Тарых барактарын тактаган конференция

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда Билим берүү жана илим министрлиги, КББА, «Кыргыз тарых коому» Эл аралык коомдук бирикмеси биргелешип өткөргөн «Этнопедагогика жана тарых: абалы жана келечеги» аттуу республикалык илимий-практикалык конференция өттү.

Окуу жайдан кабарлашкандай, иш-чаранын ачылышында институттун ректору Б.Зулуев: «Бүгүн биз этнопедагогика жана тарых: анын билим берүү, окутуу, таалим-тарбиялоо процессинде абалы жана келечеги кандай экендигин, ал үчүн бүгүнкү күндө эмне деген маселелерге көӊүл буруубуз зарыл экендигин аныктап, ал маселелерди талкуулап, бир жыйынтык чыгаруу максатында жыйналып отурабыз», – деп конференциянын ишине ийгилик каалады. 

Пленардык жыйында борбордон барган жана Ош шаарындагы ЖОЖдордун окумуштуулары тарабынан  этнопедагогиканы окутуунун проблемаларына арналган баяндамалар жасалды.

– Окутуу-тарбиялоодо этнопедагогиканын элементтерин пайдалануу деген түшүнүк да бар. Бул, албетте, түп-тамырынан туура эмес түшүнүк. Себеби элдик педагогика элемент эмес. Миӊдеген жылдар элди эл кылып түптөп, сактап келген элдик таалим-тарбия бүгүн биз үчүн кошумча элемент, жансыз экспонат эмес, ал жандуу турмуштун өзү, анын өзөгүн түзгөн көөнөрбөс дөөлөт, байыркы жана дайымкы кубаттуу таяныч болуш керек. Элдик педагогика окутуу-тарбиялоонун бардык баскычында жана түрүндө, багытында жана мазмунунда эске гана алынбастан, анын негизин түзүүгө тийиш, – дейт  Социалдык өнүктүрүү жана ишкердик институтунун ректору, конференциянын негиздөөчү, уюштуруучусу Зууракан Каденова.

З.Каденованын айтымында, конференциянын катышуучулары мындай иш-чараны жыл сайын салттуу түрдөөткөрүү чечимин кабыл алышты. Кийинкиси Талас мамлекеттик университетинде болот.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*