Роза Отунбаева, экс-президент: «Кыргызстандын келечеги жаштардын колунда»

«Кыргызстандын келечеги өсүп келе жаткан жаштардын колунда. Көп нерсе силерден көз каранды. Ар бир адам эмгек жана эмгек деген принцип менен максаттуу жашап, өз ишине туруктуу болуп, патриоттук сезими күчтүү болсо ал бардык ийгиликти багындыра алат жана республиканын ар тараптуу өнүгүшүнөөз салымын кошо алат деген ишеничтемин. Кыргызстандын келечеги бар жана кеӊ экендигине көзүм жетет», – деди экс-президент Роза Отунбаева Бишкек гуманитардык университетинин бүтүрүүчүлөрү менен болгон жолугушууда.

Иш-чарада алгач Роза Отунбаевага Кыргызстандын өнүгүшүнө чоӊ эмгек сиӊиргендиги үчүн университеттин «Ардактуу профессору» наамын окуу жайдын ректору Абдылда Мусаев тапшырды. Андан соӊ экс-президент студенттерге өзүнүн ой-максатын, тилектерин, келечектеги жасала турган жана жасалып жаткан иштер тууралуу айтып берди.

– Мен Кыргызстандагы алдыӊкы окуу жайлардын катарынан орун алган университеттин “Ардактуу профессору” наамын алганыма өтө кубанычтамын жана ыраазымын. Бул окуу жайды өнүктүрүүүчүн жасалып жаткан иштерди мен абдан жакшы билем. Өзгөчө чет тилдерин, анын ичинен чыгыш тилдерин окутууда республикада алдыӊкы орунду бербей келе жатканыӊарды эч ким тана албайт, – дейт Р.Отунбаева.

Экс-президент өз сөзүндө Кыргызстандын билим берүү тармагынын эмне себептен аксап жаткандыгына токтолуп, анын себептерин айтып берди. Анын айтымында, республикада билим берүү тармагына бюджеттен 5% бөлүнөт. Бирок ал жетишсиз.

– Албетте, бул салыштырмалуу жакшы эле акча. Бирок жетишсиз. Айрым депутаттар канчалаган акча бөлүнгөнү менен билим берүүнүн сапаты жогорулабай жатканын айтып, нааразы болуп, Америка менен салыштырышууда. Бизди Америка менен салыштырууга болбойт. Анткени аларда билим берүүнү каржылоо үчүн сырттан келген кошумча булактар толтура, – дейт экс-президент.

Роза Исаковнанын айтымында, Кыргызстан жаш мамлекет болгону менен жаратылыш байлыктары абдан көп. Тилекке каршы, аны иштете албай жатабыз. Эгерде ошол байлыктарды иштете алсак Кыргызстан өнүккөн мамлекеттердин катарына кошулмак. Бирок ага өзүбүздүн эл тоскоолдук кылып келет.

– Мен жакында Таласка Жер үйгө барып келдим. Талас эли  Жер үйгө 50 жылга мораторий жарыялагыла дешет. Биз болгон байлыкты ошентип басып жата берсек, кантип өнүгөбүз? Тескерисинче, эгерде ошол алтынды казып иштетсек Таластын эли дагы, республика дагы байымак. Бирок Таластын эли антип байыгысы келбейт. Мурункудай эле мал багып, дыйканчылык кылып жүрө беребиз дешет дагы, ошол эле учурда мектеп, бала бакча, оорукана куруп бергиле дешет. Мамлекетте каражат жок болуп жатса кантип куруп берет. Эгерде ошол алтын кени иштетилгенде бул маселелер өзүнөн-өзү чечилмек, – дейт Р.Отунбаева.  – Биз эмне үчүн мектепке чейинки билим берүүгө көӊүл бөлүп жатабыз? Албетте, мамлекеттин социалдык абалы жакшырсын, балдар бир нерсе билип калсын, билимдүү, илимдүү болсун деген изги максат менен иштеп жатабыз. Азыр республикада 800 миӊ баланын 10% гана бала бакчага барат экен. Калганы короодо, көчөдө жүрөт. Көрсө бала дал ушул мектеп курагына чейин көп нерсени кабыл алат экен. Биз болсо тескерисинче, дал ошол убакта баланы кароосуз калтырып жатабыз. Иликтөөлөр бала  мектепке чейин бир канча тилди үйрөнө ала тургандыгын тастыктап жатат. Демек, биз ушул учурду колдон чыгарбашыбыз керек. Чет мамлекетте бул жагы жакшы колго алынган. Балага кичинекей кезинен көп тилди үйрөтүп калууга жетишишибиз зарыл. Заман талабына жараша чет тилдерине ыкташыбыз керек. Анткени тил – экономикалык инструмент болуп саналат.

Жолугушуунун алкагында студенттер Роза Отунбаевага кызыккан суроолорун берип, кызуу талкуу жүрдү. Анда чыныгы дипломат кандай болуш керек деген суроого биринчиден, билимдүү, экинчиден, көп тил билүү, үчүнчүдөн, акылдуу болуш керек деп жооп берди. Өзгөчө азыркы өкмөттө чет тилин билген кызматкерлердин аз экендиги өкүнүчтүү экендигине токтолуп өттү. Себеби ааламдашуу заманында жашап жаткандан кийин чет тилдерин билүү аба менен суудай керек. Ал эми СССРдин курамындагы Кыргызстан менен азыркы эгемендүү Кыргызстандын айырмасы эмнеде деген суроого «Биз азыр экономика жагынан кыйналып жатканыбыз менен эч кимге көз каранды эмеспиз. Мурункудай эмне кылып, эмне коюшту Москвадан сурабайбыз. Ким менен кааласак мамиле түзөбүз, өзүбүз каалаганды жасайбыз. Биз эгемендүүбүз», – деп жооп берди.  

Жолугушуунун акырында экс-президент менен окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү эстеликке сүрөткө түшүштү.

Эскерте кетсек, жолугушуу университеттин журналистика жана маалымат системалары факультетинин студенттеринин демилгеси менен өттү

Чолпон Кийизбаева, “Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*