КӨП ТИЛДҮҮ БИЛИМ БЕРҮҮ – ТҮРДҮҮ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРДҮН АЧКЫЧЫ

Көп  тилдүү  билим  берүү  азыркы  заманда  бүтүрүүчүлөргө  толук кандуу келечекти  камсыздайт. Анткени  бүгүнкү  биздин  бүтүрүүчүлөр  Кыргызстанда   же КМШ өлкөлөрүндө  билим  алуу  менен  чектелбестен, башка мамлекеттерде (АКШ, Германия, Япония ж.б.) билим  алууну  самашат. Ошондуктан  биздин окуучуларга  кеминде эле үч   тил   үйрөтүүбүз  зарыл. Алар: мамлекеттик тил – кыргыз тили, расмий тил – орус  тили  жана дүйнөлүк тил – англис  тили. Биздин  жаштар  ушул  үч    тилди  мектепте  жакшы  өздөштүрө  алышса, алар  адис  катары  да, өзү  жашаган  өлкөнүн  жараны  катары да  чоӊ  артыкчылыктарга ээ  болушат.

Кыргызстанда  көп улуттун  өкүлдөрү  жашашат. Ошого  байланыштуу  кыргыз тилдүү мектептер менен  бир  катарда  орус, өзбек, тажик тилиндеги  же  болбосо  аралаш  окутуу тилдери  менен мектептер  бар. Бул  мектепте  окуган  окуучулар  бир  гана өзүнүн  окуган   тили  менен  чектелбестен,  мамлекеттик тилди да үйрөнүшү керек.

2015-жылдын  26-августунда  өткөн  Кыргыз  Республикасынын  билим  берүү  кызматкерлеринин  III сьездинде Кыргыз  Республикасынын  Президенти  Алмазбек  Атамбаев  өз  сөзүндө ар бир  Кыргызстандын  жараны  мамлекеттик  тилди  окуп-үйрөнүүсү, билүүсү зарыл  экендигин  баса  белгилеген. Ошондой  эле   Президент  сентябрда Нью-Йоркто  өтө  турган  БУУнун  Башкы   Ассамблеясынын  кезектеги  сессиясынын №4 максаты: «Баарына сапаттуу  билим  берүүнү  камсыз  кылуу  жана  бардыгы  үчүн  өмүр бою  билим алуу мүмкүнчүлүгүн  берүү»  жөнүндө айтты.

Көп  тилдүү  билим  берүү программалары   билим алуунун  сапатын да жогорулатат, жаштарга  түрдүү  мүмкүнчүлүктөрдүн  ачкычын   берет. Ошондуктан  мектепте   көп  тилдүү  билим  берүү  чөйрөсүн  түзүүбүз  зарыл. Бул  максатта  бүгүнкү  күндө  билим  берүүгө Президент жана өкмөт  тарабынан  өтө  көп  көӊүл  бурулууда. Биздин  мектеп, Сузак  районундагы  Манас  атындагы №90  жалпы  орто  билим  берүү  инновациялык  мектеби, Кыргыз  Республикасынын  Билим  берүү   жана  илим  министрлигинин 2015-ж. 13-апрелиндеги №363/1 буйругу  менен  жана  «Кыргыз Республикасында  көп тилдүү  билим  берүүнү   өнүктүрүү боюнча иш-чаралар  жөнүндө» №716/1 буйруктун  негизинде  район  боюнча  тандалган  пилоттук  үч  мектептин  бири  болду.  Көп тилдүү билим берүү программаларын  №2 М. Хакимов Дома-Ата, №22 А. Гайдар жана биздин Манас  атындагы №90 ЖОББИ  ишке ашырууда.

«Көп тилдүү  билим  берүү» (КТББ) программасын  ата-энелер, мектеп  жамааты  түшүнүү, кубануу  менен кабыл  алышты. Биргеликте  өткөрүлгөн  жыйында ата-энелер  тарабынан  көп  жаӊы  ой-пикирлер, сунуштар  айтылып, алар  мугалимдерге  жакындан  жардам  берери бизге  чоӊ  дем  болду.

Балдары  көп тилде  билим алуу  менен  чектелбестен,  көп  түрдүү маданияттарды  үйрөнөөрү  жана   ошондой  берекелүү, кереметтүүөлкөбүздө – Кыргызстанда башкалар  менен  толеранттуу  мамиледе болуп, достукта тынч  жашоого   тарбиялануусу ата-энелерди  кубантты.

Долбоор  өз  ишин  мугалимдерге КТББ  боюнча  маалымат берген 2015-жылдын апрелинде өткөргөн  семинардан  баштады. Эӊ  алгачкы  семинарга  райондук  билим  берүү  бөлүмүнүн  башчысынын  милдетин  аткаруучунун   орун  басары  Орозалиев А.Ж. жана мектептердин  директорлору, окуу  бөлүм  башчылары, мугалимдер  катышып, «КТББ деген эмне?  Ал кандай максаттарды көздөйт» деген  суроолорго  жооп  ала алышты.

Андан  кийин 15 мугалимден  турган  чыгармачылык топ түзүлдү, ар бир мугалимге  милдеттер бөлүнүп, тапшырмалар берилди. Мектептин коридорунда,  усулдук  каанада  «Маалымат бурчтары» жана «Маалымат  дубалы» уюштурулду. Пилоттук  класстар, предметтер  тандалып, стратегиялык  пландар түзүлдү. Долбоордун  жетекчилеринин  катышуусу  менен  ата-энелер конференциясы өткөрүлдү.

2015-жылдын апрель айынан  бери  мектептин мугалимдери бир канча  семинарларга катышып,  жаӊы усулдарды  үйрөнүшүп, өтүлө турган сабактарга план-конспектилерди жазып, талкуулашты.

КТББ программасы мугалимдерге  жаӊы усулдарды гана үйрөтпөстөн, предметтик мугалимдер менен филолог мугалимдерди  биргелешип бирин-бири толуктап иштөөнүүйрөттү. Ушул максатта  мектепте мугалимдер үчүн тил боюнча ийримдер ачылды.

Көп тилдүү билим  берүү  программасынын эӊ алгачкы кадамы 4-класста 12 предмет менен  башталды. Сөзсүз  эле иш бар жерде кемчилик, кыйынчылыктар, түшүнбөстүктөр  болот эмеспи. Азырынча кадр, китеп маселелерин чечүүдө райондук билим берүү бөлүмү  менен иштеп жатабыз. Мүмкүн болушунча китеп боюнча жардам берип  жатышат, ал эми кадр боюнча жождор менен келишим түзүп жатабыз. Эми этап менен сынак класстардын, предметтердин санын көбөйтөбүз. Предметтерди максаттуу  тилде окутууда  предметти улап окутууга жана сабакты  тилге жарым-жартылай чөмүлтүү менен окутууга  аракеттенип жатабыз.

«Миӊ жолу уккандан бир жолу көргөн артык» дегендей, жакында  мен Казакстандын Шымкент шаарында өткөрүлгөн илимий-практикалык   конференцияга катышып келдим. Бул конференция мага өтө чоӊ таасир калтырды. Билингвалдуу  билим  берүүнүн орчундуу  ийгилиги  көзгө көрүнүп турат. Мисалы: Улукбек атындагы №3 жалпы  орто  мектептеги 9-д классында  өткөн  биология предметинен «Экология человека» деген темадагы максаттуу  тил англис тили  болгон билингвалдуу  сабак өтө жакты. Окуучулардын орус  жана  англис тилдеринде эркин баарлашуусу  мени таӊ калтырды.

Мен үчүн түшүнүксүз болгон бир канча  суроолорго  жооп ала алдым.

Кыргызстандын делегациясынын  курамына КТББ программасын ишке ашырууга көмөктөш боло турган бүт мекемелерден өкүлдөр жиберилген экен, алар менен өз ара пикир  алмашуу  учурунда бир канча көйгөйлөрдүн чечимин таптым.

Мен үчүн төрт күндүк  конференциянын практикалык бөлүгүөтө  кызыктуу  болду. Тажикстандык кесиптештер менен Шымкенттеги  беш мектептин тажрыйбасын  көрдүк. Аларда (Казакстанда) КТББ программасы 2007-ж. эӊ  алгачкы кадамын таштап, дээрлик максаттуу  тилде окутулган предметтер  тилди тереӊ  үйрөнүүгө толук  сүӊгүп кирүү  усулунда окутулуп, 13 жылда бир канча  ийгиликтерге жетишип, кээ бир мектептердин  бүтүрүүчүлөрү  чет өлкөлөрдө окуп келип, өз мекенинде эмгектенип  жатышкандыгына күбө болдук. Казакстандык жана  тажикстандык  кесиптештер менен  пикир алмашуудан кийин  көп тилдүү  билим  берүүнүн келечеги кеӊ экенине  ынандым. Ушул сапардын  уюштуруучуларына: КР БИМ, БУУнун Балдар фондуна, Социалдык интеграциялоо борборуна  ыраазычылык билдирип, жана жалпы эле Кыргызстанда көп тилдүү  билим  берүү  программасын ишке  ашыруу боюнча эмгектенип  жаткан чоӊ жамаатка иштерине ийгилик, ал эми КТББга ак жол каалайм. «Сапар жемиштүү  болду» дегим  келет.

Мамлекетибиздин  келечеги үчүн, балдарыбыздын келечеги үчүн кызмат кылабыз деп турган  жамаатыма  биримдикти, ынтымакты, жигердүү эмгектенүүнү каалайм. Дайыма бизге колдоо көрсөтөт деп жергиликтүү коомчулукка, ата-энелерге, райондук билим берүү бөлүмүнө ишенич билдирем.

Сулайманова Айсулуу,

Сузак  району, Манас  атындагы №90 жалпы орто  билим  берүү  инновациялык мектеби

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*