Лейлектик агай-эжейлердин табылгалары арбын

Күнөстүү республикабыздын бардык облустарынан келишкен чыгармачыл мугалимдер «Кутбилим» гезитинин 60 жылдыгына арналган «Билим менен тарбиянын сапаты – биз сыйлаган мугалимдин канаты» аттуу республикалык илимий-практикалык конференциянын алдында эки топко бөлүнүп, райондун бир катар билим берүү мекемелеринин иши менен таанышып чыгышты.

КЕСИБИ ОРУС ТИЛЧИ, МЫКТЫ УЮШТУРГУЧ АБДУЛХАК ЖАМИЛОВ

Лейлек жергесин адеп аттаганда эле жарык маанай менен бизди тосуп алган жооптуу адамдардын арасында райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдулхак Жамилов болду. Журналист болгондон кийин көп жерге барып, көп жетекчилер менен сүйлөшүп жүрөбүз, арасында маселеңе үңүлө көңүл бурганы да, кээде орун басарларына шылтап суроодон качкандары да бар. Абдулхак Момунович антпеди. Ал конференцияны уюштурууда болсун, аны алып барууда болсун, алыстан ат арытып келишкен делегаттарга көрүлгөн камкордуктарда болсун кенедей кемчилдик кетирген жок. Баары эң жогорку баага татырлык болду. Конференция өткөн залдын, өзгөчө сахнанын жасалгасы, ««Кутбилимге» 60 жыл!», «Республикалык конференцияга кош келиңиздер!» көрнөктөрү, президиумдун алды жагына коюлган кооз гүлдөр, кире бериштеги мазмундуу көргөзмө, катышуучулардын баарына таратылып берилген лейлектик акын-жазуучулардын ыр китептери, конференциянын программасы салынган атайын папкалар, заманбап конок үйү, деги баарысы ушунчалык зор көңүл жана иш билгилик менен жасалганын Абдулхак Момуновичтин жетекчилик мыкты сапаттарын кынтыксыз көрсөтүп турат.

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛГЕ ӨЗГӨЧӨ МААНИ БЕРГЕН МЕКТЕПТЕР

Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдулхак Жамиловдун бизге берген маалыматы боюнча, Лейлек районунда жалпы билим берүүчү 67 мектеп, анын ичинен 55 орто, 5 гимназия, 5 башталгыч, 2 негизги мектептер бар. Буларда 23717 окуучу билим алып, аларга татыктуу тарбия берүүдө 2197 мугалим эмгектенет. Конференциянын шарапаты менен биз Исфана шаарында жайгашкан А. Навои, Т. Жапаров атындагы орто мектептердин жана №1, №4 гимназиялардын иши менен жакындан таанышууга үлгүрдүк. Мектептердин тазалыгы, жогорку эстетикалык табит менен жасалганы, жамаат ичиндеги достук, биримдик, ишке болгон ак пейил мамиле кашкая байкалып турду. Исфана шаарындагы №4 Усман Маткаримов атындагы окутуу өзбек тилинде жүргүзүлгөн гимназиянын директору Саттаров Хабибулла таптаза кыргыз тилинде мектеп тууралуу бизге баяндама жасап берди. Мектеп ичиндеги, айрыкча биринчи кабаттагы көрнөктөр мамлекеттик тилде илингени көңүлүбүздү көтөрүп, ата-мекенибизге болгон сыймыктануубузду жаратты. Окутуу кыргыз, орус, өзбек тилдеринде жүргүзүлгөн Алишер Навои атындагы орто мектептеги 1057 окуучуга 92 педагог билим-тарбия берет. Өмүрүнүн жыйырма жылын жалаң мектепти жетектөөгө арнаган ушул мектептин кадырман ардагер мугалими Шакиржан Тойчиев бизди мектеп жетишкендиктери менен тааныштырды. Мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн ийгиликтери чынында суктанарлык экен. Бүтүрүүчүлөрдүн алды Америкада, Европада билим алып жатышыптыр. Шакиржан агай менен биргеликте Далиева Ферузанын 4-г класстагы математика сабагына баш бактык. Жаш педагогдун өз ишине карата ак пейил мамилесин көрүп, кыргыз педагогикасынын уучу кур эмес деген ойдо калдык.

БӨБӨКТӨРДҮ АР ТАРАПТАН ӨНҮКТҮРҮП-ӨСТҮРГӨН БАЛА БАКЧАЛАР

Биз Исфана шаарындагы эки бала бакчада болдук. Быйыл өзүнүн 30 жылдык мааракесин белгилеп жаткан №5 «Наристе» балдар бакчасы ата-энелер, демөөрчүлөр менен тыгыз байланышта иштеп, бул багытта колго аларлык тажрыйба топтогонун балдар бакчасынын директору, Билим берүүнүн отличниги Майрам Ташполотова айтып берди. Чындыгында эле ата-энелердин, демөөрчүлөрдүн көмөгү көңүл бурарлык экен. Мисалы, өткөн жылкы бүтүрүүчү тайпанын ата-энелери 30 балага ак шейшеп, алты кызга улуттук көйнөк тигип беришкен. Ал эми Бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоо күнүнө карата ата-энелер атайын акция уюштурушуп, андан түшкөн акчага ашкананы ремонттон өткөрүшкөн. Бул иште шаар бийлиги да четте калбай, Исфана шаарынын мэри Х.Б. Салямов балдар бакчасына 16 миң сомдук духовкалуу электроплитканы белекке берген. Үстүбүздөгү жылда болсо ата-энелердин кол кабышы аркылуу зки олтургучу менен стол жана чаң соргуч сатып алынган. Балдар бакчасынын дагы бир табылгасы – кире беришке орнотулган он эки канат боз үйдүн темирден жасалган макети. Ал балдар бакчасына өзгөчө көрк берип, аруу тилек балдардын дүйнө таанымын кыргыз маданияты менен байытып турат. Ушундай иштерден Исфана шаарындагы №1 «Барчын» балдар бакчасы да кур эмес. Аталган билим берүү мекемесинин тазалыгы, жогорку эстетикалык табит менен бүткөрүлгөн жасалгалары кирген адамдын маанайын көтөрөт. Балдарга үч маал ысык тамак берилип, тамактын каллориясына, азык-түлүктүн сапатына өзгөчө көңүл бурулат.

ЛЕЙЛЕКТИК ЭКИ УЛУУ ИНСАНДЫН МЕМОРИАЛДЫК МУЗЕЙИНДЕ

Лейлек жергесин Исхак Раззаковсуз элестетүүгө мүмкүн эмес. Кыргыз өкмөтүн дээрлик беш жыл, республиканы 11 жыл жетектеп, өз элине, мекенине ак дилден кызмат өтөгөн Исхак Раззаков кезинде биринчи поезд, троллейбус каттамын,Төө-Ашуу жолун түптөгөнүн Исфана шаарындагы Исхак Раззаковдун мемориалдык музейинде болгондо билдик. Бул жердеги экспонаттар, жада калса Исхак Раззаковичтин иш столу ал жашаган, эмгектенген доорду элестетип турат. Исхак Раззаковдун «Мугалимдер гезитин» түптөгөнү да өзүнчө бир эрдик. 1953-жылы 23-январда Исхак Раззаковичтин төрагалыгы астында Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин бюросунун жыйыны өтүп, анда республикада агартуу көйгөйлөрүн чагылдырган гезитти басып чыгаруу тууралуу чечим кабыл алынган. Башында «Мугалимдер газетасы», андан кийин «Кутбилим» аталып, 60 жылдык даңктуу жолду басып өткөн «Кутбилим» гезитинин 60 жылдыгынын маараке салтанаты дал ушул Лейлекте өтүп жатышы Исхак Раззаковдун ысымы менен байланышып, өзүнчө бир тарыхый мааниге ээ болду. Райондогу тарыхый-этнографиялык, Советтер Союзунун баатыры Самат Садыковдун жана Исхак Раззаковдун музейлерин учурда көп жыл катары менен райондук билим берүү бөлүмүн башкарып келген Бабакул Осмонов жетектейт. Ардагердин айтуусунда 41-жылдагы кан күйгөн согушка район аймагынан 3814 жоокер аттанып, нечен эр-азаматтар согуш талаасында набыт болгон. Учурда райондо Улуу Ата Мекендик согуштун 30дай ардагери бар. Бабакул Осмоновдой өз ишин мыкты билген жетекчилер турганда өткөн согуш баатырларынын эрдиги унутулбайт деп ишенебиз.

ЛЕЙЛЕК – КӨП КЫРДУУ ИНСАНДАРДЫН КИЧИ МЕКЕНИ

Гапыр Мадаминов, Тайир Аширбай, Батма Абдухамидова, Кочкор Батыров, Чынара Токтоназарова, Жоошбай Каримов, Жамалидин Жанибеков – булар лейлектин чыгаан агай-эжейлери. Аларды агартуу журтчулугу жасаган иштери, жазган макалалары аркылуу жакшы билет. Конференция күндөрү биз куш ысымдуу Лейлектин дага башка көп кырдуу инсандары менен таанышып, достоштук. Мына ошолордун бири – Аттиң ай ушул жалган дүйнө

Кимдерден гана калган дүйнө
Ар кандай ишти башына үйүп

Адамга түйшүк салган дүйнө

Акылга сыйбас сырларын ачпай

Адамдын жанын алган дүйнө,
– деп бул дүйнөнүн сырларын жакшы билген элдик табып, далай жылдар укук коргоо органдарында ак кызмат өтөгөн афганчы-жоокер, акын, композитор, райондук ардагерлер кеңешинин төрагасы Мажит Жороев. Көп кырдуу бул инсандын чыгармалар жыйнагы 2012-жылы Бишкектен «Улуу тоого чыкканмын, улар үнүн укканмын» деген аталышта басылып чыгып, окурмандардын алкоосуна татыган. Биз чай үстүндө Мажит агайдын аткаруусундагы «Күзгү» деген ырын тамшанып уктук. Не деген талант! Биз күндө көрүнгөн күзгүдөн чоң философияны мукамдуу обонго салып жарата алган. Бул обондуу ырды жаш ырчылар эстрадага салып ырдап чыкса, элге-журтка тегиз жетип, хит ырлардын бирине айланмак деген изги ойдо калдык. Дагы бир талант Атакул Жакыпов жакында эле Курбаналы Сабыров атындагы адабий сыйлыкка ээ болуптур. Акындын «Дил кайрык» аттуу ырлар, публицистикалык ой-толгоолор жыйнагы окуган кишини бейкапар калтырбайт. Китебинде данектүү ойлор, колго аларлык саптар бар экенин айта кетели. Бүгүнкү сөздү нукура чыгармачыл мугалим, Лейлек районундагы Алишер Навои атындагы окутуу өзбек тилиндеги орто мектепте өзбек тили жана адабиятынан сабак берген кыргыз эжей, Билим берүүнүн мыктысы Гульнара Халматованын «Кутбилимдин» 60 жылдыгына арналган төмөнкү ыр саптары менен аяктагым келди:

Ар бетинде жайнап жатат чоң аалам,
Мугалимдин кен байлыгы өзүңсүн.

Жаш муундун өсүүсүндө өркүндөп,
Жөлөк болуп, жарык берер көзүсүң.

А. Алибеков, Бишкек – Исфана – Бишкек

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*