Жемкорлукка каршы күрөш: аракет бар, акыбет аз

Билим берүү уюмдарында мыйзамсыз чогултулган акчаларга тыюу салынган кезектеги министрликтин буйругу дагы бир ирээт күчөтүлгөн формада жарыяланды. Анткени бул тармактагы жемкорлуктун тамыры кыйыла элек, мектептерде мыйзамсыз акча чогултуу адаты кала элек. Өткөн жылкы Билим берүү жана илим министрлигинин өткөргөн текшерүүсүнөн кийин 15 мектептин мыйзамсыз иш-аракеттери аныкталып, Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн болчу. Жыйынтыгында сегиз гана мектептин жетекчилеринин үстүнөн кылмыш иши козголуп, акырында Бишкек шаарындагы №24 (мектеп директору Э.Альбурина) жана белгилүү №13 (Г.Алиева) мектептин жетекчилеринин иши сотко өткөн. Булар боюнча алигиге чейин эч кандай жыйынтык чыга элек.

Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепте, мектепке чейинки жана мектептен сырткаркы билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Зоя Пактын айтымында, өткөн жылы көптөгөн ата-энелердин арызы боюнча ички аудит менен биргеликте борбор калаадагы №№24, 13, 31, 48 ж.б.у.с. мектептерде мыйзамсыз акча чогултуулар орун алганы боюнча текшерүү жүргүзүлгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен №24 жана №13 мектептердин жетекчилеринин үстүнөн кылмыш иши козголуп, азыркыга чейин тергөө амалы жүрүүдө. Окуу жайдын жетекчилери болсо убактылуу иштеринен четтетилген.

– Текшерүү учурунда катталган кемчиликтер үчүн айрым мектеп жетекчилери административдик жаза алышкан. Бирок биз мектеп жетекчилерин жазалаган менен маселе чечилип калган жок. Мыйзамсыз акча чогултуулар, өзгөчө статустуу мектептерде токтобой эле жатат. Ошондуктан Жогорку Кеңештин чечимине ылайык, биз 1-февралдан баштап кайрадан мектептерди, бала бакчаларды текшере баштадык. Учурда 10 бала бакчаны жана ар бир райондо жайгашкан мектептерди текшерип чыктык. Албетте, бул абдан чоң иш. Ал жерде бир эле мыйзамсыз акча чогултуу эмес, мектептеги окуучулардын тамактануусунда, окуу процессинде ж.б. кетирилген кемчиликтер четтен чыгып жатат. Керек болсо, мугалимдерге туура эмес эмгек акы төлөнүп жатканынын бети ачылууда. Бул боюнча, албетте, мектеп жетекчилери жооп берет, – дейт Зоя Алексеевна. – Текшерүүнүн жыйынтыгында аналитикалык справка даярдалып, ал Жогорку Кеңешке жана Өкмөткө жөнөтүлөт. Ошондой эле министрликтин коллегиясында каралат. Текшерүү учурунда катталган мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү жетекчилер өз жазасын алышат. Анткени ата-эненин, баланын укугун эч ким бузууга акысы жок. Быйылкы мыйзамсыз акча чогултууга тыюу салынган буйрук жаңыланып, керек болсо күчөтүлгөн формада чыкты. Анда, окуучуларды 1-класска кабыл алуудагы билим деңгээлин текшерүүнүн бардык түрүнө; мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү мекемелерине кабыл алууда ар кандай фонддор, камкордук кеңештер аркылуу жана башка жолдор менен “кирүү үчүн акчалай төгүмүн” чогултууга; мектептерде жайкы эмгек практикасынын иштелбеген күндөрү үчүн “компенсация” ирээтинде акча акча чогултууга; коомдук, кайрымдуулук жана камкордук фонддоруна; мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү мекемелеринин жетекчилерине, класс жетекчилерине, мугалимдерине, тарбиячыларына ата-энелер аркылуу белектер үчүн чогултууга тыюу салынат. Ошондой эле акча чогултуулар окуучуларга моралдык-психологиялык жактан кысым көрсөтүү фактылары менен аныкталса билим берүү мекемелеринин жетекчилери, класс жетекчилери кызматтан бошотулуп, иши укук коргоо органдарынын кароосуна жөнөтүлөт.

Билим берүү жана илим министрлигинин ишеним телефондоруна ата-энелер мектептеги мыйзамсыз акча чогултуулар тыйылмак турсун, күчөп жатканын байма- бай билдиришүүдө. Маселен, бүтүрүү экзамендерине ар бир окуучудан 1000-1500 сомго чейин чогултулуп жатканын, “Алиппе” майрамына башталгыч класстын мугалимдери алтын сөйкө, алтын шакек алып жаткандарын ата-энелер кыжырдануу менен айтып жатышат. Эч нерседен, эч кимден коркпогон, чындыкты бетке айтып көнгөн, балдарынын келече­гин кенен ойлонгон, чынчыл ата-энелер мектептин атын, мугалимдин фамилиясы менен көрсөтүшсө, айрым ата-энелер балдары куугун­тукка алынып калбасын деп чочулашып, өздөрүнүн, баласынын, керек болсо класс жетекчисинин аты-жөнүн жашырып айтышпайт.

– Бүгүн эле бир эне телефон аркылуу борбор калаадагы статустуу бир мектеп 1500-3000 сомго чейин чогултуп жатканын, мындан сырткары кытай кафесине барууга дагы акча чогултулуп жатканын билдирди. Эми булар аты-жөнүн айтышпаса кандай иликтөө жүргүзүп, кантип текшеребиз? Эч нерседен коркпогон, балдары жакшы окуган ата-энелер бар. Алар чындыкты айтышат. Мындай билдирүүлөрдүн артынан былтыр текшерүү жүргүзгөнүбүздө 15 мектептин ишин Генералдык прокуратурага жөнөткөнбүз. Акыры сегиз гана мектептин үстүнөн кылмыш иши козголгон. Эми азыр болгону №13, №24 мектептин жетекчилеринин үстүнөн кылмыш иши козголуп, ал дагы бүтө элек. Айрым мектеп жетекчилери өздөрү арыздарын жазып, бошоп кетишкен. Быйыл, буюрса Генералдык прокуратура менен бирдикте иш алып барабыз. Анткени ал жерде балдар менен иштөө жаңы бөлүмү ачылды, – дейт Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепте, мектепке чейин жана мектептен сырткаркы билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Гүлшан Абдылдаева.

Ырас, жыл сайын эле Билим берүү жана илим министрлиги коррупцияны ооз­дуктоо максатында жогорудагыдай буйруктарды чыгарып келет. Бирок аны аткарган да, аткарбаган да жетекчилер арбын. Себеби мектепте ата-энелердин демилгеси менен түзүлгөн ар кандай кайрымдуулук фонддорго, бирикмелерге, кайрымдуулук кеңешти жетекчилер жамынып алып, өзгөчө статустуу мектептер “ата-энелердин ыктыяры менен” кыязында, 1-класска кирүү үчүн 5 миң сомдон жогору чогултулганы коомчулукта айтылып жүрөт. Мындан сырткары, класстык фондго, кароолчуга, классты тазалап жууганга, терезе пардоого, класс жетекчинин, директордун туулган күнүнө ж.б.у.с. толгон-токой нерселерге ата-энелердин чөнтөгү түтпөй калды. Ошондуктан учурда көбүнчө ата-энелер тайманбай эле министрликке келип, арыздарын жазып кетишүүдө. Эң кейиштүүсү, коррупция менен күрөшөбүз кыязында оозубузду көптүрө сүйлөйбүз, бирок учуру келгенде кармалгандарды жаап- жашырып, иштерин жапканга чейин аракет көрүлөт. “Шамал болбосо, чөптүн башы кыймылдабайт”. Ошондуктан көптөгөн иштер сотко жетпей жабылганы жабылып, жа­былбаганы соттон кутулуп кетүүдө.

 

Анара Шорукова, Лебединовка №3 мектептин директору:

– Биздин мектепте акча чогултулбайт. Анткени айыл өкмөтү, айылдык депутаттар мектептин ремонтуна жыл сайын жардам беришет. Мисалы, быйыл айыл өкмөтү 50 миң сом ремонтко бөлүп берген. Айылдык депутаттар болсо акиташ, электр зымдарын, сырларды алып беришти. Анткени бюджеттен бөлүнгөн 37-38 миң сом эч нерсеге жетпейт. Ата-энелер дагы жардам беришет. Бирок алар акча менен эмес, мектепти сырдап, акилеп беришет.

Урмат Төлөмүшов:

– Акча чогултулбайт деген сөз жомок. Бардык мектептерде чогултулат. Менин балам окуган мектепте 300 сомдон жогору, бала бакчага 1000 сомдон ашык төлөйбүз. Майда-чүйдөлөрү көп. Телевизордон Билим берүү министри мектептерге акча төлөнбөйт деп айтат, бирок турмушта андай эмес. Окуу башталаарда мектепте келишим таратылып, ар бир эне-ата макулмун деп кол коюп беребиз. Антпесек балдарыбызды каякка алып барып окутабыз? Айла жоктон акчасын дагы беребиз, мектебин барып акилеп, сырдап дагы жардамдашабыз. Негизинен көбүнчө жагалданган ата-энелер көп. Ошолордун кесепетинен коррупция жайылып кетти. Ошондой адамдар мектепте коррупцияга шарт, жол түзүп берип жатышат. Эгерде кармалып калышса мектеп жетекчиси болобу же ата-эне болобу, баарын жоопко тартуу керек.

Билимкүл, студент:

– Мен окуган жеримди айтпай эле коеюн. Экзамен учурунда ар бир сабактын деңгээлине, мугалимдин кекиртегине карата акча чогултуп беребиз. Азыркы заманда билимди карашпай калган, “акчаң болсо танкасың, акчаң жок болсо маңкасың” дешет бизде. Мектепте окуган бөбөктөрүм деле күнүгө акча сурашат. Эгерде ата-энем эртең менен бөбөгүмө акча таап бербесе, ал ыйлап азапты колубузга берет же болбосо мектепке барбай коет. “Балдардын көзүнчө класс жетекчим урушат” деп заарканат.

Гүлнара АЛЫБАЕВА

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*