Кыргыз элинин үрп-адат, каада-салты

Балдар музыканын коштоосу менен залга кирип тизилип турушат.

Тарбиячы: Дүйнөдө түркүн элдер жашайт. Ар бир элдин тили, дини, салт-санаасы, үрп-адаты, кулк мүнөзү, ырым- жырымдары бар. Биздин кыргыз элинин үрп-адаты миңдеген жылдар бою жашап келет жана да жашай берет.

Тарбиячы:

Абалтадан салт-санаасын сактаган,
Акыл оюн алыс жолдо тактаган.
Кылымдардан кылымдарды карыткан,

Кыргызымдын тили менен мактанам.

Балдар, биз бүгүн кыргыз элинин үрп адаты, каада–салты менен таанышабыз. (Балдар чуркап кирет)

– Сүйүнчү, сүйүнчү, байкем уулду болду.

Чоң эне: Болсун айланайындар, болсун! Оозуңарга май.

Чоң ата: Кана балдарым, жентек тойго келгиле, ырдап-бийлеп көңүл ачкыла. Ымыркай бала жарык дүйнөгө келген соң ага азан чакырып ат коюу кыргыз элинин улуу салты.

Ымыркай бала төрөлгөндө азан чакырып ат коюлбаса, ал чоңойгондо кайрымсыз болот экен.

Чоң ата:

Теңирим адам берди,
Ааламга адам келди.
Айыл калаа сүйүнчү,
Азан айтып атын коем.
Теңир берген затын коем.
Уул болуп жоодон сактасын,
Эне эмизген сүтүн актасын.

Чоң ата азан чакырып, небересине атын коет.

Тарбиячы:

Кыргыздар жашап келет бул ааламда,
Дагы да жашай берет кылымдарга.
Салттары, үрп-адаты, мурастары,
Арналып эң бир асыл урпактарга.

Ыр “Кыргыз калкым”

Балдар кыргыз тили жөнүндө ыр айтышат.

Эне тилин билбеген,
Эси жогун аныктайт.
Эне тилин сүйбөгөн,
Элин сүйүп жарытпайт.
Кыргыз эмес кыргызды жыдыткандар,
Кылым кезген тарыхын унуткандар.
Кыргыз эмес кыйшайтып калпак кийип,
Каада салтын калкынын куруткандар.
Ким барктаса өз энесин, өз тилин,
Барктай билет дүйнө элинин көп тилин.
Ар улуттун энеси улуу, тили улуу,
Өйдө-ылдый деп айта албайбыз эч бирин.

Ыр: “Ала-Тоонун ар жагында”

Балдар, кыздар макал-ылакап айтышат.

Биринчи бала

1. Жакшы кыз жакадагы кундуз,
Жакшы уул көктөгү жылдыз.

2. Адамдын сынчысы көпчүлүк.

3. Жакшы бала элпек,
Жаман бала тентек.

4. Элпек болмок өзүңдөн,
Сылык болмок сөзүңдөн.

5. Өз боюңа сак бол,
Убадага так бол.

Экинчи бала:

1. Эне сыйлаган элине жагат,
Ата сыйлаган абийир табат.

2. Баланын билеги ооруса,
Эненин жүрөгү ооруйт.

3. Эби жок эрке,
Уят болоор элге.

4. Акыл көркү тил,
Тилдин көркү сөз.

5. Баатырдын көркү маңдайда,
Чечендин көркү таңдайда.

Ыр: “Биздин бакча”

Балдар ыр айтышат:

Жылдар болгон элдер тынчып жатпаган,
Канча душман Ала-Тоону каптаган.
Кылым санап ошондо да кыргыз эл,
Кымбат баалап, тилин ыйык сактаган.

Тарбиячы: Акыйнек оюнуна курбу-курдаштар, тели–теңтуштар, тамаша сынды көтөрө алган, жамактап ырдай билген кыздар чогулуп, бири-бирин сындап, ыр менен кайым, акыйнек айтышкан.

Акыйнек ырын ырдашуу,
Абалтан кыргыз салты экен.
Акыйнек ырын улантуу,

Атабыз кыргыз наркы экен.
Ыр ырдашып сындашуу
Ыр жандуу кыргыз салты экен
Сынга сындай жооп айткан.
Атабыз кыргыз наркы экен.
Сени болсо топ кыздар,
Киймин чактап кие албас.
Кийсе да таза жүрө албас,
Жаман кыз экен деп жүрөт.
Сени болсо топ кыздар,
Уйкучу кыз деп жүрөт.
Сабагында үргүлөп,
Парта сүзөт деп күлөт.
Сени болсо курбулар,
Ата-энесин сыйлабас.
Акыл сөзүн тыңдабас,
Эси жок кыз деп жүрөт.
Сени болсо теңтуштар,
Мактанчаак кыз деп жүрөт.
Үй оокатка кош көңүл,
Жалкоо кыз экен деп күлөт.

Тарбиячы: Балдар, менин суроомо жооп бергилечи.

Кандай бала жакшы?

Жакшы бала ыйлабайт,
Ата-энесин кыйнабайт.
Жаман–жуман нерсени
Чөнтөгүнө жыйнабайт.
Улуу киши жумшаса,
Кыйыктанып турбаймын.
Элпек тура дедирип,
Тура калып чуркаймын.

Кандай бала жаман?

Жаман бала кеп жебейт,
Туура сөздү эп дебейт.
Жана дагы унутчаак,
Жаман бала урушчаак.
Кеп жүйөөсүн айттырбай,
Кетет дайынын таптырбай.
Бирок тамак бышканда,
Даяр болот айттырбай.

Тарбиячы: Ошентип, балдар!

Карыяларыбыз нускалуу болсун,
Байбичелерибиз нускалуу болсун.
Келин-кыздарыбыз уяттуу болсун,
Уулдарыбыз ыймандуу болсун, – деген тилекти айтуу менен бүгүнкү сабагыбызды жыйынтыктасак.

ИБРАИМОВА Айгүл,
ИСМАИЛОВА Г
үлнар,
Балыкчы шаары, №8 “Ак тилек” бала бакчасынын тарбиячылары

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*