БАЛА БАКЧА: БҮГҮН ЖАНА ЭРТЕҢ

Жайлоолордо бала бакча ачуу демилгесин көтөргөн экс-президент Роза Отунбаева Кыргызстандагы жайлоолорду түрө кыдырып, балдар менен жолугуп, ата-энелерге насааттарын айтып келүүдө. Бул жолку сапар Суусамыр өрөөнүндөгү жана Каракол жайлоосундагы бала бакчалар менен жакындан таанышып, 150 жомок жазылган флешка менен радиола, кеңсе буюмдарды, китептерди  тапшырып келди.

Үч жаштан кийин кеч

Таң эрте Бишкектен чыгып, эки сааттын аралыгында эле Суусамыр өрөөнүнө жетип бардык. «Роза Отунбаева демилгеси» коомдук фондунун директору, экс-президент Роза Отунбаеваны «Керемет» бала бакчасынын тарбиялануучулары ыр-бий менен тосуп алышты. Даражалуу  конокту чыдамсыздык менен күтүп жаткан ата-энелер Роза Отунбаевага ыраазычылыктарын билдиришти. Өз сөзүндө экс-президент  балдарды маданиятка аралаштыруунун зарылчылыгын жана маанилүүлүгүн, ата-энелердин балдарды кенже курактан тартып өнүктүрүү үчүн шарттарды түзө билишин баса белгиледи.

IMG_0105

—  Быйыл биз 87 бала бакча ачтык, Ага хан фонду 20ны ачкан, ошентип бүгүнкү күндө 100дөн ашык бала бакча иштеп жатат.  Кыргызстандын экономикасынын бир булагы — малчылык. Андыктан малчылардын балдарынын ой-жүгүртүүсүн кенен өстүрүп, окутушубуз керек. Жакында мен  Монголияда болдум. Бирөө айтат 50 миллион малы бар деп, экинчиси 60 миллион десе, үчүнчүсү 80 миллион дейт. Өздөрү жакшы билишпейт экен. Ал эми биздин 10 миллион малыбыз бар, жайлоо жетишпей жатат. Жайыттар департаменти чоң иштерди жасап жатышат. Албетте, 10 миллион малыбыздын бары жакшы, бирок адам ресурсу биринчи орунда турат. Жайлоо бала бакчаларын эмнеге ачтык? Балдар кичинекей кезинен сабаттуу болуп өссүн деп жатабыз. Япониялык Масару Ибука ата-энелер үчүн «Үч жаштан кийин кеч» деген китеп жазыптыр.  Балдарыңарга келгенде ошол китепти  алып окусаңар, урматтуу ата-энелер. Боз үйдүн бир бурчунда бир топ китептерди алып келгенбиз, өзүңөр да, балдарыңарга да окуп бергиле.  Анда жакшы менен жаман, калп менен чындык, эмне туура жана туура эмес деген жакшы түшүнүктөр бар. Япондор адам ресурсун өстүрүп жатышат.  Сиздер да аталар, балдарыңар менен кечинде шашки, шахмат, домино ойногула, үйрөткүлө, ар кандай спектаклди үй-бүлө менен аткарып, балдарды жомок дүйнөсүнө кызыктырып, маданиятка аралаштыргыла. Балдардын ой-жүгүртүүсүн кичинекей кезинен өнүктүрбөсөк, чоңойгондо заман талабына ылайык жашай албай кыйналат. Энелер болсо  кыздарга бешик ырын үйрөтүп, сайма саюунун, шырдак жасоонун ыкмаларын айтып берип, жүн тытканды, андан ар кандай сувенирлерди жасаганды үйрөтүү зарыл. Негизинен балдарды кичинекей кезинен тартипке, тактыкка, кичи пейилдикке, тазалыкка, ирээттүү болууга үйрөтсөңөр, ал өмүр бою калыптанып калат. Анткени 3 жашка чейин баланын мээси бардык нерсени бат кабыл алып, калыптанып турган кези.  Кыргызстанда күчтүү муунду тарбиялайлы. Москванын көчөсүн шыпырган эмес, илимге, билимге сугарылган күчтүү коом түзүлөт деген ишеничтемин, — деди Роза Отунбаева.

Андан соң, экс-президент билим алып жаткан балдардын абалы менен таанышты. Отунбаева балдарга белек тапшырып, алар менен чогуу олтуруп гүл жасап, маек куруп, алар менен кошо оюн ойноп балдардын, ата-энелердин маанай көтөрдү.

Чындыгында эле 5-10 минуттун ичинде биз менен кошо барган Англиядан, Германиядан келген волонтерлор кичинекей бөбөктөр, ата-энелер менен стратегиялык оюндарды ойноо учурунда англис тилинде аты-жөнүн айтканды, онго чейин санаганды үйрөтүп коюшту. Ал эми чоң дүйнөлүк саясий картаны көрсөтүп, өздөрү жашаган өлкөсүн сурашканда балдар алардын символикасы болгон желектерди көрсөтүп,  таң калтырды. Ошентип, балдар менен чогуу-чаран олтуруп алып, көп нерсеге үйрөтсө болоорун ата-энелерге тастыкташты.  Өзгөчө, «Мергенчи» аттуу стратегиялык оюн балдарга эле эмес, ата-энелерге да абдан жакты.

Бала бакча эмнеге үйрөтүп жатат?

IMG_4803

Жайыл, Бакай-Ата райондоруна караштуу «Керемет», «Сардарбек ата» бала бакчаларында балдар жазганды, окуганды гана үйрөнбөстөн, ар кандай гүлдөрдү, жүндөн сөйкө, билерик жасаганды үйрөнүп жатышканына күбө болдук. Эң башкысы ар бир бала бакчада тарбиячылар үчүн усулдук, методикалык пособиелер, дидактикалык материалдар кенен экен. Балдар үчүн керектүү кеңсе буюмдары, ойногонго оюнчуктары да бар экенин көрдүк. Маселен, «Керемет» бала бакчасынын тарбиячысы Шаршенбек кызы Жылдыз жана мугалим Чолпон Кожомбердиевалардын мастер-классында балдар жапайы жаныбарлар, аба-ырайынын кубулуштары тууралуу маалымат алып, эжейлери менен кошо жаратылыштын боекторуна, үндөрүнө, жыттарына аралашып, образдарды жаратууга далаалат кылышты.

— «Роза Отунбаева демилгеси» коомдук фонду уюштурган окуусуна барып келгем. Ал жерде үйрөткөн программа боюнча сабак өтөм. Негизинен мен Суусамырдагы 1-Май орто мектебинде башталгыч класстын мугалими болуп эмгектенем. Бүгүнкү күндө балдар ар кандай жомокторду, ырларды айтып калышты.  Түстүү барактардан гүлдөрдү жасаганды үйрөнүштү. 25 бала тарбияланып жатат. 3-7 жаштагы балдарга үч саат аралыгында алар менен иштөөнүн ар кандай формаларын уюштурабыз. Маселен, манжалардын гимнастикасы, кыймыл жана музыка терапиясы, динамикалуу тыныгуулар, арт жана жомок терапиясы, байкоо жүргүзүү, жансыз жаратылыштагы өзгөрүүлөр жөнүндө моделдерди түзүү, жаратылыштын добуштарын, үндөрүн тууроо, спорттук эс алуу, сюжеттик-ролдук оюндар ж.б.у.с. формалар менен иштейбиз, — дейт тарбиячы Жылдыз.

Ал эми сабак өтүп жаткан 30 жылдык педагогикалык тажрыйбага бай Чолпон Кожомбердиеванын айтымында, бул өрөөндө биринчи жолу бала бакча ачылган. Бала бакчага биринчи жолу келген балдар ыйлап, беймаза болушуптур.

— Балдар бат эле көнүп кетишти. Бала бакча ачылганына 15 эле күн болсо дагы балдар көп нерсени билип, кадимки шаардагы бала бакчага бараткандай таптаза кийинип алып, ата-энелери менен келишет. Бала өз көзү менен көрүп, колу менен сезип, ошол предметти айта билсе өнүгүү процессине көп эле жардам болот экен. 5 жаштагы балдар тамга таанышпай келишкен. Азыр тыбыштарды да таанып калышты. Эң башкысы, ушундай жакшы демилгени эми жергиликтүү бийликтегилер жерге калтырбай мындан ары өркүндөтүп бергенге жардам беришсе, — дейт мугалим Чолпон Кожомбердиева.

Бала бакчага небересин алып келген чоң эне Чолпон Акунованын айтымында, Суусамыр өрөөнүндө ачылган бала бакча ата-энелердин колун кармабай, балдардын өнүгүп-өсүшүнө жакшы шарттарды түзүп берип жаткан Роза Отунбаевага, айыл өкмөтүнө терең ыраазы экенин айтты.

— Чаң болуп ар кайсы жерде ойногондон көрө, тамга тааныбаганы тамга таанып, окуганды билгендерге билимдерин өркүндөтүү үчүн ар кандай логикалык оюндарды ойнотуп, шырдак жасаганды, жүндөн ар кандай аксессуарларды жасаганды үйрөтүп жатышат. Бул жөрөлгөнү кош колдоп колдоо керек. Саат 10.00-15.00 чейин бала бакчада болушат, тамак ашын ата-энелер өзүбүз көтөрүп жатабыз, — дейт чоң эне.

Ал эми бала бакчага дегеле барып көрбөгөн балдар үчүн бул саамалык майдай эле жагып жатыптыр. Өзгөчө волонтерлор келип, кыргыз баласына жат болгон, түшүнө кирбеген логикалык ойлорду ойнотуу менен тилге үйрөтүп, эл-жерин тааныштыруу максатында географиялык, саясий карталар менен иштөө ыкмасы балдардын кызыгуусун арттырып жатканы ата-энелерди кубандырбай койбойт. Бала бакчанын тарбиялануучусу Клара Меисбекова сүрөт тартканды үйрөнүп, жаныбарлардын дүйнөсү менен таанышып,  жүндөн ар кандай оюнчуктарды, кыздарга шакек, сөйкө жасаса болоорун көрүп, кыргыз өнөрчүлүгүнө кызыгып калганын жашырган жок.

Бала бакчанын максаты

 

«Роза Отунбаева демилгеси» коомдук фондунун «Жайлоо бала бакчалар» боюнча координатору Асылбек Жоодонбеков өнүктүрүү борборлорунун максаты менен ата-энелерди дагы бир ирээт тааныштырып өттү.

— Жайлоодогу малчылардын балдарын өнүктүрүү максатында  «Жайлоо бала бакчалары» долбоору ишке 2014-жылы кирген. Жыйынтыгында 2014-жылы Кыргызстандын жети облусунда 35 бала бакча ачылып, 800гө жакын балдар ар тараптуу өнүгүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Бул жылдан баштап, «Жайлоо бала бакчалары» тоо шартында жашаган балдарды ар тараптуу өнүктүрүү үчүн тоодогу маданий борборго айланттык. Биздин планыбыз толук кандуу аткарылып жатканына күбө болуп отурабыз. Биз пландаган моториканы өнүктүрүү, китеп окуу, сүрөт тартуу, оригами, шахмат, көз үчүн гимнастика, эстетикалык тарбиялоо боюнча мастер-класстар, гигиена боюнча санитардык агартуу иштери уюштурулуп жатыптыр. Эң башкысы ар бир иш-чарага ата-энелер жигердүү катышууңарды өтүнөбүз.  Бул сиздердин балдардын бала бакчасы, ошондуктан анын жанданып, өнүгүп кетиши ата-энелердин колунда, — деди Асылбек мырза.

Координатордун сөзүн улай, фонддун директору Р.Отунбаева: «Келген волонтерлордон балдарыбыз бир нерсе үйрөнүп калсын. Кийин бул волонтерлор «Кыргызстан жаңы өнүгүп жаткан өлкө экен» деп дагы он баланы алып келишет. Мүмкүн келечекте бала бакчада тарбия алып жаткан балдар ушул өлкөлөргө барып окуп калышат. Анткени жайлоодогу балдардын арасынан шыктууларын көрүп, таң калып жатышат» — деди ал.

Англиядан келген волонтер Эндрю Бартон, малчылардын балдарынын эркин жүрүшүнө, оюндарды бат кабыл алышына абдан таң калып жатканын жашырган жок.

— Табият менен таттуу жашагандарды көрүп суктанып жатам. Бул биринчиден, ден соолукка пайдалуу. Мен балдар менен бир нече оюндарды өткөрдүм. Мага жакканы балдар тез эле айтканымды илип алып, мени менен кошо англис тилинде аттарын айтып, онго чейин санаганды үйрөнүштү. Волонтерлор атайын балдарга белек алып келгенбиз, аларды тапшырдык. Мени таң калтырганы Англияны картадан көрсөтүп бергилечи десек, биздин желекти туура таап беришкени баарыбызды сүйүнттү. Бирок көбү билбейт экен, — дейт Эндрю.

Караколдогу «Ак сыйнат» бала бакчасы

IMG_0101

Ошентип эки бала бакчанын ишмердүүлүгү менен таанышып алып, алыста жайгашкан Каракол жайлоосуна жол тарттык. Албетте, «жол азабы, көр азабы» дегендей, жолдун алыстыгын, чарчаганыбызды бала бакчага жеткенде мотурайган балдардын көкүрөккө тыпыйган  колдорун коюп алып Кыргыз Республикасынын Гимни менен тосуп алганы баарын унуткарып салды.

Малчылар жолдун алыстыгына карабай ат менен балдарын таң эрте бала бакчага алып келип, түштөн кийин алып кетишет. Айыл аксакалы Сардарбек ата малчылардын балдары сабаттуу болсун деп боз үйүн тигип бериптир.

— Мектепке барганда мугалимдер малчылардын балдары эч нерсе билбейт, бизди күйгүздү деп арызданышат. Эми минтип бала бакча ачылып, балдарды мектепке даярдап жатышат. Бул абдан жакшы жөрөлгө, муну ата-энелер кош колдоп жатышат. Роза Отунбаевага ырахмат. Айыл өкмөтү үйдү сурады эле, бердим балдар окушсун деп. Бул бала бакчада 20 чукул бала  жазып, окуганды гана үйрөнбөстөн, жүндөн кыргыз буюм-тайымдарды жасаганды үйрөнүшүүдө. Ошондой эле жөн эле ойнобостон, стратегиялык, ойлонуучу оюндарды ойношот. Чий куурчак, кийиз, шырдак жасаганды үйрөнүшүүдө. Бул эң жакшы демилге, — дейт аксакал.

Өкмөттүн Талас олбусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Байыш Жуманазаровдун айтымында, бул демилге сөзсүз жемишин берет.

— Мындан ары бул демилгени өркүндөтүшүбүз шарт. 2-3 жылдын ичинде эле Кыргызстандын төрт  бурчунда жайлоо бала бакчалар ачылып жатат. Балдар ата-энелердин жанында жүрүп, мектепке даярдалып жатканы жакшы.  Талас облусу боюнча 6 бала бакча ачылды. Жакшы идеяларды көтөрүп коомдук фонд иштеп жатат. Чоң ыраазычылыкты билдиребиз. Кара жорго бийлеп жаткан балдар Кыргызстандын келечегин өнүктүрөт деген ишеним бар, — деди Байыш Жуманазаров.

 

Коомчулук эмне дейт? 

Бакыт Рыспаев, Өкмөттүн алдындагы өз ара башкаруу этностук мамилелерди жөнгө салуу боюнча агенттиктин директору:

— Роза Исаковна бүгүнкү күндө эс алуудагы адам. Бирок бул киши Кыргызстандын келечегин ойлойлу деп жатат. Бир акылман айтыптыр: «Жаштарыңды, балдарыңды көрсөт, мен эртеңки күнүңдү айтып берейин» деп. Балдар — эртеңки мамлекетибиздин келечеги. Бала бакча Роза Отунбаева үчүн кереги жок, бул иш  малчылардын балдары үчүн. Келечекте бул балдар кыргыз жараны катары ойгонсун деп бардыгын уюштуруп, Кыргызстанды кыдырып жүрөт.  Бир жылкыга айына 500 сом, уйга 450 сом, койго 40 сом беришет малчыларга кайтарып бергенге.  Бирок биз малга акча төлөп, ошол кезде эле балдардан акча аяп жатабыз. Ошондуктан жайыт комитети, айыл өкмөтү, ата-эне биргеликте иш алып барып, тарбиячыларга жардам берсек. Бир айылдан бир эле мыкты бала чыкса, Чыңгыз Айтматовдой кыргызды дүйнөгө таанытат. Мисалы, волонтерлор менен сүйлөшсөм Кыргызстанды билишпей эле келген, бирок Ч.Айтматовду жакшы билишет. Африкада  киши баспаган жерлер бар, алар «дүйнөдө биз элебиз» деп дүйнөдөн өтүп кетишет. Ошолордой болбой, дүйнө таанымды кеңейтүү үчүн балдарга татыктуу билим берүү керек.  Ушул демилгени колдоп, өркүндөтүүгө ата-энелер салымдарын кошот деген ишеничтемин.

Айзада Жаркыналиева, Өкмөттүн Талас облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары:

— Жайлоого китептерди койгон шкафтарды же стеллаждарды алып келалбайбыз. Ошондуктан боз үйгө ылайыктап китептерди салганга, балдардын алганына ыңгайлуу кылып аяк  каптардын моделинде даярдадык. Учурда 6,5 миллион сомго райондогу бала бакчаларга эмеректерди алып жатабыз. Буюрса, кийинки жылы ошол бала бакчалардын чыккан эски эмеректери менен жайлоо бала бакчаларын камсыздайбыз. Жакшы пландар бар. Мисалы, илгерки Кызыл үй дегенди жандандыралы деп жатабьыз. Боз үйдүн бир бурчун ошол китепканага ачуу планыбыз бар.

Кымбат Сапиева, Бакай-Ата району, эне:

— Үч балам бар, үчөө тең бала  бакчага барып жатышат. Таасири абдан жакшы. Анткени кечинде барганда жаныбызды коюшпайт, балдар менен кошо үй тапшырмаларын аткарып, китеп окуп беребиз. Үйрөнгөн жомокторун айтып беришет, кайра бизди ыр үйрөткүлө дешет. Күн, ай тарттык деп кубанып келишет.  Балдарды туура тарбиялоо боюнча китептер бар экен. Негизи бала бакча ачылгандан бери тарбиялоо боюнча көп суроолор пайда боло баштады 

Тынара Назаралиева, Талас райондук билим берүү бөлүмүнүн  башчысы:

— Каракол жайлоосундагы «Аксыйнат» бала бакчасында 20 бала тарбияланып жатат. Эки мугалим билим-тарбия берет. Аксыйнат апа кайтыш болуп кеткен, ошол кишинин атынан өмүрлүк жолдошу менен сиңдиси Кымбат Байматова ачышты. Өмүрлүк жолдошу  демөөрчү болуп, балдардын түшкү тамагын да берип жатат. Сабакта балдар ар кыл темалар боюнча маалымат алып, сүрөт тартып, аңгеме жазып ж.б.у.с. нерселер менен алектенишет. Маселен, менин үй-бүлөм, жай келди, жайлоодогу адамдардын эмгеги, канааттуулардын түрлөрү, суу жана суу менен эксперимент өткөрүү, гербарий деген эмне? — ж.б. толгон-токой түрдүү темалар боюнча балдарга билим-тарбия берилүүдө.

Эгерде айыл өкмөттөрү кызыкдар болсо, боз үйлөрүн тигип берсе, жайлоо бала бакчасынын келечеги бар. Мисалы, тарбиячыларга бюджеттен айлык акы каралган эмес. Ошондуктан ата-энелер акчалай төлөп бербесе дагы май, курут, кымыз берип жатышат.

Кымбат Байматова, «Аксыйнат» бала бакчасынын башчысы:

— Эч кимден каражат сурабай эле жомок китептерди сатып алдым. «Бакай»  банкы кеңсе буюмдарды алып келди. Айыл өкмөтү жардам берип жатат. Азыр 2-12 жашка чейинки 33 бала бар. Сүрөткө шыктуулар бар экенин көрүп, «Мыкты сүрөтчү» деген сынак өткөрдүк.  Англичан волонтерлор келип, биздин балдардын шахмат ойногондорун көрүп таң калышты. Биздин бала бакча накта жайлоонун башында жайгашкан, коммерсанттардын эмес  чыныгы малчылардын балдары келип тарбия алып жатышат.

Гүлмира Жаманкулова, Жайыл райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси:

— Бул демилге бизге абдан жакты. Билим берүү бөлүмү иш мерчемин түзүп, иштөө режимин толуктап, мугалим, тарбиячы менен камсыздандырдык.  Окуу процессин алып баруу үчүн керектүү окуу куралдарын, көрсөтмө, таркатма материалдарды, оюнчуктарды, тарбиячыларга керектүү  усулдук китептер менен да камсыздандырууга жетиштик. Суусамыр өрөөнүндө бала бакча жок болгондуктан бакчаны ачууда кыйынчылыктар болду. Биринчиден, жаш өзгөчөлүгү ар кыл топтогу балдар болгондуктан, боз үйдө эле 3 топко бөлгөнгө туура келди. «Улукман», «Эркетай» жана «Кенже» топтору деп.  «Роза Отунбаева демилгеси» коомдук фонд тарабынан түзүлүп берилген программаны биз толук кандуу камтып, ошонун негизинде иш жүргүзүп жатабыз. Ал программада айлана-чөйрөнү таануу, балдарды курчап турган, күнүгө баамдап турган  нерселерди өз көзү менен көрүп, айтылган материалдар да бар. Ошол материалдар жөн гана берилбестен  баары тең сүрөттүү, түстүү, маалыматтары менен кошо берилген. Программа сапаттуу түзүлгөн экен, жашоого жана балдардын жаш өзгөчөлүктөрүнө негизделиптир. Балдар жаныбарларды атап, алар кандай экенин сүрөттөп, кандай кыймыл-аракеттерин жасаарын айтып, сезимдеринин негизинде жакшы жыйынтыктар болду. Бир маал түштөндүрөбүз: ботко (күрүч сүт), булочка, нан, чай, кымыз, айран берилет. Түшкү тамакты ата-энелер моюндарына алып, кезеги менен даярдап, алып келишет. Түштөн кийин сейилдөө, тыныгуу, оюндар, анан кыргыздын боз үйүнүн ичинде эмнелер бар болсо ошонун баарын айтып, үйрөнүшөт. Ошол жерден балдар улуттук оюндарды, курчак менен театрлаштырып ойношот. Бул жерден жалаң гана билим албастан, табият менен таттуу мамиле кылууга орчундуу маани берилет.

Гүлнара Алыбаева, «Кутбилим»

 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*