БОСОГОДОН МҮДҮРҮЛТПӨЙЛҮ БАЛДАРДЫ

 Жай айы — эс алуу мезгили дегенибиз менен, баласы 1-класска бара турган ата-энелер үчүн түйшүктүү кез. Алардын көбү учурда балдарын мектепке орноштуруу менен убара. Айрыкча жаӊы конуш тургундары жана балдарын статусу бар мектепте окуткусу келгендердин аракети кошумча каражат коротуу менен коштолуп жатканы жашыруун эмес.

Мектепке киргизүүдөгү эки маселе

Баласы мектеп курагына жеткен ата-энелердин басымдуу көпчүлүгү чүрпөлөрүн колунан келишинче мыкты окуткан мектептерге орноштургусу келишет. Акыркы кездерде мектепке киргизүү жогорку окуу жайына окутуудан да кыйынга туруп жатканы чын. Буга биринчи кезекте жогорку статуска эгедер болгон мектептерде орундун жетишсиздиги, кээ бир жерде мектептин такыр эле жоктугу себепкер. Бул көрүнүш айрыкча, жаӊы конуштарга мүнөздүү. Биз ушул эки тенденцияны эске алуу менен айрым мектептердеги абалга кызыктык.

Учкун жаӊы конушунда жайгашкан №89 мектептин директору Жайнагүл Сапалова учурда мектеп босогосун аттоого даярданып жаткан кичинекейлер 240 сааттык программанын алкагында даярдыктан өтүшкөндүгүн, төрт класска 120 бала кабыл алынгандыгын айтты.

— Азыр биздин мектепке кабыл алуу дээрлик аяктап калды. Адаттагыдай эле 1-класстын окуучулары үчүн төрт класс ачтык. Анын үч классы – кыргыз тилинде, бир классы орус тилинде окууну каалагандар. Биздин контингент негизинен Учкун жаӊы конушунун балдарынан турат. Кабыл алуу аяктап калды дегенибиз менен, каалоочулар үчүн эшигибиз ачык. Кабинеттерибиз, мугалимдерибиз жетиштүү, — деди директор.

Ушундай эле кырдаалды шаардын түштүк тарабында жайгашкан Арча-Бешиктеги №93 мектептен байкоого болот. Мектептин директору Гүлжамал Мадамилованын айтымында, жыл сайын 1-класска төрт кабинет даярдашат, бирок балдардын санына жараша бешинчи классты ачууга туура келет. Мектепте окуу процесси жалаӊ кыргыз тилинде жүргүзүлгөндүктөн, балдарын кыргызча окутууну каалаган шаардын ички тургундары 20 пайызды түзөт, калганы Арча-Бешикте жашагандар. Директор окутуу иштеринде быйыл кошумча түйшүк деле жаралбагандыгын, бирок жылда кайталанып келаткан жагымсыз бир жагдай бар экендигин белгиледи.

— Кийинки мезгилде балдардын саны өсүп жаткандыгын байкап жатабыз. Мектептин сыйымдуулугу — 960 орундук, бирок былтыр 1306 окуучуну батырдык. Быйыл да жылдагыдан көбүрөөк болот ко деп турабыз. Бизге келген балдарды кабыл алууга милдеттүүбүз деп ойлойм, ал жагынан маселе жок, бирок бизге ашыкча түйшүк жараткан бир жагдай бар, ал – убактылуу батирде жашагандардын балдары. Турмуш шартына байланыштуу башка жакка көчүп кеткен үй-бүлөлөрдүн балдары улам-улам мектеп алмаштыра беришип, билим сапаты жагынан көз-көрүнөө аксап жатышкандыгы жашыруун эмес. Андан тышкары балдарын убагында каттоодон чыгарбай, ортодо мугалимдерди кыйнашат, – дейт ал.

Мектептерде орундардын тартыштыгы калк жыш жайгашкан аймактарда, айрыкча шаарларда байкалат. Экинчи борбор статусуна ээ Ош шаарындагы мектептер үч тилде – кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде жүргүзүлөөрү маалым. Ош шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Куштарбек Кимсанов кийинки учурда орус тилинде окутууга куштарланган ата-энелердин саны өсүп бараткандыгын айтууда.

— Ош шаарында жайгашкан мектептерге жаӊы окуу жылына кабыл алуу жалпы бекитилген жобонун негизинде каалоочулардын эркине жараша үч тилдүү класстарга бөлүнөт. Шаарларга мүнөздүү көрүнүштүн бири – бул көп жылдык түптөлүп калган аброюна карап, же болбосо биз азыр айтып жүргөндөй, статустуу мектепти тандагандар көп, бирок алардын сыйымдуулугу чектелүү. Ошондуктан орундар жетишпей, ата-энелер ортого киши салып болсо да орноштурууга далалаттанышат. Мисалга алсак, А.Макаренко атындагы №6, С.Киров атындагы №4 жана Нариманов атындагы №7 мектеп-гимназияларга каалоочулар жылда эле арбын болушат. Шаардык окуучулардын саны Араван, Кара-Суу сыяктуу шаарга чукул жайгашкан райондордон келип-кетип окуган окуучулардын эсебинен дагы көбөйөт, — дейт К.Кимсанов.

Каалоо менен каражат кайчы кеткенде

Бишкек шаарында Оштогудай эле балдарына статустуу мектептерде билим берүүнү каалаган ата-энелер арбын. Алар мыкты фундаменти бар билим берүү жайында окуган балдардын келечеги кеӊ экендигине ишенишет. Арийне, айрымдары баласынын дареметине же каалоосуна кайчы, өздөрүнүн тааныштарынын балдары окуган жерде окутпай коюуну намыс көрүшүп, алыс-жакынына, жол убарагерчилигине, балдарынын таӊ заардан туруп жатканына кайыл болушат.

Кызы быйыл биринчи класска барууга даярданып жаткан Калыс-Ордо жаӊы конушунун тургуну Насипа кошуналарынын балдары сыяктуу кызын борбор калаабыздагы алдыӊкы мектептердин бирине берүүгө кызыкдар экендигин жашырган жок. Кичинекей Айдай кошунасынын эки баласы менен чогуу барып-келип окуй берет деген ишенимде. Бирок ал мектепке кабыл алуу аяктап калгандыктан, балким тааныш-билиш чыкса, акча берип болсо да, орноштурууга даяр элек дейт Насипа.

Балдарын мектепке, бала бакчага орноштуруу жогорку окуу жайларга киргизүүдөн татаалыраак болуп баратат деген пикирлер ырасында эле жүйөлүүдөй сезилет. Татаалданткан кырдаалдын себеби жөнөкөй, бул – орундардын жетишсиздиги. Ички миграциянын эсебинен борборго отурукташкан элдин саны көбөйүп, мурда кадыресе иштеп жаткан имараттарда тыгын пайда болууда дешет адистер.

Борбор шаарыбыздагы статустуу мектептин бири №6 автордук окуу-тарбия берүү комплексинин директору Айгүл Шимова аталган мектеп жайгашкан жерде асман тиреген кабат-кабат үйлөр курулуп жаткан менен акыркы 25 жылда бир да мектептин имараты курулбагандыгын айтат.

— Бизде кабыл алуу октябрь айында эле башталат. Мектебибиз шаардын борборунда жайгашкандыктанбы, каалоочулардын көптүгүнөн микроучастокко кирген тургундардын балдарын толук батырууга кудуретибиз жетпейт. Андан тышкары, статусуна жараша эки жактан келгендер да көп. “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзам боюнча мектеп жашына келген ар бир баланын расмий өкүлүнүн каалоосун канааттандырышыбыз керек. Биз албетте, биринчи кезекте тегерегибиздеги тургундардын балдарын кабыл алууга аракеттенебиз. Бирок микроучасток дегенде бир көчө бүтүндөй бир мектепке карайт деген көз караш туура эмес. Маселен, Раззаков атындагы көчөдө жашагандардын баары бир участокко кирбейт да. Каалоочулардын мүдөөсүн аткаруу үчүн бир класска 40 балага чейин батырууга аргасыз болобуз, — деди А.Шимова.

Статустуу мектептерге кирүүнү каалагандардын орчундуу дагы бир көйгөйү – каражат маселеси. Жогорудагы Насипа айымга окшоп, каалоосу менен мүмкүнчүлүгү шайкеш келбей калган учурда ортого ортомкечтерди салышып, акчанын күчү менен маселе чечүүнү эп көрүшкөндөр жок эмес. Бирок, “акча алды” аты мектепке калып, тыйыны “тып” этип ортодогулардын чөнтөгүнө түшөөрүн көбү биле беришпесе керек. Азыр мектептерге каржылык колдоо көрсөтүү максатында уюштурулган камкорчулар кеӊешинин чечимине ылайык, мектеп үчүн сунушталган каражат ачыкталат жана катталат. Көпчүлүк ата-энелер өзүнүн укугун так билбегендиктен, коомдо калыптанып калган адат боюнча “жеӊ алды акча берүү” жолу менен маселе чечүүнү оӊой көрүшөт да, “төө кыядан өткөн соӊ” таризде нааразы болушат. Биздин сурамжылообуздун натыйжасында маалым болгондой, балдары окуган мектепке демөөрчүлүк көрсөтүү иши ата-энелердин өз эркинде. Дареметтүү ата-эне баласынын мыкты шартта билим алышына дайыма кызыкдар болуп, өз мүмкүнчүлүгүнө жараша чектелбеген өлчөмдө каражат төлөөдөн баш тартпайт.

  Электрондук ыкма – каттоонун ынанымдуу жолу

Балдарды биринчи класска киргизүү Казакстан, Россия сыяктуу жакынкы коӊшуларыбызда кандай болду экен деген таризде ал жактагы абалды иликтегенибизде, жалпысынан бирдей экендигине ынандык. Алсак, Россия Федерациясында биринчи класска каттоо 1-февралдан башталып, 30-июнда аякталышы керек. Ал эми бекитилген участокко карабаган балдарды каттоо 1-июлдан тарта бош орундарга жараша жүргүзүлөт, бирок 5-сентябрдан калбашы кажет. Бирок белгилей кетүүчү жагдай, биринчи класска кабыл алууда биздегидей экзамен, зачет, тестирлөө жана башка сынактар жүргүзүлбөйт. Алгылыктуу жагы – биринчи класска кабыл алууда электрондук ыкма киргизилип, ата-энелер же балдардын расмий өкүлдөрү арыздарын электрондук дарекке жөнөтүү менен кезекке коюп каттай алышат.

Мектепке чейинки мекемелерге барбаган же атайын даярдыктан өтпөгөн балдарды Россияда биздей эле окуу башталганга чейин даярдашат. Ошол эле учурда балдардын даярдыгына жана аӊ-сезиминин өөрчүшүнө карап класстарды комплектөөгө жол берилбейт. Талап боюнча бир класста 25 баладан ашык бала отурбашы керек.

Казакстанда деле жалпысынан биринчи класска кабыл алуу мыйзам боюнча 1-июндан 30-августка чейин жүргүзүлөт. Өзгөчө зээндүү балдар окуган адистештирилген окуу жайларга кошумча сынактар киргизилген.

Ал жактарда деле ата-энелер ыӊгайына эмес, аброюна карап балдарын мектепке орноштуруу жетегинде болушат. Ата-энелеринин тандоосу жана талабы боюнча бир класска чогулган балдардын саны биздей эле кырк-элүүгө чукулдаган шартта чындап эле алар каалагандай жогорку деӊгээлде билим алаарына күмөнсүнгөндөр да жок эмес.

 Айнагүл Кашыбаева,

“Кутбилим”

 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*