Республикалык “Кутбилим” газетасы 60 жашта

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин
2013-жылдын 12-апрелиндеги №176/1 буйругу

 

“Кутбилим” гезитинин 60 жылдык мааракесине арналган иш-чараларды өткөрүү жөнүндө”

БУЙРУК

Республикалык маанидеги коомдук-педагогикалык жана илимий-популярдуу “Кутбилим” гезитинин уюшулганына 60 жыл толду. Ушул мезгилдин ичинде “Кутбилим” басылмасы өлкөнүн билим берүү жана илим тармагын өнүктүрүүгө, интеллектуалдык байлыгын көбөйтүүгө зор салым кошуп, билим берүү жана илим тармагындагы мамлекеттик саясатты жалпы коомчулукка жайылтуунун эң натыйжалуу каражаты катары кызмат кылууда. “Кутбилим” гезитинин 60 жылдык мааракесин жалпы интеллектуалдуу коомчулук менен бирге белгилөө максатында

 

БУЙРУК КЫЛАМ:

1. “Кутбилим” гезитинин 60 жылдыгына арналып өткөрүлө турган иш-чаралардын планы бекитилсин (Тиркеме №1).

2. “Кутбилим” гезитинин 60 жылдыгына арналган иш-чараларды өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлсүн (Тиркеме №2)

3. Билим берүүнүн райондук жана шаардык бөлүмдөрү, аймактык методикалык борборлору, жогорку кесиптик жана орто кесиптик окуу жайлары “Кутбилим” гезитинин 60 жылдыгына арналган иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө активдүү катышсын.

4. “Кутбилим” гезитинин 60 жылдык мааракесине арналган иш-чараларды билим берүү мекемелери өзүнүн карамагындагы каражаттардын эсебинен өткөрүшсүн.

5. Бул буйруктун аткарылышына көзөмөл кылуу статс-катчы К.Т.Шадыхановго жүктөлсүн.

 

Министр К.Садыков

 

“Кутбилим” гезитинин 60 жылдыгына арналып өткөрүлө турган иш-чаралардын

ПЛАНЫ

Иш-чаранын аталышы Аткарууга

жоопкер

Аткаруу убактысы Боло турган орду
1. “Кутбилим” гезитинин 60 жылдык тарыхын чагылдырган китепти чыгаруу. Китептин бет ачар каадасын өткөрүү. К. Чекиров,

М. Токторов,

Ж. Турдубаев

Биринчи жарым жылдыктын ичинде Улуттук китепканада
2 Жогорку кесиптик жана орто кесиптик окуу жайларында, жалпы билим берүүчү мектептерде жана райондук, шаардык деңгээлде “”Кутбилим” газетасы – интеллектуалдык акыл-ойдун жарчысы” деген темада педагогикалык талкууларды өткөрүү. Жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын жетекчилери, райондук жана шаардык билим берүү башчылары Бир жыл ичинде Жогорку кесиптик жана орто кесиптик окуу жайлары, жалпы билим берүүчү мектептер, райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрү
3 “Кутбилим” газетасынын жаңыланган интернет сайтын ишке киргизүү. К. Чекиров Апрель  
4 “Кутбилим” газетасынын 60 жылдык тарыхын чагылдырган көргөзмө уюштуруу. К. Чекиров Апрель-декабрь айларында Билим берүү жана илим министрлигинин биринчи кабатында
5 “Кутбилим” газетасынын 60 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция. И. Исамидинов (КУУ),

К. Чекиров

Ноябрь айынын ичинде Кыргыз улуттук университетинде
6 “Кутбилим” гезитинин активдүү кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүү жана ведомстволук сыйлыктар менен сыйлоо. А. Сарбалиев,

К. Чекиров

Апрель-

ноябрь

 

Тиркеме №2

 

“Кутбилим” гезитинин 60 жылдыгына арналган иш-чараларды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамы

1. К. Шадыханов, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы, уюштуруу комитетинин төрагасы

2. Д. Кендирбаева, билим берүү жана илим министринин орун басары

3. З. Каденова, билим берүү жана илим министринин орун басары

4. И. Исамидинов, Кыргыз улуттук университетинин ректору

5. К. Чекиров, “Кутбилим” гезитинин баш редактору

6. К. Жукеева, Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы

7. М. Токоев, “Журналисттер” коомдук бирикмесинин төрагасы

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*