ЖИГЕРДҮҮ ЖЕТЕКЧИ

Өрнөктүү  өмүр  жолу  менен  таанылган  Сарыбаев  Замир    он  алты  жылдан  бери  Алай  районундагы   № 35  Сатар  Карыев  атындагы  орто  мектепти  жетектеп,  жигердүү  эмгеги,  чечкиндүүлүгү,  башкаруучулук  жөндөмдүүлүгүөз  ишине  болгон  жоопкерчиликтүүлүгү  менен  мектепти  билим  берүүнүн  бардык  тармактары  боюнча  райондогу  алдыӊкы  мектептердин  катарына  жеткирип,  ишмердүүлүгү  менен  ата-энелердин  урматына  ээ  болуп,  жергиликтүү  жана  райондук  кеӊештердин  бир  нече  жолку  чакырылышынын  депутаты  болуп,  Алай  райондук  кеӊештин  ардактуу  атуулу  райондогу  абройлуу  жетекчилердин  бири  катары  таанылып,  50  жаш  кутман  куракка  келип,  кубаныч  менен  тосуп  турган  чагы.

Замир Сарыбаев 1966-жылы  26-апрелде  Алай  районундагы  Күӊ-Элек  айылында  туулган. 1973-1981-жылдары  айылдагы  В.Т.  Костыря  (азыркы  С. Карыев)  атындагы  сегиз  жылдык  мектепти  бүтүрүп,  1981-1985-жылдары  Ош  педагогикалык  окуу  жайынын музыка бөлүмүн   “Артыкчылык  диплому” менен  жана  ушул  эле  жылы  Гапар  Айтиев  атындагы  көркөм  сүрөт  окуу  жайын  ийгиликтүү  аяктаган.  1985-1989-жылдары  Ош  кыргыз  драма  театрында  сүрөтчү-жасалгалоочу болуп  иштеп,  билимин  өркүндөтүү  максатында  Ош МУнун  музыка  бөлүмүндө 1989-1993-жылдары  окуп, окуу жайда  коомдук  иштерге  активдүү катышып,  студенттердин  алдыӊкы  сабында  жүргөн. 1993-1998-жылдары  Ош  кыргыз  драма  театрында  сүрөтчү-жарнамалоочу,  музыкант, 1998-2000-жылдары  Алай  райондук  балдар  чыгармачылык  борборунда  ийрим жетекчиси болуп  иштеген.  Ийрим  жетекчиси  болуп  жүргөндө  райондогу  бир  катар  иш-чараларга  активдүү  катышып,  уюштуруучулук  жөндөмүн  көргөзүп,  өзгөчөлөнгөндүгү  үчүн  райадминистрациянын  сунушу менен мектепке  директор  болуп  дайындалат.  Жаӊы  дайындалганда  “директор  болуп,  ишти  алып  кете  алар  бекен”, –  деп  кооптонгондор  да  болгон  экен.

Мектепке жетекчилик кызматка  келгенден  баштап, мугалимдердин  аӊ-сезимин  жана  алардын ишке  болгон  мамилесин өзгөртүүгө, окуучуларга  сапаттуу  билим-тарбия  берүүгөүндөп, талапты  коюп, өзү  үлгү болуп,  ата-энелер  жана  коомчулук  менен  байланышты күчөтүп,  колдоо  көрсөтүүчү  уюмдар  менен  тыгыз  иштешип,  мектептин  материалдык-техникалык  жана  усулдук  базасын  чыӊдоого  аракет  кылды.

Натыйжада окуу корпусунун чатыры жаӊыланды. Совет доорунан  бери  алмашылбай  келе  жаткан  класстардагы  стол-стулдар алмашылды. Замир Сарыбаев  тынымсыз  изденген  чыгармачыл  мугалим  катары да бир  топ  ийгиликтерди  жаратып,  даярдаган  окуучулары  да  кароо-сынактардын  жеӊүүчүлөрү  болушкан.

Областтагы,  республикадагы  жетишкендиктери  жөнүндө сөз  кылалы.

Ал 2001-жылы ОМБОИде  өткөрүлгөн “Мыкты  директор”  сынагынын  жеӊүүчүсү.

2002-жылы “Педагогикалык  чыгармачылыктан  билим  сапатына” деген темада  облустук  чыгармачыл мугалимдердин 1-слётунда  ачык  сабак  өтүп  жеӊүүчү  болгон.

2005-жылы “Эл  ичи өнөр  кенчи” сынагынын областта  жеӊүүчү,  республикада  активдүү  катышуучусу, 2006-жылы “Ачык  көӊүл балдарбыз”  аттуу  балдар  үчүн жазылган обондуу ырлар  боюнча автордук сынагында ырынын  обону  жана  окуучулардын  чебер  аткаруусу  менен  областта жеӊүүчү, республикада  активдүү  катышуучу деп табылган. 2007-2008-2009-2010-2011-жылдары  областтык  мамадминистрация  менен  ОМПИ  биргелешип  өткөргөн  “Жаш  канат” фестивалдарында  областта  биринчиликти  алып, баалуу  белектер  менен  кошо  мектептин төрт  бүтүрүүчүсү ОМПИнин  музыкалык  бөлүмүнө  студент болууга сертификат  алышкан. Мектептин таланттуу окуучу жаштары райондук, областтык, республикалык кароо-сынактарда алдыӊкы орундарды ээлеп келүүдө.  Жаш таланттар 2012-жылы  областтагы  сынакта  “Эӊ  мыкты  фольклордук  топ”  номинациясын  жеӊип  алган. 2013-жылы  “Манас” эпосу  боюнча  өткөрүлгөн  олимпиадада  8-класстын  окуучусу Сыдык  кызы  Зуура  областта  биринчиликти,  республикада байгелүү  орунду  алса,  2014-жылы 5-класстын  окуучусу  Майрамбек  уулу  Баястан  облуста  экинчи орун, 2014-жылы “Аялуу  жан  сырын  адам  дилинде, айта  алат  бир  гана  эне  тилинде”  деген сынакта  эссе  жазууда  9-класстын  окуучусу  Сыдык  кызы  Батма  областта  экинчиликти,  ал  эми  көркөм  окуу  жана  фольклордук  чыгармаларды  аткарууда 11-класстын  окуучусу  Эсенбаев  Бакай  областта, республикада  биринчиликти  алды.  2015-жылы  “Манас  таануу”  интеллектуалдык  таймашта  областта  3-орунга  жетишкен.

Замир Сарыбаевдин  жаӊычыл  көз караштагы  сабак  иштелмелери  областтык,  республикалык  газеталарга  жарыяланып  турат. Мамлекеттик  тил  боюнча  улуттук  комиссия  чыгарган  иштелмелер  жыйнагына  “Комуз  кантип  жаралган,  комуз  менен  даӊктанам”  деген  автордук  тарбиялык  сааты  тандалып  алынган.

Бир нече обондуу  ырлардын  автору.  Мисалы, “Жазгы  кечте”, “Сен  экенсиӊ”, “Сен  жөнүндө”,  “Талпынат оо  жүрөгүм”, “Сездиӊ бекен”,  “Өзгөчөм”,  “Музыка”  жана     мектеп  окуучулары  үчүн  жазылган  “Бүтүрүүчүлөр  вальсы”,  “Мектеп  гимни”,  “Эне  тили”,  “Мектебим”  ыр  обондорун  өз  чыгармачылыгында  мектеп  программасында  практикалап  келет.

Замирдин  өмүрлүк  жолдошу,  география  мугалими  Маткалыкова  Аксана  чебер  ууз  катары  да таанылган. Алар  жасаган  боз үйү  2011-жылы Курманжан  Датканын  200  жылдыгына  арналган  мааракеде  “Мыкты  боз  үй”  сынагында  1-орунду  алып,  2014-жылы  боз  үйү  райондо,  областта  жеӊүүчү  болуп, Ысык-Көл облусунда  өткөрүлгөн “Бүткүл дүйнөлүк оюнуна” тигилип, республикада  байгелүү орунду  ээлеген.

Ушундай жигердүү, үзүрлүү  эмгеги  үчүн  райондук, областтык  билим  берүү  бөлүмдөрүнүн  жана мамадминистрациялардын, КР билим берүү  жана  илим  министрлигинин Ардак грамоталары,  эл  агартуунун, профсоюз  кыймылынын,  маданияттын мыктысы  төш белгилери жана көптөгөн  дипломдор менен сыйланды.

Өрнөктүүөмүр жолунда “Өйдөдө  өбөк, ылдыйда жөлөк”  болуп келе  жаткан  өмүрлүк  жолдошу А.  Маткалыкова  экөө  4  уул,  4  кызды  татыктуу  тарбиялап  келе  жатышат.

Сыдык  Мамыров,

Алай  району,  №35  Сатар  Карыев  атындагы  орто  мектептин  кыргыз  тили жана  адабияты  мугалими,  Билим  берүүнүн  мыктысы

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*