Ош МСУда ректор шайланат

Ош мамлекеттик социалдык университетинин ректорлук кызмат ордуна шайлоо өнөктүгү расмий түрдө башталды. Буга чейин окуу жайдын ректорунун милдетин аткарып келе жаткан Мухтар Орозбеков шайлоо өнөктүгү башталгандыгына байланыштуу өз ыктыяры менен шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз катчысы кабарлады.

Акыркы жылдары Кыргыз-Өзбек университети, ал эми эл ичинде  Ош мамлекеттик социалдык университети деп аталган окуу жайын өнүктүрүү, ынтымакты чыӊдоо, атын мыйзамдаштыруу максатында  Билим берүү жана илим министрлиги өз мезгилинде Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө Эмгек сиӊирген кызматкер, тажрыйбалуу жетекчи Мухтар Орозбековду окуу жайга  ректор кылып дайындаган. Аз убакыт өткөнүнө карабай М.Орозбеков жамааттын урмат-сыйына ээ болуп, университетти өнүктүрүү, окуу-лабораториялык базасын чыӊдоо, айлык акысын жогорулатуу боюнча реалдуу  иштерди жасаган.

– Агайыбыздын демилгеси менен Окумуштуулар кеӊеши окуу жылынын жыйынтыгы боюнча университеттин жамаатын биздин тарыхта болбогон бир айлык маяна өлчөмүндө акчалай сыйлоо чечим кабыл алды. Биздин университеттин келечеги үчүн көп ийгиликтерди үмүттөндүргөн ректорубуз М. Орозбеков шайлоо өнөктүгү башталгандыгына байланыштуу өз ыктыяры менен шайлоого катышуудан баш тартты. Ал бул кадамын жамааттын арасында келечекте мыкты жетекчилер өсүп чыгаарын, аларга колдоо болсун, мен бул ректорлук кызматты басып өткөнмүн, келечек жаштардыкы деп жол бергендигин айтты. Дүйшөмбү күнү М.Орозбековго окуу жайдын окумуштуулар жамааты бирге ынтымакта иштешкендигин, окуу жайды өнүктүрүүдө кеп-кеӊештерин айтып, үйрөтүп кеткенин баса белгилешти. Ректор болуп иштеп калганда университетти ар тараптан көтөрүп, жогорку деӊгээлге алып чыгат элеӊиз деген ишенимдүү сөздөр айтылды. Окуу жайдын алгачкы ректору, академик М.Мамасаидов,  илимий иштер боюнча проректор М.Исманов, философия илимдеринин доктору А. Кулназаров жана башка агай-эжейлер М.Орозбековдун тажрыйбалуу педагог, чыгаан илимпоз, мыкты уюштургуч, адамгерчилиги жогору, элге белгилүү инсан  катары сыйлашаарын айтышып, шайлоого катышканда анын утуп чыгаарына ишенгендиктерин билдиришти. Университеттин аксакал жетекчилери М. Орозбековго мындан ары дагы ишине ийгилик, өзүнө ден соолук каалап, ага чепкен жаап, ыраазылыгын айтып узатышты, – дейт университеттин басма сөз катчысы. 

Ч.К. “КБ”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*