МЕКТЕПТЕ ОКУГАНДЫ КҮНӨӨ КӨРГӨН АТА-ЭНЕЛЕР

 Ысык-Көл областындагы Ысык-Көл районунда диний көз караштагы себептерге байланыштуу балдарын мектепке жибербей жаткан ата-энелер болууда. Бул жөнүндө 29-январда областтын коллегиясында аталган райондун акими айтып чыкты.

Ысык-Көл районунда бир үй-бүлөнүн балдары мамлекеттик мектепке барбай жатканы жөнүндө фактыны Би-Би-Сиге аталган райондун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Дамира Абирова ырастады.

Анын айтымында, бир үй-бүлөнүн улуу кызы мектепке барбай жүрүп турмушка чыгып кетти. Андан кийинки он беш жаштагы жана он жаштагы кыздары мектепке барбай калганына беш жыл болду.

«Прокуратура, УКМКнын кызматкерлери, көп адам барып, үйүнө кире албай, айлабыз алты кетип, эки эле аял киресиӊер деп, биз болбой төрт аял кирдик. Апасы: «Силер эмне кылсаӊар да биз балдарыбызды бербейбиз»,- деп, кара жоолуктарды кенедей кыздарынын беттерине жаап, колдоруна бир китептерди карматып коюптур. Анан кыздарынан сурадык эмне учун окугуӊар келбей жатат, жүргүлө окуталы, канча класс өтүп кетсеӊер да ошо класска алып барып отургузабыз десек, «жок, биз окубайбыз» деп, сүйлөшүүгө келген жок балдары», — дейт Дамира Абирова.

Ата-энелеринин диний көз карашынан улам балдар мектепке барбай, алардын билим алууга укугу бузулуп жатканы жөнүндө 29-январда областтык коллегияда да сөз болду. Областтын жетекчилери ата-энелердин диний көз карашы кандай болгонуна карабай, балдар милдеттүү түрдө мамлекеттик мектептен билим алышы керектигин айтышты. Кыргызстандын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын талабы боюнча өлкөдө жалпы орто билим берүү милдеттүү болуп саналат.

Бул окуяга акыйкатчынын облустагы өкүлдөрү да кийлигишип, балдарын мектепке жибербей жаткан ата-энелерге балдардын укуктары жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Бирок андан эч кандай натыйжа чыккан эмес. Алардын айтымында, балдарын мамлекеттик мектепке жибербей жаткан бул бир эле мисал эмес.

«Ананьеводо, Григорьевкада, Темир айылында балдарын окутпай, үйүнө камап жаткан ата-энелер бар. Кызыгы, мектепке жибербегени менен Темир айылындагы үй-бүлө баласын Бангладешке жиберип, окутуп келиптир. Түшүнбөй ошол кээ бирөө керек десе балдарын Сирияга жибергенге камынып жаткандай сезилет. Балдарыбыз мусулман болот, мамлекеттик мектептен ар кандай туура эмес сөздөр болот экен деп терс түшүнүктөр менен жибербей, балдардын укуктары тебеленип жатат. Булар билим алып, билимдүү болуш керек. Көзөмөлгө алып, бул ишке көӊүл бурбаса, мындайлар четинен дагы көбөйүүдө», — деди Акыйткатчынын областтагы өкүлүӨмүрбек Тамаев.

Бул окуяны уккан коомчулук өкүлдөрү балдардын укугун бузган ата-энелерге мыйзамдык чара көрүп, керек болсо сотко берүү зарыл деп жатышат. Мурдакы билим берүү министри Ишенгүл Болжурова муну коркунучтуу тенденция деп атады:

«Мен өзүм катышып, юристтер менен 2003-жылы “Үй-бүлө Кодексин”, ал эми 2006-жылы “Балдар жөнүндө” кодексти кабыл алганбыз. Ошолордо балдардын укугу эӊ эле даана, аябай жакшы жазылган. Бул балдарды окууга жибербегени мыйзамды одоно бузгандык деп түшүнөм. Жаш кыз болсо аны окууга жибербей, күйөөгө берүү — бул нааданчылык, ошол эле кыздын укугун бузуу, сот гана чечиши керек буларды».

Ата-энелеринин диний көз караштарынан улам диний гана тарбия-таалим алып, мамлекеттик мектепке барбай жаткан балдардын маселеси ушул жумада Жогорку Кеӊештин коопсуздук комитетинин жыйынында каралды. Аталган комитеттин төрагасынын орун басары Абдувахаб Нурбаев Би-Би-Сиге бир жагынан медреселерде окуп жаткан балдардын санын алып, аларды мамлекеттик мектепке окууга тартуу менен катар мамлекеттик мектептерде дагы дин таануу сабактарынын зарылдыгы болуп жатканын айтты.

«Сунуштарды бердик, эгер уруксааты бар медресе болсо, аларда дагы сөзсүз мектепте окулган сабактар берилсин деген. Билим берүү министрлигине айттык. «Дин таануу» деген сабак кирүүдө, ошону күчтөндүрүп жатабыз, ошол жерде биз кеӊири маалымат берели дешти. Көбүрөөк талаптарды койдук, коопсуздук маселелери каралганда эӊ биринчи кезекте ушу маселе чыгып жатат да, бул менен дагы биринчи отурумду өткөнбүз, дагы отуруп дагы иштейбиз», — деди А. Нурбаев.

Балдарын диний мектепке гана окутуп, мамлекеттик мектепке жибербей жаткан ата-энелер башка райондордо да бар экени айтылууда. Бирок алардын так эсебин мамлекеттик органдар билбейт.

Айтмакчы, мамлекет мектептерде дин таануу сабактарын киргизүүнү пландап жатканына көп болду. Бирок казынада каражат каат учурда дин таануу сабактарын окута турган мугалимдер да, тийиштүү окуу китептер да даяр боло элек.

Абдыбек Казиев,

Би-Би-Си Кыргыз кызматынын Бишкектеги кабарчысы

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*