Билим берүү уюмдарында мыйзамсыз чогултулган акчаларга тыюу салуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин
2013-жылдын 13-апрелиндеги №172/1 буйругу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы №596 “2012-2014-жылдарга коррупцияга каршы туруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-чараларынын планын жана программасын бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин 2013-жылдын 14-февралындагы №278 –V “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын мамлекеттик билим берүү уюмдарынын камкорчулук кеңештеринин ишмердиги тууралуу бөлүгүнүн (38,44-1,44-2,44-3- беренелеринин) аткарылышы боюнча

БУЙРУК КЫЛАМЫН:

1. Бишкек, Ош шаарларынын мэриясынын билим берүү башкармалыктарынын башчыларына жана райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрүнүн, билим берүү уюмдарынын жетекчилерине:

1.1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, укуктук-нормативдик актыларында көрсөтүлгөн билим берүүнүн акысыздыгы жана жеткиликтүүлүгү жөнүндөгү талаптарын, милдеттүү түрдө так аткарууну камсыз кылышсын. Аталган буйруктагы маалыматты билим берүү тармактагы ар бир кызматкерге жана ата-энелерге билдирилсин.

1.2. Төмөнкү уюштуруучу иш-чараларга акча чогултууга тыюу салынсын:

– окуучуларды 1-класска кабыл алуудагы билим дэңгээлин текшерүүнүн бардык түрүнө;

– мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү мекемелерине, балдарды кабыл алууда ар кандай фонддор, камкордук кеңештер аркылуу жана башка жолдор менен “кирүү үчүн акчалай төгүмүн” чогултууга;

– мектептерде жайкы эмгек практикасынын иштелбеген күндөрү үчүн “компенсация” иретинде акча жана башка акча чогултууга;

– коомдук, кайрымдуулук жана камкордук фонддоруна: мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү мекемелеринин жетекчилерине, класс жетекчилерине, мугалимдерине, тарбиячыларына ата-энелер аркылуу белектер жана башка үчүн акча чогултууга тыюу салынат.

2. Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын №26 беренеси боюнча балдардын укуктары так аткарылсын. (1997-ж. 14.11. №667 “Мектеп жашындагы балдардын жана өспүрүмдөрдүн каттоосу жөнүндө” маалыматына ылайык, бекитилген мектептин участогу балдарды каттоо үчүн гана тиешелүү).

3. Акча жана башка чогултуулар, окуучуларга моралдык-психологиялык жактан кысым көрсөтүү фактылары аныкталса мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилери, класс жетекчилери кызматтан бошотулуп, иши укук коргоо органдарынын кароосуна өткөрүлүп берилсин.

4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү уюмдарынын башчыларына:

– мамлекеттик билим берүү уюмдарында камкорчулук кеңештерин түзүү жана алардын иши жөнүндө билим берүү тутумундагы кызматкерлердин жана коомчулуктун арасында түшүндүрүү иштери күчөтүлсүн.

5. Бул буйрукту аткаруунун жоопкерчилиги мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү мекемелеринин жетекчилерине, шаардык, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилерине жүктөлсүн.

6. Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндөгү” Мыйзамынын 44-1-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине ар бир квартал сайын мамлекеттик билим берүү уюмдарынын, мыйзамдарга карама-каршы келбеген булактардан алынган бюджеттен тышкары каражаттарынын чыгымдалышы жөнүндө маалымат жөнөтүлсүн.

7. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Билим берүү жана илим министринин орун басары Д.Кендирбаевага жүктөлсүн.

О запрете незаконных денежных и иных сборов в образовательных организациях

Во исполнение постановления Правительства Кыргызской Республики «Об утверждении Программы и Плана мероприятий Правительства Кыргызской Республики по противодействию коррупции на 2012-2014 годы» от 30 августа 2012 года №596, а также во исполненение решения Комитета Жогорку Кенеша Кыргызской Республики за №278-V от 14 февраля 2013 года. Об исполнении Закона Кыргызской Республики “Об образовании” в части деятельности попечительских советов государственных образовательных организаций (статей 38,44-1, 44-2, 44-3)

ПРИКАЗЫВАЮ:

1. Начальникам Управлений образования мэрии городов Бишкек и Ош, заведующим районными (городскими) отделами образования, руководителям образовательных организаций:

1.1. Обеспечить неукоснительное исполнение требований Законов, нормативно-правовых актов Кыргызской Республики о доступности и бесплатности образования. Данный приказ довести до сведения работников образования и родителей.

1.2. Категорически запретить:

– проведение любых форм вступительных испытаний для учащихся 1-х классов и сбор “вступительных взносов” в государственных и муниципальных образовательных организациях при поступлении в школы, в том числе и через Общественные, Благотворительные Фонды и Попечительские советы при образовательных организациях;

– денежные и иные сборы в порядке компенсации за неотработанную летнюю трудовую практику в школах;

– денежные и иные сборы на подарки образовательным организациям, директору, классным руководителям, учителям, воспитателям через родителей в государственных и муниципальных образовательных организациях.

2.      Неукоснительно соблюдать статью № 26 Закона КР “Об образовании” (закрепленный микроучасток является только основанием для учета детей согласно инструкции “О порядке учета детей и подростков школьного возраста” № 667 от 14.11.1997 года).

3. В случае выявления фактов взимания незаконных денежных и иных средств, оказания морально-психологического давления на учащихся руководители и классные руководители государственных и муниципальных образовательных организаций будут освобождаться от занимаемых должностей с передачей выявленных фактов в правоохранительные органы.

4. Руководителям образовательных организаций Кыргызской Республики:

– усилить разъяснительную работу с работниками системы образования и общественности по созданию и деятельности попечительского совета государственных общеобразовательных организаций.

5. Персональную ответственность над исполнением данного приказа возложить на руководителей государственных и муниципальных образовательных организаций, заведующих городских управлений и районных отделов образования.

6. О результатах проведенной работы и в соответствии со статьей 44-1 Закона Кыргызской Республики “Об образовании” информировать ежеквартально МОиН КР о расходовании внебюджетных средств, полученных из источников не противоречащих законодательству.

7. Контроль над исполнением настоящего приказа возложить на заместителя министра образования Кендирбаеву Д.Ш.

 

Министр К.Садыков

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*