Окутуунун жана тарбиялоонун биримдиги – билим берүү системасын реформалоонун артыкчылыктуу багыты Единство обучения и воспитания – приоритетное направление реформ системы образования 2013-2014-окуу жылы үчүн мугалимдердин август кеӊешмесине Кыргыз билим берүү академиясынын сунуштары КЫРГЫЗ ТИЛИ

(Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн)

Кыргыз тилин эне тили катары окутуунун башкы максаттары

 

Эне тили – пикир алышуунун куралы, ойдун тикеден тике чындыгы катары  көп кызматты    өзүнө аркалаган  көрүнүш. Ал карым-катнаштын каражаты болуу менен бирге эле    чындыкты чагылдыруунун жана таанып билүүнүн куралы, ошондой эле, инсандын рухий жана интеллектуалдык жактан өнүгүүсүнө да шарт түзөт. Эне тилине канчалык деӊгээлде ээ болгондугу окуучунун башка предметтерди айрыкча  экинчи тилди, чет тилдерди жана калган предметтерди өздөштүрүүдөгү ийгиликтеринен көрүнөт. Ошондой эле, аналитикалык ой жүгүртүүсүнүн өнүгүүсү да ушуга байланыштуу. Тил менен ой жүгүртүүнү бири-бирисиз элестетүү эч мүмкүн эмес. Алар өз ара жуурулушкан бир бүтүндүктү  түзүп турат. Эне тили  предмет катары  мектепте үч аспектиде окутулат: 1) тилдин системасы; 2) орфографиялык жана пунктуациялык көндүмдөр; 3) кеп маданиятын өнүктүрүү.  Эне тилин окутуунун максаты – мектеп бүтүрүүчүсү тилдик жана кептик нормаларга ылайык кептик ой жүгүртүүчүлүк ишмердүүлүккө ээ болуу менен маданий-адептик жактан да калыптануусун жөнгө салуу.

 

Окуу планындагы

кыргыз тилинин сааттары

 

2012-2013- окуу жылында кыргыз тилине  экинчи окуу жарымына 0,5 саат кошулган. Бул саатка ылайык окуу материалдарын окуп-үйрөнүүгө карата кеӊештер мугалимдердин август кеӊешмесине берилген сунуштарда 8-класста «ал саат: жөнөкөй сүйлөмдүн түрлөрүн, сүйлөмдүн баш жана айкындооч мүчөлөрүн, сүйлөмдүн бир өӊчөй мүчөлөрүн, сүйлөмдөгү сөздөрдүн орун тартибин окутууда окуучулардын тилдик жана кептик практикалык ишмердүүлүктөрүн калыптандыруучу көнүгүү, машыгуу иштерине, синтаксистик талдоолорго, үйрөтүүчү жана текшерүүчү жазуу жумуштарына ыйгарылат» деп көрсөтүлгөн эле. 2013-2014-окуу жылдарына карата      окуу планындагы базистик варианттагы сааттар төмөндөгүдөй:

• 5-класста  жумасына 4 сааттан жыл бою 136 саат

• 6-класста  жумасына 5 сааттан жыл бою 170 саат

• 7-класста  жумасына 3 сааттан жыл бою 102 саат

• 8-класста  жумасына 3 сааттан жыл бою 102 саат

• 9-класста  жумасына 2 сааттан жыл бою 68 саат

• 10-класста  жумасына 2 сааттан жыл бою 68 саат

• 11-класста  жумасына 2 сааттан жыл бою 68 саат

 

Окуу программасы тууралуу

 

Программада кыргыз тилин компетенттүүлүктүн негизинде окутуу ыкмасы  сунушталган. Атап айтсак: тилдик компетенттүүлүктө –  мектеп окуучусун тилдик бирдиктерди алардын тилдин системасындагы функциялары  жана тексттеги ролу менен байланышта түшүнүүгө;  лингвистикалык бирдиктерди функциялары, маанилери жана стилдери боюнча топтоштурууга; тилдик бирдиктерди  түзүлүшү, мааниси жана стили боюнча айырмалоого;  кептин оозеки жана жазуу формаларынын өзгөчөлүктөрүн салыштырууга;  орфографиялык жана пунктуациялык ыкмаларга ээ кылууга окутуу. Кептик компетенттүүлүктө –  мектеп окуучусун коммуникативдик милдеттерди аныктоого, тилди пикир алышуунун ар кыл кырдаалдарында оозеки жана жазуу формасында пайдаланууга, өзүнүн сөздүк байлыгын байытуу менен кептик мүмкүнчүлүктөрүн кеӊейтүүгө, мисалы: карым-катнаштын  максатына ылайык  кептин предметин жана темасын түшүнүүгө жана белгилөөгө;  тексттеги биринчи жана экинчи орундагы маалыматтарды бөлүп көрсөтүүгө, аларды чындык менен салыштырууга;  адабий тилдин (стилдердин) нормаларына, пикир алышуунун максатына (кептик кырдаалдарга)  ылайык текст түзүүгө;  текстти ар кыл стилдик талаптарга, ар кыл эмоционалдык жагдайларга ылайыктап кайрадан түзүүгө;  коммуникативдик мазмунуна ылайык тексттердин функционалдык семантикалык типтерин, кептин ар кыл жанрындагы жана стилиндеги тексттерди айырмалоого жана пайдаланууга үйрөтүлөт. Маданий компетенттүүлүктө мектеп окуучусун пикир алышууга катышуу менен  социалдык-кептик, маанилик жана тарыхый-маданий контекстти эске алуу менен сүйлөшүү маданиятынын  нормаларына ээ болууга, коомдо калыпка түшкөн жүрүм-турумдун эрежелерине ылайык карым-катнаштын катышуучусунун социалдык ролун өзүнө кабыл алуу менен элдин маданий мурасынын маанилүү бөлүгү,  ыйык баалуулукка айланган эне тилин урматтоого жана сактоого окутуп-тарбиялоо ж.б.

 

Сунушталуучу   окуу китептери:

 

Кыргыз тили, 5-кл. Авт: А.Осмонкулов, Б. Өмүралиев (2007);

Кыргыз тили. 5-кл. Б.Акматов, А.Мукамбетова (2010), (вариативдүү);

Кыргыз тили 5-кл. А.Койлубаева., А.Койлубаева (2011), (вариативдүү).

Кыргыз тили, 6-кл.  С.Үсөналиев (2007)

Кыргыз тили, 7-кл.  С.Үсөналиев, В.Мусаева (2007);

Кыргыз тили, 7-кл. А.Сапарбаев, Н.Абдесов. (вариативдүү).

Кыргыз тили, 8-кл. 9-кл. Б.Өмүралиев (2007).

Кыргыз тили, 8-9-кл. Б.Усубалиев, А.Кайбылдаев, А.Иманов (1999), (вариативдүү);

Кыргыз тили, 10-кл., А.Сапарбаев, С.Өмүралиева, Р.Эгембердиев, В.Мусаева (2007);

Кыргыз тили, 11-кл. А.Сапарбаев, С.Өмүралиева, Р.Эгембердиев,  В.Мусаева (2007).

Ошондой эле: Бектур Исаковдун төмөнкүдөй окуу китептери автордун өзүнүн түзгөн  программасы боюнча альтернативдүү окуу китептери катары окутулат:  Кыргыз тили, 5-6-кл. (2009); Кыргыз тили, 7-9-кл.; Кыргыз тили, 10-11-кл. (2010).

 

Окуу-методикалык колдонмолор:

С.Мусаев, Кеп маданияты. (2004);

Б.Исаков, Кыргыз тилин орто мектептин 5-11-класстарында натыйжалуу окутуу боюнча усулдук колдонмо.  (2011);

С.Рысбаев, Сөз жөнүндө дастан. (2007);

С.Рысбаев, А.Акматова, “Окуучунун сүйлөө ишмердиги”, Б.2013.

С.Үсөналиев, Б.Өмүралиев Азыркы кыргыз тилинин таблицалары.  (2003);

А.Осмонкулов, Мектептерде фонетиканы окутуунун методикасы. (Б: 1967);

Б.Өмүралиев, Синтаксисти окутуунун методикасы.  (1978);

Ж.Чыманов,  Кыргыз тили: Сабактын теориясы жана практикасы. (2007);  Кыргыз тили: Окутуу методдору. (2007);  Кыргыз тили: Сабактын үлгүлөрү жана сабакты талдоонун методикасы.  (2009);

В.Мусаева, А.Сманбаев, Баяндама жыйнагы; Жат жазуулар жыйнагы. (2009);

В.Мусаева, Байланыштуу кепти, кептин стилдерин окутуу. (2009); Кыргыз тили (Кыргыз тили таблица, чийме, схемаларда) 1-4-кл, 5-11-кл. (2009);  Кыргыздын чечендери – мектепте. Окуу хрестоматиясы. (2010); Кыргыздын чечендик кебин окутуу. Монография. (2013); В.Мусаева, Т.Асанакунов. Окуп-үйрөнүүдөн күтүлүүчү натыйжалар. Кыргыз тили боюнча методикалык колдонмо. 5-9-кл.  USAIDдин «Сапаттуу билим» долбоору (2011);

Август кеӊешмелеринде талкуулана турган болжолдуу темалар:

1) “Байланыштуу кеп”, “Кеп маданияты бөлүмдөрүн окутууда окуучунун оозеки, жазуу байланыштуу кебин, кеп адебин, сүйлөшүү маданиятын өнүктүрүү менен кептин коммуникативдик касиеттерине үйрөтүү ;

2) Бүгүнкү заманбап окутуунун жаӊы технологияларын, жаӊычыл  ыкмаларды,   алдыӊкы методдорду,  интерактивдүү методду ыгы менен колдоно билүү;

3) Сынчыл ойломдун стратегияларын пайдалануу менен балдардын сынчыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү,  проблемалык окутуу, инсанга багыттап билим берүү;

4) Этнопедагогика,  этномаданият багытында эне тилин кыргыз элинин үрп-адат, каада-салты, маданий мурастары менен  биримдикте окутуу;

5) Кыргыз тилин компетент-түүлүктүн негизинде окутуу;

6) Кыргыз тилин окутууда чечендик кепке үйрөтүү менен окуучуларда риторикалык ыкмаларды калыптандыруу.

7) Жогорку класстарда кесиптик билим берүүгө багыт алуу менен “Чечендик кеп “, “Кеп маданияты жана стилистика» курстарын киргизүүнү жана аны окутууну пландаштыруу;

8) Кыргыз тили сабагында “Манас” эпосуна көӊүл буруу менен андагы лексикалык көркөм тил каражаттарын пайдалануу менен окуучунун тилин байытуу ж.б.

В.Мусаева

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*