УЛУТТУК БИЛИМ БЕРҮҮ: ДҮЙНӨЛҮК ПРОЦЕССТЕН ЧЕТТЕ КАЛБАЙЛЫ

Съезддин чечимдери жана аны өткөрүү тартиби жөнүндө

Сегиз жыл мурда кабыл алынган Кыргыз билим берүү кызматкерлеринин съездинин чечимдери негизинен аткаруу жолунда болду деп эсептейм. Анткени билим берүү тармагындагы жумуштун негизги багыты билимдин жеткиликтүүлүгүн жана мобилдүүлүгүн камсыз кылуу, билим берүү чөйрөсүн жана  сапатын жакшыртуу, окуу жайлардын жана мугалимдердин экономикалык абалын чыңдоо, мектепке чейинки жана мектеп билиминин мазмунун реформалоо, окуу программаларын жана окуу куралдарын жаңыртуу боюнча бир катар олуттуу стратегиялык документтер жана чечимдер  кабыл алынды.

Акыркы мезгилде тарбия маселелерине, өзгөчө көп маданияттуу, көп тилдүү коомду куруу мамлекеттик идеологиясына басым жасалып, тарбия берүү багыттарын аныктаган концепция иштелип чыкты. Мына ушул демилгелердин иштелип чыгышына, жолго коюлушуна Кыргыз билим берүү академиясынын кызматкерлери да кызуу катышты. Бирок экинчи съезддин кээ бир чечимдери көз жаздымында да калып калды. Алардын катарына мектеп билиминдеги профилдик класстардын натыйжалуулугун изилдөө, профилдик класстарды кеңири жайылтуу, электрондук окуу куралдардын жетишсиз санда иштелип чыгышын, окуучулардын өзүн-өзү аныктоо шарттарын түзүү жөндөмүн жана алардын зарыл компетенцияларын калыптандыруунун чен-өлчөмдөрүнүн системасынын аныкталбай калышын кошоор элем.

Мезгили менен билим берүү кызматкерлеринин съезддери өткөрүлүп турганы абдан жакшы көрүнүш. Бирок аталган форумдун укуктук-уюштуруучулук негиздерин так аныктап алуу керек. Съездди чакыруу жана делегаттарды шайлоо тартиби да белгилүү болгону абзел. Съезддин компетенциясы, кабыл алынуучу чечимдердин юридикалык статусу аныкталып, аларды аткаруу жана жоопкерчилик маселелери көзөмөлгө алынышы шарт. Тилекке каршы, билим берүү тармагындагы мамилелерди аныктаган тийиштүү мыйзамда съезд тууралуу кандайдыр бир берене, же болбосо түшүнүк каралган эмес. Ага байланыштуу съездди демилгелөө вазийпасы ырааттуу негизде орун ала элек. Адилеттүүлүк үчүн айтып кетүү зарыл,  аталган проблемалар бир гана Кыргызстанга мүнөздүү эмес. Мисалы, КМШ өлкөлөрүнүн билим берүү кызматкерлеринин съезддери негизинен аталган биримдиктин Аткаруу Комитетинин жана Мамлекеттер аралык Гуманитардык Кызматташуу Фондунун патронажы астында 2010-жылдан тартып уюштурулуп келет. Мындай съезддер эки жылда бир жолу чакырылаары да белгилүү. Бирок биздин тажрыйбада да, КМШ өлкөлөрүнүн тажрыйбасында да мурда өткөн съезддин чечимдеринин аткарылышы боюнча отчет бергенин көрбөй келем. Бул жагдай съезддин кадырына терс таасирин тийгизет деп эсептейм.

Кыргыз билим берүү системасы КМШ билим берүү аймагынын бир субъектиси десек да болот. Анткени аталган өлкөлөр менен билим берүү документтерин таануу максатында, 1992-жылы кол коюлган расмий  келишимдер бар экендигин, ага байланыштуу, бул алкактагы абал жана тенденция дайыма көңүл борборунда болуп туруу зарылдыгы келип чыгат. Аталган тенденция Кыргызстандын ЕАЭС уюмуна мүчө болуп кириши (2015-ж.) менен дагы тереңдеди. Ага байланыштуу КМШ өлкөлөрү биргелешип өткөргөн съезддердин да маанисине токтоло кетүүнү туура деп чечтим. Өзгөчө Ереванда (2012-ж.) болуп өткөн КМШ өлкөлөрүнүн билим берүү кызматкерлеринин 2-съездинде кабыл алынган орчундуу бир маселеге көңүл бургум келет. Сөз билим берүү системасынын сапатын жана натыйжалуулугун аныктоодо эл аралык көз карандысыз стандартташтырылган баалоо программаларына катышуу, алардын жыйынтыгын саясий чечим кабыл алууда жана мектеп билиминин мазмунун реформалоодо кеңири колдонуу тууралуу жүрүп жатат. Анткени ХХI кылымдын өзгөчөлүктөрүнүн бири —  постсоветтик бир катар өлкөлөрдүн PISA, TIIMS, PIRLS, EGRA жана башка эл аралык билим сапатын баалоо программаларына катышуусу катары мүнөздөлөт.

Мындай тестирлөөлөргө катышуу мурда калыптанып калган Совет доорундагы билим берүү системасына болгон бийик көз караштын караманча өзгөрүшү менен коштолду. Билим берүүнүн салттуу флагманы Россия да бул сынактарда орто заар ийгилик жаратканы адистик коомчулукту терең ойлонтту. Ал эми Кыргызстан PISA сынагына эки ирет катышып (2006, 2009-жж.) акыркы орунду ээлегени да белгилүү. Аталган жагдай көпчүлүк постсоветтик өлкөлөр үчүн өзүнчө эле “шок” болду жана Еревандагы съездде секциялык деңгээлде талкууга алынды. Бир гана дүйнөлүк сынактарга катышпастан, биздин тарыхый өзгөчөлүгүбүздү эске алган регионалдык стандартташтырылган сынактарды уюштуруу маселеси актуалдуу проблема катары таанылды. Тийиштүү чечим съезддин резолюциясына киргизилди. Бирок, тилекке каршы, аны аткарууга белсенип киришкен бийлик органдары же илимий мекемелери  болбоду.

Кийинчерээк регионалдык сынактарды уюштуруу идеясына Германиянын GIZ каржылаган “Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү диалог” долбоорун кызыктыра алдык. Анткени Кыргыз билим берүү академиясы аталган долбоор менен 2011-жылдан тартып активдүү кызматташып келдик жана долбоордун экинчи фазасынын фокусун аныктоо конференциясында регионалдык баалоо инструментарийин иштеп чыгууга, каржы бөлдүрүүгө ынандыра алдык. Бул идеяны ишке ашыруу үчүн академиянын курамында билим берүү сапатын баалоо жана мониторинг жүргүзүү лабораториясы ачылды, кызматкерлердин потенциалын жогорулатуу максатында эл аралык CIM адис үч жылдык мөөнөт менен кызматка чакырылды. Кыргызстан, Казакстан, Түркмөнстан жана Тажикистандын адистеринен турган жумушчу топ түзүлдү.  2014-жылдан тартып реалдуу жумуш башталды. Регионалдык өзгөчөлүктөрдү эске алган стандартташтырылган баалоо инструментарийи иштелип чыкты. Массалык изилдөөлөр 2015-жылы май айында уюштурулду. Изилдөөнүн объекти катары төрт республиканын башталгыч мектептеринин 4300дөн бүтүрүүчүлөрү, ал эми предмети катары окуучулардын окууга, жазууга, түшүнүүгө жана эсепке болгон компетенциялары аныкталды. Ушул күндөрү алынган маалымат толугу менен компьютерге киргизилип бүттү жана алгачкы анализдөө жумушу башталды. Сынактын толук жыйынтыгы жана тийиштүү отчету 2016-жылдын биринчи жарымында даярдалышы күтүлүүдө. Белгилей кете турган дагы үч нерсе бар. Биринчиден, башталгыч мектепте жүргүзүлгөн мазмундук реформанын натыйжасын баалоо көз карандысыз команда аркылуу жүргүзүлгөндүгүндө. Экинчиден, мындан ары мектеп билиминдеги мазмундук тактоолор, толуктоолор, алымча-кошумчалар, методикалык сунуштар жана окуу куралдары иштелип чыгууда билим натыйжасын мүнөздөгөн объективдүү көрсөткүчтөрдүн эске алынышы жана ушундай мүмкүнчүлүктүн түзүлүшү. Бул абдан кымбат, бирок баалуу иш-чара экендигин баса белгилегим келет. Ага өкмөттүн каржысы кеткен деле жок. Көпчүлүк жумуш академиянын ресурсу, министрликтин алдындагы тестирлөө борборунун жардамы жана министрликтин логистикалык коштоосу аркылуу аткарылды. Ошол эле учурда Кыргызстан  КМШ өлкөлөрүнүн арасында алгачкылардан болуп регионалдык реалдуу сынак уюштуруунун демилгечиси жана уюштуруучусу болгондугун да маанилүү деп эсептейм.

Окуу планы жөнүндө

Мазмундук реформанын өзөгүн түзгөн окуу планы кантип даярдалгандыгы тууралуу да учкай эске салып кетүү зарыл. Базистик окуу планды кайра иштеп чыкканга  негизинен үч себеп бар. Биринчиси, Кыргыз Республикасынын  туруктуу өнүгүүсү боюнча  Жогорку Кеңеш атайын программа иштеп чыккан жана билим берүүгө коюлган талаптар такталган. Экинчиси, мектептик билим берүүнүн жаңы мамлекеттик стандарты Өкмөт тарабынан кабыл алынган жана бул документтин талабына ылайык окуутунун натыйжасы катары окуучунун таанып-билүүчүлүк, коммуникативдик жана турмушка болгон даярдыгын мүнөздөгөн компетенциялардын түркүмү жана мындай натыйжаны камсыз кылууга багытталган тийиштүү билим берүү аймактары аныкталган. Үчүнчүсү, дүйнөлүк тажрыйбада билим берүүнүн натыйжалуулугу негизинен эл аралык комплекстүү стандартташтырылган изилдөөлөр аркылуу бааланып келгендиги жана мындай изилдөөлөрдүн фокусу жакынкы жылдарда бир катар өзгөрүүлөргө дуушар болоору. Дагы бир чоң проблема биздин тажрыйбада абдан көп предметтердин окутулушу, окутуу аймактарынын мектеп билиминдеги бардык баскычтарда толук орун албагандыгы, коомдун жана окуучунун жеке кызыкчылыктарын эске албагандыгы. Аталган жагдайлар долбоорду иштеп чыгууда орчундуу роль ойноду. Натыйжада мурдагы тажрыйбада орун албаган кээ бир тектеш предметтерди интеграциялоо жана жаңы аталышта берүү, окуу планындагы мамлекеттик жана тандап алуу компоненттери орун алды, ал эми башкаруу органдарына жана окуучуларга предметтерди тандоо укугу ыйгарылды. Негизинен жогоруда аталган идеялар жана сунуштар кызуу талкуунун өзөгүн түзүштү. Мисалы, мурдагы окуу планда технологиялык билим аймагына тиешелүү предметтер башталгыч класстарда жана 10-11-класстарда орун алган эмес. Ушундай эле абал искусство менен байланышкан билим аймагында да орун алып, тийиштүү предметтери 1-7-класстарда гана окутулуп келген эле. Мына ушул жагдайлар оңдолду. Жаңы долбоордун бирден-бир өзгөчөлүгү мектеп билиминдеги жети билим берүү аймагын 1-11-класска чейин толук кандуу отургузуу ишке ашырылгандыгында. Демек, бул сааттарды кайра бөлүү жана тактоо деген маселеге барып такалаары бышык эле. Ушул өңүттөн келгенде,  кандайдыр бир деңгээлде окуу сааттарды өзгөртүүгө мажбур болдук. Бирок окуу жүктөмүнүн жылдык көлөмү кыскартылган жок. Аны далилдөө үчүн билим берүү стандартындагы сааттын жана жаңы долбоордун көрсөткүчтөрүн салыштыруу жетиштүү болот.

Жаңы кабыл алынган билим берүү стандарты мурдагы стандарттан бир топ айырмаланат. Көпчүлүк учурда мугалимдер мына ушул айырмачылыктарды билбей суроо берип жатышат. Эгерде буга чейин бардык окуу сааттар толугу менен мамлекет тарабынан аныкталып, анын мазмуну иштелип чыгып жана милдеттүү түрдө аткарылып келсе, жаңы стандартка ылайык  бул маселе инварианттык жана вариативдик компоненттерге бөлүнүп, мамлекет милдеттүү окуткан, мектеп жамааты сунуштаган жана окуучу тандап алууга ылайыкталган предметтерден турат. Бул абдан принципиалдуу жаңы жагдай экенин эске салып кетээр элем.

DSC_1538
Бишкек шаарындагы №68 гимназиянын директорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары Айнура Сулайманова сабак учурунда.

Мазмундук реформанын биринчи кадамдары мектеп билим берүү стандартын жана Базистик окуу планын иштеп чыгуу болсо, кийинки кадамдары предметтик стандарттарды иштеп чыгуу, жаңы муундагы окуу-методикалык комплекстерди түзүү менен байланышкан. Бул маселе жалгыз гана академиянын потенциалы аркылуу чечилбешин эске алуу зарыл. Ага тажрыйбалуу, жаңычыл көз карашты карманган илимпоз адистер, методисттер, мектеп мугалимдери тартылды. Ал эми билим берүү академиясына жумушчу топтордун ишмердүүлүгүн координациялоо, предметтик стандарттарга коюлуучу бирдиктүү талаптарды кармануу, илимий-методикалык талкууга алуу вазийпасы тапшырылды. Бул жумуш Дүйнөлүк банктын жардамы менен март айында башталды, буюрса, сентябрь айында аягына чыгышы күтүлүүдө.

Абакир Мамытов,

Кыргыз билим берүү академиясынын президенти, Кыргыз билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер, педагогика илимдеринин доктору, профессор

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*