ЖАШТАР САЯСАТЫ ЖАШООГО ЫӉГАЙЛАШКАН ЖАШТАРДЫ ТАРБИЯЛООГО БАГЫТТАЛАТ

 Билим берүү жана илим министрлигинде Билим берүү жана жаштар саясаты башкармалыгы түзүлдү. Бул башкармалыктын башкы милдети бардык жактан жашоого ыӊгайлашкан жаш инсанды тарбиялоо болуп саналат.

Өткөн жылдын этегинде Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги жоюлуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен жаштар саясатын жүргүзүү милдети Билим берүү жана илим министрлигине жүктөлгөн. Бул милдетти аткаруу үчүн министрликте атайын башкармалык түзүлүп, ага жаштар саясатын жүргүзүү, жаштар менен иштөө иши жүктөлдү.

Билим берүү жана жаштар саясаты башкармалыгынын адиси Назгүл Мусаеванын айтымында, башкармалык өз ишин баштап,  өткөн аптада республиканын жаштарын бириктирип, 2017-жылга карата Жаштар саясатынын стратегиясын иштеп чыгуу боюнча кереге кеӊеш өткөрдү.

— Жаштар саясаты боюнча башкаруу  документтерин  иштеп чыгуу  тапшырмасы Билим берүү  жана илим министрлигине ыйгарылган, ал эми  аны ишке ашыруу милдети Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке тапшырылды. Андыктан 4-марттан 6-мартка чейин министрлик жаштар саясатынын стратегиясын иштеп чыгуу боюнча атайын түзүлгөн жумушчу топ менен семинар өткөрдү. Анда  жаштар менен иштөөнүн көйгөйлөрүн аныктоо жана ага анализ жүргүзүү, жаштар менен туруктуу иштей турган институттарды аныктоо, региондогу жана шаардагы жаштардын өнүгүүсүнүн өзгөчөлүктөрү жана проблемалары сыяктуу маселелер боюнча талкуу жүргүздүк. Эӊ башкысы бүгүнкү жаштарга эмне керек, аларды эмне кызыктырат деген суроолорго жаштардын өздөрүнөн жооп алууга аракет кылдык. Бул жумушчу топтун курамына  Билим берүү жана илим министрлигинин,  БУУнун балдар фондунун (ЮНИСЕФ), Бишкек шаарынын мэриясынын, эл аралык жана мамлекеттик эмес уюмдардын, жаштар мекемелеринин жана региондордогу жаштар борборлорунун өкүлдөрү кирген, — дейт Назгүл Мукашевна.

   Н.Мусаеванын айтымында, мурун Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин ресурстары менен Билим берүү жана илим министрлигинин ресурстары эки башка болгон. Андыктан азыркы иштелип жаткан стратегия мурункуга караганда башкача түзүлүп, министрликтин жүргүзө турган саясатына ылайыкташтырылат. Себеби буга чейин эле билим берүү мекемелеринде тарбия иштери боюнча иш жүргүзүлүп келген.

— Бардык жактан жашоого ыӊгайлашкан жаш инсанды тарбиялоо биздин бүгүнкү күндөгү алдыга койгон эӊ башкы максатыбыз. Ага жетиш үчүн биз эмне кылышыбыз керек? Ал үчүн тарбия ишин бала бакчадан баштап үзгүлтүксүз жүргүзүшүбүз зарыл.  Себеби бизде буга чейин үзгүлтүксүз тарбия өксүп келген. Бала бала бакчадан эле патриот болуп тарбияланып, мектепке келгенде алдына бир максат кое билген, ошол максатына жетүүүчүн умтулган деӊгээлге жетиши керек. Андай балдар максатына жетүүүчүн мектептен эле аракет кылып, ар кандай долбоорлорду жазганды, лидерликке үйрөнүп, жогорку окуу жайына келгенде баштаган ишин андан ары улантып кетиши абзел. Ошондо жожду бүтүп жатканда жашоого ыӊгайлашкан, бардык тарабынан төп келген идеалдуу адам даяр болуп чыгат. Андыктан биз балдарды ушундай жолго тарбиялаган, жол көрсөткөн, багыт берген стратегия жазышыбыз керек. Эӊ башкысы, стратегияны иштеп чыгууда, Кыргызстанда жашаарыбызды унутпашыбыз керек. Себеби биздин өзүбүздүн менталитетибиз бар, — дейт Н.Мусаева.

Жумушчу топ семинардын катышуучуларынын пикирлерин дагы эске алуу менен шаар жаштары менен айыл жаштарынын кызыкчылыктарына дагы көӊүл бурат. Себеби алардын жашоо-шарты дагы, ресурстары дагы, талаптары дагы, көз караштары дагы ар башка.

Жаштар комитети түзүлөт

 Жаштар менен тыгыз иштешүү максатында Билим берүү жана илим министрлигинде Жаштар комитетин дагы  түзүү пландаштырылууда. Комитетке мүчөлүккө эл аралык жана мамлекеттик эмес уюмдардын өкүлдөрү, ар кандай жаштар уюмдарынын лидерлери, таланттуу жаштар кабыл алынат. Алар министрлик менен бирге жаштар иштерин алып барышып,  өздөрүнүн зарылчылыктарын аныктап, идеяларын сунушташат.

— Бул комитетке таланттуу, лидер жаштарды алалык деп жатабыз. Себеби аларды көргөн жаштар өздөрү эле биз ушулардай лидер, бийчи, ырчы, спортчу бололук деп максат коюшат. Комитеттин мүчөлөрү дагы жаштарды үндөгөнгө, жол көрсөткөнгө, багыт бергенге жардам беришет, — дейт Н.Мусаева.

Учурда министрликте жер-жерлерде иштеп жаткан жаштар үйлөрүнүн милдеттерин өзгөртүү, жаштар уюмдарын түзүү дагы каралууда. Себеби жаштардын катарына жалаӊ мектеп окуучулары, жогорку жана кесиптик окуу жайлардын студенттери гана кирбестен 14 жаштан 27 жашка чейинки курактагы жарандардын баардыгы кирет. Андыктан алардын ар бири, өзгөчө элет жаштары бош калбай, ар кандай иштер менен алагды болушу керек.

 Кыргызстанда жаштардын катарына 14 жаштан 28 жашка чейинки жарандар кирет. КР Улуттук статистикалык комитеттин 2014-жыл үчүн маалыматына таянсак,  калктын жалпы санынын 30% (1,7 млн.) жаштар  түзөт. Жаштардын 2/3 айыл жерлеринде жашашат. Окуучулардын саны болжол менен 629 миӊди (37,3%), анын ичинде жалпы билим берүүчү мектептерде 321 миӊ, жогорку кесиптик окуу жайларында 222 миӊ адамды түзөт.

КР Юстиция министрлигинин маалыматына таянсак, өлкөдө 478 жаштар уюму каттоодон өткөн. Бирок алардын ичинен болгону 10% гана активдүү иштейт.

• Пикир

Тарбиянын жакшысы, тагдырдын ачкычы

С.Гапаров,

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин

маданияттаануу кафедрасынын ага окутуучусу:

 

— Советтер Союзунун учурунда бул тармак мамлекеттик деӊгээлде чоӊ жоопкерчиликке алынып, октябрят, пионер, комсомол уюмдары, ата-эне, мектеп болуп ушунчалык көӊүл бурулуп келген. Эгемендүүлүктү алгандан бери айрыкча мектеп өспүрүмдөрүнө ата-энелер жана мамлекет талаптагыдай көӊүл бурбай жаткандыг ыөкүнүчкө салат. Буга окуучулардын мектепке келди-кеттиси, таята, чоӊ энелеринин, жакын туугандарынын же болбосо улуураак балдар, кыздарынын колунда калган окуучулар, ошондой эле бир партада үчтөн-төрттөн отуруу, батыштын фильмдери, телефондор, агенттер көзөмөлгө алынбагандыгы себеп болуп отурат. Негизги себептери миграциянын күчөшү, ата-энелеринин расмий никелеринин жоктугу, сабатсыздыгы, укуктук документтеринин жоктугу, жумушсуздук, турмуштук оор кырдаал, ата-энесининажырашып кеткендиги болууда. Бишкектеги ички миграцияда жүргөн квартиранттардын балдарынын көпчүлүгү мектепке барбайт. Дордойдо иштеп жаткан балдарга тентип жүргөн криминал топтордун таасири өтө чоӊ. Базардын күн-чыгыш жагында таштандыларда өспүрүм балдардын түрүн жолуктурууга болот. 9-класстан кийин окубай койгон балдардын социалдык көйгөйү күч. Адашкандар үй-шарты жакшы болсо да алардын туткунуна түшүп калууда.

Жаштар — коомдун келечеги дейбиз. Бүгүнкү күндө жаштардын идеялары кандай болсо, жашоонун маӊызын, баалуулугун эмнеден көрсө коомдун келечеги да ошондой болот деген түшүнүк менен жашап келет. Ошондуктан жалпы адамдын акылы жана жүрөгү үчүн болгон күрөш учурда идеялык күрөштүн башкы маселелеринин бири болууда. Коом менен жаштар ар дайым тыгыз байланышта болуусу зарыл. Ошондуктан жаш өспүрүмдөр окуп, билим алып, турмуш тажрыйба сын топтоп, толук кандуу, активдүү күчкө айланып мамлекет менен бирдикте иш алып баруусу керек. Кыргызстан жалпыбыздын үйүбүз деген туура эмес. Ошонун артынан кандай коркунучтуу муун пайда болду. Жалпы кыргыз элинин жана Жогорку Кеӊештеги депутаттар, өкмөт башчылары, жогорку окуу жайлардагы студенттер, мектеп окуучулары биргеликте коомубузда жүрүп жаткан демократиялык реформаларда жаштардын активдүү катышуусуна моралдык-эстетикалык нормаларды, адеп-ахлактык жана патриоттуулукту, Ата мекенди сүйүүменен бирге элдик үрп-адат, каада-салттардын мыкты үлгүлөрүн, жүрүм-турум маданиятын, дин сабаттуулугун, тескери агымдарга кирип кетпөөнүн, тынчтыкты сүйүп-кадырлоону, экологияны сактоосу зарыл жана милдеттүү.

Бүгүнкү күндө жаштар бир күндүк тамак үчүн өмүр сүрүп калышкан. Менин байкашымча, өзүн-өзү камсыз кыла алган, коомдук иштерге активдүү катышкан жаштар азаюуда.  Мурдагы мекени жок цыгандардынжолдорунатүшүпалгансыйт. 1991-жылдарданбаштапрухийбайлыктардынордунакүнүмдүккөроокат, акча, мансапформуласыүстөмдүккылууда. Мурунку эмгекке болгон мамиле кайда? Талыбас эмгек аркылуу гана ийгилик алат элек го. Ал эми азыр болсо адамдар моралдык жактан таза болбой калды, алдагандарга, тоногондорго жөндөмдүү болгондордун иши жүрүп, ити үрүп чыга келди. Натыйжада, жаштар жеӊил жолдорду издешип, өз кесибин сүйбөй баратышат. Батыш маданиятына азгырылган жаштар улуттун тарыхына, маданиятына, тилине кызыгып да коюшпайт. Жаш муундун моралдык, адеп-ахлактык, интеллектуалдык мүнөзү чет өлкөлүк массалык маалымат каражаттарынын ишмердүүлүгүнүн натыйжасында талкаланууда.

Андыктан менин сунушум: бүгүнкү күндөүрп-адат, каада-салттар күчүн жоготпошу керек. Тарбия менен билим берүүнү күчөтүү инсанды калыптандырууда рухий дөөлөттөргө басым жасоо кажет. Ар бир жогорку окуу жайындагы окутуучулар предметтик лекциясын окуй бербей үч мүнөт этика, адеп-ахлах маселесине да сөзсүз көӊүл бурушу керек. Окуучулардын, студенттердин патриоттуулукка, Ата журтка болгон сүйүүсүн күчөтүү зарыл. Эӊ негизгиси, кыргыз мамлекетин сактап, акыркы гүлдөгөн заводу бар,  жеӊил өнөр-жайы, мал жана айыл чарбасы өнүккөн, чек аралары бекемделген өлкөгө айландырган жан-дили менен берилген чыныгы уул-кыздарыбыз — бүгүнкү күндөгү келечек муундарыбыз.

Эгерде биз келечекте моралдык, адеп-ахлактык, интеллектуалдык муунду өстүрөбүз десек тез арада Жогорку Кеӊештин мыйзам чыгаруу өкүлдөрү тарабынан уул-кыздарыбыздын мектепти толук аякташына ата-энелери мыйзамдуу түрдө чоӊ жоопкерчиликти өз моюндарына алышы керек.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*