.

Билгичтиктер, көндүмдөр теориялык  билимдер менен тыгыз байланышта болуп, ага географиялык маалыматтардын, билимдердин булактары ар кандай деӊгээлде таасир берет. Ошондуктан окуучулардын таанып-билүү ишмердүүлүгүн окуу процессинде уюштурууда ар түрдүү билимдин булактарынын шарттоочу  мүмкүнчүлүгү менен тааныштырылышы максатка ылайык. Өзгөчө окуу китебинин тексти менен иштөө ыктарына көӊүл бурулуп, анын өзгөчөлүктөрү жөнүндө конкреттүү тааныштырылып,  жол-жобосун тактап көрсөтүп берүү зарыл.  Мисалы окуу китебинин тексти менен иштөө үчүн «Сынчыл ойлом» технологиясынын ыкмалары «Белгилеп жана токтоп окуу», «Абзац менен окуу», «Түшүнүктөрдү аныктоо», «Эки бөлүктүү күндөлүк» ж.б. колдонуу ылайыктуу. Ал эми окуучулардын жаратылыштык жана социалдык-экономикалык объектилерге географиялык карталардын жардамы менен салыштыруу аркылуу мүнөздөмө берүү көндүмдөрүн калыптандырууда географиялык мүнөздөмө берүүнүн типтүү планын пайдалануу максатка ылайык. Жаратылыштык, социалдык, экономикалык объектилерге мүнөздөмө берүүдө мындай типтүү планды пайдалануу географиялык картаны окуунун, билүүнүн ырааттуулугун жана толуктугун камсыз кылат. Мисалы, 6-класстын физикалык географиясын окуп-үйрөнүүдө салыштыруу ыкмасы аркылуу төмөндөгүдөй эстеткичти колдонуу пайдалуу:

Бул эстеткичти жогорку класстарда  программалык талапка жараша толуктоолорду киргизип, окуучунун жогорку деӊгээлдеги ой жүгүртүүсүн камсыз кылуучу тапшырмаларды окуучуларга сунуштап, географиялык объектилерди салыштыруу аркылуу географиялык мүнөздөмө берүүгө үйрөтүүгө болот.

Окуу процессинде окуучулардын географиялык билгичтик, көндүмдөрүн калыптандырууда төмөндөгү этаптардын эске алынышы зарыл:

1.Билгичтик, көндүмдөрдүн маанисин жана ага ээ болуунун максатынын мугалим тараптан окуучуга көрсөтүлүшү. Мисалы,Кыргыз Республикасынын географиясын окуп-үйрөнүүнү баштоонун алдында мугалим окуучулардын алдына — статистикалык таблицаларды окууга үйрөнүү максатын коюп, статистикалык таблицалардын жардамы менен өнөр жай продукциясынын өндүрүү  көлөмүн,  аймактар боюнча экономиканын өнүгүү деӊгээлин билүүгө жана анын негизинде бүтүм чыгарууга болот.

2. Окуучуларды билгичтиктердин курамы менен тааныштырып, аны окуучулар тараптан аӊдоосу. Бул жерде мугалим окуучулардан таблицадан зарыл болгон графаны, сапты таап, сандык маалыматтарды салыштырып, бүтүм чыгарууда өндүрүштүн көлөмүнүн өсүү темпин түшүндүрүп берүү.

3. Мугалим тараптан ишти аткаруунун үлгүсүн көрсөтүп берүү. Бул этапта окуучулар тараптан  кетирилүүчү кээ бир каталарды эскертип коюу зарыл.

4. Билгичтик, көндүмдөргө ээ болууга мүмкүндүк берүүчү машыгуу көнүгүүлөрдү өткөрүү. Бул этапта окуучулар тапшырманы мугалим көрсөткөн үлгүнүн негизинде аткарышып, кийинки көнүгүүлөр жаӊы өздөштүрүлгөн окшош материалдын негизинде аткарышат.

5. Жаӊы маселелерди чечүү үчүн өз алдынча билгичтик, көндүмдөрдү колдонуу

Мектепте география предметин окутууда  дагы бир эске ала турган багыт  — бул өткөн окуу жылында толукталып, өзгөртүлүп чыккан окуу программасында негизги мазмундук өзгөрүүсү — «Туруктуу өнүгүү үчүн билим берүү стратегиясынын чагылдырылышы» болгону баарыбызга белгилүү. Бул концепция жөнүндө окуу программасынын киришүү бөлүгүндө «Туруктуу өнүгүү концепциясы азыркы учурдагы табият-адам-экономика-айлана-чөйрө системасындагы экологиялык проблемалардын курчушу, тактап айтканда, дүйнөлүк климаттын өзгөрүшүнөн келип чыккан жаратылыштык, экономикалык, социалдык ж.б. проблемалар менен байланышып, өсүп келе жаткан жаш муундарды  өзүн курчап турган жаратылыш, коомдук, социалдык чөйрөсүнө активдүү жарандык позиция менен  сабаттуу, сынчыл ой жүгүртө ала турган адамды тарбиялоо» максаты белгиленген.   Туруктуу өнүгүү үчүн билим берүүнүн идеясын мектепте географияны окуп-үйрөнүүдө ишке ашырууда төмөндөгүлөргө көӊүл бурулушу зарыл:

• глобалдык масштабдагы экологиялык маселелерди талкуулоо;

• дүйнөнүн ар кайсы бөлүктөрүндөгү жаратылышты пайдалануу процесстерин салыштыруу (жерди пайдалануу, токой ресурстарын иштетүү ж.б.);

• физикалык-географиялык шарттардын адамдын жашоосуна тийгизген таасирин окуп-үйрөнүү;

• адамдын айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин окуп-үйрөнүү;

• социалдык жана жаратылыш компоненттердин байланышын окуп-үйрөнүү;

• глобалдык экологиялык процесстерди окуп-үйрөнүүдө аны чечүү үчүн эл аралык байланыш контекстинде кароо;

• экономикалык географияны окуп-үйрөнүүдө айлана-чөйрөнүн маселелери менен байланышта кароо;

• демографиялык маселелерди элдик үрп-адаттар, традициялар менен байланыштырып окуп-үйрөнүү.

Туруктуу өнүгүү үчүн билим берүү – бул окуп-үйрөнүүнүн жана таанып-билүүнүн туруктуу процесси болуп эсептелет. Ошондуктан мектепте географияны окуп — үйрөнүүдө мурунку сиӊип калган көз караштарды кайрадан карап чыгып, ой жүгүртүүнү дүйнөдө учурда болуп жаткан өзгөрүүлөрдөн жооп табуунун талап кылат  жана ал төмөндөгүдөй төрт милдетти алдына коет:

• ар бир окуучуга Туруктуу өнүгүүнүн зарылдыгын жана маанилүүлүгүн  аӊдоого колдоо көрсөтүү;

• окуучуларды Туруктуу өнүгүүнүн көйгөйлөрүн талкуулоого активдүү катышууга тартуу;

• каралып жаткан көйгөйлүү маселелерди ар кандай көз караштан кароого үйрөтүү;

• окуучуларды көйгөйлүү маселелерди бир эле класстан же аудиториядан ой жүгүртүүгө үйрөтпөстөн, класстан тышкаркы мезгилдерде да ой жүгүртүүгө түрткү берүү.

«Кыргыз Республикасынын  географиясы» курсунда «Тоо аймактарында экологиялык кырдаалды башкаруунун көйгөйлөрү» темасын окуп-үйрөнүүгө 7 саат, анын 2 с. практикалык иш пландаштырылып, төмөндөгү маселелер каралган: тоо аймактарынын адамдын жашоосундагы мааниси жана анын калктын маданиятына, ден-соолугуна, тамактануусуна, кийимине тийгизген таасири. Тоо экосистемаларынын эл аралык мааниси. Тоо биологиялык көп түрдүүлүгүнүн өзгөчөлүк мааниси.  Кыргызстандын экосистемасы жана ресурстары. Кыргызстандын тоолоруна жалпы мүнөздөмө жана анын биологиялык көп түрдүүлүгү.  Тоолуу аймактардын көйгөйлөрү жана аларды чечүүнүн жолдору. Тоо аймактарындагы айыл чарба өндүрүшүнүн өзгөчөлүктөрү. Тоо аймактарына техногендик процесстердин таасири жана анын өнүгүүсү. Кыргызстандагы жаратылыштык кырсыктар жана алардын өзгөчөлүктөрү. Жер титирөөлөр көчкү, сел, таш көчкүлөр,сунун ташкындоолору. «Туруктуу өнүгүү» түшүнүгү жана анын негизги багыттары. Жаратылышты пайдалануунун Туруктуу  жана Туруксуз моделдери. Туруктуу өнүгүү модели экологиялык кризистен чыгуунун модели катары. Ал эми  практикалык иштерде контур картага табигый кырсыктардын аймактарын түшүрүү жана жер титирөөлөр, сел, ташкындар, көчкү жөнүндө ар бир адам кандай маалыматтарга ээ болуу керектиги, бул жаратылыштык өзгөчө кырдаал учурунда кандай көндүмдөргө ээ болоорун көрсөтө алышы каралган. Ошондой эле окуучулар бул теманы өздөштүрүүдө «Туруктуу өнүгүү», «жаратылышты пайдалануу», «табигый кырсыктар» түшүнүктөрүн билүүгө жана картадан Кыргызстандын табигый кырсыктары болгон аймактарды көрсөтүүгө, Кыргызстандын экологиялык көйгөйлүү аймактарын аныктап, анын себептерин түшүндүрүүгө машыгуулары белгиленип, талап коюлган.

«Жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана аларды коргоо» темасында география илиминин жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдаланууда мааниси, Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо боюнча стратегиялык багыты жөнүндө билимдерге ээ болушат. Билимдер менен бирге карталар боюнча жаратылыштын компоненттерине адамдын чарбалык ишмердүүлүгүнүн тийгизген таасирлерин, билимдердин ар кандай булактарынан алардын булгануу себептерин аныктоо жана жаратылышта жүрүү эрежелерин сактоо көндүмдөрүнө ээ болушат. Ал эми республиканын административдик аймактарынын социалдык — экономикалык маселелерин окуп-үйрөнүүдө ар бир региондун экологиялык көйгөйлөрү жөнүндө билишет.

Программадагы белгиленген экологиялык билимдер, билгичтиктер, көндүмдөр окуу процессинде калыптандыруу физикалык-географиялык билимдердин негизинде калыптанышы талашсыз. Анткени, экологиялык проблемалар жаратылыштагы жаратылыш компоненттеринин бири-биринен  жана анын закон ченемдүүлүгүнөн көз каранды экендигин эстен чыгарбоо керек. Демек, окуучулардын экологиялык компененттүүлүгүн калыптандыруунун негизин (фундаментин)  жаратылыш компоненттериндеги болуп жаткан табигый процесстерди жана кубулуштарды окуу процессинде таанып-билүүгө зарыл болгон окуу материалынын мазмуну, аны уюштуруунун формалары, каражаттары, окуу көндүмдөрү калыптандыруунун этаптары, ырааттуулугуна шайкеш келиши керек.

Бул багытта белгиленген программалык талаптарды окуу процессинде ишке ашыруу үчүн экологиялык маселелерди окуп-үйрөнүүдө маалыматтык-мультимедиялык технологияларды (компъютердик технология, интерактивдүү доскалар) пайдалануу окуучулардын кызыгуусун өстүрүп, окуу материалын өздөштүрүүгө жеӊилдиктерди түзөт. Ал эми окуучулар үчүн түзүлгөн тапшырмалардын мазмуну проблемалуу маселелерди чечүүгө багытталып, сабакта жана сабактан сырткаркы окуу-тарбия иштеринде ар кандай формада өткөрүлүшү мүмкүн. Окуучуларга сунушталган проблемалар реалдуу болуш үчүн проблемаларды тандап алуунун төмөндөгү критерийлери эске алынышы зарыл:

• проблемалардын окуучулардын конкреттүү тобунун кызыкчылыгына жана муктаждыгына дал келиши;

• проблемаларды тандоодо жана анын иш аракеттерин пландаштырууда окуучулардын катышуусу;

• проблеманы чечүү үчүн анын чечүү жолдорунун көп варианттуулугу;

• тандалган проблемалар жөнөкөй жана класстын, топтун күчүн актагандай болушу;

• проблема окуучулардын жаш өзгөчөлүгүнө жараша болушу;

• зарыл болгон материалдар менен камсыз болушу;

• окуучулардын мурунку тажрыйбаларына таянылышы.

Компъютердик технологияларды пайдаланууда окуучулар менен төмөндөгү окуу иштерин аткарууну сунуштоого болот:

6-класста физикалык географияны окуп-үйрөнүүдө географиялык координаталардын чекитин градустук торчонун жардамы менен аныктоого машыгуу;  даяр маалымааттардын  же эркин байкоолордун негизинде абанын орточо температурасын аныктоо (суткалык, айлык, жылдык); температуралардын, булуттуулуктун, жаан-чачындардын графигин, диаграммасын түзүү; жаратылыш компоненттеринин экологиялык абалын интернет маалыматтарынын издеп табуу жана аны окуп-үйрөнүү; географиялык билимдерди текшерүү максатында тесттерди жана оюндарды өткөрүү.

7-класста материктердин жана океандардын географиясында: тесттик тапшырмалар аркылуу билимдерди текшерүү; материктердин климаттарынын типтерин аныктоо; географиялык координаталарды, дарыялардын азыктануу режими боюнча типтерди аныктоо; материктердин жаратылыш зоналарын анын сүрөттөлүшүнүн негизинде типтерин, географиялык абалын, рельефин, тектоникасын, климаттык шарттарын аныктоо; материктердин жана океандардын  экологиялык абалы жөнүндө окумуштуулардын изилдөө иштери, ачылыштары жөнүндө проблемалык иеманын үстүндө долбоорлук иштерди аткаруу.

Кыргыз Республикасынын жана дүйнөнүн экономикалык-социалдык географиясында. 1. Физикалык-географиялык бөлүгүндө: белгилүү бир аймакта сааттык алкакты, абанын нымдык коэфицентин, орточо температураларын, жаан-чачындарын, климаттын  типтерин, рельефтин типтерин жана анын формаларын аныктоого, моделдештирүүгө; 2. Экономикалык-социалдык бөлүгүндө: статистикалык маалыматтын негизинде ар кандай аймактардын ресурс менен камсыз болуу деӊгээлин аныктоого; кен байлыктардын жайгашуу аймактарын билүүгө машыгуу көнүгүүлөрүн аткарууга; айыл чарба, өндүрүш аймактарынын, адистешүү аймактарынын картасын моделдештирүү; интернет маалыматтардын негизинде Кыргызстандын жана дүйнөнүн экологиялык маселелери боюнча салыштыруу жана иликтөө иштерин өз алдынча аткаруу. Окуучуларга интернеттен алынган материалды талдоого жана аларды иргеп алууга үйрөтүү окуу максатынын негизин түзүү керек. Анткени, көпчүлүк учурда окуучулар интернеттен даяр реферат, докладдарды алып, анын мазмундук сапатына мугалим тараптан көнүл бурулбай формалдуулукка барган учурларда окуучулардын окуу ишмердүүлүгүнүн натыйжасыз болушуна алып келет. Мугалим окуучуларга компъютер менен иштөөдө тапшырманы  конкреттүү иш аракеттердин алгоритмдерин так көрсөтүп, алынуучу натыйжаларды окуучу менен макулдашып берүүсү зарыл.  География предметин компъютердик технологиялардын жардамы менен окутууда программа менен камсыз болуу маселеси келип чыгаары белгилүү, бирок ар бир мектептеги информатика предметинин мугалими менен биргелешкен программа түзүү иштери жүргүзүлсө, кандайдыр бир деӊгээлде маселелерди чечүүгө болот.

Август кеӊешмелеринде талкуулануучу маселелердин болжолдуу тематикалары:

• Жаӊы окуу жылына карата тематикалык-пландарды түзүү жана анын өзгөчөлүктөрү;

• Окуу процессинде маалыматтык-мультимедиалык, долбоор технологияларын колдонуу;

• Окуучуларды окуу китебинин тексти менен иштөөнүн ыкмалары жана жолдору;

• Окуу процессинде окуучулардын компетенттүүлүктөрүн калыптандырууда педагогикалык технологияларды колдонуунун тажрыйбалары.

Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн окуу китептери:

1. Максимова Ы.А. Физикалык география. 6-кл. Бишкек 2001.

2. Токомбаев Ш., Бакиров Н.Б, Физикалык география. 6-кл., Бишкек, 2001.

3. Кулматов Т.Н. Физикалык география. 6-кл., Бишкек, 2010

4. Коринская В.А. Материктердин жана океандардын гсографиясы.7-кл. 2001

5. Кадыркулов М. Материктердин жана океандардын географиягы. 7-кл.,Бишкек, 2005.

6. Бакиров    Н.Б.,    Исаев    А.И.,    Осмонов    А.О.    Кыргыз    Республикасынын географисяы. 9-кл.Бишкек, «Кыргызстан», 1998.

7. Бакиров Н,Б.  Дүйнөнүн экономикалык жана социалдык географисы.   10-кл, Бишкек, «Шам» 1999.

8. Осмонов А.О.,Чодураев Т.Дүйнөнүн экономикалык жана социалдык географиясы, Бишкек, 2012.

 

К.Джунушалиева

Эреже Мисалы
1. Биринчи кезекте салыштыруу үчүн белгилерди иргеп алгыла 1. Урал жана Кавказ тоолорунун бийиктиктери
2. Аларды салыштыргыла 2. Кавказ тоолорунун бийиктиги — 5642 м, ал эми Урал тоолорунуку — 1894 м
3. Окшоштуктары жана айырмачылыктары жөнүндө бүтүм чыгаргыла 3. Кавказ тоолору Урал тоолоруна караганда бийик
4. Окшоштуктардын жана айырмачылыктардын себептерин түшүндүргүлө 4. Кавказ тоолору жаш жана талкалануу аз

3 Комментарии

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*