Бала бакча – билим башаты

Ага хан фондусу жана экс-президент Роза Отунбаеванын демилгеси менен өткөн жылы Нарын облусундагы 2500-3000 м. бийиктиктеги конуштарда 10 жайлоо бала бакчалары уюштурулуп, жалпысынан 280 балага кыска мөөнөттөгү программа боюнча жай мезгилинде билим-тарбия берилген. Жакында Нарын шаарынын вице-мэри Чынара Абдраимова мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин ишмердиги тууралуу отчет берди.

– “Жайлоо бала бакчасы” жайлоолорго барган ар бир баланын ата-энелеринин сүймөнчүлүктүү жайларынан болуп калгандыгын, совет доорунда да мындай бала бакчалар уюштурулбагандыгын белгилеп, чоң эне, чоң аталар ыраазычылыктарын байма-бай билдирип турушту, – деди өз отчетунда вице-мэр.

Ошону менен бирге бала бакчалардын материалдык-техникалык базасын чыңдоого, балдар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, 2011-2012-окуу жылында эле облустун өнүктүрүү фондусунан 1 млн. 887 миң 500 сомго бала бакчаларга 858 орундуу, ал эми губернатордун резервдик фон­дусунан 372 миң 500 сомго 170 орундуу кроваттар жасатылып берилгени айтылды. Ошондой эле бала бакчанын чатырын рекон­струкциялоого жана ремонттоого 170 миң 200 сом, компьютер жана ар түрдүү оюнчуктарды алууга 35 миң 500 сом бөлүнүп, ал эми жергиликтүү бюджеттен 2012- жылы облус боюнча 49 млн. 532 миң 699 сом каралган.

Бала бакчаларда иштеген кызматкерлерди мотивациялоо максатында райондордо «Мыкты тарбиячы», «Мыкты бала бакча» жана башка ушул сыяктуу сынактар өткөрүлүп турат. Ал эми быйылкы окуу жылында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канатбек Муратбековдун демилгеси менен «Мыкты бала бакча» кароо-сынагын өткөрүү белгиленүүдө.

– Облусубуздун бала бакчаларында «Кадам артынан кадам», «Кош тилдүүлүк», «Инклюзивдик билим берүү», «Экологиялык тарбия», «Баланы ойнотуп жатып окутабыз» программалары аркылуу жаңыча ыкмада иш алынып барылууда.

Албетте, мындай жетишкендиктер менен катар эле көйгөйлүү маселелер да өтө көп. Биринчиден, балдар бакчалардын жетишсиздигинен улам, учурда облус боюнча 40 миңден ашык бала бала бакчага бара алышпайт. Ал эми иштеп жаткан бала бакчаларда балдар нормадан ашык барышат. Экинчиден, 1991-2001-жылдар аралыгында 48 бала бакчанын профили өзгөрүлүп, анын ичинен жыйырмасы түп-тамырынан бери бузулуп, медпунктка же башка мекемелерге айланып, 28 бала бакча жеке менчикке сатылып кеткен. Үчүнчүдөн, кадр маселеси: бала бакчаларда кызматкерлер 100% жетиштүү, бирок атайын педагогикалык «Бала бакчанын тарбиячысы» же «Усулчусу» деген билимге ээ болгон кадрлар аз. Ал эми комплектиленип иштеп жаткан кадрлар мектептен орун таппай калган мурунку кыргыз тили, тарых жана башка сабактардын мугалимдери. Төртүнчүдөн, райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүндө жана бала бакчаларда методисттердин штаттык бирдиктеринин жоюлуп кетиши да көйгөй жаратууда. Бешинчиден, балдар психологдорунун, логопеддердин, балдар дарыгерлеринин жетишсиздиги дагы көйгөйлөрдү жаратпай койгон жок. Себеби эксперимент катары баланын нерв-психикалык өнүгүү көрсөткүчтөрү боюнча жаш өзгөчөлүктөрүнө ылайык тест жүргүзүлгөндө бир эле бала бакчада балдардын 58% сүйлөө жөндөмдүүлүгү боюнча нормага жооп бербестиги аныкталган. Алтынчыдан, «Жамааттардын деңгээлинде кенже курактагы балдарды өнүктүрүү» долбоору менен ачылган 107 бала бакчанын ичинен каржы маселесинин чечилбегенинен 21 бала бакча учурда иштебей турат. Жетин­чиден, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-январындагы токтомуна ылайык, балдардын бир күндүк тамак-ашына 13-18 сомдон каражат бөлүнсө, учурда инфляциянын кесепетинен жетишсиз болууда, – деди вице- мэр.

2012-2013-окуу жылына карата 18 мектепке чейинки бала бакча мекемелерин ачуу боюнча долбоор жөнөтүлгөн. Ал эми учурда элдин суроо-талабынын негизинде 2012-жылдын сентябрь айында эле Нарын шаарынын батыш, чыгыш чөлкөмдөрүндө, мектеп-лицейинин базасында «Ыйман» бала бакчасынын филиалы ачылып, кошумча үч группа иштеп жатат. «Ак-Дил» бала бакчасында кошумча имарат мэрия тарабынан ижарага алынып, 2 группада 45 бөбөк бала бакчага баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Ошону менен бирге №5 К.Жакыпов орто мектебинин 1-кабатында жаңы 125 орундуу мектепке даярдоо боюнча бала бакчаны ачуу мүмкүнчүлүгү да пайда болууда.

– Негизинен, жалпыбыз бактылуу турмушту, келечекти кааласак, инвестициянын бардыгын балдарга билим-тарбия берүүгө, ар тараптан өнүктүрүүгө салышыбыз – учурдун кечиктирилгис талабы деп эсептейм, – деди өз отчетунда Чынара Абдраимова.

Гүлнара АЛЫБАЕВА

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*