ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ: УСТАТТАР ЖАШТАРГА ҮЛГҮ

Илимий-педагогикалык «Мугалим» журналы 2016-жылдын жыйынтыгы менен «Устатка таазим» иш-чарасында ар тармактагы мыктыларды аныктады.

Иш-чараны «Мугалим» журналынын башкы редактору, педагогика илимдеринин кандидаты Рахат Сулайманова ачып, жергиликтүү массалык маалымат каражаттарынан айырмаланып илимий-педагогикалык «Мугалим» журналы негизги иштеринен сырткары мугалимдик кесиптин аброюн көтөрүү максатында жаштар арасында ар дайым коомдук акцияларды өткөрүп келатканына токтолду.

– Журнал 2014-жылдын март айынан баштап түстүү, сапаттуу кагазда чыгат.  2014-жылы декабрь айында биринчи жолу «Жылдын мыкты мугалими» республикалык сынагын өткөргөнбүз. Ошондо  жыл сайын мугалимдердин аброюн көтөрүү максатында, иштерине күч-дем берүү үчүн ушундай сынакты өткөрүү чечими кабыл алынган. Бирок 2015-жылдан тарта бул иш-чарабыз сынак-фестивалга айланды. Максатыбыз – жыл бою «Мугалим» журналынын беттеринде агартуу тармагынын актуалдуу  маселелерин байма-бай көтөрүп, атуулдук позициясын билдирген мыкты авторлорубузду, биз менен бирге кызматташкан, коомчулуктун пикирине арзыган мыктыларды Жаңы жыл алдында сыймык менен атоону көздөө эле.  Иш-чаранын форматы да кеңейип, жалаң гана билим берүү тармагындагы мугалимдердин арасынан чыккан мыктыларды аныктоо менен чектелбестен, бардык тармактын устаттарын тандоо максатын алдыбызга койгонбуз. Быйыл дагы маданият, искусство, медицина, спорт тармагындагы мыкты устаттарды алып чыгып, алардын бейнесин ачууну туура таптык.  Жаңы жылдын алдында жакшы маанай тартуулоо ыйык парзыбыз деп түшүнөбүз. Устаттарга саат сайын, күн сайын, мүнөт сайын таазим кылсак ашыктык кылбайт. Ата-энеден кийинки билим берген, дүйнө тааныткан, коомго аралаштырган, бизди адис катары калыптандырган устаттар билимдин, акыл-эстин саяпкери, – деди башкы редактор.

Бул иш-чаранын дагы бир өзгөчөлүгү – илим-билим, педагогика тармагында опол тоодой салым кошуп келаткан юбиляр агай-эжейлер да жыл сайын сыйланып келет. Быйылкы Жылдын юбиляры – Кыргыз Республикасынын Эл мугалими, физика-математика илимдеринин доктору, академик Аманбек Жайнаков; педагогика илимдеринин доктору, профессор Нурбүбү Асипова; Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти, филология илимдеринин доктору, профессор Советбек Байгазиев; Кыргыз билим берүү академиясынын лаборатория башчысы, педагогика илимдеринин доктору, профессор Сулайман Рыспаев; С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин педагогика илимдеринин доктору, профессор Таштанбек Сияев; Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Жогорку мектептин педагогикасы кафедрасынын профессору, педагогика илимдеринин доктору Ажарбүбү Раимкулова жана  Ардак грамота менени Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Жогорку мектептин педагогикасы кафедрасынын доценти, педагогика илимдеринин доктору  Гүлмира Карабалева сыйлыкка татышты. Андан соң коомчулуктун сүймөнчүлүгүнө арзыган, элдин арасында кадыр-баркка ээ, эл үчүн жан үрөп иштеген ар кыл кесиптин ээлери эксперттик комиссиянын, редакциялык кеңештин чечими менен төмөнкү номинацияларга мыктынын мыктысы деп тандалышты. Алар:

Жылдын мыкты дарыгер-мугалими – Кыргыз Республикасынын Улуттук хирургия борборунун ардактуу директору, КР УИАнын анык мүчөсү, медицина илимдеринин доктору, профессор Мамбет Мамакеев; Жылдын мыкты педагог-окумуштуусу – Кыргыз билим берүү академиясынын президенти, педагогика илимдеринин доктору, профессор Абакир Мамытов; Жылдын мыкты автору – Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Физиканы окутуу технологиясы кафедрасынын башчысы, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын мүчө корреспонденти педагогика илимдеринин доктору, профессор Эсенбек Мамбетакунов; Мугалимдин коргоочусу – Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун борбордук комитетинин төрагасы Асылбек Токтогулов; Жылдын мыкты ректору – Бишкек шаарындагы К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин ректору, филология илимдеринин доктору, профессор Абдылда Мусаев; Жылдын мыкты аймактык  жогорку окуу жайы Ош мамлекеттик университети (ректору, филология илимдеринин доктору, профессор Каныбек Исаков); Жылдын мыкты меценаты – «LION» соода борборунун жетекчиси Аслан АСЛАН; Жылдын мыкты коомдук ишмери – Кыргызстан аялдар конгрессинин төрайымы Замира Акбагышева;  Жыл жаӊырыгы – 2016-жылдагы Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда 1000 комузчулардын ансамблин уюштурган «Айгине» маданий-изилдөө борборунун директору Гульнара Айтпаева; Жылдын мыкты басылмасы – «Байчечекей» журналынын башкы редактору, Кыргыз Республикасынын Эл акыны Токтосун Самүдүнов; Жылдын мыкты ырчы-мугалими – Кыргыз Республикасынын Эмгек сиӊирген артисти, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин сырттан окуу бөлүмүнүн деканы Асель Турдалиева;  Жылдын мыкты чыгармачылык өнөр мектеби – «Ак шоола» балдар хору (жетекчиси Гүлмира Эсенгулова); Жылдын мыкты актер-мугалими – Белгилүү театр жана кино актеру, педагог Азиз Мурадилаев Кыргыз элинин тарыхын чагылдырган «Курманжан датка» кино тасмасындагы Алымбек датканын ролун эң мыкты чеберчиликте аткаргандыгы үчүн; Жылдын мыкты машыктыруучусу КРнын Салттуу ушу федерациясынын президенти Лопаткин Евгений Викторович; Жылдын мыкты билим берүү бөлүмүнүн башчысы – Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын билим берүү бөлүмүнүн башчысы Нургүл Мамбетова; Жылдын мыкты адиси – Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Безродняя Галина Васильевна; Жылдын мыкты мугалими – Баткен облусунун Лейлек районунун Б.Набиев атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Бегайым Бегалиева; Жылдын мыкты бала бакчасы – Бишкек шаарынын №112 бала бакчасы (башчысы Фисенко Любовь Владимировна); Жылдын мыкты билим-тарбия берүү кызматкери – КРнын балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук «Сейтек» борборунун директорунун орун басары Ирина Балтабаева;  Жылдын мыкты жаш илимпозу – Башкаруу, укук, каржы жана бизнес эл аралык академиясынын «Бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит»  кафедрасынын башчысы, экономика илимдеринин доктору Гүлзат Сабырова; Жылдын мыкты аймактык колледжи – Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы И.Бийбосунов атындагы  педагогикалык колледж (директору Саламат Молдосанов); Жылдын мыкты мектеби – Бишкек шаарындагы А.Молдокулов атындагы №5 улуттук компьютердик гимназиясы (директору Муратбек Жумалиев); Жылдын мыкты эл аралык мектеби – Бишкек шаарындагы Ч.Айтматов атындагы кыргыз-түрк «Себат» лицейи (директору Мутлу Акбулут); Жылдын мыкты элеттик мектеби – Талас облусунун Талас районунун А.Бөрүбаев атындагы орто мектеби (директору Бактыгүл Мүсүралиева); Жылдын мыкты педагогикалык колледжи – Ж.Баласагын атындагы КУУнун Педагогикалык факультетинин Кесиптик-педагогикалык колледжи (жетекчиси – Айсада Салиева); Жылдын мыкты каналы – ЭлТР мамлекеттик телерадиокомпаниясынын Илим жана билим каналы  (башкы директору Айбек Мусаев);  Жылдын мыкты радиосу – «Азаттык» радиосу (директору Султанбек Каназаров); Жылдын мыкты теледолбоору – «Баластан шоу» алып баруучусу Самат Эркинбеков, Бектур;  Жылдын мыкты журналисти – «Кутбилим» гезитинин бөлүм редактору Чолпон Кийизбаева;  Жылдын мыкты продюсери – ЭлТР мамлекеттик телерадиокомпаниясынын редактору Айбек Асанбек уулу.

Иш-чаранын катышуучулары, мугалимдик  кесипти тандап алган Ж.Баласагын атындагы КУУнун, И.Арабаев атындагы КМУнун студенттери, мектеп окуучулары сахнага чыгып педагогикалык ишмердиктин артынан жөнөкөй мугалимден, дарыгерден Эл баатыры, Эл мугалими,  Эл акыны, бакыйган академик, профессор, окумуштуу наамдарына караандай эмгектери менен жеткен агай-эжейлерди көрүп, алардын тандап алган кесиби ыйык да, бийик да экенине ынанып, шатырата кол чаап отурушту. Бул иш-чарага көбүнчө жаштардын чакырылгандын себеби дагы улуу устаттар кийинки муунга үлгү болсун, агай-эжейлердин кийинген кийими, баскан-турганы, сүйлөгөн сөзү,  аларга айткан тилектери жаш муунга өрнөк болот деген ниет экенин айрым устаттар да белгилеп өтүштү. Салтанаттуу аземдин көркүн Балдардын жана өспүрүмдөрдүн «Сейтек» улуттук борборунун «Жаш кыял» үлгүлүү бий ансамбли, «Ак Шоола» балдар хору менен Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Асель Турдалиева ачты. Жылдын мыкты ырчы-мугалими Асель Турдалиева жаштарга арнап жалаң мекенчил ырларды ырдап, салтанатты «Кыргызстан» аттуу ыры менен жапты.

Баса белгилей кетчү нерсе, улуу устаттар менен катар ыйык сахнага «Кутбилим» гезитинин бөлүм редактору, биздин кесиптешибиз Чолпон Кийизбаева чыкканда, ал окуткан студенттери тура калып кол чаап, гүлдестелерин сунушту. «Жылдын мыкты мугалим-журналисти» наамына татыган кесиптешибиздин өлкөнүн билим берүү тармагына олуттуу ой-пикири менен маңдайынан тер агызган, каректен май короткон талыкпас эмгегин, салмактуу салымын окурман журту жакшы түшүнүп жана жогорку баа беришкени  биз үчүн чоң сыймык. Чолпон Кийизбаева «Кутбилим» гезитине студент кезинен келип иштеп, өзүнүн өжөрдүгү, эмгекчилдиги менен такшалды. Ал өзүнүн кесибин сүйгөн, акты ак, караны кара деп бетке айткан, чынчыл, жоопкерчиликтүү, ар бир иш-чарага кызыгуу менен катышып, аны ар тараптан изилдөөгө алып, мугалимдердин бүйүрүн кызыктан материалдарды байма-бай жазып келатат.  Ушул сапаттарын дагы эксперттик комиссия жогору баалады, анын калеминен чыккан ар бир макаласы окумдуу, терең анализ жүргүзүлөөрү белгиленди. Чолпон азыркы учурда журналисттик багытында кандидаттык диссертациясын жазып жаткан учуру. Учурдан пайдаланып кесиптешибизге калеми мындан ары дагы курчуп, окурман журтуна акыл жарыгын арнап, калкка ак кызматын өтөй беришине терең ишенүү менен ага үй-бүлөлүк бакыт, чын ден соолук каалайбыз!

Советбек Байгазиев, Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти, филология илимдеринин доктору, профессор, “Жылдын юбиляры”:

– Быйыл өлкөбүз, элибиз  үчүн жакшы жыл болду. Республикабыздын 25 жылдык эгемендүүлүгүн белгилеп, «Тарых жана маданият жылы» деген ураандын алдында иштедик. Ушул ураандын алдында сүйүктүү журналыбыз «Мугалим» регулярдуу түрдө чыгып, өзүнүн көмөгүн мугалимдерге, жаштарга көрсөтүп келди. «Мугалим» журналы улам барган сайын популярдуулугу артып, эл ичинде,  билим берүү тармагында барган сайын аброю артып баратат. Элибиздин духун, мугалимдердин маанайын көтөргөн, жаңы ийгиликтерге, жаңы жеңиштерге шыктандырган ушундай иш-чаралар Жаңы жыл алдында жыл сайын уюштурулуп келатат.

Замира Акбагышева,  Кыргызстан аялдар конгрессинин төрайымы, «Жылдын коомдук ишмери»:

– 2000 ашык мектептерге «Мугалим» журналы жетип, мугалимдерге керектүү материалдарды чыгарып жатышат. Кыргызстандын билим берүү системасындагы басылмалардын ичинде «Мугалим» журналынын өзүнүн ыйык орду бар. «Устатка таазим» сынагына алтын тамга менен жаза турган адамдар тандалганы көрүнүп турат. Мен үчүн мугалим ыйык. Анткени менин ата-энем мугалим болгон. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып айта кетейин, Кыргызстан аялдар конгрессинин чечими менен кийинки жылы чыкчу «Кыргызстан аялдары» китебине «Мугалим» журналынын башкы редактору Рахат Сулайманова менен шеф-редактору Гүлнара Алыбаева да кирди.

Мамбет Мамакеев, Кыргыз Республикасынын Эл баатыры, Улуттук хирургия борборунун ардактуу директору, КР УИАнын анык мүчөсү, медицина илимдеринин доктору, профессор, «Жылдын мыкты дарыгер-мугалими:

– Асмандан биз даяр түшө калган жокпуз. Ушул даражага жеткирген, окуткан-чокуткан, тарбиялаган – Мугалим. Жыл жыйынтыкталып баратканда ар бирибиз ойлонобуз эмне иш кылдым деп. Бардыгыбыздын тилегибиз жаңы жылда жакшы ийгилик болсо экен дейбиз.    Быйыл мен 90 чыгып калыптырмын, медицина тармагында 65 жыл иштептирмин. Ушул жылдары адамдын ден соолугу, өмүрү үчүн күрөшүп келдим. 30 миң кишини операция жасап, аман алып калыптырмын. 40 жыл кафедра башчысы болуп иштедим. Мен дагы мугалиммин. Ден соолук болсо, ийгилик болот. Миң бай бол, миң бийликте олтур ден соолугуң болбосо, ал бир тыйынга да татыбайт.

«Мугалим» журналынын сапаты абдан жакшы экен. Болгону үч эле жыл болуптур. Бирок келечеги кең экени көрүнүп турат. Сөзсүз буларда ийгилик болот!

 Абдылда Мусаев, Бишкек шаарындагы К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин ректору, филология илимдеринин доктору, профессор «Жылдын мыкты ректору» номинациясынын ээси:

– Чөйрөнү кыймылдатып турган — мугалим. Мугалимдин аброюн көтөрүү боюнча көп эле сөз болуп жатат. Бирок «Мугалим» журналы өзүлөрүнүн күчү, демилгеси менен конкреттүү кадам жасап, мугалимдин аброюн көтөрүүгө аракет кылышууда.  Өзүлөрүнүн миссиясын аткарып, чоң иштерди жасап жатат. Рынок шартында илим-билимге арнаган журналды чыгаруу абдан оор. Журналдын сыйлыгын алуу мен үчүн жоопкерчиликтүү.

Гүлнара Айтпаева, Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда 1000 комузчулардын ансамблин уюштурган «Айгине» маданий-изилдөө борборунун директору, «Жыл жаңырыгы» номинациясынын ээси:

– Көчмөндөр оюнуна алып чыккан 1000 комузчунун ичинде 270 мугалим катышты. Мугалимдердин коомдогу орду зор. «Мугалим» журналы мугалимдердин кадыр-баркын көтөрүп, сүйлөгөн речине, баскан-турганына, кийингени чейин кеңештерин берип, күчтүү иштелмелерди чагылдырып турганы менен мугалимдердин чөйрөсүнө бат эле алынып кетти. Ар бир үйдө, ар бир мекемеде комуздун үнү өчпөсүн.

Токтосун Самүдүнов, «Байчечекей» журналынын башкы редактору, Кыргыз Республикасынын Эл акыны,  «Жылдын мыкты басылмасы»:

– Дарыгерлик жана мугалимдик кесип – дүйнөнү сактайт. Мугалим журналынын жашап келатканына үч жыл болуптур. «Байчечекей» журналында 40 жылдан бери иштеп келаткан кызматкери катары мугалимге баардыгыбыз карыздар экенибизди айткым келет. Наам деген аванс менен берилет. «Мугалимдин» сыйлыгын актайбыз деп убада берип кетсек болот.

 

Саламат Молдосанов,  Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы И.Бийбосунов атындагы  педагогикалык колледждин директору, “Жылдык мыкты аймактык колледжи”:

– Биздин колледж үчүн чоң сыйлык болуп жатат. Бул сыйлык биздин жамааты шыктандырат. Иш-чарага жалаң студенттер келиптир, мунун тарбиялык чоң мааниси бар. «Аганы көрүп ини өсөт, эжени көрүп сиңди өсөт» дегендей, бүгүнкү сыйлык алган агайлардай келечекте Эл баатыры, Эл мугалими, Эл акыны болгула  деп тилейм. Кыргызстандын туусун бийик көтөргөн инсандардан болгула. Бул жагынан алганда «Мугалим» журналы бир эле мугалимдерге жардам бербестен, жаштарды тарбиялаганга да киришиптир. Бул абдан жакшы иш.

Бегайым Бегалиева, Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Б.Набиев атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими, «Жылдын мыкты мугалими»:

–  Иш-чаранын «Устатка таазим» деп аталышы эле терең маанини, улуу ойду айтып турат. Устатын улуктаган элдин уучу узарып, эртеңки күнү жаркын болот эмеспи. Андыктан «Мугалим» журналы уюштурган бул аземдин тарбиялык мааниси зор экендигин баса белгилеп кетким келет. Белгилүү илимпоз-устаттар менен бирге ушул аземде сыйлык алганыма абдан кубандым. Мындай ишеним бизге шык берип, дем болот деп ойлойм. «Мугалим» журналы мугалимдерди билим берүү тармагындагы жаңылыктар, алдыңкы тажрыйбалар менен тааныштырып, кабардар кылып гана калбастан бир канча ири масштабдуу иш-чараларды байма-бай өткөрүп келе жатат. Ушундай иш-чаралардын өткөрүлүшү мугалимдин коомдогу кадыр-баркын жогорулатууга өбөлгө болоруна ишенемин.

Эржан Асыранов, Талас районундагы А.Бөрүбаев атындагы орто мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы, «Жылдын мыкты айылдык мектеби»:

–  Талас районундагы Асылкан Бөрүбаев атындагы орто мектеби журналдын тандоосу боюнча “Мыкты элеттик мектеп – 2016” номинациясынын жеңүүчүсү деп табылды. Бул сыйлыктын ээси катарында иш-чаранын катышуучусу болуп, “Жыл мыктылары – 2016” кароосунда мыкты деп табылган жеңүүчүлөрдүн арасында экендигибизди көрүп сыймыктануу менен кайттык. Ар бир тандалып алынган инсандар өз сөздөрүндө  “Мугалим – бул күзгү, ага карап окуучу түздөнөт, «жөнөкөй адам адашса тегерегиндеги беш-алты адам адашат, ал эми мугалим адашса коом адашат” деген жакшы бир таасирдүү пикирлерин айтып өтүштү.

 

Нургүл Алиева, “Жылдын мыкты мугалими – 2015” номинациясынын жеңүүчүсү, Балыкчы шаары: 

–  ”Мугалим” журналы жакшы иштердин жан жолдошу, асыл кесип ээлеринин акыл кеңешчиси, жардамчысы эле болбостон, аброюн көтөрүп, кесибинин түмөн түйшүгү менен кошо келген ырахатын ачып бере алган, кубаныч тартуулаган, залкар инсандарды жалпы калың журтка жакындан тааныштырууну көздөгөн сүйүктүү журналга айланды дээр элем. «Мугалим» журналынан сыйлык алган ар бир адамдын көзүнөн, сүйлөгөн сөзүнөн сүйүнүчтү, толкунданууну, ыраазы болууну көрүп отуруп, Жаратканга ыраазы болдум. Журналыбыздын арышы кенен болсун, сапары байсалдуу болсун, жети дубандын асыл кесип ээлеринин кызматташтыгына, тажрыйба алмашуусуна алтын көпүрө болсун ылайым.

Чолпон Кийизбаева, “Кутбилим” гезитинин бөлүм редактору, “Жылдын мыкты журналисти – 2016”:

– Кыргызстанда төбөсү көрүнгөн окумуштуулар, илимпоздор жана алдыңкы мугалимдер менен бирге сыйлык алуу мен үчүн абдан чоң сыймык болууда. Адамдын эмгеги эч качан бааланбай койбойт. Бирок эмгегиң бааланышы үчүн элиңе опол тоодой эмгек кылып, ар тараптуу изденип, ар тараптуу өнүгүүгө, өсүүгө аракет кылышың  керек. Мен бүгүн Эл баатыры М.Мамакеев, Эл мугалими А.Жайнаков, белгилүү окумуштуу-илимпоздор С.Байгазиев, Э.Мамбетакунов, А.Мамытов, А.Токтогулов сыяктуу мугалимдердин мугалимдери менен катар агартуучулар үчүн баалуу да, барктуу да сыйлык алып жатканыма абдан кубанычтамын.

«Мугалим» журналы эми бутуна туруп, жаңы телчигип келе жаткан басылма болсо дагы республикалык деңгээлде ушундай иш-чара өткөрүп, мугалимдердин эмгегин баалап жатканы мактоого арзыйт. Чыныгы мугалим үчүн материалдык сыйлык баалуу эмес, мугалим үчүн алакандай кагаз болсо дагы анын эмгеги бааланып турганы сыймык.  Мындай сыйлык качан болбосун ар бир адамга дем берип, шыктандырып, алдыга сүрөп турат. Мугалимдердин эмгегин баалап, атайын аларга көңүл бөлүп, аларды сый-урматка бөлөгөн журналга ийгилик каалап, азыркы рынок шартында жоголуп кетпей, өнүгүп-өсө беришине жана агартуучуларга кызмат кыла беришине тилектешмин.

Гүлнара Алыбаева, «Кутбилим»

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*