Жогорку билим берүүнү төмөнкү деӊгээлдер боюнча студенттерди даярдоону ишке ашырат:
БАКАЛАВРИАТ
– «Экономика» багыты боюнча. Профилдери: финансы жана кредит; бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит;
– «Менеджмент» багыты боюнча. Профилдери: саламаттык сактоодо менеджмент, финансы менеджменти; чакан жана орто бизнести башкаруу;
-«Юриспруденция» багыты боюнча. Профилдери: жарандык укук, жазык укук, эл аралык укук, экономикага байланышкан кылмыштарды териштирүү;
-«Колдонмо информатика» багыты боюнча. Профилдери: Экономикада колдонмо информатика.
Окутуу формасы: күндүзгү – 4 жыл, сырттан окуу – 5 жыл.
Кабыл алуу ЖРТнын негизинде.
МАГИСТРАТУРА
«Экономика», «Менеджмент», «Юриспруденция» багытында. Окутуу мөөнөтү – 2 жыл.
ЖОГОРКУ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ТЕЗДЕТИЛГЕН ПРОГРАММАСЫ
Магистратура (экинчи жогорку) «Экономика», «Менеджмент» жана «Юриспруденция» багыты боюнча жогорку билими тууралуу дипломдун негизинде (адис, магистр же бакалавр). Окутуу мөөнөтү. Окутуу формасы – күндүзгү. Бакалавриат орто кесиптик билими тууралуу дипломдун негизинде. Окутуу мөөнөтү 3 жана 4 жыл. Окутуу формасы күндүзгү, сырттан окутуу (дистанттык технологиялардын колдонуу менен).
РОССИЯНЫН ЖОЖДОРУ МЕНЕН БИРГЕЛЕШКЕН БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАЛАРЫ
Сибирь финансы жана банк иши академиясы (САФБД)
Бакалавриат. «Экономика» багыты боюнча 1, 2, 3 – курстарды МАУПФиБде окутуу,
4 курсту – САФБДда окутуу (Новосибирск шаары). Кабыл алуу ЖРТнын негизинде. Эки диплом берилет (Россия Федерациясы жана Кыргыз Республикасы). Сайт: www.safbd.ru
МОСКВА БАШКАРУУ ЖАНА УКУК ИНСТИТУТУ (МОИУП)
Бакалавриат. «Экономика» багыты боюнча 1, 2, 3 – курстарды МАУПФиБде окутуу (Бишкек шаары), 4 курсту – МОИУПта окутуу.
«Юриспруденция» 1, 2 – курстарды МАУПФиБден (Бишкек шаары), 3, 4 – курстарды в МОИУПта окутуу Россия Федерациясынын диплому берилет. Сайты: www.maupfib.kg
Кабыл алуу сынактары МОИУПка бланкалык тестирлөөнүн негизинде жогорку орто кесиптик билим берүүнүн биргелешкен программаларына кабыл алынган студенттер биринчи 3 жылга окутуу наркын ЭБУКжБага төлөйт. Акыркы жылдарын Россиянын ЖОЖдорунда окутуу наркы боюнча төлөйт.
КОММЕРЦИЯЛЫК ЭКОНОМИКАЛЫК КОЛЛЕДЖ (КЭК)
төмөнкү адистиктер боюнча студенттерди даярдайт:
– Экономика жана бухгалтердик эсеп (тармактар боюнча)
– Финансы (тармактар боюнча)
– Салык жана салык салуу
– Банк иши
– Укук таануу
– Менеджмент (тармактар боюнча)
– Туризм
– Мейманкана сервиси
– Эсептөө каражаттарын жана компьютердик түйүндөрдү техникалык тейлөө.
Окутуу мөөнөтү: 11-класстын базасында- 2 жыл, 9-класстын базасында – 3 жыл. Окутуу формасы: күндүзгү, сырттан-кечки, сырттан окутуу. Колледжге кабыл алуу бланкалык тестирлөөнүн жыйынтыгынын негизинде ишке ашат. Колледждин бүтүрүүчүлөрү орто кесиптик билимдин дипломун алып, академиянын тездетилген программалары боюнча 2- жана 3-курска багыты боюнча билимин уланта алат.
Параллелдик окутуу
Мектептен кеткиси келбеген 9-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн, 10-классты мектепте окуп, күндүзгү-сырттан окутуу формасында студент катары билим алууга мүмкүнчүлүк берет. Мектепти бүтүргөндөн кийин 3 курсту колледжде окуп, орто кесиптик билими тууралуу дипломдун ээси болот. 1-2-курс окутуу наркынын жарымын гана төлөйт. Колледждин бүтүрүүчүлөрү жогорку билим берүүнүн тездетилген программалары боюнча билимин уланта алат.
(МАУПФиБ) төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөрдү берет:
– Шаардык эмес студенттерге жатакана;
– Окутуу төлөмдөрү боюнча арзандатуулар;
– Аскерге чакыруу мөөнөтүн кийинкиге жылдырууну;
– Жумушчу курстарда кесипке ээ болуу мүмкүнчүлүгүн берет: кассир,сатуучу ж.б.о.э. компьютердик, бухгалтердик (бухгалтердик эсептин негиздери, 1С-ишкана), тил курстары ж.б.
Биздин дарек: Бишкек шаары, Белорусс көчөсү 6. Сайт: www.maupfib.kg
122, 154, 155, 196, 212, 226, 228, 175, 102, 164 маршруттук автобустары, №17 троллейбустары менен келсе болот.
Телефондор: 53-17-95, 53-47-19, 53-45-53, 53-46-69, 0707-64-20-61.
Оставить комментарий