Мамлекеттик жана расмий тилдерди окутуунун келечеги жана көйгөйү талкууланды

Кыргыз экономикалык университетинде өткөн «Мамлекеттик жана расмий тилдерди окутуунун көйгөйлөрү жана келечеги» аттуу тегерек столдо “Кыргыз тилчилердин” жана “Орус тилчилердин” ассоциациясы түзүлдү.

Иш-чарада мамлекеттик жана расмий тилдердин көйгөйлүү маселелери каралып, келечектеги  жолдору такталып, жыйынтыгында резолюция кабыл алынды. Анын негизинде билим берүү мекемелеринде мындай иш-чараны жылда өткөрүп туруу үчүн “Эстафета баракчасы”  БГУга салтанаттуу түрдө тапшырылды. 

 – Биздин окуу жай “Мамлекеттик тил”, “Эл аралык эне тил” күнүнө карата жыл сайын республикалык деӊгээлде иш-чараларды өткөрүп келебиз. Бул иш-чара  дагы мамлекеттик жана расмий тилдерди окутуунун сапатын жогорулатууга, мектептер, орто кесиптик окуу жайлары  менен жогорку окуу жайларынын ортосундагы байланышты күчөтүүгө багытталды, – дейт КЭУнун мамлекеттик жана расмий тилдер кафедрасынын башчысы Н.Жапаралиева.

Чолпон Кийизбаева, «Кутбилим»

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*