“Мугалимдер жетишпейт, балдар көп”

Светлана Керимкулова:

Борбор калаадагы белгилүү №67 мектеп-гимназиянын жамааты жаӊы окуу жылын жаӊы дем, жаӊы күч менен башташты. Бирок быйыл башталгыч класстын мугалимдери жетишпей, жетекчиликтин тынчын алып турган чак. 

Окуу жайдын директору, КР Билим берүүсүнө эмгек сиӊирген мугалим Светлана Керимкулованын айтымында, жылдагыдай эле мектепке кирем дегендердин саны абдан көп.

– Бишкек шаарында мектептер курулбагандыктан окуучулардын саны арбын. Бир класста 40тан ашык бала олтурат. Албайлы десек, аларды биз окутпаганда ким окутат? Айла жоктон алып жатабыз. Мындай көрүнүш бардык эле мектептерде бар. Маселе башкада, ошол 40 балага мугалим 45 минутада сабакты түшүндүрүп, ар бири менен иштегенге жетишеби? Бирок окуйм деген балдар мейли 30, мейли 40тан отурсун, жанталашып мугалим берген билимди сузуп алып, аны өркүндөтүп, мектептин да аброюн көтөрүп, өзү дагы билимдүү болуп, шаардык, республикалык олимпиадаларда алдыӊкы орундарга жетишип келишет, – дейт мектеп  жетекчиси. – Эӊөкүнүчтүүсү, быйыл башталгыч класстын беш мугалими Россияга кетип калышты. Айлабыз кетип, бала бакчада иштеген, бирок педагогикалык билими жок мугалимди алганга туура келди. Баягы эле айлыктын аздыгынан мугалимдер кетип, жаштар келбей жатышат.

Жетекчинин айтымында, мектепке окуу китептери жетишпейт. Мектеп-гимназиянын мугалимдери Россиядан чыккан жаӊы муундагы китептер менен окуучуларга билим бергиси келишет. Анткени бизден чыккан окуу китептер сапатсыз, түшүнүксүз жазылган. Маселен, 6-7-класста өткөн молекулярдык физика боюнча китепти быйыл 9-класста окутулсун деп берилиптир.

– Мугалимдер өткөн программаны кайрадан өтө бермек белек деп бул физиканы албай жатышат. Дегинкиси окуу китептеринин авторлору мектепке келип, практик мугалимдер  менен жолугуп, пикир алышып туруп, жазышса жыйынтык болмок. Мисалы, Юсупованын англис тили боюнча жазылган китеби начар деп аны биздин мугалимдер алышпайт, – дейт Светлана Керимкулова.  – Мындан сырткары, башталгыч класстын окуучуларына быйыл да ысык тамак берилет. Бирок биздин окуучулар  жетиштүү  үй-бүлөдөн. Ошондуктан жасалган ботколорду жебей, флягалап кайра төккөнгө туура келет. Албетте, бул ысырапкорчулук. Тамакты эт менен жасайлы десек, акча жетишпейт. Ушундай баш оору. Бирок тамак берип жаткан учурда балдардын жанында класс жетекчилери туруп, боткону жедиргенге көзөмөл кылышат. Бирок кыйнап жедиргенге дагы биздин акыбыз жок.

Мындан 2-3 жыл мурда мектеп-гимназиянын мугалимдери Россия мамлекетине барып, билимдерин жогорулатып келишчү. Эми каражаттын тартыштыгынан барбай калышкан. Анан дагы айына мектепке 400 сомдон төккөн каражат эч нерсеге жетпейт. Мектепке кирүүгө эч кандай взнос жок. Айрым гана ортомчулар пайдаланып кетишпесе, башка мектептердей акча сурашпайт.

– Бизде болгону ай сайын 400 сом төлөшөт. Ошону дагы айрымдары төлөбөй коюшат. Ал каражаттын баары мектептин материалдык-техникалык базасын чыӊдоого жумшалат. Түшкөн каражатты ата-энелер өздөрү көзөмөлдөшөт. Азыркы ата-энелер мектеп менен эсептешпей калышкан, ошондуктан Москвадагы жождорго мугалимдерди жиберип, окуталы десек, акча жок деп беришпейт, – дейт мектеп директору.

 Гүлнара Алыбаева, “Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*