ӨЛКӨНҮН КЕЛЕЧЕГИ – БАЛДАРДЫН ТАРБИЯЛАНЫШЫНА БАЙЛАНЫШТУУ

Билим берүү жана илим министрлиги 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын ишке ашыруу жана балдардын мектепке окутууга карата психологиялык-педагогикалык даярдыгынын деӊгээлин жогорулатуу максатында 2015-жылдын 1-сентябрынан тартып республиканын жалпы  билим берүү уюмдарынын базасында Балдарды мектепке даярдоо 480 сааттык программасын ишке ашыруу боюнча буйругун чыгарган эле.  Учурда жер-жерлерде бул программанын жарым жылдыгынын жыйынтыгы чыгарылды. Бишкек шаарындагы «Эне-Сай» бала бакчасынын директору Гүлжан ТАЖИБЕКОВА  480 сааттык программанын максаты, жарым жылдык жыйынтыгы, ошондой эле бала бакчага ата-энелердин берген жардамы тууралуу кеп кылып берди.

Балдарды мектепке даярдоо – заман талабы

 «Эне-Сай» бала бакчасынын директору Гүлжан Тажибекованын айтымында, 480 сааттык программанын максаты — алты жаштагы балдарды мектепке даярдоо болуп саналат. Бул программаны ишке ашыруу негизинен мектептерге жүктөлгөн. Бирок бала бакчаларда бул программанын аткарылышы ата-энелер үчүн ыӊгайлуу экени коомчулукта айтылууда.

— Негизинен 480 сааттык программа мектептерде ишке ашырылсын деп өткөн жылы Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу чыккан. Ошонун негизинде былтыр октябрь-ноябрь жана август айларында мектеп жетекчилери менен бала бакчалардын тарбиячылары үчүн атайын курстар өтүлгөн. Анда балдарды мектепке кантип, кандай ыкма менен үйрөтүү керек экени окутулган. Мектептер программанын алкагында тиешелүү эмеректер, дидактикалык материалдар, сабактын иштелмелери менен камсыз болушкан. Ал эми бала бакчалар окутууга ыӊгайланышкан эмеректерге муктаж эмес. Анткени алар бизде бар. Бизге болгону дидактикалык материалдар жетиштүү берилди. Негизинен бул программаны мектепте эмес, бала бакчаларда окутса ата-энелер үчүн ыӊгайлуу экен. Себеби балдар күнүнө 3-4 саат окугандан кийин, ата-энелер баласын кайда коерун билбей кыйналышат. Ал эми бала бакчада балдар ата-энелери жумуштан келгенче каралып турат. Мисалы, айрым ата-энелер мени менен сүйлөшүп алып, балдарын №4 мектепке окутканы алып кетип, кайра саат 11.00 кийин бала бакчага алып келип турушту. Кийин алар  балдарын толугу менен эле биздин карамагыбызга беришти. Анткени бала 3-4 саат окугандан  кийин уктайт, убактысы менен тамагын ичет жана кечинде аны ата-энеси алып кетет, — дейт директор.

Алты жаштагы балдар оюнкараак келишет. Алар бат чарчашат, ошондуктан бала бакчада балдар  отуруп-туруп, ойноп окуй беришет. Мектепте мындай мүмкүнчүлүк жок. “Эне-Сай”  бала бакчасында бул программа толугу менен ишке ашырылып жана биринчи жарым жылдыкта жакшы жыйынтыктарды берди.

— Билим берүү жана илим министрлигине ыраазычылык билдиребиз. Анткени тарбиячыга сабак өтүү абдан жеӊил, бардык методикалык иштелмелер даяр. Ар бир материал баланын колуна берилет. Анын ичинде китептер, таблицалар ж.б.у.с. программага ылайыкталган окуу куралдар бар. Биздин бала бакчада кенже, ортоӊку, жогорку жана мектепке даярдоо тайпалары бар. Биз мурда чектен чыкпай эле окуу программанын алкагында балдарды тарбиялап келгенбиз. Ал эми азыр болсо стандартта көрсөтүлгөн программага 480 сааттын программасын кошумча катары пайдаланып жатабыз, — дейт Гүлжан Тажибекова.

480 саат бардык мектептерге жол ачат

 480 сааттык программанын алкагында балдар жазганды, санаганды, окуганды гана үйрөнбөстөн, алардын логикалык ой жүгүртүүсүөсүп, кеӊейет. Мисалы, уйдун мозаикасы берилсе, аны бала аз убакыттын ичинде чогултуп, ал кайсы жаныбар экенин, чөп жээрин, сүт берерин айтып, сүйлөм түзүп, ал сүйлөмдүн негизинде кичинекей аӊгеме жазышат.  Жумасына 15 саат өтүлөт.  Балдардын бат чарчап кетпөөсүүчүн сабакка болгону 25-30 минута берилет.  Кыргыз бала бакчалар үчүн орус тили киргизилсе, ал эми орус тилдүү бала бакчаларга кыргыз тили киргизилген. Маселен, энесайлык  балдар учурда орус тилинде жакшы сүйлөп калышты.

— Негизинен биздин конуштагы балдар №21 мектепке барышат. Бирок айрым ата-энелер №№4, 66, 68, 51 ж.б.у.с. мектептерге беришет. Мурда деле бизден тарбияланып чыккан балдар ушул мектептердин сыноосунан өтүп кетишкен. Быйылкы бүтүрүүчүлөр өткөн жылкылардан  күчтүү чыгат деген ишеничтемин. Даярдоо тайпасында 28 бала билим алып жатат. Буюрса 1-сентябрга алар  даяр болуп барышат. 480 сааттын жакшы жери — кайсы мектепке барбасын баланын жүзү жарык, жолу ачык болот. Биринчи жарым жылдыкта мониторинг жүргүздүк. Биздин балдар дидактикалык материалдарды  колу менен кармалап, ойноп жатып баарын үйрөнгөнгө жетишти. Оюндун негизинде баланын сүйлөө речи өсүп, логикалык ой жүгүртүүсү кеӊейгенин көрдүк.  Балдарга сюжеттик ролдук  оюндар да көп берилет. Берилген темага ылайык  балдар атрибуттарды колдоруна кийип, куурчак сыяктуу ойнотушат,  — дейт жетекчи.

Чогуу чоӊоебуз

 “Чогуу чоӊоебуз” —  тайпалык программа. Анда балдар чогуу ойногонго, жамаатта бири-бири менен пикир алмашууга үйрөнөт, ошондой эле алар ынтымактуулукка, мекенчилдикке, эмгекке, элин-жерин сүйүүгө, бири-бирин сыйлоого, достукка, туура сүйлөгөнгө ж.б.у.с жакшы сапаттарга тарбияланышат. Жогорку тайпадагы балдар-кыздар кичинекейлерге жардам берип, жетелеп, аянтчага «Менин Мекеним — Кыргызстан» деп сүрөттөрдү тарттырышат.  Мисалы, коопсуздук боюнча атайын  “Эки улак” жөнүндө тема берилсе, балдарга достук тууралуу кенен маалымат берилет. Т.а. жомок аркылуу бири-бирин сыйлаганга, жол бергенге, бири-бирине зордук-зомбулук көрсөтпөгөнгөүйрөнүшөт.

Туура тамактануу – баланын аӊ-сезимин өстүрөт

 — Мамлекеттик бала бакчада баланын туура тамактанышына өзгөчө маани бурулат. Экинчиден, план боюнча сабактар берилип турат. Ай сайын кандай жана эмне тамактар берилип атат, сабак кандай өтүлүп турат деп текшерүү жүргүзүлөт. Бизде бардык режимдер, эрежелер 100% аткарылат. Ар бир бала күнүнө 60 сомдук тамак ичет. Бала ашыкча тамак жеп албашы зарыл. Ошондо бир айга ата-эне 730 сом төлөсө, калган 730 сомду мэрия төлөйт. Бардык структуралар балдардын тамактануусуна абдан чоӊ көӊүл бурушат. Бала туура тамактанса баланын ден соолугу жакшы болот, аӊ-сезими өсөт.

Бир баланын нормасы менен медсестра меню түзөт. Ошондо бир күндө бир бала 170 грамм нан, 450 гр. сүт ичет,  ал чайга, кашага кошулат,  кээде сүт боюнча берилет, бала бир жумада сүт кошулган тамактар  менен тамактануусу зарыл. 100 грамм эт, 23 грамм май жейт. Эттин  шорпосуна гречка, макарондор бышырылат. Балдарга куурулган тамак берилбейт. 100 гр. гречка, 20 гр. кошулма болот. 150 гр. компот, йогурт, айран берилет. Бир күндө эки жолу каша берилет. Жумуртка сууга бышырылып, тоголок бойдон берилет. Компотко С витаминин кошуп беребиз, аны үйдө энелер жасашпайт. Капуста, сабиз, кызылчадан жасалган салат күнүгө берилет. Балдар бала бакчада бешинчи күнгө чейин гана болушат. Ал эми үйүндө болгондо ата-энелер балдарын биздей туура тамактантышпайт. Бул тууралуу ата-энелер менен сүйлөшүлгөн.  Эгерде үй-бүлөдө кичинекейинен туура тамактанууга үйрөтсө, балдар эч убакта оорушпайт эле, — дейт бала бакчанын директору.

Балам үчүн

Бала бакчанын жетекчиси Гүлжан Тажибекова ата-энелерди чакырып, балдардын кандай тамактанып, кандай  таалим-тарбия алып жатканын көрсөтүп, тааныштырып турат. Дежурный ата-энелер ак халатты кийип алып тамак жасалган блокко кирип, балдардын эмнеден жана кандай тамак жасалып жатканын текшеришет. Ошондой эле ачык эшик күнүндө  ата-энелер ачык сабактарга катышып, анализ беришет. Алардын айткан сын-пикирлерин тарбиячылар угуп, туура кабыл алып,  оӊдогонго аракет кылып келатканын жетекчи баса белгиледи.

— «Балам үчүн» коомдук бирикме  уюштурулган. Айына ата-энелер 150 сомдон бала бакчанын өнүгүшүнө чогултушат. Бирикменин директору, эсепчиси бар. Бала бакчага керектүү нерсе болсо мен өтүнмө жазам, ошонун негизинде ата-энелер комитети алып берет. Ооба, буга чейин мамлекет жардам берген жана берип жатат. Бирок мамлекеттин көзүн карап отура берген туура эмес. Илгерки советтик мезгил өттү, кетти. Биз башка доордо жашап жатканыбызды унутпашыбыз зарыл. Ошондуктан түшүнүгү кенен ата-энелер балдары үчүн эч нерсесин аяшпайт. Мисалы, былтыр бала бакчанын сыртын оӊдоп-түзөгөнгө, беседкаларды салганга, жаӊы терезелерди салганга ата-энелер коомдук фонду 325 миӊ сом бөлүп беришти. Активдүү  ата-энелерге жыйналышта атайын мактоо, алкыш баракчаларын тапшырып турам. Фонддон тарбиячыларга каражат каралбайт. Анткени Өкмөт былтыр 80% чейин айлык акыларын көтөрүп бербедиби. Эгерде мурда 10-15 жыл иштеген тарбиячы колуна 6-7 миӊ сом алса, азыркы учурда колуна 13 миӊ сом алат. Бул жакшы эле да. Ал эми коомдо чогулган каражат Устав боюнча бала бакчанын өнүгүшүнө гана деп каралган, — дейт Гүлжан Тажибекова.

Тарых жана маданият жылы

Бул жылга карата бала бакчада атайын план түзүлгөн.  Белгилүү жазуучулардын чыгармалары боюнча ачык сабактар, улуу инсандар менен жолугушуу, тарых музейине экскурсияга балдарды  алып чыгуу, бөбөктөргө “Рабаят” сыяктуу театрларды чакырып, жомокторду көрсөтүү ж.б.у.с. бир топ иш-чаралар өткөрүлөөрү пландаштырылган. Мисалы,  ачык сабактарда Манастын төрөлүшү, бала чагы, Ч.Айтматовдун Бугу эне тууралуу жомогунда Эне-Сай тууралуу айтылганы,  “Саманчынын жолу” ж.б.у.с. чыгармаларды балдардын жеткиликтүү тили менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлмөкчү.

Гүлнара Алыбаева,

“Кутбилим”

 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*